БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
КЫЗЫЛ-КЫЯ ПЕДАГОГИКА ИНИСТИТУТУ
Педагогика факультети
Табигый-математикалык билим берүү кафедрасы
ТИПТУУ ПРОГРАММА
БИОХИМИЯ
Программа мамлекеттик жогорку кесиптик билим берүү
стандартына ылайык төмөнкү багыт боюнча түзүлдү:
550100 табигый-илимий билим берүү
КЫЗЫЛ-КЫЯ - 2019
Программа БатМУ жана КПИ ОУК жыйынында
каралды
Протоколдун №6 Февраль 2019- ж
Программа БатМУ жана КПИ Окумуштуулар
Кенешинин чечими менен басып чыгарууга көрсөтүлдү
Протоколдун № 7 март 2019 ж.
Программаны табигый-математикалык бб. кафедрасынын башчысы, ага окутуучу
А.А.Абдибайитова редакциялады.
Түзгөн: ага окутуучу Абдибайитова А.А.
1. Дисциплинанын максаттары жана милдеттери
Бул илимдин негизги максаты тек гана студенттерди биохимиялык негизги билимге ээ кылуу гана эмес, генетика цитология, анатомия жана жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн физиологиясын ж.б. Дисциплиналарга терен түшүнүп кабыл алуу, мүмкүнчүлүк берүү болуп эсептелет. Ал эми окуу планында биохимия негизинен органикалык химия менен өтө тыгыз байланышта баарынан мурун организимдеги маанилүү органикалык заттардын класстарынын түзүлүшүн, зат алмашуу жана ж.б. процесстерге катышуусун так аныктап, мүнөздөгөн учурларда маселен, Зат алмашуу энергетикасы жана анын гормондук жөнгө салынышы биологиялык, кычкылдануу зат алмашуу ж.б. процесстерге катышуусун так аныктап мүнөздөгөн учурларда, маселен, Зат алмашуунун энергетикасы жана анын гармондук жөнгө салынышы, биологиялык кыякылданууу, зат алмашуу менен анын жөнгө салынышынын ортосундагы жалпы принциптер өз өзүнчө бөлүмдөрдө каралган. Мындан сырткары биохимиялык экологияга, биохимия курсу менен малекулалык биология, биотехнология илимдеринин ортосундагы байланыштарга да көңүл бурулат .
Дисциплинанын негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:
-
Студенттер МББС ылайык биохимиянын учурдагы негизги бөлүмдөрүнүн программасындагы нускалуу теориялык билимди мыкты өздөштүрүүсү;
-
Биохимиялык объектер менен лабороториялык иштерди жүргүзө билүү, демонстрациялоо анализдөө жана алынган жыйынтыкты түшүндүрө билүү көндүмдөрүнө ээ кылуу,
-
Студенттердин өз алдынча биохимиянын алкагында маалыматтарды издеп чогултууга, аларды анализдөөгө, жыйынтыктоого жана аны орто мектептерге билим берүү учурунда б.а. практикада колдоно билүүсүн өздөштүрүү;
2. ДИСЦИПЛИНАНЫН МАЗМУНУН ӨЗДӨШТҮРҮҮНҮН ДЕНГЭЭЛИНЕ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР
Студенттер организмдердин жашоо тиричилигиндеги биохимиялык областар боюнча негизги бекем билимдерге ээ болушу керек, тактап айтканда жаратылыштагы негизги органикалык бирикмелердин класстарынын тузулушу жана алардын алмашуу жолдору,Заталмашуунун жонго салынышынын механизмдери жана принциптери ,тируу сиситемадагы энергия,ошондой эле алган билимдерди орто мектептеги биология курсу окутуу процессинде колдоно билу керек.
Студент төмөндөгүдөй көндүмдөргө ээ болушу зарыл - биохимиянын алкагындагы маалыматтарды адабияттардан жана электрондук маалымат каражаттарынан оз алдынча издеп таба билиуусу зарыл;
-туура келген биологиялык материалдарды колдонуп,биохимияда тажрыйбалык (лаб.)иштерди жургузуу;
-биохимия курсунда өздөштүргөн билимин колдонуу менен жалпы биология, табият таануу, анатомия жана физиология ж.б.дициплиналарды окута билүү.
Дисциплинаны өздөштүрүү процессинде студенттин жетишүүсү анын сабак маалындагы бааларынын , текшерүү иштеринин негизинде рейтинг система боюнча бааланат. Жетишүүнүн жогорку рейтигине ээ болгон студент экзамен убагында биохимиядан бирден-бир актуалдуу проблемалар боюнча реферат даярдап, аны коргоп берсе болот.
