Просмотр содержимого документа
«Бир өңчөй бышыктоочтор боюнча кайталоо сабагы»
Саламатсыңарбы,балдар! 9-класс Кыргыз тили Мугалими:Жалилова Н.
Жагымдуу маанай каалайм! Бири-бирибизге «А» тамгасынан башталган жагымдуу сөздөрдү айтабыз
Сабактынтемасы: Кайталоо сабагы
Сабактын максаты: Бир өңчөй бышыктоочтор тууралуу алган билимиңерди кайталоо Берилген суроолорго жооп берүү аркылуу бышыктоо Берилген тапшырмаларды аткаруу аркылуу билимиңерди текшерүү
Өтүлгөн темаларга кайрылуу: 1.Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү деп эмнени айтабыз? 2.Бышыктооч деп эмнени айтабыз?
Бир өңчөй мүчөлөр Бирдей эле суроого жооп берип,бир эле сөз менен байланышкан сүйлөм мүчөлөрү сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү деп аталат. Бир өңчөй мүчөлөр өз ара үтүр менен ажыратылат.
Бышыктооч -сүйлөмдө баяндооч билдирген кыймыл-аракеттин сан-өлчөмүн,ордун,мезгилин,себебин,максатын билдирген айкындооч мүчө.
Көп чекиттин ордуна тиешелүү сөздөрдү жазгыла. Кышында ( каякта? )...,...,... суук катуу болот. Ж.Баласагын ( кандай? )...,... болгон. Алиман( кантип? )...,...,... ырдап берди. Улуттук китепканага ( каяктан? )...,...,...гезиттер,журналдар келип турат.
Жалпылагыч сөздөр деген эмне? Кандай сөздөр кирет?
Көп,баары,алар,бардыгы,булар,аз баары тең,бирок,үчөө,менде,төмөнкүлөр, анткени,экөөбүз,эч ким,болгон,деген,жана,шаарлар,жакын, кечке,бардык жерде,эч качан,эч нерсе,төртөө,ошондуктан,онунчу