Просмотр содержимого документа
«Бирге окуйбуз балдар»
ОКУУ ЖӨНДӨМҮН КҮЧӨТҮҮ БОЮНЧА “ КЕЛГИЛЕ, ОКУЙБУЗ! ” ДОЛБОРУ
4/9/20
FOOTER GOES HERE
ОКУУ ФОРМАЛАРЫ
Мугалим азыраак
Мугалим кѳбүрѳѳк
катышат
катышат
Биргелешип окуу: «Мен окуйм, сен жардам бересиң»
Башкарып окуу:
Ѳз алдынча окуу:
Үлгүлүү окуу:
«Сен окуйсуң - мен жардам берем»
«Сен окуйсуң - мен байкоо жүргүзѳм»
«Мен окуйм - сен байкоо жүргүзѳсүң»
Үлгүлүү окуу
- Үлгүлүү окууда тажрыйбалуу окурман болуп мугалим же болбосо окуучулардын ичинен бир окуучу окууга болгон дилгирлигин жана кызыгууну билдирип, үлгүлүү окууну кѳрсѳтүп берет.
Үлгүлүү окуу:
- эмнени ойлогонду эмес, кантип ойлонгонду үйрѳтѳт;
- ылдам жана көркөмдөп окууга мүмкүнчүлүк берет;
- окуучулардын сөз байлыгын кеңейтип, аларга тил байлыгын ачат;
- текстке болгон кызыгууну арттырат;
- текстти угуп кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
- окурмандарга кѳрүп элестетүүгѳ жана сын кѳз менен карап ой жүгүртүүгѳ жардам берет.
Биргелешип окуу
Биргелешкен окуу мугалим менен окуучуларга окуу процессинде чогуу иштѳѳгѳ жардам берет жана тексттин маанисин түшүнүп, окуу процессин текшерүүгѳ түрткү болот. Алгачкы баскычтарында мугалим тексттин негизги бѳлүгүн ѳзү окуп берип текст менен андан ары таанышууда көбүрөөк жумушту окуучулар аткарат.
Биргелешкен окуу:
- ынтызарлыкты жаратат, окуучуларга окууда өзүнө ишеним берет;
- сөз байлыгы, бейтааныш сѳздѳрдүн маанисин издѳѳ жана таанып билүү кѳндүмдѳрү ѳнүгѳт;
- болжолдоо жана жооп берүүнүн негизинде диалогдук кепти ѳнүктүрүүгѳ жардам берет;
- окуучуларга маселелерди мугалимдин же сүрөттөрдүн жардамы менен чечүүгө мүмкүнчүлүк берет;
- сюжеттик тилкенин, образдардын, андагы кырдаалдардын жана сүрѳттѳрдүн жардамы менен чыгарма жѳнүндѳ түшүнүк калыптанат.
Башкарып окуу
Башкарып окуу мугалимге окуунун тиешелүү стратегиясын өнүктүрүүгө жардам берүү менен бир эле мезгилде окуучуларды текстти окууга, талкуулоого жана ал боюнча ой жүгүртүүгө кызыктырууга мүмкүнчүлүк берет.
Башкарып окуу:
- окуучуларды окууга, текстти түшүнүүгө жана талкуулоого шыктандырат;
- окуучулардын суроолорунун жана жоопторунун эсебинен жандуу талкууга түрткү берет;
- окурманга автордун айтайын деген оюн түшүнүүгө жардам берет;
- окурмандын сынчыл ой жүгүртүүсүнө түрткү берет жана түшүнүүгө жардам берет;
- теманын, жагдайдын, каармандардын ж. б. өзгөчөлүктөрүн терең түшүнүүгө жардам берет;
- текстти түшүнүүгө, грамматикалык конструкциялар жана визуалдык маалыматтар менен иштөөгө түрткү берет;
- башкы идеяны жалпылаштырууда көмөк көрсөтөт.
Ѳз алдынча окуу
Ѳз алдынча окуу – бул окуучулар өздөрү карап көрүп, текст менен иштөөдө мурда өздөштүрүлгөн көндүмдөрүн өз алдынча пайдалана билүүсү. Окуучулар өз алдынча окушат жана текстти окуу учурунда пайда болгон маселелерди өз алдынча чечишет. Өз алдынча окуунун бирден бир формасы болуп жупташып окуу эсептелет. Бардык окуучулар текстти үзгүлтүксүз окушат. Окуучуларга текст боюнча өз ойлорун билдирүү мүмкүнчүлүгү берилет (окуганга чейин, окуп жатканда же окуп бүткөндөн кийин).
Өз алдынча окуу:
- эгерде күн сайын окуса, шар окуу көндүмү жана өз күчүнө ишенүү артат;
- туура окуу жана окуганын түшүнүү менен бирге, окууну талкулоону жана ой жүгүртүүнү бириктирүүгө түрткү берет;
- тексттердин ар түрдүү болушу сөз байлыгын жана билимин өркүндөтүүгө шарт түзөт;
- эгерде күн сайын окуса, тексттин маанисин тилдик түзүлүштөр жана визуалдык маалыматтарды түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрөт;
- ырахат алып окуу сөздү сүйүүгө үйрөтөт.
Суроо
- Кандай деп ойлойсуңар, окуунун ар түрдүү формаларын пайдалануу үчүн кандай китептер сунушталынат?
- Үлгүлүү окуу
- Биргелешип окуу
- Башкарып окуу
- Ѳз алдынча окуу
Текстти тандоо
Үлгүлүү окуу
Башкы тема аныкталат жана тигил же бул кѳндүмдү мисалы, окуй алуу, ар түрдүү формада кѳрсѳтүүгѳ мүмкүнчүлүк берген текст тандалат. Конкерттүү окурмандык жүрүм-турумду кѳрсѳтүү үчүн, «үн чыгарып ой жүгүртүү» ыкмаларын колдонуу керек болгон жерлерди аныктоо үчүн текст алдын ала окулат. Ушул жерде тандалган тексттин үзүндүлѳрүнѳ колдонула турган окуунун стили эске алынат.
Биргелешип окуу
Окуучулардын түшүнүүсүнѳ түрткү болгон дагы, татаал дагы жана чоң шрифт менен басылган үзүндүлѳр камтылган текст тандалат. Бардык окуучулар текстти жана андагы иллюстрацияларды (чоң кѳлѳмдѳгү китептерди, таблицаларды, проекторду пайдаланылышы мүмкүн) кѳрүп турушу маанилүү.
Башкарып окуу
Башкарып жана ѳз алдынча окуу ар бир окуучу үчүн тексттин кѳчүрмѳсү менен окуучулардын ишин сунуштайт. Адатта окуучулар үчүн тааныш эмес текст тандалат.
Ѳз алдынча окуу
Текстти тандоо окуучулардын окурмандык керектѳѳлѳрүнѳ негизделет. Мугалим текст менен, ага суроолорду түзүү үчүн алдын ала таанышат.
ОКУУ ЖӨНДӨМҮН КҮЧӨТҮҮ БОЮНЧА “ КЕЛГИЛЕ, ОКУЙБУЗ! ” ДОЛБОРУ
4/9/20
FOOTER GOES HERE