3. ДИСЦИПЛИНАНЫН КӨЛӨМҮ ЖАНА ОКУУ ИШТЕРИНИН ТҮРЛӨРҮ
Окуу ишинин түрү | Бардык саатар | семестрлер |
Жалпы эмгек көлөмү | Х | 7-8 |
Аудиториялык сабак | Х | |
Лекциялар | Х | |
Практикалык сабак (семинарлар) | - | |
Лабораториялык иштер | Х | |
Жекече иштер | Х | |
Курстук иштер, рефераттар | - | |
Жыйынтык текшерүүнүн түрү | | экзамен |
4.ДИСЦИПЛИНАНЫН МАЗМУНУ 4.1. ДИСЦИПЛИНАНЫН БӨЛҮМДӨРҮ ЖАНА ОКУУ ИШТЕРИНИН ТҮРЛӨРҮ
№ п.п | Дициплинанын бөлүмдөрү | Лекция лар | Практикалык сабактар семинарлар | Лабораториялык иштер |
1. | Биохимия учурдагы физикохимиялык биологиянын базалык түзүүчүсү катары. Биохимиялык изилдөөлөрдүн ыкмалары. | Х | - | Х |
2. | Организимдердин химиялык курамы (*) | - | - | - |
3. | Белоктор: курамы, структурасы, касиеттери, функциялары. | Х | Х | Х |
4. | Ферментер, коферменттер: Структурасы, касиеттери, классификациясы, ферменттердин таасир этүү механизмдери жана алардын активдүүлүгүнүн жөнгө салынышы, колдонулушу. | Х | Х | Х |
5. | Витаминдер жана алардын адамдардагы жана жаныбарлардагы керектөөсү, классификациясы жана зат алмашуудагы ролу. | - | Х | Х |
6. | Тирүү организмдердеги зат жана энергия алмашуу тууралуу түшүнүк (*) | - | - | - |
7. | Нуклеин кислоталары жана алардын алмашуусу. | х | Х | х |
8. | Белоктордун алмашуусу | Х | Х | Х |
9. | Углеводдор: структурасы, организимдеги алмашуунсунун жолдору жана кызматтары. | Х | Х | Х |
10. | Липиддер: классификациясы, структурасы жана кызматы жана алардын биологиялык мембраналарды түзүүдөгү ролу. | Х | Х | Х |
11. | Биологиялык кычкылдануу жана анын фосфорлоштуруу менен байланышы, АТФдин биосинтезинин механизми. | Х | Х | Х |
12. | Суу жана минералдык алмашуу (*) | - | - | - |
13. | Гормондор: структурасы, функциясы, таасир этүү механизми жана колдонулушу | Х | Х | Х |
14. | Белоктордун, нуклеин кислоталарынын, углеводдордун жана липиддердин алмашуусунун өз ара байланышы. Зат алмашуунун жөнгө салынышынын денгээлдери. | х | х | - |
(*) – өз алдынча окуу үчүн бөлүмдөр
4.2. ДИСЦИПЛИНАНЫН БӨЛҮМДӨРҮНҮН МАЗМУНУ I. БИОХИМИЯ – УЧУРДАГЫ ФИЗИКА-ХИМИЯЛЫК БИОЛОГИЯНЫН БАЗАЛЫК ТҮЗҮҮЧҮСҮ КАТАРЫ
Биохимия – тирүү материяны түзүүчү бирикмелердин пайда болуу процессин, сандык кармалышын жана сапаттык курамын окутуучу илим. Биохимиянын өнүгүү тарыхы. Биохимиянын өнүгүшүндөгү улуу окумуштуулардын ролу. (А.Н.Белозерский, А.Е.Браунштейн, А.Я.Данилевский, М.В.Ненцкий, Н.И.Лунин, А.Н.Бах, А.В.Палладин, Я.О.Парнас, Б.М.Степаненко, А.И.Опарин, В.А.Энгельгардт, А.А.Баев, В.Л.Кретович). Биологиянын, медицинанын, айыл чарбасынын, өсүмдүктөр менен жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштететүү өнөр жайынын өнүгүшү үчүн биохимиянын мааниси.
Статистикалык, динамикалык жана функционалдык биохимия. Биохимия илимдеринин бөлүмдөрүнө мүнөздөмө: жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана микроорганизмдердин биохимиясы, медициналык жана ветеринардык биохимия, техникалык биохимия, салыштырмалуу биохимия, экологиялык биохимия, биохимиялык генетика. Биохимияны изилдөө ыкмалары жана аларга мүнөздөмө.
II. Организимдердин химиялык курамы
Ар түрдүү организимдердин химиялык элементтерге болгон керектөөсү. Табигаттагы органикалык заттардын негизги класстарына мүнөздөмө. Тирүү материянын курамында дайыма жана сейрек кездешүүчү элементтер. Макро - , микро -, ультра - микроэлементтер тууралуу түшүнүк.
Жандуу материянын курамына кирген химиялык бирикмелердин негизги класстарына мүнөздөмө. Нуклеин кислоталарынын, белоктордун углеводдордун, липиддердин, минералдык заттардын ж.б. бирикмелердин организимдеги кармалышы. Пластикалык жана энергиялык заттар. Биоактивдүү бирикмелер жана алардын жаратылыштагы орду жана ролу.
III. Белоктор: курамы, структуралары, касиеттери жана кызматтары
Жандуу материяларды түзүүдөгү жана алардын жашоо тиричилик процессиндеги белоктордун ролу. Белоктордун элементардык курамы.
Биологиялык материалдардан белокторду бөлүп алуунун ыкмалары. Белокторду (глицин, β-меркаптоэтанол, дитиотрентол ж.б.) денатурациядан алдын ала сактоочу, коргоочу кошумчалар. Белокторду фракциялоонун ыкмалары. Белоктук препараттардын гомогендүүлүгүн аныктоочу ыкмалар.
Белоктун молекуласынын формалары жана аларды окуп үйрөнүүнүн ыкмалары (Багытталган кош нур сындыруу, ультрацентрифугирлөө, электрондук микроскопчулук, рентгенструктуралык анализ).
Белоктордун аминокислоталык курамы. Белокторду пептиддерге чейин гидролиздөө. Белоктордун гидролизаттарынан аминокислоталарды сапаттык жана сандык аныктоо. Белоктордо аминокислоталардын кармалышынын закон ченемдүүлүктөрү.
Белоктун молекуласында аминокислоталардын байланышуу ыкмалары. А.Я.Данилевскийдин жана Э.Фишердин эмгектери. Пептиддер. Пептиддерди синтездөөнүн ыкмалары. Жаратылыш пептиддери: карнозин, глутатион, офтальм кислотасы, окситоцин, вазопрессин, фаллоидин ж.б.
Белоктун молекулаларынын түзүлүшү. Белоктун түзүлүшүнө болгон полипептиддик теориянын далили. Белоктун биринчилик түзүлүшүнүн эволюциясы.
Белоктордун экинчилик түзүлүшү. Полипептиддик чынжырдын α жана β конформациялары тууралуу түшүнүктөр. Л.Полингдин жана Р. Коринин критерийлери. Белоктун молекуласынын биринчилик жана экинчилик түзүлүшүнүн ортосундагы байланыштар (аминокислоталардын калдыктарынын спиралды пайда кылуучу жана спиралды пайда кылбоочу катышы тууралуу түшүнүк).
Белоктордун полипептиддик чынжырынын спиралдашуу даражалары. Белоктордун иондошуусу.
Белоктордун үчүнчүлүк түзүлүшү жана аны ачуунун жолдору. Миоглобулиндин, лизосимдин жана гемоглобиндин суббирдиктеринин үчүнчүлүк структурасынын рентгенструктуралык анализи боюнча Дж. Кендрюнун, Д.Филлипстын, М.Перутцтын эмгектери. Белоктордун үчүнчүлүк түзүлүшү улуу окумуштуулардын кошкон салымдары. Белоктун молекуласынын үчүнчүлүк түзүлүшүн камсыз кылуучу байланыштардын типтери. Лизоцим менен миоглобулиндин толук химиялык түзүлүшү. Белоктук молекулалардын үчүнчүлүк түзүлүшүн өзүнөн-өзү пайда болушу; Полипептиддик чынжырдын биринчилик түзүлүшүндөгү байланыштардын жана пайда болушунун баскычтары.
