СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биология 6-класс Тема: Клетканын тиричилиги

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Биология 6-класс Тема: Клетканын тиричилиги»

Биология 6-класс Клетканын тиричилиги № 11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты Биология мугалими: Кимсанова Максуда

Биология 6-класс

Клетканын тиричилиги

№ 11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты

Биология мугалими: Кимсанова Максуда

 Сабактын максаты: Өсүмдүк клеткасында жүрүүчү процесстер жөнүндө түшүнүк алышат.  Цитоплазманын кыймылын , заттардын клеткага өтүшү жөнүндө билимдерге ээ болушат Клетканын бөлүнүү жана өсүү процесстерин талдап ,үйрөнүшөт

Сабактын максаты:

  • Өсүмдүк клеткасында жүрүүчү процесстер жөнүндө түшүнүк алышат.
  • Цитоплазманын кыймылын , заттардын клеткага өтүшү жөнүндө билимдерге ээ болушат
  • Клетканын бөлүнүү жана өсүү процесстерин талдап ,үйрөнүшөт
 Өтүлгөн теманы кайталоо 1. Клетканын курамында кандай заттар жана пигменттер болот? 2. Клеткалар бири-бири менен кантип биригет? 3. Ткань деп эмнени айтабыз жана анын кандай түрлөрү бар?

Өтүлгөн теманы кайталоо

  • 1. Клетканын курамында кандай заттар жана пигменттер болот?
  • 2. Клеткалар бири-бири менен кантип биригет?
  • 3. Ткань деп эмнени айтабыз жана анын кандай түрлөрү бар?
Клетканын тиричилиги Тирүү клеткалардын ичиндеги кыймылды байкоо бардыгын кызыктырат. Бул аракетти аквариумда өстүрүлгөн элодея өсүмдүгүнүн жалбырагында байкоо мүмкүн. Элодеянын жалбырактары тунук болгондугу  үчүн, аны микроскопто бүтүндүгүндө көрсө болот. Элодея сууда өскөндүгү үчүн анын жалбырагы микроскоптогу суу тамчысында табигый шартта өскөндөй тирүү болот. Ошондуктан, анын клеткаларындагы цитоплазманын үзгүлтүксүз кыймылы анык көрүнөт. Клеткалардын кабыгында тешикчелер болуп, цитоплазманын кыймыл учурунда бир клеткадагы азык заттар жана кычкылтек экинчи клеткага ушул тешикчелер аркылуу өтөт.

Клетканын тиричилиги

  • Тирүү клеткалардын ичиндеги кыймылды байкоо бардыгын кызыктырат. Бул аракетти аквариумда өстүрүлгөн элодея өсүмдүгүнүн жалбырагында байкоо мүмкүн. Элодеянын жалбырактары тунук болгондугу үчүн, аны микроскопто бүтүндүгүндө көрсө болот. Элодея сууда өскөндүгү үчүн анын жалбырагы микроскоптогу суу тамчысында табигый шартта өскөндөй тирүү болот. Ошондуктан, анын клеткаларындагы цитоплазманын үзгүлтүксүз кыймылы анык көрүнөт. Клеткалардын кабыгында тешикчелер болуп, цитоплазманын кыймыл учурунда бир клеткадагы азык заттар жана кычкылтек экинчи клеткага ушул тешикчелер аркылуу өтөт.

Цитоплазманын жылышы Эгер элодея өсүмдүгүнүн жалбырагын микроскоптон карап көрсөк, анын клеткаларындагы хлоропласттардын бир багытты көздөй жылган кыймылын көрүүгө болот. Бул кыймыл дайыма болуп турганы байкалат. Элодеянын ар бир жетилген клеткасынын цитоплазмасы вакуоль тарабынан чел кабыкты көздөй сүрүлөт. Андагы жашыл хлоропласттар цитоплазма менен кошо клетканын чел кабыгын бойлоп жайгашкан. Хлоропласттар өзүнөн ­өзү эле кыймылдабайт. Ал цитоплазманын агымы менен кошо жылып турат. Алардын бир орундан экинчи орунга өтүшү цитоплазманын агышы мeнен шартталган

Цитоплазманын жылышы

  • Эгер элодея өсүмдүгүнүн жалбырагын микроскоптон карап көрсөк, анын клеткаларындагы хлоропласттардын бир багытты көздөй жылган кыймылын көрүүгө болот. Бул кыймыл дайыма болуп турганы байкалат. Элодеянын ар бир жетилген клеткасынын цитоплазмасы вакуоль тарабынан чел кабыкты көздөй сүрүлөт. Андагы жашыл хлоропласттар цитоплазма менен кошо клетканын чел кабыгын бойлоп жайгашкан. Хлоропласттар өзүнөн ­өзү эле кыймылдабайт. Ал цитоплазманын агымы менен кошо жылып турат. Алардын бир орундан экинчи орунга өтүшү цитоплазманын агышы мeнен шартталган
Цитоплазманын жылышы

Цитоплазманын жылышы

Заттардын клеткага өтүшү Бир түрдүү клеткалардын цитоплазмалары жанаша жаткан клеткалардын цитоплазмаларынан обочолонуп бөлүнгөн эмес. Цитоплазмалар клетканын чел кабыктарындагы тешикчелер (плазмодесма-цитоплазмалык микрокөпүрөчө) аркылуу өтүп, аларды бири-бири менен байланыштырып турат

