Сокулук району Краснооктябрь №2 орто мектеби
Кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими
Маматаева Динара Султанбековна
Кыргыз тили
8 – класс.
1 – сабак .
Салам, менин илимпоздорум!
«Мен сага ишенем» оюну.
Жагымдуу маанай!
Мисалы: Урматтууларым, мен силерге ишенем, силер Кыргызстандын желегин желбиреткен алдынкы уул – кыздардан болосунар!
Сабактын темасы:
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү
Сабактын максаттары:
Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү тууралуу маалымат алышат.
Бир өңчөй мүчөлөрдү катыштырып сүйлөмдөрү түзө алышат.
Сөздүн кадырын билүүгө, аны баалоого багыт алышат.
Үй тапшырмасы
Баш жана айкындооч мүчөлөрү боюнча онлайн тестке жооп берүү.
Өтүлгөн теманы кайталоо
Чакчыл түрмөк.
- Чакчыл түрмөктөрдүн бышыктоочтук милдети. Чакчыл мүчөлөр ( - ып; - а; - й; - ганы; - ганча; - майынча) менен аяктаган, сөз тизмектери бир нече сөздөрдүн байланыштуу тизмегинен туруп, алар биригип келип, бир гана суроого жооп берген, бир гана сүйлөм мүчөсүнүн (бышыктоочтун) милдетин аткарган сөздөр чакчыл түрмөктөр деп аталат.
- Чакчыл түрмөктөрдүн бышыктоочтук милдети.
- Чакчыл мүчөлөр ( - ып; - а; - й; - ганы; - ганча; - майынча) менен аяктаган, сөз тизмектери бир нече сөздөрдүн байланыштуу тизмегинен туруп, алар биригип келип, бир гана суроого жооп берген, бир гана сүйлөм мүчөсүнүн (бышыктоочтун) милдетин аткарган сөздөр чакчыл түрмөктөр деп аталат.
Чакчыл түрмөктүн суроолору
Кантип? Эмне үчун? Канчага чейин? Качантан бери? Качан?
Мисалы:
Акбаранын соңунан желе жоортуп,(кантип?) Ташчайнар барат.
Атасынын ооруганын биле коюп, ( эмне үчүн?) Ысман бөбөктөрүн кучактады.
Көңүлүңөргө түйгүлө
- Чакчыл түрмөктөрдөн түзүлгөн бышыктоочтор кыймыл – аракеттин сын – сыпатын, себебин, мезгилин, максатын билдирет жана сүйлөмдүн ар кайсы жеринде ( көбүнчө башында, кээде ортосунда, аягында) келе берет.
Салыштыргыла
Алысты ойлуу тиктеп, Абыл көпкө кыймылсыз турду.
Абыл, алысты ойлуу тиктеп, көпкө кыймылсыз турду.
Абыл көпкө кыймылсыз турду, алысты ойлуу тиктеп.
Акыл даярдыгы.
Жаңы теманы түшүндүрүү
1. Адамга тиешелүү эң мыкты сапаттар – жөнөкөйлүк, ачык – айрымдык, ак пейилдүүлук.
2. Майсалбектен да, Субанкулдан да, Касымдан да кат жок.
Эсиңерге түйгүлө!
- Схеманы карагыла.
- Иңир шооласы да тарады, жер жүзүнө жарыктык, тиричилик кирди.
кирди.
Ойлонгула
Эреже чыгарып көргүлөчү?
Бир өңчөй мүчөлөр
- Сүйлөмдөрдө бирдей суроого жооп берип, синтаксистик бирдей милдет аткарып,сүйлөмдүн бир гана мүчөсү менен байланыш-катыш жасаган жана өз ара тең байланышта келген сүйлөм мүчөлөрү бир өңчөй мүчөлөр деп аталат.
Кыргыз тилинде сүйлөмдүн бардык мүчөлөрү бир өңчөй болот .
Сүйлөмдун бир оңчөй мүчөлөру
1.
Бир өңчөй ээ
Мисалдар
Байкемдин ордун басып, иним, женем, сиңдим, агайындар турбайбы.
2.
Бир өңчөй баяндооч
Адам үчун адамгерчилик –асыл, кымбат.
3.
Бир өңчөй аныктооч
Чыдамкай, токтоо, эмгекчил адам гана баарын женет.
Мен сенин билимиңди, тажрыйбаңды, адамгерчилигиңди сыйлаймын.
4.
Бир өңчөй толуктооч
Бизден да, шаардан да жуздөн ашык киши алып барышкан экен.
5.
Бир өңчөй бышыктооч
183 – көнүгүү
Окуп, бир өңчөй мүчөлөрдү тапкыла. Алар сүйлөмдүн кайсы мүчөсүнө кирерин айтып бергиле.
Бышыктоо
Мисалы:
Элибиз эзелтен ынтымакты, достукту жогору баалашат.
Мен билдим ...
Жыйынтыктоо
Мен үйрөндүм ...
Мен түшүндүм ...
185 – көнүгүү.
Үйгө тапшырма берүү
Көп чекиттин ордуна мааниси жактан туура келген бир өңчөй мүчөлөрдү коюп көчүрүп жазгыла.
Мисалы : Сөз айкаштын тутумундагы сөздөр бири – бири менен байланыштын ыкташуу, таандык , башкаруу жана ээрчишүү байланыштары аркылуу тутумдашат.
Саламатта калгыла!
Это изображение , автор: Неизвестный автор, лицензия: CC BY-SA