Белоктордун төртүнчүлүк структурасы. Суббирдиктер (протомерлер) жана эпимолекулалар (мультимерлер). Белоктордун төртүнчүлүк түзүлүшүнө так мисалдар (гемоглобин, г-иммуноглобулин, каталаза ж.б.). Эпимолекуладагы суббирдиктердин ортосундагы байланыштардын типтери.
Белоктордун денатурациясы жана ренатурациясы. Белоктордун номенклатурасы жана классификациясы. Белоктордун касиеттери. Белоктук молекуланын формасына, аминокислоталык курамына, эригичтүүлүгүнө, биологиялык активдүүлүгүнө жараша протеиндердин классификацияланышы. α-, β-, α+β-, α\β белоктор. Белоктордун кызматына жараша классификацияланышы жана жөнгө салуучу, коргоочу токсикалык, транспорттук, түзүлүштүк, кыскарткыч (кыймылдаткыч) жана рецептордук белоктордун ар бирине, ошондой эле белоктук-гормондорго жана ферменттердин ингибиторлоруна мүнөздөмө.
IV. Ферменттер, коферменттер: түзүлүшү, касиеттери, классификациясы, ферменттердин таасир этишинин механизимдери, алардын активдүүлүгүнүн жөнгө салынышы жана практикада колдонулушу
Белокторду каталитикалык (ферменттик) кызматтары. Биокатализаторлор (ферментер) менен башка катализаторлордун таасир этишиндеги айырмачылыктар жана окшоштуктар. Жашоо тиричиликтеги ферменттердин ролу. Биологиялык катализ – убакытта жана мейкиндикте программаланган кооперативдүү процесс катары. Ферментттерди окуп үйрөнүүнүн тарыхы.
Ферменттерди тазалоодо жана бөлүп алууда колдонуучу биохимиядагы ыкмалар.
Ферменттердин түзүлүшү. Бир компоненттүү жана эки компоненттүү ферментер. Суутекти жана электрондорду ташуучу (ФМН, ФАД, НАД, НАДФ), топторду ташуучу (АТФ, НДФ - сахараза ж.б.)-коферменттер.
Бир жана эки компоненттүү ферменттердеги катализдик борбордун түзүлүшү. Ферменттердин активдүү борборлорунун аминокислоталык радикалдары. Фериенттердин молекуласындагы аллостерикалык жана субстраттык борборлор тууралуу түшүнүк жана жогорудагы борборлордун ортосундагы өз ара байланыштар.
Ферменттердин монемердик жана мультимердик түзүлүштөрү.
Ферменттердин түзүлүшүндөгү жалпы закон ченемдүүлүктөр. Ферменттердин көп түрдүү формалары жана алардын медицинадагы, генетикадагы, селекциядагы жана айлана чөйрөнүн мониторинги үчүн жүргүзүүчү изилдөөлөрдөгү мааниси. Мультиэнзимдик комплекстер. Полифункциялуу ферменттер.
Ферменттердин таасир этишинин механизимдери. Ферментсубстраттык жана фермент-продуктук комплекстер жана алардын реакциянын энергиялык барьерин томондотуудогу ролдору.
Ферменттердин касиеттери жана алардын өзгөчөлүктөрү. Ферменттердин активаторлору жана ингибиторлору.
Ферменттердин номенклатурасы жана классификациясы. Ферменттердин класстары:
Оксиредуктазалар жана аларга мүнөздөмө. Цитохромдор.
Трансферазалар: ацил калдыктарын ташуучу трансферазалар, гликозилтрансферазалар, аминотрансферазалар жана фосфотрансферазалар. Гидролазалар. Татаал эфирдик байланыштарга таасир этүүчү гидролазалар, пептидгидролазалар, пептидазалар.
Лиазалар. Көмүртек-көмүртек-лиазалар, альдегидлиазалар, көмүртек -азот-лиазалар.
Изомеразалар. (триозофосфатизомераза, альдозомутаротаза)
Лигазалар. С–С–байланышынын жана С-S байланышынын синтезин тездетүүчү лигазалар.
Ферменттердин практикада колдонулушу жана алынышы.
V. Витаминдер: адамдардын жана жаныбарлардын витаминдерге болгон муктаждыгы, классификациясы жана зат алмашуудагы ролу.
Антивитаминдер, антибиотиктер, фитоциддер, гербициддер жана алардын таасир этишинин механизмдери.
Витаминдер жана алардын тарыхы. Жаныбарлардын жана адамдын зат алмашуусундагы витаминдердин ролу. Авитаминоздор, гиповитаминоздор жана гипервитаминоздор. Коферменттер менен витаминдердин катыштары. Витаминдердин классификациясы жана номенклатурасы. Витамерия.
Майда ээрүүчү витаминдер: А, Д1, Д2, Д3, Е, К, F витаминдери, викасол жана алардын биоролу.
Сууда эрүүчү витаминдер. В1, В2, В3, В5, В6, В12. В15, Вс, Вт. С. Р, Н, U витаминдери жана алардын биоролдору.
Башка биоактивдүү бирикмелер: антивитаминдер, антибиотиктер, фитонциддер, телергондор, гербициддер, дефолианттар ж.б.
VI. Тирүү системалардагы энергия жана зат алмашуу тууралуу түшүнүк
Тиричиликтин маңызы тууралуу учурдагы көз караштар.
Энергия жана зат алмашуу –тирүү организмдин негизги касиети.
Анаболизм жана катаболизим. Уулуу заттардын организмге келиши жана тааасири.
Зат алмашуунун энергетикасы. Органикалык заттардагы эркин энергиянын денггээли жана анын заттардын пайда болуу процессиндеги өзгөрүшү тууралуу түшүнүктөр. Макроэргикалык, бирикмелер жана макроэргикалык байланыштар. Энергия алмашуудагы АТФдин ролу. Тирүү обьектилердеги энергиянын транспорттолушу. Кыймылдын активдүүлүгүнө карата осүүнүн, өрчүүнүн, тиричиликтин уланышынын көз карандылыгы.
VII. Нуклеин кислоталары (НК) жана алардын алмашуусу
ДНК жана РНКнын түзүлүшү жана кызматтары. Нуклин кислоталарынын ажырашы. ДНКнын биосинтезинин механизми. РНКнын биосинтези.
Нуклеин кислоталарын окуп уйронүүнүн тарыхы. НКнын химиялык курамы. НК эки тиби: ДНК жана РНК, курамдары боюнча азоттук негиздери, углеводдору, молекулалык салмагы, клеткадагы орду жана кызматтары боюнча айырмачылыктары.
