УДК.ББ
Жалал-Абад Мамлекеттик университети
Карабекова Чынара Кайсарбаевна
[email protected]
Орто окуу жайларда маалымат комуникациялык технологиялар ресурстарын пайдалануу менен химия, биологияны окутуу
аннатация
Бул макалада учурда окутуу системасында маалымат коммуникациялык технологиялардын ресурстарын пайдалануу менен орто окуу жайларда химия, биология предметтерин окутуу боюнча жазылган.
Данная статья написана на тему преподавания предметов химии и биологии среднообразовательных учреждениях с использованием ресурсов информационно-коммуникационных технологий в современной системе образования.
This article is written on the topic of teaching chemistry and biology subjects in secondary educational institutions using the resources of information and communication technologies in the modern education system.
Маалымат технологиясы (Information technology), компьютер технологиясы – информатиканын бөлүмү; ар кандай маалыматты иштеп чыгууда пайдаланылуучу компьютердик жана телекоммуникациялык технологиялар. Анда башкаруу чечимдерин даярдоо жана кабыл алууга байланышкан маалыматты өндүрүүнүн технологиялык процесстерин кароо кабыл алынган. Маалымат технологиясы компьютердин түзүлүшү, программалык жабдык, иштетүү системалары, программалоо, берилиштер базасы ж. б. сыяктуу фундаменталдык бөлүктөрдөн турат. Маалымат технологиясы маалыматтарды жыйноо, жиберүү, сактоо жана иштетүү процесстерин камтыйт. Азыркы учурда маалымат технологиясы өз алдынча илимий багыт катары калыптанууда, анын изилдөө багытын маалымат процесстерин рационалдуу уюштурган жолдор, ал эми предметин болсо, маалымат технологиясы түзгөн ыкмалар (методдор) жана теориялык негиздер түзүүгө жана сактоо атайын жабдуулар (түзүлүштөр) аркылуу аткарылат. Бул жабдууларга берилишти киргизгич жана маалыматты чыгаргыч түзүлүш, системалык блок, сактагыч түзүлүш жана байланыш түзүлүштөрү кирет. Маалымат технологиясы компьютерде текст түзүү системасында берилиш базасын пайдаланууда жана компьютер тармагы аркылуу кабар берүүдө пайдаланылат.
XXI кылым компьютер кылымы деп айтылгандай, учурда бир эле Кыргызстанда эмес бүткүл дүйнө жүзү компьютер кылымында жашап жатат. Маалымат технологиялары өндүрүштөрдө эле эмес билим берүү системасында, медицинада, агрардык тармактарда, күч түзүмдөрүндө, мектепке чейинки билим берүү мекемелерде, орто билим берүүчү мектептерде, орто окуу жайларда, жогорку окуу жайларда, кеңири масштабда кулач жайууда. Орто окуу жайларда химия жана биология предметин окутууда түрдүү программадагы маалымат коммуникациялык технологиялар ресурстарын колдонууга болот. Органикалык эмес заттар жөнөкөй жана татаал заттарга бөлүнүшүн, жөнөкөй заттар метал, метал эмес, газ, татаал заттар оксиддер, туздар, негиздер, кислоталар болуп бөлүнүшөөрүн жана алардын касиеттерин түзүлүшүнө, курамына карап билүү үчүн студенттер Д.И.Менделеедин мезгилдик системасында канча элемент болуп толукталгандыгын учурда жана алар метал, метал эмеске бөлүнөөрдүгүн жана алар канча санда болоордугун, мезгилик системада жайгашуусу боюнча касиеттерин изилдеп үйрөнүү алардын адамдын жашоосунда, жаратылышта, өндүрүштө ордун аныктоо үчүн көптөгөн маалыматтар керек жана химия предмети боюнча студенттер толук кандуу түшүнүк алуусу абзел, ал үчүн учурда маалымат коммуникациялык технологиялар өнүккөн мезгилге ылайык студент жеке аткара ала турган электрондук түрдө тапшырмаларды даярдоо абзел жана бул тапшырмалар балдарды колундагы телефон жөн гана маалымат табуу же ойноо куралы гана эмес электрондук түрдө тапшырма аткаруу куралы катары да балдар кабылдашат жана студенттин сабака болгон кызыгуусун арттырат. Органикаык эмес заттардын классификациясы боюнча төмөнкү схемада толук кандуу берилген. Органикалык эмес заттардын классификациясын билүүдө оксиддер, туздар, кислоталар, негиздердин курамынын түзүлүшүн билүү жетиштүү. Себеби курамдык түзүлүшкө карап касиетттерге ээ болот. Мисалы металдар бир сымаптан башкасы катуу агрегаттык абалга ээ. Метал эмесстерден галогендер органикалык заттар менен көбүрөөк реакцияга кирет. ж.б. ушул сыяктуу түшүнүктөдү билүү үчүн студенттер заттардын классификациясын толук кандуу билүүсү абзел. Бул учурда төмөндөгүдөй тапшырма даярдоо менен студенттердин оксиддерди, кислоталарды, туздарды, негиздерди билүүсүн текшерүү ошону менен бирге эле алардын аң сезиминде кабылдатууга чоң өбөлгө түзөт.
