СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биз кургак учукка каршыбыз!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Биз кургак учукка каршыбыз!»

Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбае атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектеп-мекемеси


ТАРБИЯЛЫК СААТ

Тема: Биз кургак учукка каршыбыз



Мугалим:_________________





Сабактын темасы:Биз кургак учукка каршыбыз

Сабактын максаты:

  • Окуучуларга кургак учук жөнүндө түшүндүрүү,ой жүгүртүүсүн калыптандыруу

  • Өздөрүнүн кандай алып жүрүшүн үйрөнүшөт.

  • Таза, тыкан жүрүүгө,мекенди коргоого тарбияланышат. Сабактын методу: интерактивдүү, эссе. Сабактын жабдылышы: доска,бор,карточкалар,макал-лакаптар,ролик,сүрөттөр Сабактын тиби: жаңы билим берүү. Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу 1мин

Соңку учурларда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча: ар бир секунд сайын дүйнөдө бир адам кургак учук оорусун жуктуруп алат. Ал эми, ар бир 20 секундда жер жүзүндө кургак учуктан бир адам көз жумат. Жылына бул дарттан 600гө жакын киши каза табат. Республикада кургак учук менен ооругандардын саны Чүйдө жана Бишкекте көбүрөөк байкалат. Өлкөдө социалдык-экономикалык кырдаал курчуп, миграция өсүп жаткандыгы-бул оорунун кулач жайышына таасир этүүдө. Кургак учук менен ооруп калгандардын санын азайтуу жаатында ак халатчандар көптөгөн иштерди жасап жатышат. "2011-жылдын январындагы абал боюнча Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны калк арасында азайды", - дейт Саламаттыкты сактоо министри Сабырбек Жумабеков. Анын айтымында, 2010-жылы өлкөдө 5434 кургак учук менен ооруган адам катталган, бул 2009-жылга салыштырганда 427 адамга аз. С. Жумабеков саламаттык сактоону колдоого жана өнүктүрүүгө жылына 565 миллион сом талап кылынаарын, бирок республикалык бюджеттен 45 миллион сом гана бөлүнөрүн айтат.

Кургак учуктун пайда болушу

Кургак учук - жугуштуу дарт. Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микробактериясын бөлүп чыгарган сыркоо адамдан жугат. Башка микробдордон айырмаланып, кургак учуктун микобактериясы өзгөчө сакталуу касиетине ээ. Ал жерде дагы, карда дагы өзүн мыкты сезет, ошондой эле спирт менен кислотанын таасирине да туруктуу келет. Микробактерия ыплас жерде, нымдуу үйдө бир нече ай, бейтаптын кийим-кечесинде, үй эмеректеринде 3-4 ай, сүттө, майда 1 жылга чейин сакталат. Алар жогорку температурага туруштук бере алышпайт, тике тийген күн нуруна көпкө чейин кактаганда гана жок болот. Алар жогорку температурада жана хлор камтылган заттардын таасиринен улам жок болот.
Кургак учукту козгогучтардын бир нече түрү (кишиники, бодо малдыкы жана канаттуулардыкы ж. б.) белгилүү. Адамдар негизинен кишинин кургак учугу менен оорушат, бирок кээде бодо малдын кургак учугу менен да жабыркашы мүмкүн. Ооруну негизинен микробдуу какырык бөлүп чыгарган адамдар жана малдар таратышат. Айрыкча кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам коркунучтуу. Кургак учуктун таякчасы ар кандай жол менен жугушу ыктымал. Оору көбүнчө оорулуунун какырыгы, түкүрүгүнүн чачырандысы менен булганган аба менен дем алганда, ошондой эле оорулуу пайдаланган буюмдар (сүлгү, тиш щётка, жүзаарчы, кийим-кече ж. б.) аркылуу жугушу мүмкүн. Андыктан жугушсуздандыруунун катуу тартибиндеги чараларды көрүү талап кылынат.
Эмне үчүн айрым адамдардагы кургак учук башкаларда жоктугун дайыма эле түшүндүрө албайбыз. Бирок айрым адамдар башкаларга караганда кургак учук менен ооруп калуу коркунучуна кабылышат. Коркунуч фактору оорунун өнүгүү деңгээлин жогорулатат. Кургак учук оорусунда төмөндөгү симптомдор байкалат: жөтөлдүн күчөшү, токтобошу, кетпеши, дем алуунун кысылуусу, демигүүсү, көкүрөктүн дайыма ооруусу, жөтөлгөндө кандын пайда болуусу, үндүн кыркырап калышы, өпкөнүн жугуштуу ооруусу (мисалы, пневмония), дайыма чарчап-чаалыгуусу, салмагынын азайышы (арыкташы). Бул симптомдор көбүнчө кургак учукка тиешелүү, ал эми ден соолуктун башка проблемалары аларды пайда кылышы мүмкүн. Бирок ар бир адам алардын себебин билүү үчүн, мындай симптомдор байкалганда врачка кайрылууга тийиш жана зарылдыгына жараша дарылоону эрте баштоосу абзел.

