Кадамжай районунун №55 «Достук» орто мектебининсоциалдык педагогу Б.А. Дормонова 2019-2020-
окуу жылына карата жылдык отчету
№55 орто мектебинин социалдык педагогунун иши 2019-2020--окуу жылына карата түзүлгөн
пландын негизинде жүргүзүлдү. Жыл ичинде социалдык – педагогикалык иштин эң негизги
багыттарынын бири – баланын жашоо тиричилигиндеги орчундуу маселелерди чечүүдө бала менен үй-бүлөнүн,
мектептин, оор кырдаалга кабылган балдардын социалдык калыптанышы үчүн шарттарды түзүү жана ага жагымдуу,
педагогикалык жактан максатка ылайыктуу социалдык чөйрөнү түзүү үчүн шарттарды камсыз кылуу,
өспүрүмдөрдүн журум турумундагы кемчиликтердин алдын алуу,кыйынчылыктарды жеңе билүүгө,
өз алдынчалыкка,өзүн таанууга жардам берүү, инсандык,кесиптик билимдерди алууга,
мамиле түзө алууга,чыгармачыл кызыкчылыктарын калыптандырууга жардамдашуу.
Жакшы натыйжаларга жетүү үчүн социалдык педагогдун негизги багыттары
· «Билим берүү жөнүндө» мыйзамы, Баланын укуктары жөнүндө конвенция, нормативдүү актылар (жоболор).
· Ата-энелер менен байланыш түзүү.
· Окуучулардын социалдык абалын иликтөө.
· Баланын жүрүм турумуна байланышкан, кыйынчылыктарды, чыр –чатактуу кырдаалдарды,
жүрүм турумдагы кемчиликтерди аныктоо максатында үй-бүлөнү иликтөө.
· Ата-энелер менен балдардын мамилелерини жакшыртууга көмөктөшүү.
· Ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатууга, аларды ата-энелик милдеттерге аң сезимдүү
мамиле жасашына көмөктөшүү, ошондой эле ата- энелер менен мамилеси начарлаган балдардын мамилелерин
чечүүгө жардам берүү.
· Балдарды коргоо жана социалдык колдоо, өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чараларды корүү
· Жетим жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды турак жай , пенсия менен камсыздоо боюнча
көмөк көрсөтүү.
· Класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иштерге тартуу, балдар жана жаштар уюмдары, мекемелери,
клубдары менен кызматташуу аркылуу балдардын бош убактысын уюштурууга көмөктөшүү.
· Балдар иштери боюнча комиссияга катышуу.
· Зарыл болгондо, балдардын өздүк документтерин (туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү, паспортун)
калыбына келтирүүгө жардам берүү
· Социалдык –педагогикалык кеп-кеңеш берүү.
· Алдын алуу, түзөтүү жана калыбына келтирүү ж.б.
· Талдоочулук-диагносточулук.
· Прагноздоо.
· Коррекциалык.
· Ортомчулук .
· Бала менен жекече сүйлөшүү, үй шарты менен таанышуу.
· Турмуштук кыйын кырдаалга кабылган балдар менен иш алып баруу.
· Ата-энелеринин камкордугунан ажырап калган балдар менен иштөө.
· Акыл-эс же тулку- бою жагынан өксүгү бар балдар.
· Зордук-зомбулуктан жапа чеккен балдар.
· Жакыр үй-бүлөдө жашаган балдар.
Уюштуруу учуру
· Аңгеме , анкета, тестирлөө
· Баланын документтерин анализдөө
· Медициналык
· Психологиялык, педагогикалык жактан колдоо көрсөтүү.
· Байкоо, мактоо, өздүк делолорун түзүү, жакындан аңгемелешүү.
· Ишендирүү, жыйынтык чыгаруу.
Окуучулардын социалдык абалы такталып, толуктоолор киргизилип,төмөнкү тизме түзүлдү:
– Жашоо шарты оор үй – бүлөлөр;
– Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр;
–кароосуз калган, багып алынган, кам көрүүдөгү балдар;
– Көп балалуу үй-бүлөлөр.
Мектеп окуучуларынын социалдык паспорту жана балдардын жашоо шартын иликтөө үчүн социалдык сурамжылоо анкетасы түзүлдү. Социалдык педагог класс жетекчилер менен бирге тыгыз байланышта болуп, ар бир класстын социалдык абалы боюнча толук маалыматтар алынды. Ар бир класс жетекчи класстын, үй-бүлөнүн социалдык паспортторун толтурушту. Ушунун негизинде мектептин социалдык паспорту толтурулду.
Категория
|
Сентябрь
|
Май
|
Жалпы окуучулардын саны
|
144
|
144
|
Көп балалуу үй-бүлөлөр
|
14
|
14
|
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр
|
12
|
12
|
Жайсыз (неблагополучная ) үй –бүлөлөр
|
1
|
1
|
Ата-энесиз, асырап алынган, кароосуз калган балдар
|
0
|
0
|
Тоголок жетим
|
0
|
0
|
Жарым жетим
|
6
|
6
|
Мектепте окуган майып балдар
|
0
|
0
|
Үйдө билим алган майып балдар
|
0
|
0
|
Мигранттардын балдары
|
32
|
32
|
Ички мигранттар
|
2
|
2
|
Толук эмес үй-бүлөлөр
|
12
|
12
|
Баткен
|
3
|
3
|
Чернобль
|
2
|
2
|
Афган
|
-
|
|
Иштеген окуучулар
|
|
7-апрель
|
-
|
|
|