https://learningapps.org/watch?v=p8kcfrew524
Органикалык эмес заттар негизинен төмөндөгүдөй класстарга бөлүнөт
Органикалык эмес
заттар
Жонокой заттар
Татаал заттар
Металдар
Метал эместтер
оксиддер
негиздер
Кычкылтексиз
кислоталар
Туз пайда кылуучу
туздар
Амфотердуу
Кычкылтектуу
Негиздик
Туз пайда кылбоочу кылбоочу
Орто туздар
Сууда ээруучу
Кычкыл туздар
Сууда ээрибоочу
Кош туздар
Аралаш туздар
Комплекстуу туздар
Негиздик туздар
Ал эми органикалык химия предметин окутууда негизги түшүнүктөр төмөнкү схемада ишке ашырылат
Органикалык бирикмелердин классификациясы
ароматтык
алициклдуу
гетероцилдуу
карбоциклдуу
циклдуу
полисахариддер
Алкин СnH2n-2
алкен СnH2n
Карбон кислоталары
кетондор
фенолдор
Нуклеин кислоталары
белоктор
аминокислоталар
аминдер
нитробирикмелер
алкан СnH2n+2
Кычкылтектуу органикалык бирикмелер
Азота бар органикалык бирикмелер
Углеводороддор
СхНу
чектуу
спирттер
углеводдор
моносахариддер
дисахариддер
альдегиддер
чексиз
Органикалык хмия предметин окутууда алгач ациклдүү бирикмелер окутулат да алар эл аралык номенклатура боюнча алкан, алкен, алкин жана алкадиен углеводороддору окутулат, аларды маалымат технологияларынын элементтерин пайдалануу менен Learning Apps.org программасынын негизинде төмөндөгүдөй тартиптеги графике түшүрүү менен өз алдынча электрондук тапшырам түзсөк болот.
алкан | алкен | алкин | алкадиен |
метан | - | - | - |
этан | этилен | ацетилен | - |
пропан | пропилен | пропин | пропадиен |
бутан | бутилен | бутин | бутадиен |
пентан | пентилен | пентин | пентадиен |
гексан | гексилен | гексин | гексадиен |
гептан | гептилен | гептин | гептадиен |
октан | октилен | октин | октадиен |
нонан | нонилен | нонин | нонадиен |
декан | децилен | децин | децидиен |
Жогорудагы ациклдүу бирикмелердин классификациясын жана органикалык заттардын системалык топторун окутуп үйрөтүү үчүн маалымат коммуникациялык ресурстарын пайдаланып төмөндөгүдөй тесттик тапшырма даярдоого болот.
https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdpMaS2Jm5V8FvPy6XttB05bD41UtxK_potAtdPut9AKsnMag/viewform?usp=sharing
Ал эми биология предмети боюнча да түрдүү тесттик тапшырмаларды дүйнөлүк флора менен фаунаны окутуп үйрөтүү үчүн да түрдүү тапшырмаларды маалымат комуникациялык технологиялардын ресурстарын пайдалануу менен тапшырмаларды түзүү жетиштүү. Мисалы тирүү организмдердин классификациясы боюнча төмөндөгүдөй тапшырма даярдоого болот.
