СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бир тутумдуу сүйлөмдун түрлөрү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Бир тутумдуу сүйлөмдун түрлөрү»

Сабактын темасы - Бир тутумдуу сүйлөмдүн түрлөрү (8-класс)

Сабактын максаты:

а) билим берүүчүлүк максаты: Бир тутумдуу сүйлөм боюнча (жактуу, жаксыз, атама) түшүнүктөрүн тереӊдетишет. Алардын түзүлүштөрүн жана грамматикалык белгилерин үйрөнүшөт;

б) өнүктүрүүчүлүк максаты: Бир тутумдуу сүйлөмдөрдүн бири-биринен болгон өзгөчөлүктөрүн үйрөнүшөт жана аларга толук синтаксистик талдоо жүргүзүүгө машыгат;

в) тарбия берүүчүлүк максаты: Топтордо иштөөдө бири-бирин угуп, сыйлап, өз ара түшүнүүгө багыт алышат.

Жогорудагы максаттарга жетти дейбиз, эгерде окуучу...

а) бир тутумдуу сүйлөм жана алардын түзүлүштөрү боюнча (жактуу, жаксыз, атама) түшүнүктөрүн тереӊдете алса, грамматикалык белгилерин үйрөнсө;

б) бир тутумдуу сүйлөмдөрдүн бири-биринен болгон өзгөчөлүктөрүн үйрөнүшсө жана аларга толук синтаксистик талдоо жүргүзө алса;

в) топтордо иштөөдө бири-бирин угуп, сыйлап өз ара түшүнүүгө багыт алышса.

Сабактын тиби: Алган билимди бекемдөө, кайталоо сабагы

Сабактын методу: проблемалуу жана интерактивдүү методдордун айрым стратегиялары

Сабактын формасы: Сабак-конференция

Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, схемалар, мультимедиялык жабдуулар, слайд.

Сабактын журушу:

1. Уюштуруу

2. Өтүлгөн теманы кайталоо

Мугалим: - Саламатсыӊарбы, балдар? Кутман күнүӊөр менен! Бүгүнкү сабакка болгон маанайыбыз жакшыбы? Сабакты адаттан башка түрдө өтөбүз. Ал үчүн азыр силер бир тутумдуу сүйлөмдүн түрлөрүн бөлүп алып,

  1. Белгилүү 2. Белгисиз 3. Атама сүйлөм боюнча презентациялап бересиӊер. Бул тапшырманы класстер түрүндө түшүндүрөсүӊөр. Ар бир топтон лидер чыгып, презантациялап бергенден кийин, мугалим алардын кемчилигин толуктоо максатында слайддардын жардамы менен белгилүү, белгисиз, атама сүйлөмдөр жөнүндө маалымат айтылат.

№ 1 слайд Ээси катышпай, баяндоочтун тобунан түзүлгөн, белгилүү жактуу, бирок ээнин кайсы сөз экендигин аягындагы жак мүчөлөрдөн белгилүү болгон бир тутумдуу сүйлөм.

1. Сүйлөмдөрдүн баяндооч мүчөлөрдүн тобун уюштурат.

2. Сүйлөмдүн тизмегиндеги грамматикалык ээ катышпайт.

3. Ээнин кайсы сөз экендигин аягындагы жак мүчө аркылуу белгилүү болот. 4. Бирок ээни катыштырбай айтуунун зарылдыгы жок (стилдик жактан курулушу жагынан өзгөрүүгө учурайт).

№2 слайд

5. Баяндоочтун төмөнкүдөй түзүлүштөрү бар: --- II жактын жекелик түрүндөгү -сың мүчөсү уланган этиштер болот. М.:Аргымакты жаман деп, Бууданды кайдан табасы ӊ . Агайыңды жаман деп Тууганды кайдан табасы ӊ .

--- Баяндоочтун милдетин I жактын көптүк түрүнүн -быз, -к мүчөлөрү уланган этиштер аткарат. М.:Барабыз деген со ӊ барабыз. Кана эмесе, кеттик.