Дезоксирибонуклеинкислотасы (ДНК). ДНКнын организимде кармалышы, клеткадагы орду, молекулалык салмагы, формалары, курамы.
Е.Чаргаффтын эрежеси. ДНКнын биринчилик, экинчилик үчүнчүлүк, түзүлүшүтөрү. Репликондор.
Рибонуклеинкислотасы жана анын классификациясы (тРНК, рРНК, мРНК. яРНК, вРНК), молекулалык салмагы, нуклеотиддик курамы, клеткадагы орду жана функциясы тууралуу учурдагы түшүнүктөр тРНК нын түрлөрү жана 1-,1,-3,- түзүлүшүтөрү. мРНКнын өзгөчөлүктөрү, касиеттери, белоктун биосинтезиндеги ролу.
НКнын эркин нуклеотиддерге чейинки ажыроо жолдору. Нуклеозидфосфаттардын алмашуусу жана алардын деструкциясынын жолдору. Ажыроо реакцияларынын механизмдери.
Нуклеозидмоно-, нуклеозидди-, нуклеозидтрифосфаттардын биосинтездери. ДНКнын биосинтезинин механизимдери. ДНКнын репликациясына катышуучу ферменттер, белоктук факторлор.
РНКнын биосизтези (транскрипция) жана анын механизми.
НКнын биосинтездеринин жөнгө салынышы.
VIII. Белоктордун алмашуусу
Белоктордун ажырашы жана аминокислоталардын алмашуусу. Жаратылышта белоктордун синтезделишинин жолдору жана механизми. Белоктун биосинтезиндеги матрицалык ролу. Белоктун алмашуунун мааниси.
Белоктордун ажырашынын жолдору. Белоктордун гидролизи. Аминокислоталардын метаболизми. Аммиактын организмдеги жолу. Мочевинанын (орнит циклы) биосинтезинин механизми. 1-, 2-лик, алмашуучу, алмашпоочу жана жарым алмашуучу аминокислоталар.
Белоктордун табигый синтезинин механизмдери жана жолдору. Аминокислоталарды активдештирүү. Рибосомалардын түзүлүшү, касиеттери. Трансляциянын баскычтары, белоктун синтезинин коду. Белоктун биосинтезинин жөнгө салынышы. Белоктун биосинтезинин матрицалык эмес механизми.
IX. Углеводдор: түзүлүшү, кызматтары жана организмдеги зат алмашуу жолдору
Углеводдордун биринчилик биосинтезинин механизми жана анын энергия менен камсыз болушу. Углеводдоргр жалпы мүнөздөмө жана алардын классификациясы.
Жөнөкөй татаал (ди-, полисахариддер) углеводдор.
Углеводдордун алмашуусу. Полисахариддердин жана олигосахариддердин ажыроо жолдору. Пирожүзүм кислотасынын алмашуусу. Гликолиз жана гликогенолиз. Спирттик ачуу. Три-, дикарбон кислоталарынын циклы. Сүткычкыл ачуу. Углеводдордун биосинтези. Фотосинтез жана хемосинтез процессиндеги углеводдордун биринчилик биосинтезинин механизмдери жана анын энергия менен камсыз болушу.
Х. Липиддер: классификациясы, түзүлүшү, кызматы жана алардын биологиялык мембраналарды түзөөдөгү ролу
Триглицериддердин, фосфолипиддердин, гликолипиддердин жана стероиддердин алмашуусу.
Липиддердин класстарына жалпы мүнөздөмө. Липиддердин классификациясы: жөнөкөй липиддер-майлар, воскилер жана стериддер; татаал липиддер-фосфо- жана гликолипиддер. Липиддердин жаңы түрлөрү. Липиддердин клеткадагы орду жана биоролдору, кызматтары.
Майлар (триглицериддер). Триглицериддердин түзүлүшү, алмашуусу түрлөрү, биосинтези. Глицериндин, ацетил-КоАнын алмащуусу. Глиоксил циклы. ЖМКнын биосинтезинин механизми. Адамдын организминдеги майлардын алмашуусунун бузулушунун себептери.
Воскилер, курамы, түзүлүшү жана биоролу. Стериддер, стеролдор жана алардын курамы, түзүлүшү, алмашуусу жана организмдеги п.б.
Фосфолипиддер жана алардын түзүлүшү, ажыроо жолдору, биосинтезинин механизми. ЖМК мүнөздөмө, холиндин алмашуусу. Гликолипиддер жана алардын курамы, түзүлүшү, алмашуусу. Липиддердин биомембраналарды түзүүдөгү ролу.
ХI. Биологиялык кычкылдануу жана АТФдин биосинтезинин механизмдери
Пероксисомалар жана микросомалык кычкылдануунун системалары.
- тууралуу түшүнүккө аныктама.
Биологиялык кычкылдануунун классификациясы. Клеткадагы оксидоредуктазанын эки тиби. Жез кармаган оксидаза, флавопротеиддер, НАД+ жана НАДФ+-протоиндер ж.б.
Оксигеназалар жана гидроксилазалар.
Клеткадагы кычкыл фосфорлоштуруунун орду. Митохондрия жана анын түзүлүшү жана кызматтары.
Углеводдордун ажырашынын, триглицериддердин ж.б. липиддердин кычкылданышынын энергиялык эффективдүүлүгү.
XII. Суу жана минералдык алмашуу
Суунун организимдеги жана клеткадагы кармалышы жана бөлүштүрүлүшү. Ткандардагы суунун абалы. Суунун алмашуусунун жөнгө салынышы. Биополимерлердин 3-, 4—лүк түзүлүшүн түзүүдөгү минералдык заттардын катышуусу. Фермент-металлопротеиндер. Белоктордун, углеводдордун, липиддердин алмашуусундагы минералдык элементтердин ролу. Минералдык заттардын алмашуусу. Биоорганикалык эмес химия жана анын проблемалары, келечектеги өнүгшү.
XIII. Гормондор: түзүлүшү, кызматы, таасир этишинин механизмдери, колдонулушу
Гормондорду окуп үйрөнүүнүн тарыхы. Гормондордун номенклатурасы жана классификациясы. Стероиддик гормондор: түзүлүшү, касиеттери жана функциялык активдүүлүгү жана алардын таасир этишинин механизмдери, биосинтези жана анын жөнгө салынышы.
Пептиддик гармондор: түзүлүшү, кызматтары, таасир этишинин механизмдери. Жана башка гормондор: түзүлүшү, таасир этүү механизмдери, биосинтези. Медицинада жана айыл чарбасында гормондордун колдонулушу.