https://learningapps.org/watch?v=p6jb7xb4c24
бул тапшырманы аткаруу менен студенттерде дүйнөгө болгон тааным, тирүү организмдердин классификациясын жандуу организмдерге өсүмдүктөр, жаныбарлар, козу карындар, бактериялар, вирустар жана эң акыркы пайда болгон адам коому тууралуу маалымат алышат. Ал эми тирүү организмдердин эң кичине бирдиги – клетка, клеткада түрдүү процесстер жүрөөрдүгүн клетка боюнча тоолук маалыматы болмоюнча студенттердин түшүнүүсү кыйын болот. Ошондуктан өсүмдүк жана жаныбар клеткасынын окшоштук айрымачылыгын автотрофтук, гетеротрофтук организмдер кандай жол менен азыктана тургандыгын, жашыл өсүмдүктөр өздөрү азыктана турган затты, углеводду күндүн нурунун натыйжасында өздөрү түзө тургандыгын бала толук кандуу аңдап билүү керек. Ал эми жаныбаларга жана адамдарга гетеротрофтук тамактануу мүнөздүү, себеби булар даяр органикалык бирикмелерди организмине кабылдашат. Жашыл түскө ээ болбогон козу карындар да ушул сыяктуу эле даяр органикалык азыктарды кабылдашат да симбиоздошуп жашайт. Сапрофиттик бактериялар да ушундай эле мүнөзгө ээ. Ошондуктан бардык тирүү организмдердин эң кичине бирдиги клетка болуп эсептелет да клеткалык түзүлушүнө карап жашоо цикли аныкталат. Бул маалыматтарды кабылдаш үчүн клтеканын оргоноиддери боюнча түзүлгөн төмөнкү тапшырманы аткаруу жетиштүү.
https://learningapps.org/watch?v=pusatbda324
Биология илиминде тирүү организмдер өсүп өнүгүүгө, көбөйүүгө жана өзүнөн кийин тукум калтырууга жөндөмдүү болушат, ошондуктан буларды тирүү же жандуу организмдер деп атайбыз. Демек тирүү организмдердин морфо-анатомиялык түзүлүшүн гана билүү жетиштүү эмес алардын көбөйүү жолдорун, клеткалык бөлүнүүсү: амитоз, митоз, мейоз процесстер менен бөлүнүүсүн билүүсү керек.
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдердин МКТ компетенцияларына коюлган квалификациялык талаптары учурда курч маселе. Азыркы демократиялык коомдо медия (коммуникация каражаттары) коомдук пикир жаратууда чоң роль ойнойт. Бүгүнкү күндө медиянынтнегизги функциясы-атуулдарга өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар туурасында маалымдоо болуп саналат. Азыркы заманда сабаттуу адам үчүн окуганды, жазганды, санаганды билүү аздык кылат. Ар кандай медиа жана башка маалымат каналдары аркылуу улам барган сайын өтө чоң маалымат агымы келүүдө. Ошондуктан компитенттүү орто кесип ээлери болгон кадрларды даярдоодо, студент мааламтты табууга, ой калчоого, сын көз караш менен карап пайдаланууга жөндөмдүулүк жетишсиз болуп жатат. Бул үчун медия жана маалыматтык сабаттуулук билимдери зарыл.
Биздин жашоону эми маалыматтык жана коммуникациялык технологиялардын өзүнчө бөлүпкароо мүмкүн эмес. Медиасабаттуу болуш үчүн маалыматты жана маалыматтык технологияларды пайдалана билүү жөндөмдүулугунө ээ болуу керек. Жаңы маалыматтык технологиялардын астында коммуникация процесстери даадамдардын жүрүм-турумдары да абдан өзгөрдү. Бүгүнкү күндө ар бир адам массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда контент жаратууга катыша алат, өзүнүн жеке билдирүүлөрүн түзүп жана аны интернетке жайгаштыра алат. Учурда Интернет же глобалдык тармак негизги маалымат булагы болууда.
Заманбап маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар окуу процессин активдештирүүгө жана индивидуалдуу болушуна өбөлгө түзөт. Медия окутуунун мазмууну менен методуна олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизет.