Ош Мамлекеттик Педагогикалык Университети
МЖКТФ
ТЕМА: БИОЦЕНОЗДУН ЭКОЛОГИЯСЫ
ОКУТУУЧУ: Мамасадык уулу Арстанбек
СТУДЕНТ: Советбек кызы Зулайка
ГРУППА ИН-20Б
План
1. Биоценоз жөнүндө жалпы түшүнүк.
2. Биоценоздун структурасы.
3. Биоценездогу биотикалык байланыштар.
4. Экологиялык текче жана гильдия.
Биоценоз – ( био… жана гр. Koinos жалпы) белгилүү бир географиялык мейкиндикте тарыхый эволюциялык жактан бири-бири менен тыгыз байланыштагы өсүмдүк, жаныбар жана микроорганизмдердин популяцияларынын жыйындысы.
Биоценоз терминин немец биологу К. Мёбиус киргизген (1877). «Биоценоз» тирүү организмдердин эволюциялык өнүгүүсүндөгү табигый тандалуунун натыйжасы болуп эсептелет.
Биоценоздун структурасы
2
Түрдүк структура
Мейкиндик структура
Экологиялык структура
Түрдүк структура. Эгерде биоценоздун бир өсүмдүктүн же жаныбардын белгилүү түрү басымдуулук кылса,анда ал түрдү доминант түрү деп атайбыз.Мисалы, Кызыл карагай токоюнда-кызыл карагайдын кайың кичине токоюнда кайыңдын түрү басымдуулук кылышы.
Биоценоздун мейкиндик структурасы түрлөрдүн биотопто вертикалдык жана горизонталдык багытта закон ченемдүү таратуучу.
3.Биоценоздогу организмдик байланыштар
К.И.Беклемишов Биоценоздогу түрлөрдүн ортосундагы түз же кыйыр түрдөгү байланыштарды жана ээлеген экологиялык текчесин эске алып, трофикалык , топикалык,форездик жана фабрикалык байланыштар деп классификациялаган
Трофикалык байланыш тирүү организмдердин түрлөрүнүн популяцияларынын ичиндеги бир организмдин экинчи бир организм (тирүү, өлүк же алардын иштеп чыккан продуктусу) менен азыктануусунун негизиндеги азыктык байланышы.
Өсүмдүктөр
Фитофаг
Жырткычтар
Редуценттер
Мителер
Гипермителер
Топикалык байланыш (грек.topos-мейкиндик жер)-бир популяциянын особу экинчи бир популяция особунун чөйрө катары пайдаланышы.
Форездик байланыш (грек.phora-ташуу)Бул бир организмдин экинчи бир организмди транспорт катары пайдаланышы.Бул термин Н.Беклемишов тарабынан 1951-жылы сунушталган.Өсүмдүктөрдүн уругунун,спораларынын жаныбарлар аркылуу таратуучу зоохария деп аталат.Ал эми башка майда жаныбарлар аркылуу ташылуусу- форезия д.а.(лат. Форос-сыртында).
Жаныбарлардын форезиялык жол менен таралышы майда муунак буттуулардын арасында да кездешет.
Фабрикалык байланыш (лат.fabrico-даярдоо)-бир популяциянын особу экинчи популяциянын особунун, бөлүп чыгарган же куурулган бөлүктөрүн кепе,уя ,ийин ж.б салууга материал катары пайдалануусу.Мисалы:Кесепет өз кетпесин дарактардын,бутак,сабактарынын курат.Кээ бир канаттуулар өз уясына мох, түшкөн жалбырактарды,курук чөптөрдү, канаттуулардын жүндөрүн ж.б пайдаланышат.
Биоталык катнаштар – тирүү организмдердин ортосунда азыкка, жашоо ареалын, коргонууга же кол салууга байланышкан түрдүү мүнөздөгү катнаштары.
Мисалы
Комменсализм
Митечилик
Жырткычтык
Аменсализм
Мутуализм
Нейтрализм
Жырткычтык деп,бир организмди экинчи бир организмдин тирүүлөй же өлтүрүп тамактанышын айтабыз.
Жырткычтык эки топко бөлүнөт:
- этномофагдар : «этнос» курт кумурска, «фагос»-жейм дегенди түшүндүрөт.
- плотояддар :эт жечүүлөр.
Мисалы: ийнеликтер,батычалар, жөргөмүштөр,үй канаттуулары ж.б
Эт жечүүлөргө: карышкырлар,түлкүлөр, жырткыч канаттуулар,жыландар ж.б кирет.
Комменсализм. Табияттагы белгилүү бир түрлөрдүн организмдердин башка бир түрлөрдүн эсебинен,аларга зыян келтирбей жашоо түрүн комменсализм деп айтабыз Башкача айтканда,эки түрдүн популяцияларынын бири-бирине болгон мамилесинде бир түрү үчүн пайдалуу экинчи түр үчүн пайдасыьда,зыяны да жок болгон мамиле.
Митечилик деп, бир организмдин экинчи бир организмдин эсебинен , аларды өлүмгө учуратпай азыктануусун жана аны жашай турган чөйрө катары пайдалануу кубулушун айтабыз.
Мутуализм .Биоценоздогу түрлөрдүн ортосундагы байланышта экөө тең пайда көрүп, бирок бири-бирисиз жашай албай турган мамилени мутуализм деп айтабыз.Мисалы:аары менен гүл мамилеси.Мутуализмдик байланыш митечилик менен комменсализм кубулуштарынын түрлөрүнүн өзгөрүүсүнөн келип чыгышы мүмкүн.
Нейтрализм деп, белгилүү жерде бирге жашаган түрлөрдүн бири –бирине оң да терс да таасирин тийгизбеген кубулушту айтабыз.Б.а булардын ортосуна түздөн-түз байланыш жок . Бирок кыйыр түрүндө жалпы организмдердин жыйындысы аркылуу байланышта болот.Мисалы:коён,тыйын чычкан,бугулар бири-бири менен түздөн-түз байланышкан эмес.Эгерде токойдо зыянкеч көбөйүп,алар куурап жок болуп бара жатса, анда жашаган түрлөргө сөзсүз таасир этет.
Аменсализм деп, эки түрдүн ортосундагы катнаштан бирине терс таасир этет да, экинчисине оң да,терс да таасир этпейт Өсүмдүктөрдө мындай кубулуштар көп кездешет.
Мисалы:карагай токоюнун ичинде жарыкты сүйүүчү өсүмдүктөргө жарык жетишпей,терс таасир алат ал эми карагай өсүмдүгү үчүн эч кандай пайдасы да зыяны да жок
Колдонулган адабияттар;
«Экологиянын негиздери» . Ы.Тсарыева, А.Ш,Айдарбекова,К.Токтомамат.к –Ош:2014
«Жалпы Экология» Болот Кулназаров
1999 ж
Көңүл бурганыңыздарга чооң рахмат!!