Заттардын клеткага өтүшү

  • Бир түрдүү клеткалардын цитоплазмалары жанаша жаткан клеткалардын цитоплазмаларынан обочолонуп бөлүнгөн эмес. Цитоплазмалар клетканын чел кабыктарындагы тешикчелер (плазмодесма-цитоплазмалык микрокөпүрөчө) аркылуу өтүп, аларды бири-бири менен байланыштырып турат
Клетка аралык байланыштар жана клеткадагы заттардын өтүшү

Клетка аралык байланыштар жана клеткадагы заттардын өтүшү

Клетканын бөлүнүшү жана өсүшү Клеткалар бөлүнүү жолу менен көбөйөт. Бирок, бардык эле клеткалар бөлүнө бербестигин айтып өтүү керек. Өсүү точкасындагы клеткалар гана бөлүнөт. Клеткалардын бөлүнүшүндө ядро чоң роль ойнойт. Бөлүнүүчү клеткаларда алгач ядро чоңоёт, андан кийин экиге бөлүнүп, атайын чел кабык менен капталат. Бул доордо цитоплазмада да тосмо пайда болуп, энелик клетканы тең эки жаш клеткага ажыратат. Клеткага бөлүнүшү менен андагы пластидалар да тең экиге ажыралып, жаш клеткаларга өтөт. Пайда болгон жаш клеткалар өзүндөгү азык заттардын эсебинен өсүүсүн улантат. Алар энелик клетка көлөмүнө жеткенде, дагы жаш клеткаларга бөлүнөт. Ошентип, өсүмдүктөрдүн өсүшү клеткалардын бөлүнүп көбөйүшү жана өсүшү эсебинен жүрөт. Клетканын өсүшү Клетканын бөлүнүшү

Клетканын бөлүнүшү жана өсүшү Клеткалар бөлүнүү жолу менен көбөйөт. Бирок, бардык эле клеткалар бөлүнө бербестигин айтып өтүү керек. Өсүү точкасындагы клеткалар гана бөлүнөт. Клеткалардын бөлүнүшүндө ядро чоң роль ойнойт. Бөлүнүүчү клеткаларда алгач ядро чоңоёт, андан кийин экиге бөлүнүп, атайын чел кабык менен капталат. Бул доордо цитоплазмада да тосмо пайда болуп, энелик клетканы тең эки жаш клеткага ажыратат. Клеткага бөлүнүшү менен андагы пластидалар да тең экиге ажыралып, жаш клеткаларга өтөт. Пайда болгон жаш клеткалар өзүндөгү азык заттардын эсебинен өсүүсүн улантат. Алар энелик клетка көлөмүнө жеткенде, дагы жаш клеткаларга бөлүнөт. Ошентип, өсүмдүктөрдүн өсүшү клеткалардын бөлүнүп көбөйүшү жана өсүшү эсебинен жүрөт.

Клетканын өсүшү

Клетканын бөлүнүшү

 Бышыктоо 1. Микроскоптон клетка тиричилигине байкоо жүргүзүүгө болобу? 2. Клеткада кандай тиричилик процесстери жүрүп турат? 3. Клетка кантип көбөйөт жана анын кандай мааниси бар?

Бышыктоо

  • 1. Микроскоптон клетка тиричилигине байкоо жүргүзүүгө болобу?
  • 2. Клеткада кандай тиричилик процесстери жүрүп турат?
  • 3. Клетка кантип көбөйөт жана анын кандай мааниси бар?
 Жыйынтыктоо Ар бир тирүү клетка азыктанат,дем алат. Мында цитоплазманын жылып агып турушу чоң роль ойнойт. Клетка бөлүнүп көбөйүп жана анын ар бири чоңоюп турат. Ар бир тирүү клетка азыктанат,дем алат. Мында цитоплазманын жылып агып турушу чоң роль ойнойт. Клетка бөлүнүп көбөйүп жана анын ар бири чоңоюп турат. Клеткага керектүү заттар сырттан чел кабык аркылуу тандалып өтүп турат да ал андан ары клеткадан клеткага өтүп , бүт организмге тарайт. Өсүмдүктүн ар түрдүү бөлүктөрү бирдей клеткадан турбайт. Клеткалар бири бири менен клетка аралык байланыш аркылуу бириккен. Түзүлүшү жана кызматы окшош клеткалардын тобу ткань деп аталат .

Жыйынтыктоо

  • Ар бир тирүү клетка азыктанат,дем алат. Мында цитоплазманын жылып агып турушу чоң роль ойнойт. Клетка бөлүнүп көбөйүп жана анын ар бири чоңоюп турат.
  • Ар бир тирүү клетка азыктанат,дем алат. Мында цитоплазманын жылып агып турушу чоң роль ойнойт. Клетка бөлүнүп көбөйүп жана анын ар бири чоңоюп турат.
  • Клеткага керектүү заттар сырттан чел кабык аркылуу тандалып өтүп турат да ал андан ары клеткадан клеткага өтүп , бүт организмге тарайт.
  • Өсүмдүктүн ар түрдүү бөлүктөрү бирдей клеткадан турбайт. Клеткалар бири бири менен клетка аралык байланыш аркылуу бириккен. Түзүлүшү жана кызматы окшош клеткалардын тобу ткань деп аталат .
 Тапшырма: Окуу китебинин   § 13. 35-37-беттерди окуу, суроолорго жооп жазуу Жумушчу дептер менен иштөө

Тапшырма:

  • Окуу китебинин   § 13. 35-37-беттерди окуу, суроолорго жооп жазуу
  • Жумушчу дептер менен иштөө