Просмотр содержимого документа
«Бир экспонаттын тарыхы. Ника Самофракийская»
Ника Самофракийская
Дүйнөдөгү атактуу музей аталган Франциянын борбору Париждеги Лувр музейинде уникалдуу экспонат Ника Самофракийская сакталып турат. Бул көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурдурган экспонат байыркы грек доорундагы «эллинизм» дооруна таандык. Б.з.ч. 2-миң жылдыкта (б.з.ч. 190-ж) скульптор Пифокриттин колунан жаралган. Б.з.ч. 306-жылы Саламиндеги деңиз согушунда жеңишке жеткен Деометрия 1 Полиоркетага арналып жасалган. Статуянын канчанчы жылдарга таандык кайсы салгылашууга арналганы тууралуу көптөгөн версиялар бар.
Ника Самофракийская 19- кылымда Лувр музейине алынып келинген. 1863-жылы Франциянын вице-консулу Шарль Шампуазо археологиялык топту жетектеп, Эгей деңизиндеги Самофракия аралына казуу иштери боюнча барышат. Казуу иштеринин натыйжасында скульптуранын бир канча деталдарын, буттарын, дене бөлүктөрүн табышат. Бирок анын башы жана колдору табылган эмес. 1864-жылы 11-майда Франциядагы Лувр музейине алынып келинген. Бул жерден скульптуранын табылган ар бир деталы иреттелип, реставрацияланган. Ошондой эле бир канча деталдарды кошушкан. Сол канатына окшоштурулуп оң канаты гипстен жасалган. 1950-жылы да дагы бир археологиялык топ Самофракияга казуу иштери боюнча барышып, Никанын оң колун табышкан. Табылган кол өзүнчө скульптура катары коюлган. 1884- жылдан баштап Ника Самофракийская Лувр музейинде көргөзмөгө койюлуп келет.
Бул мрамордон жасалган экспонат Лувр музейинин 2-кабатында Денон галериясындагы Дару деп аталган лестницанын бурулушунда жайгашкан. Денон галериясында бир катар антикалык доорго таандык скульптуралар жана сүрөттөрдүн жанында турат. Ника Самофракийскаянын жанында анын колу айнек витранага салынып өзүнчө скульптура катары көргөзүлөт.
Ника Самофракийская б.з.ч. 190-ж. Мрамор. Бийиктиги 3,28 м. Лувр Париж.
Ника Самофракийская улуу чебердин колунан жаралган. Скульптура париан деп аталган өзгөчө ак мрамордон чегилип жасалган. Анын жасалуу техникасы, кылдаттыгы көпчүлүктүү таң калтырып келет. Жеңиш кудайы аталган Ника деңиз согушундагы жеңиш үчүн жасалгандыктан, деңиз үстүндөгү тунук жарчада согуш кемесинин мурдун сүрөттөп коюлган. Анын турган турпаты күчтүүлүктү, кайраттуулукту, улуулукту даңазалап, салтанаттуу, кубанычтуу жеңишке карай ишенимдүү кадам таштаган сезимди пайда кылат. Бүркүт сымал канаттары алдыга умтулуп , жеңиш кудайы күчтүү, ишенимди берип грек флотун баштап баратканы чагылдырылып турат.
Байыркы грек антикалык дооруна таандык скульптура. Бул доордо ошол эле грек маданияты аябай өнүгүү деңгээлине жетип, скульптура абдан өнүккөн. Байыркы гректер скульптурада өзгөчө чеберчиликке жетишкен. Алар колодон жана мрамордон кудайлардын статуяларын жасашкан. Ника Самофракийская тарыхтагы болгон окуяны чагылдырып, скульптуранын өнүгүп турган маалында мрамордон жасалып, Луврда Джаконда, Венера Милосская сыяктуу шедеврлердин жанында турат. Скульптуранын копиялары көп жерде кездешет. Самофракияда өзүнчө гипстен жасалып коюлган ж.б дагы көптөгөн жерлерде коюлуп, биринчи футболдун кубогу да анын формасында жасалган. Азыркы учурда Лувр музейинде уникалдуу экспонат катары сакталып, келген туристтердин көңүлүн өзүнө буруп турат.