--- Баяндоочтун милдети I жактын жекелик түрүнүн -мын мүчөсү уланган этиштер болот. М.:Кырга кылыч көмдүм, Кылычымды түндө көрдүм.

--- Баяндооч буйрук этиштен, буйрук ыӊгай этиштен болот. М.:Кара жерге кар жааса, Карды көрүп, этин көр. Кар бетине кан тамса, Канды көр да, бетин көр.

№3 слайд

Грамматикалык ээси катышпаган, баяндооч Белгилүү жактуу билдирген кыймыл-аракеттин аткаруучусу жок

белгисиз болгон сүйлөм.

1. Дайыма белгисиз кимдир-бирөө тарабынан аткарган кыймыл-аракет жөнүндө кабар берилет.

2. Ал кыймыл-аракет ким тарабынан аткарылган мааниси берилбейт.

3. Ошондуктан грамматикалык ээ ачык көрсөтүлбөйт.

4. Мында болгон же болуучу кыймыл-аракет жөнүндө кабар берилет. М.: Бүгүнкү чогулушта эмгектин алдынкыларына баалуу белектер тапшырылат.



№4 слайд

Баяндооч төмөнкүдөй формада болсо:

  • III жактын жекелик же көптүк сандагы учур, келер чак формасындагы этиштер болот. М.: Бедени бизде үч жолу чаап алышат.

  • Баяндоочтун милдетин капыскы өткөн чактын -ыптыр мүчөсү жалганган III жактагы жекелик сандагы этиштер аткарышат.

М.: Минип жүрүп атын издептир. Араба менен тоого жетиптир.

  • Адат өткөн чактын -чу мүчөсү уланган III жактын жекелик,көптүк сандагы этиштер аткарышат.

М.: Башка уруудан жылкы тийип келип турган балбанды баатыр деп аташчу.

  • III жактын көптүк сандагы терс формадагы татаал учур чак этиштерге суроо уландысы -бы жалганып айтылат.

М.:Күн сайын радиодон берип жатышпайбы. Ал жөнүндө ачык эле айтып жүрүшпөйбү.



№5 слайд

Көз алдыга көрүнгөн нерсени, табияттагы Атама сүйлөм көрүнүштү, мезгилди атап көрсөткөн

сүйлөм.

1. Структуралык негизин түзгөн, баш мүчө көбүнчө атооч жөндөмөдөгү зат атоочтон, же зат атоочтун сөз айкашы болот.

2. Бир сөз же сөз айкашы турса да, сүйлөмдүн негизги белгилери болгон предикативдүүлүк категориясына жана кабарлоочу интонацияга ээ.

3. Башкача айтканда, жеке сөздөн же сөз айкашы тууралуу атама сүйлөм дайыма баяндоочу интонация менен айтылат.

4. Башкача айтканда, чындыгында болуп жаткан көрүнүш, окуя тууралуу кабар берет.

5. Атама сүйлөм өзүнүн кийинки сүйлөм менен бирге алганда, анын мазмуну учур чакка туура келери байкалат. М.: Түн. Айлана кара ӊ гы.



№6 слайд

Грамматикалык белгилери:

Бир тутумдуу сүйлөмдүн баш мүчөсү көбүнчө этиш болсо, атама сүйлөм көбүнчө зат атоочтон, же зат атоочтук сөз айкаш болот.

  • Атама сүйлөм көбүнчө кабар берүүчү интонация менен айтылат. М.: Да ӊ ктуу май айы! Музыканын шаӊдуу үнү угулат.

* Бир тутумдуу сүйлөмдүн баяндагыч базасында уюшулса, атама сүйлөм уюшулат. Сөз же сөз айкашын ээ же баяндооч деп кароого болбойт. Ал жалпы жонунан баш мүчө деп аталат.

* Атама сүйлөм кыска келип, ыкчам айтылат.