XIV. Белоктордун, нуклеин кислоталарынын, углеводдордун жана липиддердин алмашууларынын өз ара байланыштары. Зат алмашуунун жөнгө салынышынын денгээлдери.
Организмдеги зат алмашуунун өз ара байланышы тууралуу жалпы түшүнүк. Автотрофтук организмдердеги 1-лик жана 2-лик биосинтездин ортосундагы катыштар. Гетеротрофтук организмдердеги заттардын айланышынын өз ара байланыштуулугу. Нуклеин кислоталары менен белоктун алмашуусунун ортосундагы байланыш жана анын конкреттүү формалары. Нуклеин кислоталары менен углеводдордун алмашуусунун ортосундагы байланыш. Нуклеин кислоталары менен липиддердин алмашуусунун ортосундагы байланыш. Белоктор менен углеводдордун алмашуусунун ортосундагы байланыш. Жөнгө салуунун метоболиттик деңгээлдери. Жөнгө салуунун оперондук деңгээли. Жөнгө салуунун клеткалык деңгээли. Жөнгө салуунун организмдик деңгээли. Жөнгө салуунун популяциялык деңгээли. Организмдердин ар турдүү топторунун катышуусу менен жүргөн эколого-биохимиялык өз ара аракеттенишүүлөр.
4.3. Лабораториялык практикум
№ к.н. | Лабораториялык иштердин аталышы |
1. | Аминокислоталарына түстүү реакциялар |
2. | Хроматография ыкмасы менен аминокислоталардын аралашмасын бөлүү |
3. | Белокторду сандык аныктоо (Лоури ыкмасы, биурет ыкмасы) |
4. | Ферменттердин касиеттери: спецификалуулугу, температуурвнын, рН, активаторлордун жана ингибиторлордун ферменттердин активдүүлүгүнө тийгизген таасири. |
5. | Ферменттердин болушуна сапаттык текшерүү жана алардын энзим-электрофорез ыкмасындагы изоформасы (эстеразы, дегидрогеназы ж.б.). |
6. | А, D, К, Е, В1, В2, С, РР витаминдерине сапаттык реакция. |
7 | Дезоксирибонуклеопротеинди көк боордон бөлүп алуу. |
8. | Рибонуклеопротеинди ачыткычтардан бөлүп алуу жана алардын гидролизинин продуктуларын сапаттык аныктоо. |
9. | Дезоксирибонуклеазанын активдүүлүгүн аныктоо. |
10. | Электрофорез ыкмасы менен РНКны фракциялоо. |
11. | Трипсин аркылуу азоказеиндин ферментативдик гидролизи. |
12. | Мочевинаны сандык аныктоодогу энзимдик ыкма. |
13. | Жука катмарлуу хроматография ыкмасы менен углеводдордун аралашмасын бөлүү. |
14. | Глюккозооксидаз ыкмасынын жардамы менен глюкозаны сандык аныктоо. |
15. | Булчуң ткандарындагы липиддерди сандык аныктоо жана бөлүп алуунун ыкчам ыкмасы. |
16. | Уйку безиндеги липазанын таасири астында майлардын ажырашы. |
17. | Гормондорго сапаттык реакция. |
5.Дисциплинанын окуу-методикалык камсыздалышы
5.1. Негизги адабияттар:
1. Т.Т.Березкин, Б.Ф.Коровкин
М. Медицина 1982г.
2. Т.Т. Березкин, Б.Ф. Коровкин
М. 1990г
3. Николаев К.Я.
И.
1989г.
4. Строев Е.А.
М.1986г.
5. Филиппович Ю.Б. Основы биохимии. М: флинта, С.-П. Лань,1999.
6. Филиппович Ю.Б., Севастьянова Г.А, Щеголева Д.И. Упражнения и задачи по биологической химии. М. Просвещение, 1982.
7. Филиппович Ю.Б., Севастьянова Г.А., Щеголева Л.И. Упражнения и задачи по биологической химии. М.: Просвещение,1982.
Кошумча адабияттар
1.Страйер Л.
Л. 1985ж.
2. Климов А.Н., ж.б.ав.
Л.1984ж.
3. Березов Т.Т., Коровкин Б.Ф. Биологическая химия. М. Медицина, 1990.
4. Биополимер. Под ред. Ю.Иманиси. И.:Мир, 1988.
5. Бохиниский Р. Современные воззрения в биохимии. М.:Мир,1987.
6. Гринистейн Б, Гринстейн А. Наглядная биохимия. М: ГЭОТАР Медицина. 2000
7.Замятнин А.А. Компьютерная биохимия эндогенных регуляторных олигопептидов. Успехи биологической химии, 1996. Т. ХХХVI с. 87-112.
8.Ленинджер А. Биохимия. М. Мир,1985. Т. 1-3.
9. Наградова Н.К. Внутриклеточная регуляция формирования нативной пространственной структуры белков. Соросовиский образовательный журнал, 1996. №7.,с.11-19.
10. Овчинников Ю.А. Биоорганическая химия. М.: Просвещение, 1987.
11. Перспектвы биохимических исследований (Под ред. Дж. Туза и С. Пренсиса). М. Мир, 1987.
12. Пустовалова Л.П. Практикум по биохимии. Ростов-на- Дону.: Феникс, 1999
13. Рис Э., Стенберг М. От клеток к атомам. М. Мир, 1988.
14. Скулачев В.П. Законы биоэнергетики Соросовиский образовательный журнал, 1996, №3, с.4-10.
15. Теличенко М.М, Остроумов С.А. Ведение в проблемы биохимической экологии. М. Наука, 1990.
16. Филиппович Ю.Б, Коничев А.С., Севастьянова Г.А., Кутузова Н.М., Биохимические основы жизнедеятельности человека. М.: Владос, 2000.
17. Эллиот В., Эллиоит Д. Биохимия и молекулярная биология. М. НИИ биомедицинской химии РАМН, 1999.
18. Периодическая литература (журналы “Биохимия”, “Биоорганическая химия”, сборник “В мире науки” и др.) не кафедре, ведущей преподавание биохимии.
6. ДИСЦИПЛИНАНЫН МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК ЖАКТАН КАМСЫЗ БОЛУШУ
Биологиялык химия лабораториялык практикумду аткаруу үчүн жооптуу жетекчи менен бирдикте, керек болгон реактивдер, биологиялык материалдар жана куралдар менен камсыз болушу зарыл, мындан сырткары төмөндөгү приборлор керектелет: фотоэлектрокалориметр, спектрофотометр, рН-метр, центрифуга, дискэлектрофореза үчүн приборлор, хроматографиялык камералар, термостаттар, муздаткыч жана муздатуучу камералар, дистиллятор. Комптютерлер жана копия кылуучу техника, слайдерлер, кодоскоптор, (граф-проекторлор) жана моделдер ж.б.
