СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билимдин күчү кл.саат

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Билимдин күчү кл.саат»

Тема: "Билимдин күчү"

Сабактын максаты:
- окуучуларга билимдин кадыр-баркын сездирүү, терең билим алуу аркылуу көптөгөн жакшы ийгиликтерге жетишүүгө, түрдүү өнөрлөргө ээ болууга мүмкүн экендигин түшүндүрүү;
- татыктуу билим алуу менен Ата Мекенибизге кызмат кылган, эли-журттун керегине жараган инсандардан болууга тарбиялоо;
- биримдикке, ынтымактуулукка, эмгекчилдикке ж.б. асыл сапаттарга тарбиялоо.
Колдонулуучу материалдар: Түстүү сүрөттөр, ватмандар, маркерлер, Ж.Баласагын "Кут алчу билим", "Макал-лакаптар".
Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруу (класста жагымдуу жагдай түзүү)
Мугалим Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" китебинен үзүндүнү көркөм окуйт.
Айткым келди, о акылман, сөз жайын,-
Окуу, билим пайдасынан баштайын.
Окуу - түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.
Окуу, билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.
Сокур дешет билимсизди - жөн дебе,
Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.


Мугалим: Балдар, бул ыр саптары кайсы автордун, эмне деген чыгармадан үзүндү экендигин билесиңерби?
Балдар: Билебиз. Жусуп Баласагындын "Кут алчу билим" чыгармасынан.
Мугалим: Туура айтасыңар, балдар. Силер да окуу, мектеп, билим жөнүндө билгениңерди айтып көргүлөчү?
(Окуучулар билгендерин айтып беришет)
- Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат.
- Китеп - билим булагы, билим - өнөр чырагы.
- Билимдүүнүн түнү - күн, билимсиздин күнү - түн.
- Акыл айга жеткирет, өнөр көккө жеткирет.
- Китепсиз билим жок, билимсиз өмүр жок.
- Ким көп окуса, ал көптү билет.
- Китеп - мүлк, оокат, нан,
Китеп окубаган адам ал - наадан.
Китеп - билим,
Билимиң менен баалан.
Мугалим: Азаматсыңар, балдар. Силер окуу, билим, билим кени болгон китеп жөнүндө эң жакшы макалдарды, накыл кептерди айтып бердиңер. Байкадыңарбы, биздин бүгүнкү тарбиялык сабагыбыз кандай темада экен?
Окуучулар: Окуу, билим тууралуу экен.
(Доскага тема жазылат)
Тема: "Билимдин күчү".
Мугалим: Балдар, бүгүнкү 1-сентябрь - Билим күнүнө жана 31-август Өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнө карата мен силерге атайын кайрылуу кат даярдап келдим. Алгач ошону окуп берейин, көңүл коюп уккулачы.
(Мугалим кайрылууну окуп берет)
Кымбаттуу жаш жеткинчектер!
Силерди жаңы окуу жылыңардын башталышы менен чын дилден куттуктайм!
Билим күнү бардык кыргызстандыктар үчүн жакшы башталыштардын, ачылыштардын жана ийгиликтердин символу болуп калды. Илим, билимдеги ийгиликтер - бул Кыргызстандын келечеги эмеспи!
Билим күнү жөн гана майрам эмес, ал - ийгиликке жетишүү үчүн тынбай эмгектенүү, өмүр бою өзүн-өзү өркүндөтүүнүн үстүндө иштөө зарылдыгын эске салуучу улуу күн.
Эгемендүү мамлекетибиз - биздин ыйык Мекенибиз. Эс тартып чоңойгон сайын силер өз Мекениңерге, эли-журтуңарга карыздар экениңерди түшүнө баштайсыңар. Анткени Ата Мекенибиз силерди асырап өстүрүп, ырыстуу балалыкты тартуу кылып отурат. Силер ошол бир боор жерден, бир тууган элден баштап дүйнөнү тааный баштагансыңар. Сулуулугуна сөз жеткис, учу-кыйырына көз жеткис Ата Мекенди бизге ата-бабаларыбыз мураска калтырган. Эми силер да Ата Журтту, ата мурастарын көздүн карегиндей сактап, өзүңөрдөн кийинки урпактарга ыйык таберик катары өткөрүп берүү - атуулдук парзыңар да, карызыңар да экенин унутпашыңар керек.
Ар бир жаш өспүрүм өз Мекенинин, жашап өткөн ата-бабаларынын тарыхын окуп-билүүгө жана андан таалим-тарбия алууга милдеттүү. Өз элинин, жеринин тарыхын, эне тилин, салт-санаасын, каада-салтын жана рухий казынасын жетик билген, аны жашаган заманына, мезгилине жараша баалап түшүнө алган, таалим-тарбиялуу, билимдүү жаш адам гана өз алдына келечек максатын кое билет жана турмуштагы өз чыйырын туура салып, ордун таба алат. "Максатсыз адам - канатсыз куш" деген накыл кеп бар элибизде. Анын сыңарындай, бул жашоодо ар бир адамды улуу максат жетелеп, илгери үмүт, таза ниет менен иштеп, көрөңгөлүү өмүр, ишенимдүү кең келечекке ишенип жашоосу абзел.
Биз тээ ак чач замандардан бери нечен кылымдарды карытып жашап келген түптүү элибиздин тарыхы, дүйнөдө теңдеши жок алп дастан "Манасты" жараткан эне тилибиз - кыргыз тили, каада-салты, маданияты жана өлбөс-өчпөс эрдиги менен сыймыктанууга толук татыктуу элбиз. Ушундай улуу мурастарыбызды эч качан, эч убакта унутпай, урпактарыбызга чыпчыргасын коротпой жеткирип, толуктап алып жүрүүбүз зарыл.
Жаш достор, силер Эгемендүү Кыргыз Республикасында эркин, ырыстуу, бактылуу балалыкта жашап, билим-тарбия алып жатасыңар. Мындай бактыны силерге өткөн ата-бабаларыбыз, улуу муундарыбыз, ата-энелерибиз кан-жанын аябаган күрөшү, бүт өмүрүн арнаган эмгеги жана аруу тилек-максаттары менен нуска кылышкан.
Улуу бабаларыбыздын жолун аталарыбыз уланткан, аталардын жолун биз улап келе жатабыз, ал эми биздин жолду силер, силердин жолуңарды кийинки жаш муундар улантышат. Ошентип муундардын өз ара байланышы үзүлбөй, элибиз тарыхта изин жоготпой жашай берет.
Буюрса, силер келечекте биздин ордубузду татыктуу басышыңар керек. Ал үчүн акыл-эстүү болуп эрезеге жетип, "ийне менен кудук казгандай" терең билим алып, ар түрдүү өнөр-кесиптин ээси болууга аракеттенүүңөр керек.
Улуу инсаныбыз Исхак Раззаков "Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот" дегендей, дилиңер да, пейилиңер да, эмгегиңер да аруу, таза болсун. Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: "Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу", - деп туура белгилеген. Ар бир күндө чыныгы АДАМ деген атка татыктуу болуп, адамдык менен, адалдык менен жашап, иштөөгө жашыңардан чын дилден ниеттенгиле.
Улуу муундардын салтын улап, ириде, силерге өмүр тартуулап, адам кылган ата-энеңерди, жаш муундардын жаркын келечеги үчүн билимин, өмүрүн арнап, албан эмгек кылган ардактуу кесиптин ээси мугалимдерди сыйлагыла жана урматтагыла. Ата-энени, устатты сыйлоо, улууну урматтоо - элибизде келе жаткан нарктуу салт, ыйык милдет.
Кыргыз элибиздин улуттук кызыкчылыгын, ар-намысын жана аброюн бийик тутуп, эркин республикабыздын туусун бийик көтөрүп, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн өз салымыңарды аябагыла.
Ата-бабаларыбыздын эрдигин, көсөмдүгүн, айкөлдүгүн, кеменгерлигин, эмгекчилдигин жана ариеттүүлүгүн кан-жаныңарга сиңирип, ар кандай шарттарда силер да сабырдуу, акылман, ар намыстуу, бирдиктүү болгула.
Кымбаттуу жаш атуулдар! Ата Мекенибиздин, кутман элибиздин жаркын келечеги, ата мурастарыбыздын муундан муунга өтүп жашашы силердин ар бириңердин жоопкерчилигиңерге, аракетиңерге, эмгегиңерге жараша болорун унутпагыла!
Ата-бабаң өткөн жериңди сүй,
Түптүү кыргыз элиңди сүй,
Элиң сүйлөгөн эне тилиңди сүй.
Ата Мекенге, ата мураска, элге, эне тилге
Кошой, Бакай, Манас бабаларыңдай күй!
Ар бир айтылган сөздөр кулагыңарга кыттай уюп, жүрөгүңөрдүн толтосунан орун алып, акыл-сезимиңерде оттой жанып турсун.
Силердин келечегиңер кең, бактылуу, ырыстуу жана ооматтуу болушун каалайм!
Мугалим: Эми билим жөнүндө улуу адамдардын айткан сөздөрүнө кулак төшөп көрөлүчү.
(Балдар ар бир залкар сөздү бирден окуп, маанисин чечмелешет)
"Китеп окуган адам эч нерсе окубаган адамдан алда канча жогору турат".
В.Г.Белинский
" Адамдар китеп окуганды таштаса, анда алар ой ойлонуудан да калат".
Д. Дидро
" Бул кылымда китептен сүйүктүү дос жок".
А.Навои
" Мен үчүн китеп алтын тактыдан да кымбат".
В.Шекспир
" Билим адам жанына чындыктын үрөнүн себүүчү курал".
Я.А.Каменский
" Билимден ашкан күч жок.
Горький
(Жогорудагы улуу адамдардын айткан сөздөрүнүн маанисин чогуу талдап, ар бири өз пикирлерин ортого салышат.)
Мугалим: Биздин залкар жазуучуларыбыз окуу, билим, китеп тууралуу жазылган ырлардан көркөм окуп бергилечи. Бүгүн сабакта ошол ырлардан айтып коелучу.
1-окуучу:
Китеп - менин тунук таза булагым,
Китеп - менин өчпөс жарык чырагым.
Көптү окуп, көптү билип китептен,
Мекениме талбай кызмат кыламын.
Китепти сүй, баркын бил,
Китептин көп акылы.
Ким китепке дос болсо,
Ал ошонун жакыны.
2-окуучу:
Билим кени - китеп,
Тарбия кени - мектеп.
Ким китепти көп окуса,
Ал көптү билет.
Андыктан аны барктай билүү керек,
Китеп бизге чын жолдош.
Китеп бизге анык дос
Пайдаланып китептен
Акылыңа акыл кош.
3-окуучу:
Кимде ким окуй билсе, олжо табар,
Кимде ким билим алса - олжо алар.
Илимдүү асыл адам чындыгында,
Билимдүү - өкүмдарга керек тура.
Адамдар ар нерсеге жетиш үчүн,
Жумшаган колдун күчүн, илим күчүн.
Акылдуу, илимдүүлөр улуу асылдар,
Билим менен бек күчү ишке ашар.
Жеткирди миң-миңдеген ачылышка,
Сага даңк илим күчү - урмат сага!
Өнөргө ээ болосуң окуу менен,
Аз болсо да билимде пайда кенен.
/ Ж.Баласагын /
Мугалим: Балдар, келгиле азыр үч топко бөлүнүп алып, "Билимдүү адам", "Сүйүктүү кесип", "Кызмат кылуу" деген сөз айкаштарынын айланасында кластер түзүп көрөлү.
(Ар бир топко ватман, маркер берилип, өз алдынча иштешет. Кичи топтор менен иштөөдө "Ар бир пикир баалуу" деген принцип эске алынышы зарыл. Андан соң түзгөн кластерлери боюнча сүйлөп беришет.)
"Билимдүү адам"
- көп окуйт
- көп изденет
- эмгекчил болот
- алган билимин турмушта колдоно билет
- башкаларга жардам берүүнү унутпайт
- керектүү маалыматтарды түрдүү булактардан ала билет
- өз оюн ортого салып, пикир бөлүшөт, ж.б.
"Сүйүктүү кесип"
- мугалим
- врач
- куруучу
- менеджер
- юрист
- экономист, ж.б.
"Кызмат кылуу"
- өлкөбүздүн келечеги болгон балдарга терең билим-тарбия берүү;
- элдин ден соолугун чыңдоо, кам көрүү;
- сапаттуу, кооз, бекем үйлөрдү куруу, ж.б.
Андан соң "Билимдүүгө дүйнө жарык" деген темада окуучулар 5 мүнөттүк эссе жазышат жана өз ойлорун ортого салышат.


Сабакты жыйынтыгы.
Балдар, силер билимдүү-илимдүү, маданияттуу, өнөрлүү жаштардан болсоңор, өлкөбүздүн келечеги кең болот. Илим-билимдүү жаштар мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө, айыл чарба, өнөр жайын өнүктүрүүгө, элдин маданиятын гүлдөтүүгө, өзүлөрүнөн кийинки муундар үчүн ар тараптан эң мыкты шарттарды түзүүгө кам көрүшөт. Ошондуктан ар бир окуучу алтынга тете убактысын текке кетирбей, өз убагында көптү окуп, көптү билүүгө аракеттениши керек. Ошондой эле билимди максаттуу алып, аны өз турмушунда практикада колдонуп, өзүнө да, элге да, мекенге да пайдасын тийгизүү зарыл экендигин унутпашы керек.
Үйгө тапшырма:
1. "Билим гана адамды эркин жана бийик кылат". аттуу темада дилбаян жазып келүү;
2. Билим, тарбия, мектеп, мугалим тууралуу ыр, макал-лакап, накыл кептерди чогултуу.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!