Биология 7-класс
Гулчирой Абдусатар кызы
Биология
Тема : Рак смалдуулар классы
Сабактын максаты:
* Рак сымалдуулардын сырткы жана ички түзүлүшү жөнүндө маалымат берүү;
* Рак сымалдуулардын өзгөчөлүктөрү жана
көп түрдүүлүгүн салыштыруу;
* Окуучуларды жупта иштөөгө , терң ой- жүгүртүүгө тарбиялоо.
Мөлгүн
Суу ракы
Омар
Даря рагы
Краб
Кроветка
Циклоп
Дафния
Рактар – муунак буттуулар тибинин классы.
6 классчасы , 50 000 түрү белгилүү.
Дене узундугу бир нече 1 ммден
80 смге жетип, хитин кабыгы менен капталган; 10 дон 50 гө чейинки сегменттерге бөлүнүп, баш, көкүрөк жана курсак бөлүгүнөн турат.
Көпчүлүк учурда татаал түзүлүштүү рактардын баш жана көкүрөк бөлүгү биригип, баш - көкүрөк бөлүгүн
түзөт.
Хитн кабыгына бышыктык жана туруктуулукту эмне берет? 2 туура жоопту тап! А)суу б)мүйүз зат в)туз г)калъций
Алардын баш бөлүгүндө 5,
көкүрөк бөлүгүндө 8,
курсак бөлүгүндө 8 же андан көп сегменттери болот.
Башында жуп (айрымдарыныкы жалкы) фасеттүү көзү, сезүү, кээде кыймыл-аракет органынын ролун аткарган муруту жайгашкан.
Көкүрөк бөлүгүндөгү буттарынын жардамы менен жылат, кээ биринин 1–3 жуп буттары азыгын кармоо кызматын аткарат.
Тамак сиңирүү системасы
Рак сымалдар бактерия, өсүмдүктөр, органикалык заттар, өлгөн жаныбарлар ж. б. менен азыктанат. Кээ бир түрлөрү тамак ылгабайт.
Дем алуу,кан айлануу,нерв системасы
Рак сымалдар айрым жыныстуу, көпчүлүгү – гермафродиттер. Уруктануусу сырткы чөйрөдө өтөт. Көпчүлүк рак сымалдар метаморфоз жолу менен өрчүйт.
Рак сымалдардын мааниси
Айрымдары (крабдар, дарыя рагы ж. б.) тамак катары колдонулат. Көптөгөн түрлөрү – суу жаныбарларына жем болушат, сууларды тазалашат
1.Дарыя рагы кайсы типтеги жаныбар ?
А)муунак буттуулар тиби
Б)хордалуулар тиби
В)моллюскалар тиби
Г)жалпак курттар тиби
2.Дарыя рагынын денеси канча бөлүктөн турат?
А)1
Б)3
В)4
Г)2
1.Муунак буттуулардын буттары кандай түзүлүштө болот?
А) буттары хитинден түзүлгөн
Б) тери менен капталган
В) буттары хитин менен капталган , муунактуу
Г) кутикула менен капталган, бирок муунаксыз
2.Денеси хитин менен капталгандыктан кайсы жаныбар өсүү үчүн улам түлөйт?
А) курсак буттуу моллюскалар
Б) кош капкалуу моллюскалар
В) жумуру курттар
Г) рак сымалдуулар
1.Дарыя рагы кайда жашайт?
А) тузсуз, таза, агын сууларда
Б) туздуу токтоп калган сууларда
В) тузсуз, булганыч сууларда
Г) океандарда, деңиздерде
2.Дарыя рагы жылдын кайсы мезгилинде уругун таштайт?
А) жаздын башында
Б) жайында
В) күзүндө
Г) кыштын аягында
1.Дарыя рагы жумурткаларын кайда чачат?
А) кумга
Б) өсүмдүктөрдүн үстүнө
В) башка жаныбарларга жабыштырат
Г) курсак сүзгүчтөрүнө жабыштырат
2Дарыя рагынын айлана-чөйрөнү көрүүсү кандай аталат?
А) жакындан көрүү
Б) алыстан көрүү
В) мозаикалык көрүү
Г) жарыкта гана көрүү
Үйгө тапшырма * Рактардын сүрөтүн тартуу * Теманы окуп келүү