7. ДИСИПЛИНАНЫ ОКУП УЙРОНУУ БОЮНЧА СУНУШТАР
7.1. Текшерүү үчүн суроолор жана өз алдынча аткарылуучу иштер
-
Эмне себептен аминокислоталар амфотердик касиетке ээ?
-
рНтын мааниси жана эмне себептен изоэлектрикалык точка болот: а) кычкыл Б) нейтралдуу жана в) негизги аминокислоалар?
-
Төмөндөгүлөрдүн структууралык формасын жазгыла: А) протеиногендик аминокислота; а) күкүрт; б) гетероцикилдүү шакекче; в) гидроксилдүү топ;
Б) валин, изолейцин, фенилаланин жана триптофандын оптикалык изомерлери.
-
Белоктун молекуласынын түзүлүшү тууралуу полипептиддик теориянын далили кандай?
-
Жаратылыш пептиддеринен мисал келтиргиле жана алардын физиологиялык мааниси.
-
Белоктордун арасында көп кездешүүчү полипептиддик чынжырчанын конфигурациясынын типтери кайсылар жана алрдын параметрлери кандай?
-
Белоктун биринчилик түзүлүшү?
-
Белоктун экинчилик түзүлүшү?
-
Белоктун үчүнчүлүк түзүлүшү?
-
Белоктун үчүнчүлүк түзүлүшүндө кандай байланыштар болот?
-
Белоктун төртүнчүлүк түзүлүшү (лактатдегидрогеназа жана гемоглобин)?
-
Белоктордун классификациясынын кандай түрлөрү белгилүү? Токсиндер, коргоочу, кыскарткыч жана түзүлүштүк белокторго мисал келтир?
13.Ферментердин учурдагы илимий номенкулатурасы.
14.Төмөндөгү бирикмелердин структуралык формуласын жазгыла: уридиндифосфатглюкоза, коэнзимА жана ацетилкоэнзимА, НАД жана кычкылданган жана калыбына келген формасы.
15. А- авитаминоз, D- авимтаминоз жана В3 –авитаминоз кандайча жүрөт?
16. Зат алмашууда А, D жана В3 витаминдеринин ролу кандай?
17. Пептиддик байланышка пепсиндин, трипсиндин жана химотрипсиндин тийгизген таасиринин спецификалуулугу эмнеде?
18.Төмөндөгүлөрдүн структуралык формуласын жазгыла: 1) А1, А2, D2, D3, В1 жана В3 витаминдери ; 2) КоА; 3)валиладенилат.
19. ДНКнын жана РНКнын молекуласынын химиялык курамындагы айырмачылыктар?
20.Клеткадагы ДНКнын жана РНКнын кызматы кандай?
21. Нуклеин кислоталарынын түзүлүшүндө комплементардуулук принциптин мааниси эмнеде?
22. РНК жана анын түрлөрү?
23.Төмөндө көрсөтүлгөн бирикмелердин структуралык формуласын жазгыла: 1) гуанин, урацил жана цитозиндин таутомердик формалары; 2) дезокситимидин, аденозин, гуанозин, дезоксицитидин, дигидроуридин, 5-метилцитидин, инозин, псевдоуридин, 2-N, N- диметилгуанозин, 7-метилгуанозин.
24. Көпчүлүк жаныбарларда жана өсүмдүктөрдө моча кислотасынын мочевинага айланышында кандай байланыштар пайда болот?
25. Примидиндик нуклеотиддердин биосинтезинин негизги баскычтары жана бул процессте кандай ферменттер катышат?
26. Пуриндик негиздердин биосинтезинде алгачкы зат катары кандай бирикмелер пайдаланылат?
27. Нуклеин кислоталарынын биринчилик түзүлүшүнүн биосинтезинин механизими кандай?
28. РНКнын биосинтезине кандай ферментер катышат жана ага кандай оптималдуу шарттар талап кылынат?
29. Алгачкы мРНК менен мРНКнын айырмасы эмнеде?
30. Кайсы процесс кайталануучу же тескери транскрипция деп аталат? Ревертаза аркылуу катализденуучу реакциянын суммалык тендемесин жазгыла.
31.Орнит циклынын негизги баскычтары кайсылар?
32. Аминокислоталарды кайрадан пайда кылуунун метаболиттик жолу кандай?
33. Аминоацил-тРНК – синтетазанын түзүлүшүнүн жана таасиринин өзгөчөлүктөрү?
34. Рибосоманын учурдагы түзүлүшү жана функциясы кандай?
35. Рибосомада кандай борборлор бар.
36. Белоктун молекуласынын биосинтезинин элонгация баскычында кандай белоктук факторлор керек?
37. Төмөндөгү бирикмелердин формулаларын жазгыла: 1)валиладенилат; 2) лейцил-тРНК.
38. Тирүү клеткадагы полисахариддердин ажыроосу кайсы реакциянын катышуусу менен иш жүзүнө ашырылат?
39. Фосфорилазанын активдүүлүгүнүн жөнгө салынышы кайсы реакциянын жардамы менен жүрөт.
40.Глюкозо-6-фосфаттын ажырашынын дихотомиялык жолунун кайсыл баскычында АТФ пайда болот.
41. Төмөндөгү бирикмелердин формулаларын жазгыла: 1) глюкозо-6-фосфат, 2) глюкозо-1,6-дифосфат, 3) фруктозо-1,6-дифосфат, 4) ПВК, 5) рибулозо-5-фосфат, 6) 1,3-дифосфоглицерин кислота, 7) фосфоенолпируват.
42. Гликолиз спирттик ачуудан эмнеси менен айырмаланат?
43. ПЖКнын кычкыл декарбоксилдештирүүсүндө кандай коферменттер катышат?
44. Гликолизде, гликогенолизде, спирттик ачууда жана ПЖКнын кычкыл декарбоксилдешүүсүндө кандай акыркы продуктылар пайда болот?
45.Төмөндөгү бирикмелердин формулаларын жазгыла: 1)липоел кислота, 2)лимон кислота, 3) фумар кислота, 4)изолимон кислота, 5) янтар кислота.
