Просмотр содержимого документа
«Билимдин ачкычы - китеп»
23-апрель бүткүл дүйнөлүк китеп күнү
Сабактын максаты: 1. китеп, китептин келип чыгыш тарыхы жөнүндө маалымат билишет. 2. белгилүү китеп каналар жөнүндө таанышышат. 3. Китепти сүйүүгө, талыкпас билим алууга шыктанышат.
Китеп - арапчадан которгондо –(жазма) 1. көлөмдүү басылма 2. маалыматты сактоонун, аны муундан муунга өндүрүмдүү өткөрүп берүүнү бир формасы. Илим- билим, маданият, адабий көркөм чыгармаларды жайылтуунун, сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ.
Ал эми кытайда алгачкы китептер бекем жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактачалар түрүндө болгон. Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, жибекке жазышкан.
Байыркы Египет таш бетиндеги жазуулары
Папирус
Папирус Китептин эң байыркы үлгүсү- Месотополиянын клинописи жана Египеттин папирус түрмөгү . Жазма китеп даярдоо б.з.ч. VII –кылымдарда Египетте башталган. Анан Египеттен Грецияга Грециядан Римге өткөн.
Кийин Кичи Азиядагы Пергам падышачылыгы учурунда (б.з.ч. 2-кылым) жаңы жазуу материалы катары айбанаттардын терисинен пергамент жасалган. Папирус менен пергамент өтө кымбат болгон.
Алгачкы китеп xi кылымда Кытайда пайда болгон. Хiii кылымдан Европада негизги жазуу материалы катары кагаз колдонулуп, xv кылымда китеп басылып чыга баштаган.
Дүйнөдөгү эң оор китеп- Лондон музейиндеги «географиялык атлас».
Эң кичинекей китепкана
Венгриялык Йожефу Тариге таандык. Анын китепканасында 4500дөн ашуун китептер бар
Дүйнөдөгү эң чоң китепкана
Китепкана ар дайым жаңы басылмалар менен толукталып турган. XIX кылымдын 60-жылдарынын ортосуна чейин анын каражаттары дээрлик жүз миң томду түзгөн. Бирок ал кезде Европанын ири китепканаларынын көлөмүн эске алганда, бул өтө деле көп болгон эмес. ... Конгресстин китепканасы - бул Америка элинин эң чоң улуттук байлыгы жана маданий мурас.
Үйгө тапшырма: «китеп гана адамды улуу жана күчтүү кыла алат» деген темада эссе жазуу