«Биринчи мугалим» Дүйшөн менен Алтынайдын ажайып ыры.
«Биринчи мугалим» Дүйшөн менен Алтынайдын ажайып ыры.
- Чыңгыз Айтматовдун атын дүйнөгө тааныткан жана ага Лениндик сыйлыкты алып берген чыгармаларынын катарында "Биринчи мугалим" повести да бар.
"Биринчи мугалимдин" үзүндүлөрү алгач кыргыз окурмандарына тартууланган.
- Ал кездеги өтө популярдуу "Ала-Тоо" журналы "Бетме-бет" жана "Обон" повесттеринен кийин окурмандарынын арзуусуна да, сынына да кабылып жаткан жаш жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаңы повестин 1961-жылы "Элдик мугалим жөнүндө баллада" деген ат менен басса, "Мугалимдер газетасы" ушул эле жылы "Биринчи мугалим жөнүндө баллада" деген ат менен элге тартуулаган.
Жалгыз ысымдуу чыгарма.
- Жазуучунун көптөгөн чыгармаларынын экиден, айрымдарынын андан да көптөн аталыштары бар. "Обон" — "Жамийла"; "Делбирим" — "Кызыл жоолук жалжалым"; "Жомоктон кийин" — "Ак кеме", "Жаныбарым, Гүлсарым" — "Кош, Гүлсары" — "Гүлсарат", "Тоолор кулаганда" — "Түбөлүк колукту" — "Сардал кыз" ж.б. Ал эми "Биринчи мугалим" элге жалгыз гана аталыш менен тарады.
Жазуучуга Лениндик сыйлыкты алып келген чыгармалардын бири.
- "Повести гор и степей" деген китеби үчүн Айтматовго 1963-жылы 21-апрелде СССРдеги эң жогорку Лениндик сыйлык ыйгарылган. Ал китепке "Тополек мой в красной косынке", "Джамийла", "Верблюжий глаз" деген чыгармалары менен бирге ушул "Первый учитель" повести да кирген. Бул сыйлык ошол кезде өтө барктуу болуп, ал сыйлыкты алган чыгармалар токтоосуз СССР элдеринин жана дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган.
Дүйшөндүн теректери жана Дүйшөндүн мектеби.
- Жазуучу "Биринчи мугалим" повестинин баш жагында "Биздин айыл Ак-Жар тоо этегинде, суулар шаркырап аккан чоң тектирде орношкон, андан ылдый – туурасынан суналган Кара-Тоого чейин түзөң өзөн, темир жол кеткен казактын сары талаасы. Айылдын үстүндөгү адырда, мен бала чактан бери билген, эки зор терек болор эле. Бул кош терек азыр да ошол жерде". Мына ошол Шекердеги символикалуу кош терек Дүйшөндүн мектебинин орду, кош теректин бири мугалим — Дүйшөн, бири окуучу кыз — Алтынай.
"Биринчи мугалим" Алтынай Сулайманованын баяны.
- Чыгарманын сюжеттик-композициялык линиясы эң биринчи Дүйшөндүн мектебинде окуган, андан соң ошол кишинин жардамы менен эскиликтин торунан кутулуп, бири-бирине болгон ышкы сезимин ачыкка чыгара албай, чоң окууга кетип, академик болгон Алтынай Сулайманованын айтып берүүсү катары өнүгүп отурат. "Биринчи мугалим" повести 1924-жылкы Шекерде болгон окуяны чагылдырат. Жазуучу бул жылды чыгармасында көрсөтүү менен повестке тарыхый негиз берүүгө атайын аракет кылгандай.
"Биринчи мугалим" повестиндеги Дүйшөндүн образы.
- Бул тууралуу жазуучу башкы каарманын революциянын ишине чексиз берилген коммунисттин атайылап көкөлөткөн образы деп келип, азыркы жаштар ошол өткөн жылдар, андагы күрөшчүл адамдар тууралуу билиши керек дейт. Эски аскер шинелчен Дүйшөн өзү анчалык ашып кеткен билимдүү болбосо да Ала-Тоо арасындагы адамдардын сабатын ачуу керек, жаштарды окутуу керек, эски менен күрөшүү керек деген идеяга берилген, ошол үчүн күрөшөт, жеңилет, жеңет.
Ленин жөнүндө бир ирмем.
- Повесттин башкы каарманы Дүйшөндүн окуучуларына дубал бооруна жармаштырып койгон бир сүрөттү көрсөтүп, "мына бул киши Ленин, биз ушул кишинин айткан, көрсөткөн жолу менен окуйбуз" деген сөзү Алтынай Сулаймановага гана эмес, бүтүндөй советтик окурмандарга катуу таасир эткен, ушул эпизод үчүн Айтматовду улуу жол башчынын образын түзгөндөрдүн катарына кошуп , мактап келишти.
Каармандардын прототиптери да бар.
- Бул тууралуу көп эле сөз болуп жүрөт. Анын өзүнүн турмуштагы ысымы да Дүйшөн экен. Атүгүл чыгармада айтылгандай Таштанбектин баласы эмес, анын Качканак деген бир тууганынын баласы болуптур, Таштанбек багып алып, өз атына каттатып алган. Дүйшөн агай 1911-жылы 11-сентябрда туулган, 7-классты бүтүп эле мугалим болгон. Кийин-кийин педагогикалык инситутутта окуган.
«Биринчи мугалим» көркөм өнөрдүн башка формаларында.
- Чыгарманын негизинде казак режиссери Султан Ходжиков "Шуулдаган теректер" деп аталган фильм тартмак болот. Бирок негедир андай болбой Андрей Михалков-Кончаловский башкы режиссёрлукка бекиген. Сценарийин Чыңгыз Айтматов, Борис Добродеев, Андрей Кончаловский жазган. Оператору – Георгий Рерберг. Башкы ролдорду Наталья Аринбасарова, Болот Бейшеналиев, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Назирет Дубашев ж.б. актёрлор аткарган. 1965-жылы Чүй, Талас, Жумгал жеринде алты ай тартылган. Алтынай – казак кызы Наталья Аринбасарова, Венецияда өткөн 27-Эл аралык фестивалда (1966) эң мыкты ойногон аялдардын ролуна таандык Озелла күмүш медалы менен сыйланган. 2003-жылдын 23-сентябрында "Биринчи мугалим" фильми үчүн кинорежиссёр Андрей Кончаловский Кыргыз Республикасынын "Данакер" орденин алган.
Сыйлуу да, чырлуу да "Биринчи мугалим".
- Фильмди тартуу учурунда башкы режиссёр менен башкы ролду аткарган кыздын сүйүүсү башталып, кийин ал экөө бир топ жыл бир үй-бүлө болуп түтүн булаткан. 1963-жылы Ташкенттеги көркөм театр институтун жаңы эле аяктап келген 25 жаштагы Дүйшөн – Болот Бейшеналиев үчүн да фильм акжолтой болгон, андан кийин көптөгөн кинолорго чакырылган.
Кайра ачылган Дүйшөндүн мектеби жана эстелиги.
- Бирок ал Шекерде эмес, ага жанаша Арчагул айылында ачылды. Мектеп алдына Дүйшөн Качканаковдун эстелиги да коюлду. Кезинде Чыңгыз Айтматов Арчагулда орус тилинен сабак берип, Дүйшөн агай менен көп сүйлөшүп, болочок повестине уютку даярдаган экен.