* Көбүнчө алды менен атама сүйлөм айтылат. Андан кийин келген сүйлөмдөр атама сүйлөмдүн мазмунун чечмелеп толуктайт. Атама сүйлөмдүн уюшулушу:

1. Атооч жөндөмөсүндөгү зат атоочтор. М.: Күүгүм. Тоо башында булуттар көчүп, ызгардуу шамал болуп турат.

* Бардык эле зат атоочтор атама сүйлөм боло бербейт. Көбүнчө мезгилдик маанисиндеги сөздөр, орундук маанидеги сөздөр болот.

2. Көпчүлүк учурда атама сүйлөм жайылма түзүлүштө болгондуктан, анын семантикасы конкреттешип, бир кыймылды кеӊейтет.

№7 слайд

  • Атама сүйлөмдүн аныктоочу: М.: Жылдыздуу түн. Короодогу гулдөгөн сирень буркурайт.

  • Тактоочтор: М.: Азыр көктөм учуру. Бардыгы талаа жумуштарына кеткен.

3. Атоочтук сөз айкашынан атама сүйлөм уюшулат. М.: Капчыгайдын оозу. Аска беттеринде арчалардын бутактары көрүнөт.

4. Атама сүйлөмдүн негизин түзгөн зат атоочту атоочтук этиштер да аныктайт. М.: Таза аба. Жайылган мал. Айлана бүт жашылга бөлөнгөн.

5. Фразеологизимдер да уюштурат. М.: Көзгө сайса көрүнгүс кара ӊ гы түн. Yчөө шашыла үйгө бет алышты.

6. Атоочтук, чакчыл, кыймыл-атоочтук түрмөктөр да байланышып айтылып, уюшулат. М.: Мал кызуу төлдөп жаткан кез.



№8 слайд Кандай мааниде колдонулат:

а) Мезгилдик мааниде: М.:Май айы.Салкын аба жемиш бактарынын гүлдүү бутактарын дирилдетет.

б) орундук маани: М.: Клиника. Масадыктын кабиненти. Сыртта кезек күткөндөр арбын.

в) Зат, окуя, кубулушту атоо: М.: Кол чабуулар. Кайрадан Айдараалынын көйрөн күүсү аткарылды.

г) Эмоционалдык маанидеги атама сүйлөм. М.: Жамийланын ошондогу сулуулугу ай. Ичтен ой-санаа сызып, муӊайым жүзү анын канчалык таза экенин билдирип турат.

Сабактын кийинки бөлүгүндө ар бир топко дидактикалык карточка таратылат, андагы берилген сүйлөмгө синтаксистик талдоо жүргүзөт.

I топ үчүн белгилүү жактуу сүйлөм берилет. М.: Келечекте кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошот. Берилген сүйлөмдүн белгилүү жактуу экенин далилдегиле.

II топ үчүн белгисиз жактуу сүйлөм берилет. М.: Адамдын бактысы үчүн жаралса керек. Берилген сүйлөм белгисиз сүйлөм экенин далилдеп бергиле.

III топ үчүн атама сүйлөм берилет. М.: 1917-жылы. Жер томсоруп гана турат. Берилген сүйлөм атама сүйлөм экенин далилдеп бергиле. Топтор иштеп жатканда мугалим кийинки тексттерди даярдайт.

Белгилүү жактуу сүйлөм

Мен кыргыздын кулунумун.

Белгисиз жактуу сүйлөм

Тил - жүрөктүн ачкычы

Атама сүйлөм

Март. Көпкөк асман.

Окуучулар тапшырмаларын айтып беришет.

Мугалим: Азыр баарыбыз доскага карайбыз, өзүнөр жактап жаткан темаларына ылайык баштапкы эки сүйлөмүн жаздым, ошол маанини сактап, 6 сүйлөм түзүп текстти уланткыла. Сабакты суроо-жооп менен бышыктоодо мугалим «кайтарым байланыш» методунун негизинде класска «Биз бүгүн эмнени үйрөндүк?» - деген суроону берип, окуучулар үйрөнгөнүн айтып беришет.

Үйгө тапшырма берүү.

Окуучулардын билимин баалоо

Сабакты жыйынтыктоо


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!