ЭКО
БИОСФЕРАДАГЫ ЗАТТАРДЫН АЙЛАНЫШЫ
ДАЯРДАГАН: НУРМАНОВА БАТМА АРЗЫКУЛОВНА
Сабактын максаты
Окуучуларга биосферадагы заттардын айланышы (көмүртек, азот, фосфор, суу, кычкылтек) тууралуу түшүнүктөрдү тереңдетип, алардын экосистемадагы маанилүүлүгүн, жаратылыштагы өз ара байланышты жана адамдын жашоосундагы ролун түшүндүрүү.
Биосферадагы заттардын айланышы — экосистемалардын туруктуулугун сактоодо маанилүү процесс болуп саналат. Бул процесстер адамдардын күнүмдүк жашоосунда байкалып, аба ырайынын өзгөрүшүнө, суу ресурстарынын жетиштүүлүгүнө, айыл чарба жана экологиялык көйгөйлөрдүн чечилишине таасир этет. Көмүртек, азот, фосфор сыяктуу элементтердин айланышы биздин өсүмдүктөрдү, тамак-аш коопсуздугун жана жалпы экологиялык абалды түзөт.
Заттардын айланышы - бул химиялык элементтердин жандуу организмдердин жана айлана-чөйрөнүн ортосунда циклдүү айланышы жана өтүшү
Жаратылышта суунун айланышы
Океан жана деңиздерден бууланган суу конденсацияланып булутка айланып, кайра жамгыр же кар түрүндө жерге түшөт. Атмосфералык жаан-чачындын бир бөлүгү өсүмдүктөрдө кармалып, калган бөлүгү топуракка сиңет же агын суу болуп агат. Жерге сиңген суу жер алдындагы сууга кошулуп, топурактын нымдуулугун камсыздайт. Бул нымдуулук өсүмдүктөр аркылуу колдонулуп, бир бөлүгү бууланып (транспирация) кайра атмосферага кайтып келет.
Жаратылышта көмүртектин айланышы
Көмүртек — органикалык заттардын негизги элементи. Анын айланышы фотосинтез жана дем алуу аркылуу ишке ашат: өсүмдүктөр CO₂ сиңирип, органикалык заттар түзөт; жаныбарлар жана адам бул заттарды пайдаланып, кайра CO₂ бөлүп чыгарат. Чиритүүчү бактериялар өлүк калдыктарды ажыратып, көмүртекти кайра айланага кайтарат. Айрым заттар чирип бүтпөй, чым көң, көмүр, мунайга айланат. Адам ишмердүүлүгү (өнөр-жай, транспорт) көп CO₂ бөлүп, парниктик эффект жана климаттын өзгөрүшүнө себеп болот.
Жаратылышта азоттун айланышы
Атмосферадагы азот (78%) түздөн-түз колдонулбайт, пайдалуу формага (NH₃, NO₂, NO₃) айланышы керек. Бул процессти азот фиксациялоочу бактериялар жана көк-жашыл балырлар ишке ашырат. Буурчак өсүмдүктөрүнүн тамырындагы бактериялар симбиоз түзүп, өсүмдүктөрдү азот менен камсыздайт.
Топуракта:
1. Nitrosomonas жана Nitrobacter бактериялары аммонийди нитратка чейин кычкылдандырат (нитрификация).
2. Денитрификация учурунда нитрат жана нитрит кайра газ сымал азотко өтөт.
Азот чагылган жана вулкан жарылуусу учурунда да пайда болуп, жамгыр менен жерге түшөт. Жылына 25 млн тонна азот жамгыр аркылуу түшөт.
Жаратылышта кычкылтектин айланышы
Организмдердин курамынын көп бөлүгүн 65% га жакынын кычкылтек түзөт. Кычкылтек океан суусунун курамында - 85,82%, атмосфералык
абада - 23,15% жана жер кыртышында - 47,2% барабар. Атмосферада кычкылтектин концентрациясы фотосинтез процессинин натыйжасында туруктуу сакталып турат.
Фотосинтезде жашыл өсүмдүктөр күндүн нурунун таасири астыда көмүр кычкыл газын жана сууну пайдаланып углеводдорго жана кычкылтекке айландырышат.
