Төмөндө берилген сунуштар балаңызды китепке абдан кызыккан өз күчүнө ишенген окурман кылууга жардам берет.Жума сайын жаңы ыкма колдонуңуз. Балаңызга эң ылайык келгенин аныктаңыз.
Бала менен кезекке туруп, күтө турган жерге барарда үйдөн китеп, же журнал ала чыгыңыз.
Бир гана жолу окуп коюу жетишсиз.Баланын сүйүктүү китептерин же ырларын кайталап окуусуна демилге берүү керек.Кайьалап окуудан бала тезирээк так окуганды үйрөнөт.
Аңгеменин мазмунун терең түшүнүү зарыл.Окулган аңгеменин мазмуну боюнча суроо бериңиз.М: “Сенин оюң боюнча эмне үчүн мындай кылды”.
Телевизор менен телефон көрүүсүн чектөө керек.Бош убактысында китеп окуусуна дем берип, кызыктыруу керек.
Чыдамдуу болуу керек.Бала бейтааныш сөздү айтууга аракет кылып жатканда, аны шаштырбоо керек.
Сөз оюндарын бала менен бирге ойногула.М: улам бир тамгасын өзгөртүп ойнотулат.Бал-зал, бак-так как-жак ж.б
Мен сага окуп берем, сен мага окуп бересиң.Уктаардан мурда чакан тексти кезек менен үн чыгарып окуу керек.
Жаш окурмандын катасын этияттык менен оңдоо керек.Окуганды жаңы үйрөнгөн кезде кээде тамганы болжолдоп айтып коюшат.
Бала менен ар дайым мектепте , үйдө эмне болгону тууралуу сүйлөшүү керек.Маекке айрым кызыктуу сөздөрдү жана мурда айтылган сөздөрдү кошуу керек!
Мүмкүн болушунча көп жазуу керек!Керектүү азык- түлүктөрдүн тизмесин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн аттарын, үйдөгү жаныбарлар тууралуу жазып жөнөкөйдөн татаалга , сөздөн сүйлөмгө карай жаздырып үйрөтүү керек!