Тема: Бироонун кемчиликтерин жашырууда капкарангы тундой бол!
Тарбиялык сааттын максаты:
-Окуучулар бироонун кемчиликтерин жашырууга уйронушот
-Адамдардын жакшы сапаттарын байкоого аракеттенишет
-Ыксыз жерден бироону жамандабоо керек экенин тушунушот
-Бир сырды болуу, айтылган сырды сактоо керек экендигин билишет
Керектелуучу каражаттар:
Ар бир окуучуга А4 кагазы, флипчарт, маркерлер, скотч.
Тарбиялык саатка даярдык:
-окуучулар 1ден 3ко чейин санашып уч топко болуунушот
-ар бир топко сунушталуучу текстти даярдоо
-сунушталаган тексттеги кырдаалдарын чечуунун жолдорун сунуштоо жана аларды флипчартка жазуу
Тарбиялык сааттын журушу: «Шеригинди тааныштыр» оюну менен сабакты баштоо
Окуучулар эки экиден жуп болуп турушат.Мугалим баштоого корсотмо бергенде кезек менен бири-бирин тааныштыра башташат .М: Бул менин досум. Аты Самат. Мунозу токтоо. Коп кулбойт. Классташтардын баарына бирдей мамиле жасай билет ж.б.у.с Шериктерин тааныштырууда терс сапаттарын айтып, келекелууго жол берилбейт. Оюндун максаты бири-биринин жаман сапаттарын жаап жашырып, жакшы сапаттарын ашкерелоого уйронуу.
Оюн ойнолуп буткондон кийин окуучулар уч топко болунуп отурушат. Ар бир топтун башчысы чыгып мугалимдин колундагы кагазды суурушат. Казазда: №1, №2, №3 деген жазуулар болот. Сууруп алган кагазына жараша топторго тексттер берилет.
1-топ №1 кырдаалды талдайт: «Айбектин сыр жашырбастыгы»
Уйдо Динар иниси Айбек экоо ойноп жатыкан. Алардын апасы дуконго чыгып кеткен эле. Динара уйду жыйнаштырып, Айбек унун бийик чыгарып, муундап китеп окуп жаткан. Бир убакта «тарс» эткен ун чыкты. Айбек унду угаары менен Динара жургон ашканага чуркап чыкты. Динара идиш-аякты суртуп жатып кымбат баалуу тарелканы сындырып алыптыр. Шашып кеткен кыз сыныктарды жыйнап таштандыга салды да, Айбекке апасына айтпоосун отунду. Иниси макул болду.
Дукондон апасы келгенде Динара эмнегедир ынгайсыздана берди. Айбек канчалык айтпайын десе да болбоду, чыдамы кетти. Анан апасына айтып салды. Апасы кызына аябай кейип, азыраак уруп да койду. Динара Айбекке аябай капа болду.
Силер кантип ойлойсунар? Айбек эжесинин кылганын жашырып айтпай койсо болот беле?
2-топ №2 кырдаалды талдайт «Бекзат эмнеден уялды?»
Танапис учурунда балдар мектептин короосунда маектешип туруп калышты. Кечээги коргон кинолорун, бироодон алган белектерин, айтор откон кеткен создорду айтып отурушту. Ошол учурда алардын жанынан физика мугалими Бермет эжей отуп кетти. Ал отуп кетээри менен Асан: ушул эжей аябай тойгозду. Кыйкыра берет. Бир куну уну бутуп калса эле,-деп калды. Ангыча кирууго конгуроо кагылды. Аларга физика сабагы эле. Баары жабыла чуркашты. Бекзат гана класска кирбестен Бермет эжекесин утурлап усулканага карай басты. Физика мугалимине жолугуп Асандын айткан созун айтып жиберди. Эмне учун андай кадамга барганы тушунуксуз.
Сабак башталды. Физика мугалими Асанды ордунан тургузду да: -экинчи менин сабагыма кирбегин,-деп айтты. Асан эч нерсе тушунбой калды. Окуучулар да тан калышты. Бир гана Бекзат башын жерге салып, айыптуудай жер тиктеди. Кылган ишине окундубу ким билет?
