СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бир куну тушумдо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Бир куну тушумдо»

Бир күнү түшүмдө кимдир бирөөлөрдөн качып баратам. Артыман таш менен ургулап, жетсе кармап алчудай болуп келатышат. Артымды караганга шайым келбей, кара жанымды корголоп, жамгырдай жааган ташты тийгизбей, эптеп качам. Бир маалда айылымдын четине келе бергенде жалпак тоонун боорундагы таштын коңулуна кире качтым. Ичинде ак сакалчан абышка отуруптур. Кызыр дедиби, же мага ошондой сезилдиби, жакшы түшүнө албадым. Ал киши мени алып чыкты дагы колумду ачып, бармагымдын бөлтөгүнө "Аалы" деген мөөр басты. Андан соң бир жандык берди. Ал кадимки эле чегирткеге окшош экен. Анын заң жагын жулуп салып, колума карматты: "Ме, качпагын, ушу жеткен жердин баары сеники болот" деп бата берди да, үчөө болуп дагы үч жолу алакан жайып бата кылышып көздөн кайым болушту. Мен артка бурулуп жанагы "Кызыр" басып берген мөөрдү көргөзүп басканымда артымдагылардын баары качып жок болушту. Жол ачылып, баса бердим...
Ошондон кийин бук болуп чыгара албай жүргөн эпосту кагазга түшүрүп жаза баштадым