Жалпы кругозордук суроолор:
2016-жылдын аягында АКШ дагы презденттик шайлоодо ким утуп чыкты? Ал АКШнын канчанчы президенти? (Дональд Трамп, 45-президент)
Жердин спутниги эмне? (Ай)
Сорттун кайсы түрү спорттун ханышасы деп аталат? (Жеңил атлетика)
Кайсы сүт эмүүчү баарынан көп жашайт? (адам)
Алар баары болуп алтоо: физика, химия, физиология, медицина жана тынчтык үчүн күрөшүү. Бул катарды бириктирген эмне? (Нобель сыйлыгы)
1869-жылы Томас Адамс деген киши адамдар үчүн тамактын бир түрүн ойлоп тапкан. Бул тамак тишти тазалап, канды суюлтат, азыр өтө кеңири тараган. Эмне болушу мүмкүн? (Сагыз)
Европа менен Азияны бөлүп туруучу тоо кыркалары? (Урал)
Физика жана информатикадан суроолор:
Эмне үчүн мышык програмисттин колун карайт? (программисттин колунда чычкан бар)
2003-жылы иштелип чыккан программа. Аны менен бирөөгө кат жазса, файл алмаштырса, жүзүн көрсө, үнүн угуп сүйлөшсө болот. Кайсы программа жөнүндө сөз болуп жатат? (Скайп)
Дүйнөдөгү биринчи орунда турган миллиардер? Анын капиталы канча? (Билл Гейтс. 75 млрд $)
Механикада эки чоңдукту туташтыруучу чоңдук? (Которулуш)
Француз окумуштуусу Лионель Салемдин «Бул заттын молекуласы эки жагына абрикос бекитилген шабдалыга окшош», - деп айтканы бар экен. Ал кайсы затты ушундай роммантикалуу сүрөттөгөн. (Суунун молекуласы)
Андре-Мари Ампер, Исаак Ньютон, Блез Паскаль, Джеймс Джоуль, Шарль Кулон, Александро Вольта, Георг Ом, Майкл Фарадей – булардын баарысы көрүнүктүү физиктер. Мындан башка да аларды эмне байланыштырып турат? (Бул окумуштуулардын ысымдарынан физикалык чоңдуктардын бирдиктери коюлган)
Абасыз мейкиндик? (Вакуум)
Математикадан суроолор:
Столдо сызгыч, калем, циркуль жана өчүргүч жатат. Баракка айлананы түшүрүү керек. Бул үчүн эмнеден баштайбыз? (баракты алуудан)
Короодо коёндор менен каздар бар. Алардын баштарынын саны отуз беш, буттарынын саны бир жүз алты. Канча коён, канча каз бар? (18 коён, 17 каз)
Байыркы грек математиги Пифагордон шакирттеринин санын сураганда, ал мындайча жооп берген: «Шакирттеримдин жарымы математика, төрттөн бири жаратылышты үйрөнүшөт, ал эми жетиден бир бөлүгү үн чыгарбастан ой жүгүртүшөт, мындан тышкары чет тилин үйрөнүп жүргөн үч кыз бар». «Пифагордун канча шакирти бар?» (28 шакирти болгон. 14+7+4+3=28)
Китепке 60 сом жана китептин наркынын үчтөн бир бөлүгүн төлөштү. Китеп канча сом турат? (90сом)
30 самса жана 40 нандан 300 сомго кымбат. Ушул эле 30 самса ошол эле 50 нандан 210 сомго кымбат. Бир самса жана бир нан канча турат? (самса 22, нан 9 сом турат)
«Командада канча киши бар?» деген суроого капитан мындай жооп берген: «Менин командамдын бештен эки бөлүгү кароолдо, жетиден эки бөлүгү жумушта, төрттөн бир бөлүгү ооруканада, калганы жыйырма жети киши. Капитандын командасында канча киши бар? (420 киши. 2/5=168, 2/7=120, 1/4=105, 27. 168+120+105+27=420)
Бир топ каз учуп бараткан. Аларга жердеги каз мындай дейт: «Саламатсыңарбы жүз каз, мени да кошуп албайсыңарбы?». Анда алар: «Биз жүз каз эмеспиз, эгерде бизге бизчени кошуп, ага биздин жарымыбызды, жарымыбыздын жарымысын анан дагы сени кошсо жүз болобуз» дешет. Асманда канча каз учуп бараткан? (36 каз б.а. 36+36+18+9+1=100)
Көңүл ачуучу суроолор:
АКШнын желегинде канча жылдыз бар? Ал эмнени түшүндүрөт? (50. Штаттардын саны)
Өрдөк сууга кайсы буту менен түшүп, кайсы буту менен чыгат?(Кургак буту менен түшүп, суу буту менен чыгат)
Кара мышык йго качан опоңой кире алат? (Эшик ачык болгондо)
Эмне үчүн көпөс (бай киши) шляпа сатып алат? (Анткени бекер беришпейт)
Эмне Россияда биринчи орунда, Францияда экинчи орунда, Кыргызстанда үчүнчү орунда? («Р» тамгасы)
Фабрикадан айына 28 автомобиль чыгат. Ошондо 14 айда канча автомобиль чыгат? (Фабрика автомобиль чыгарбайт)
Помидор эмне үчүн кызыл? (себеби бышкан)
2