3-топ № кырдаалды талдайт «Падышанын шакеги жоголду»
Бир падышанын эки увазири жакын дос эле. Бир куну алардын бироосу аябай акчага муктаж болот. Анан падышанын кымбат баалуу шакегин уурдап алып сатып жиберет. Шакекти уурдап жатканда берки досу бироо келип калбасын деп кузотуп турган. Бир гана ошол кубо эле. Эртеси падыша шакегин таппай тополон кыла баштады. Бардык кызматкерлерин чакырып сурак жургузду. Акыры айласы кетти кимдир бироону жазалаш керек эле. Анан баягы кубо болуп, кузотто турган увазирин чакырды:
-сен ким алганын билесин. Себеби сенден башка эч ким менин болмомо кирбейт,- деди. Увазир корбогонун айтты. Падыша ачууланып аны зынданга салдырды. Ошондо да ал досунун кемчилигин жашырды. Айткан жок.
Бул окуяны уккан увазир досун зындандан куткарып качырып жиберди. Ыйлап, бир омур ыраазы экендигин айтты.
Мугалим жогорудагы тексттерди алдын ала даярдап коет. Ар бир топко бирден текст берилет. Кичи топтордо иштоого 20 мунот убакыт берилет. Берилген кырдаалдарды окуучулар сахнадаштырып, же корктуу окуп, топтун жалпы оюн таанытмага алып чыгат. Томондогудой суроолорго флипчартка жооп жазышат:
1. Бул кырдаалды болтурбай койсо болот беле?
2. Бул кырдааладан кантип чыгат эленер?
3. Силер бул окуялардан кандай тарбия ала алдынар?
4. Бироонун кемчиликтерин жашыруунун пайдасы барбы?
Беш муноттук эркин жазуу:
Ар бир окуучуна А4 кагазы берилет. Окуучулар сабактан алган таасирин, тема жонундо ойлорун кагазга тушурушот. Берилген убакыт аяктагандан кийин каалоочулар жазганын окуйт. Окуучулар бири биринин жакшы жумушу учун музыкалык кол чабуу менен ыраазычылык билдиришет.
1-окуучу: Бугунку сабак мага чон таасир калтырды. Сыр сактоону, бироонун кемчиликтерин жашырууну уйрондум. Мен эми эч качан бироонун кемчиликтерин ар кимге айта бербейм. Албетте кемчиликти айтыш керек. Бирок ошол адамдын озуно гана.
2-окуучу: Менин бугунку сабактан алган таасирим чон. Анткени, бироонун кемчиликтерин жашырууда капкарангы тундой болуу керек экенин тушундум. Айбектин, Бекзаттын жасаган жоруктары туура эмес экендигине ынандым.
3-окуучу: Бироонун кемчиликтерин жашыруу кыйын. Канчалык ичине сактасан да тынчтык бербейт. Ошондуктан кимдир бироого айтууга туура келет. Бирок канчалык кыйын болсо да жашыруу керек экендигин бугунку сабак далилдеди.
Тарбиялык саатты жыйынтыктоо:
Мугалим: Менин суйуктуу окуучуларым, бугунку сабак силерге кандай таасир берди? Сабактан кандай улгу алдынар? Бул суроолорго жооп талап кылбайм. Оз эркинер. Бирок, мен бир нерсеге ишенем, силер ар дайым адептуу журуш-трушунар менен башкаларга улгу корсото аласынар. «Бироонун кемчиликтерин жашырууда капкарангы тундой бол!» деген кептин торкунун да бир нече мисалдар менен байкай алдынар. Демек аны оз турмушунарда пайдалана аласынар деп ойлоймун. Ар дайым бироонун жакшы жагын коруп, жаманы болсо озуно айтып, башка бироогосоз кылбаганга конгуло. Бгунку сабакка тиешелуу жаш акын Улукбек Омокеевдин томондогу ырын жаттап, айтып жургуло
Бул «ачык ооз», тиги «олгудой» сак дебе,
Жанылышат кары деле, жаш деле.
Дуйнон тугол болуп кетпес адамдын,
Кемчилигин айткан менен ашкере.
Бул дуйнодо мудурулгон батыл коп,
Жакшы иш жасап айтар эриген асыл кеп,
Жамы журттун пайдасы учун эл айткан.
Жаманды жаап, жакшылыкты ашыр деп