Кургак учуктун түрлөрү

Өпкөнүн кургак учугу. Кургак учук көбүнчө өпкөнү жабыркатат. Ошондой эле лимфа жана кан тамырлар аркылуу муундарга, сөөктөргө, мээ кабыгына, бөйрөккө ж. б. тарашы мүмкүн. өпкөнүн кургак учугунда өпкөнүн микобактерия түшкөн ткандарында сезгенүү очогу пайда болуп, некрозго айланат. Андан кийин ал катуу кабык менен капталат да, акырындап кальций туздары топтолот. Балдарда бул байкалбайт, рентгенге тартканда гана билинет. Эгер баланын организми начарлап кетсе, процесс таралып кетиши ыктымал. Мында баланын эти ысып, жалпы абалы начарлап, жөтөл коштолот. Чоң кишилерде да алгач байкалбайт, бирок адамдын алы кетет, арыктайт, түнкүсүн тердейт. Андан кийин денеси ысып, көп учурда бир аз чыйрыгат, бат-бат жөтөлөт, тамакка табити тартпайт, дем алганда капталы сайгылашып ооруйт, кан түкүрөт. Мына ушул белгилердин бири эле байкалары менен дароо врачка кайрылуу керек.
Сөөктүн жана муундун кургак учугу.Муну менен көбүнчө 10 жашка чейинки балдар, ошондой эле чоң адамдар да ооруйт. өзгөчө омуртка тутуму, жамбаш, тизе, кызыл ашык муундары, ошондой эле сөөктөр жабыркайт. Алгач башталышында баланын көңүлү ачылбай, чыргоолонот, түнкүсүн начар уктайт, арыктап, бозоруп, тез чарчайт, тамакка табити тартпайт. Кечкисин же түнкүсүн омуртка тутуму, жамбаш ашташы жана тизе ооруйт. Кээде бала түнкүсүн оорудан кыйкырып ойгонот. Оору күчөгөндө муундары шишип, ооруйт, аксай баштайт. Алдын ала дарыланбаса, бейтаптын муундары өспөй калат. Күчөп кеткенде, жабыркаган сөөк ириңдейт, сөөк, жумшак ткань тешилет.
Лимфа түйүндөрүнүн кургак учугу. Мында жабыркаган бездер чоңоюп, кыймылдатпай ооруйт. Ириң тээп кеткен учурда, ал сыртка жарылып, айыккандан кийин тырык болуп калат. Бул дартты врач гана дарылайт. Ан үчүн алгач оорулууну рентгендик текшерүүдөн өткөрүп, диагнозун аныктоо кажет. Дарылоо учурунда оорулуу врачтын көзөмөлүндө болот. Эгер дарылоодон жакшы натыйжа болбосо, оорулууга хирургиялык жол сунуш кылынат.
Оорулуу, баарынан мурда, гигиена эрежесин сактап, жакшы тамактанып, жылдын бардык мезгилинде мүмкүн болушунча таза абада жүрүшү керек. Белогу көп эт, балык, быштак, сыр, сүт, жумуртка жеши зарыл. Мөмө-жемишти, айрым жашылчаларды, маселен, помидор, сабиз, кара карагат, лимон, жүзүмдү жеп, ширелерин ичүү абзел. Мындан тышкары, витаминдерди алыш керек. Оору күчөп кетсе, тынч жатып дарыланып, оңоло баштаганда, дене көнүгүүлөрүн жасап, сейилдеп, денени чыңдоо зарыл. Оорулууну дарылоодо үзгүлтүккө учуратпаганга, тамеки чекпегенге, арак ичпегенге аракет кылуу керек.

Сабакты бышыктоо:

Кантип дарттын алдын алууга болот?

Кургак учуктун алдын алуу үчүн, баарынан мурда, микробдорду таратпоочу чараларды көрүү зарыл. Эгер оорулуу болсо, аны башка бөлмөгө бөлүп, өзүнчө төшөнчү, ич кийим, идиш-аяк менен камсыз кылып, аларды обочолоп коюу керек. Бөлмөнү ным (самын-соода эритмеси кошулган ысык сууга малынган) чүпүрөк менен жууп-тазалап, ич кийимди, шейшепти, сүлгүнү, идиш-аякты 2 пайыздуу сода эритмесине кайнатып, жугушсуздандыруу керек. Ал үчүн 5 пайыздуу хлорамин эритмесин пайдаланса да болот. Оорулуунун бөлмөсүнөн килем ж. б. ашык буюмдарды чыгарып, жууп-тазалаганга оңой эмеректерди гана калтыруу зарыл. Жумшак эмерекке тыш кийгизүүнү унутпаңыз.
Оорулуунун какырыгын 5 пайыздуу хлорамин эритмеси куюлган атайы түкүргүчкө түкүртөт. Какырыктуу түкүргүчтү атайын идишке салып, 15 мүнөт 2 пайыздуу кир жуугуч сода эритмесине кайнатып туруп, канализацияга куюп жиберүү керек.
Кургак учук менен ооругандардын үй-бүлөсү мезгил-мезгили менен кургак учукка каршы медициналык мекемеде текшерилип турууга тийиш. Оорунун алдын алуу үчүн, оорулуунун үй-бүлөсүндөгү балдар менен өспүрүмдөргө кургак учукка каршы дарылоону дайындайт. Ошондой эле балдар мекемелеринде, коомдук тамактануу жайларында, шаардык транспорт жаатында иштеген кызматкерлер, чач тарачтар флюрографиялык текшерүүдөн өтүп турушу талапка ылайык.
Кургак учуктун өнүгүү коркунучунун бири - ооруган адамдын тамеки тартуусу, ал эми кургак учуктун айыгуусунун эң мыкты ыкмасы - тамеки тартуудан баш тартуу. Ал өз убагында кургак учук менен оору коркунучун азайтат.

Үй тапшырма:Биз кургак учукка каршыбыз деген темада дилбаян жазып келүү.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!