Жаратылышта фосфордун айланышы
Фосфор жаратылышта органикалык заттардан ажырап, фосфат түрүндө кайрадан өсүмдүк жана жаныбарлар аркылуу айланат. Узак убакытта океандын түбүндө чөкмө катары топтолгон фосфор азык тизмеги аркылуу кайра кургактыкка чыгып, өсүмдүктөр тарабынан колдонулат.
Кургактагы фосфор негизинен тоо тектерде кездешет, бирок жер кыртышындагы запасы аз болгондуктан, өсүмдүк-жаныбарлардын өсүшүнө чектөөчү фактор болот. Суу экосистемасына фосфор агын суулар менен келип, фитопланктондордун жана жаныбарлардын өсүшүн камсыз кылат. Эриген фосфаттардын көбү деңиз, океандын түбүнө чөгөт
Бышыктоо
1. Көмүртек айланышынын экосистемадагы мааниси кандай?
Жооп :Көмүртек экосистемадагы энергиянын жана органикалык заттардын негизги компоненти болуп саналат. Ал фотосинтез жана дем алуу процесстеринен өтөт, бул экосистемадагы өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жашоосу үчүн маанилүү.
2. Азоттун биосферадагы айланышындагы негизги процесс кандай?
Жооп : Азот атмосферада эркин болот, бирок өсүмдүктөр аны азоттуу минералдар (аммоний, нитрит, нитрат) түрүндө гана пайдалана алышат. Азот топтоочу бактериялар жана өсүмдүктөр азотту атмосферадан пайдалануучу түрүнө айландырат.
3. Фосфордун экосистемадагы ролу кандай?
Жооп : Фосфор өсүмдүктөрдүн өсүшүнө жана жаныбарлардын дене түзүлүшүнө зарыл. Ал топуракта жана суу экосистемасында фосфаттар түрүндө болот жана азык тизмеги аркылуу айланып турат.
4. Суунун биосферадагы айланышы кандай жүрөт?
Жооп: Суу атмосферага бууланат, булутка айланып, жаан түрүндө кайра жерге түшөт. Жердин бетиндеги жана топурактагы суу өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жашоосунда колдонулуп, кайрадан атмосферага бууланат.
5. Кычкылтектин айланышындагы маанилүү процесс кайсылар?
Жооп: Кычкылтек фотосинтез процесинде пайда болуп, дем алуу процессинде колдонулат. Өсүмдүктөр кычкылтекти түзүп, жаныбарлар аны дем алуу аркылуу колдонушат. Бул зат экосистемадагы энергияны жана организмдердин тиричилигин камсыздайт.
6. Адамдын иш-аракеттери биосферадагы заттардын айланышына кандай таасир тийгизет?
Жооп: Адамдын иш-аракеттери биосферадагы заттардын айланышына терс таасир тийгизет. Мисалы, көмүртек кычкыл газын чыгаруу, азоттун ашыкча колдонулушу, жана агрардык иштетүүлөр экосистемаларды бузуп, жаратылыштагы тең салмактуулукка залакасын тийгизет. Бул аба-ырайынын өзгөрүшүнө, экосистеманын деградациясына алып келиши мүмкүн.
Жыйынтыктоо
Демек, биосферадагы ар бир зат – көмүртек, азот, фосфор, суу жана кычкылтек – табиятта өз ара тыгыз байланышта жана жашоо үчүн маанилүү экенин билдик. Бул айлануу процесстери туруктуу экосистеманы камсыздап, жаратылыш менен адамзаттын ортосундагы тең салмактуулукту сактайт.
Биздин милдет — бул циклдерге зыян келтирбөө, жаратылышты коргоо жана табияттын мыйзамдарын урматтоо. Эгер табиятты туура түшүнүп, аны менен гармонияда жашасак, келечек муундар үчүн таза, жашоого ылайыктуу дүйнө калат. Ар бирибиз ушул чоң процесстин кичинекей, бирок маанилүү бөлүгүбүз.
Корутунду
Заттардын айланышын түшүнүү — бул жаратылыштын мыйзамдарын таанып, өз жашообузга жана келечегибизге кам көрүүнүн негизги кадамы
Үйгө тапшырма
§50. Көмүртек, азот, фосфор, суу жана кычкылтектин айлануусунун схемасын түзгүлө