46. а) глюкозо-6-фосфаттын ПЖКга чейинки дихотомиялык ажырашында, 6) глюкозанын спирттик ачышында, в) гликолизде, г) ПЖК кычкыл декарбоксилдешүүсүндө, д) дихотомиялык жол аркылуу 5 молекула глюкозанын толук кычкылдануусу.
47. Липиддердин классификациясы?
48. Инозитфосфолипиддердин түзүлүшү жана кызматы?
49. Гликолипиддердин түзүлүшү жана биологиялык ролу.
50. Фосфатиддердин ажырашында кандай ферменттер катышат?
51.Төмөндөгү бирикмелердин формулаларын жазгыла: трипальмитин, пальмитодиолеин, пальмитостеароолеин, фосфатид кислота, лецитин, кефалин, серинфосфатид.
52. Кребс циклы глиоксил циклынан эмнеси менен айырмаланат жана липиддик жана углеводдук алмашуунун өз ара байланышынын ролу эмнеде?
53. Биологиялык кычкылдануудагы А.Н.Бах жана В.И.Палладиндин негизги эмгектери
54. Биологиялык кычкылдануу процессин катализдөөчү ферменттердин учурдагы классификациясы кандай?
55. Эркин кычкылдануунун өзгөчөлүгү эмнеде?
56. П.Митчелдин хемиосмотикалык гипотезасы?
57. 1 моль глюкоза пирожүзүм кислотасына чейин ажыраганда канча энергия пайда болот.
58. гормондордун классификациясы.
59. Кортикостероиддерге кайсыл бирикмелер кирет?
60. Тестостерондун жана эстрадиолдун түзүлүшү кандай?
61. Стероиддик гормондордун таасир этүү механизими кандай?
62. Маанилүү пептиддик гормондордун түзүлүшү жана кызматы кандай?
63. Тиреоиддик гормондордун таасир этүү механизми кандай?
64.Төмөндөгү бирикмелердин формулаларын жазгыла: кортикостерон, 12-оксикортикостерон, альдостерон, тестостерон, эстрадиол, простагландин А1, простагландин В2, простагландин С2, простагландин D2.
65. Зат алмашуунун жөнгө салынышынын метаболиттик тендемесинин элементтери кандай?
66. Зат алмашуунун жөнгө салынышында антивитаминдердин, антигормондордун ролу кандай? Мисал келтиргиле.
67. Зат алмашуунун жөнгө салынышында Са2+ ролу кандай?
68. Транскрипциянын жөнгө салынышында белок-репрессордун, корепрессрдун жана индуктордун ролу кандай?
69. Белоктун биосинтезине пуромицин, левомицитин жана эритромицин кандай таасир тийгизет?
70. Төмөндөгүлөрдүн формулаларын, схемаларын жана сүрөттөрүн көрсөткүлө: 1)Зат алмашуунун жөнгө салынышышынын фосфоинозитиддик жолу; 2) оперондордун репрессиясы жана депрессиясы; 3) гистондорду фосфорлоштуруу жана дефосфорлоштуруу; 4)киназа фосфорилазанын “b” активдуулугунун жонго салынышы.
7.2. РЕФЕРАТТАРДЫН ЖАНА КУРСТУК ИШТЕРДИН ТЕМАЛАРЫ
-
Биологиялык активдүү пептиддер.
-
Фолдинг полипептиддер жана белок-шаперондор.
-
Иммуноглобулиндер жана алардын биологиялык ролу.
-
Улуу белоктор жана пептиддер.
-
Ферменттердин түзүлүшүнүн жана кызматынын эволюциясы.
-
Протеолиттик ферментер жана алардын жөнгө салуу кызматы.
-
Ферменттердин ингибиторлору.
-
ДНКнын биринчилик түзүлүшүнүн бузулушу жана анын себептери.
-
ДНК метилдештирүү.
-
Эукариоттордогу ДНКнын репликациясынын өзгөчөлүгү.
-
ДНКнын репарациясы.
-
Биринчилик транскриптердин процессинги
-
Кайталанма транскриптаза жана анын биологиялык ролу.
-
Митохондриядагы белоктун синтезинин табышмактуулугу.
-
Клеткадагы углеводдордун метаболизминин жөнгө салынышы.
-
Татаал липиддердин түзүлүшү жана кызматы.
-
ЖМКнын синтези.
-
Биологиялык мембрананын түзүлүшүнүн түрдүүлүгү.
-
Пептид-белоктук гормондордун таасир этүү механизмдери.
-
Экинчилик ортомчулар жана алардын метаболизмдин жөнгө салынышындагы ролу.
7.3. ЭКЗАМЕНДИН СУРООЛОРУ
-
Белоктордун 4-түзүлүшү. Протомерлер жана мультимерлер. Гемоглобиндин ж.б. суббирдиктик белоктордун түзүлүшү.
-
Ферменттердин активдүүлүгүнүн изостерикалык жана аллостерикалык жөнгө салынышы.
-
Витаминдер жана алардын ачылышы. И.И.Луниндин эмгектери. А витамини. Витамерия.
-
Сууда эрүүчү витаминдер жана алардын зат алмашуудагы ролу, ферментер менен байланышы. Витаминдер тамак аш толуктоочу катары.
-
Макроэргикалык байланыш жана макроэргикалык бирикмелер. Протеолиз реакциясында аденозинтрифосфор кислотасынын ролу, Белоктордун жана нуклеин кислоталарынын биосинтезинин энергетикалык жактан камсыз болушу, лигазанын ишмердүүлүгү (мисал келтиргиле)
-
Комплементардуулук принциби жана анын нулеин кислотасынын түзүлүшүндөгү, алардын биосинтезиндеги ролу.
-
Организмдеги белоктордун ажырашы. Белоктун ажырашына катышуучу ферменттер. Пептиддик байланыштын гидролизинин механизми. АТФден көз каранды протеолиз. Мультикаталиттик протеиназалар (протеасомы).
-
Изомеразалар жана аларга жалпы мүнөздөмө.
-
Белоктордун биринчилик тузулушу: анны аныктоонун ыкмалары.
-
Лиазалар жана лигазалар, аларга жалпы мүнөздөмө.
-
ДНКнын биосинтезинин механизми. Репликациялык вилка жана аны ишке кириштирүүдөгү белоктук факторлордун, ферменттердин ролу.
-
Аминоациоаденилаттардын жана аминоацил-тРНКнын түзүлүшү жана кызматы. Трансферазалар. Аминоацил-тРНК-синтетаза жана алардын касиеттери
-
иРНК жана алардын ачылыш тарыхы. А.Н.Белозерскийдин жана А.С.Спиридин эмгектери. мРНКнын жетилиши. Рибозималар.
-
Белоктордун химиялык, микробиологиялык, клеткадан тышкары синтези.
-
Эдмандын фенилтиогидантоин ыкмасы жана анын белоктун 1- түзүлүшүн түзүүдө колдонулушу. Секвенатордун иштөө принциптери. Белоктун 1- түзүлүшүн түзүүдөгү кыйыр ыкмалар.
-
Белоктун молекуласынын бринчилик түзүлүшү жана анын өзгөчөлүктөрү.
-
Рибонуклеин кислоталарынын классификациясы. НКнын түрлөрү жана алардын кызматтары. Төмөнкү молекулалуу жана антиойлуу ядролук РНК.
-
Белоктун молекуласынын 3-лүк түзүлүшү. Белоктук глобулдардын өзүн-өзү пайда кылышынын баскычтары.
-
Нуклеопротеиддер.Хроматиндин жана нуклеосоманын түзүлүшү.
-
Прокароиттордогу жана эукариоттордогу белоктун биосинтезинин инициациясы. Бул процесстеги белоктук факторлордун ролу.
-
Клетканын рибосомасындагы белоктун биосинтезинин элонгация процесси. Рибосоманын А-, Е-жана Р-борборлору. Трансляциянын белоктук факторлору.
-
Ферменттерди бөлүп алуунун жана тазалоонун ыкмалары. Ферменттердин түзүлүшү. Полифункционалдык ферменттер. Мультиэнзимдик комплекстер. Метаболондор. Ферментерди окуп үйрөнүүдөгү орус окумуштууларынын ролу (А.Я. Данилевиский, А.Е. Браунштейн, жана П.Павлов)
-
Примидиндик негиздердин биосинтези.
-
Белоктук синтездин коду жана анын ачылыш тарыхы.
-
Белоктук молекуланын 2-лик жана 3-ликке чейинки түзүлүшү.
-
Дезоксирибонуклеин кислота, анын курамы, түзүлүшү, функциясы. ДНКнын полиморфизми (А, В, С, Z и SВS-формалары). Нуклеосомалар жана алардын ДНК компакташтыруудагы ролу. Геномдун татаалдыгы тууралуу түшүнүк.
-
Организмдердин химиялык курамы. Макро-, микро- жана ультрамикроэлементтер.
-
Ферменттердин касиеттери жана алардын таасир этиши. Ферменттердин органикалык эмес жаратылыштагы катализаторлордон таасир этүү механизминин айырмачылыгы. Биотехнологиядагы ферменттердин колдонулуштары.
-
Организмде аминокислоталардын синтезделүү жолдору. Тамак аштагы алмашуучу жана алмашпоочу аминокислоталар. Глицин тамак аш кошумчасы катары.
-
Белоктордун номенклатурасы жана классификациясы. Структуралык (α, β-, α+β, α/β-белоктор) жана кызматына жараша классификациясы.
-
Экинчилик ортомчулар (цАМФ, цГМФ, диацилглицериндер, инозитолтрифосфаттар, азоттун оксиди жана кальцийдин иону): түзүлүшү жана таасир этүү механизми.
-
Стероиддик гормондор жана алардын классификациясы, түзүлүшү, функциясы жана таасир этүү механизми. Стероиддик гормондор жана алардын курт- кумурскалардагы метаморфозалары.
-
Пептиддик гормондордун маанилүү топторуна мүнөздөмө (либериндер жана статиндер, тропиндер, өсүүнүн полипептиддик фактору, интерлейкиндер, эндорфиндер жана энкефалиндер) жана алардын жашоо тиричиликтеги ролу. Семиртүүчү гормон.
-
Организмдеги майлардын ажырашы. ЖМКнын β-кычкылдануусу. ЖМКнын клеткадагы локализациясы.
-
Углеводдордун белокко айлануусунун жолдору: пирожүзүм кислотасынын щавелуксус жана α-кетоглутар кислотасына өтүшү.
-
Ачуу. Спирттик ачуунун химизми.
-
Зат алмашуунун жөнгө салынышынын клеткалык денгээли. G-белоктор жана алрдын клеткадагы зат алмашуунун жөнгө салынышына катышуусу.
-
Стеролдордун биосинтези. Бул процесске катышуучу маанилүү ферменттер жана метаболиттер.
-
Полисахариддердин ажыроо жолдору. Полисахариддердин гидролизиндеги ферменттерге мүнөздөмө. α-амилазанын таасир этүү механизми.
-
Коэнзим А жана анын зат алмашуудагы ролу.
-
Кычкылтекке суутекти ташуунун камсыз кылуучу ферменттик системалар (гликолатоксидаза, аскорбатоксидаза). Цитохромдук система.
-
ЖМКнын биосинтези. ЖМК синтезанын учурдагы тузулушу жана таасир этүү механизми. ФЛинендин эмгектери.
-
Фосфатиддердин алмашуусу. Фосфоинозитиддердин гидролизи.
-
Углеводдордун апотомикалык ажырашы.
-
Гидроксилозалар (монооксигеназалар). Алардын таасир этүү механизми.
-
Углеводдордун дихотомиялык ажырашы
-
Нуклеин кислоталарынын жана белоктордун алмашуусунун өз ара байланышы.
-
Аденозиндифосфор кислотасын фосфорлоштуруу менен биологиялык кычкылдануунун жүрүшү жана хемиосмотикалык гипотеза. АТФ-синтезанын түзүлүш жана кызматы.
-
Триглицериддер, алардын түзүлүшү жана касиеттери. ЖМК. Жашоо тиричиликтеги триглицериддердин ролу.
-
Заталмашуунун жонго салынышынын оперондук жана популяциялык денгээлдери.
-
Углеводдордун дихотомиялык ажырашынын аралык продуктулары жана дикарбон жана трикарбон кислотасынын циклы.
-
Минералдык заттар жана алардын алмашуусу. Минералдык элементтердин биоролу.
-
Липиддердин классификациясы жана аларга жалпы муноздомо.Алардын клетканын мембранасын түзүүдөгү жана ишке киргизүүдөгү ролу. Биологилык мембраналардын түзүлүшү.
-
Полисахариддердин фосфоролизи. Гликогенфосфорилазалар. Киназа Фосфорилаза түзүлүшү жана кызматы.
-
Протеинкиназдык реакциялардын типтери. Фосфорилаза жана липазанын активдүүлүгүн жөнгө салууда протеинкиназанын ролу.
-
Стериддер: түзүлүшү, касиети, алмашуусу.