Кыргыз Республикасындагы аялдар кыймылынын тарыхы.
1995-жылы Эгемен Кыргызстандын аялдары биринчи жолу Пекинде өткөн аялдар акыбалы боюнча бүткүл дүйнөлүк конференцияга катышкан. Бул республикадагы аялдар кыймылындагы жаңы доордун – аялдар жана гендер маселелерин кайрадан ойлонуп, карап чыгуунун башталышы болду. Төмөнкү фактылар мунун далили боло алат.
1996 –жыл Жогорку Кеңеш тарабынан аялдардын укуктары боюнча 5 Конвенция ратификацияланган.
1996-жыл Аялдар жылы деп жарыяланган. Ушул жылы Үйбүлө, аялдар жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.
1996-2000-жылдарда Кыргыз Республикасында аялдардын акыбалын жакшыртуу боюнча «Аялзат» Улуттук Программасы иштелип чыккан.
1999 -жылы – CEDAW Комитетине биринчи ирет улуттук отчет сунушталган.
2000 –жыл: Гендердик компонентти улуттук саясаттын, өнүгүү багыттарынын жана программаларынын бардык жагдайларына кийирүү максатында Аялдар жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссия Президентке караштуу Аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүгүү боюнча Улуттук Кеңеш болуп өзгөртүлдү.
2001-жыл – «Аялдар кылым тогошоор мезгилде» Улуттук Конференциясы болду. Бул иш-чарада 2002-2006-жылдарда Кыргыз Республикасында Улуттук «Аялзат» Программасынын жүзөгө ашуусунун жыйынтыгы жана гендердик теңдикке жетүүнүн иш-аракеттеринин планы каралды. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын «Жарандардын репродуктивдик укуктары жөнүндө» мыйзамы кабыл алынды.
2002 –жыл КР Президентинин Жарлыгы менен 2002-2006-жылдарга Кыргыз Республикасында гендердик теңдикке жетүүнүн иш-аракеттеринин улуттук программасы бекитилди.
Лидер аялдарды мамлекеттик кызматтарга тартуу боюнча КР Президентинин Жарлыгы чыкты.
2003 –жыл КР Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйыны үйбүлөдөгү зомбулуктан социалдык жана укуктук жактан коргоо жана аялдардын бирдей укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эки мыйзамды кабыл алды
2004 –жыл: «БӨУлар Кеңеши» деген аталыштагы тармактык уюм түзүлдү;
БӨУлар Кеңешинин атынан (7 БӨУ) CEDAW Комитетине Альтернативалык отчет сунушталды
2005 –жыл Аялдар уюмдарынын улуттук форуму түзүлдү;
Президенттин жарлыгы менен Жогорку Кеңеште гендер маселелери боюнча Президенттин Атайын өкүлү дайындалды.
2006 -жыл: КР Президентинин «Гендердик саясатты жакшыртуу боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыгы чыкты;
CEDAW го карата Факультативдик Протокол ратификация болду;
2007 -жыл: КРнын Конституциясынын жаңы редакциясында (2010) эркектердин жана аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн бирдейлиги тууралуу принцип бекитилди;
Кыргыз Республикасынын «Жер жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди;
Кыргыз Республикасынын «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамына гендердик квота киргизилди;
2007-2010-жылдарда Аракеттердин Улуттук Планы (АУП) кабыл алынды.
2008 –жыл : КР Өкмөтүнүн CEDAW Комитетине III мезгилдүү баяндамасы сунушталды.
БӨУлар Кеңешинин CEDAW Комитетине Альтернативалык отчету сунушталды
Аялдардын мыйзамдык демилгелеринин альянсы (АЖЗИ) түзүлдү.
Жогоруда тизмеленгендей Кыргызстандагы гендердик саясаттын өнүгүшү мамлекеттин да, аялдардын бейөкмөт кыймылдарынын да биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасы болгон.
Белгилей кетчү нерсе, алгач аялдардын укуктары боюнча эл аралык документтерге кошулуу, улуттук мыйзамдарды кабыл алуу алгач декларативдүү мүнөзгө ээ болуп, аларды колдонуу практикаланбай келген. Мамлекет тарабынан кабыл алынган ар бир кадам республиканын өкмөттүк эмес аялдар уюмдары тарабынан демилгеленип, сүрөмөлөнгөн. Булардын ичинен бөтөнчө активдүүлүктү Социалдык технологиялар агенттиги, Аялдарга жардам борбору, Ишкер аялдардын Ассоциациясы , Алга, АЦПГО, Кризистик борборлор ассоциациясы, «Сезим» кризистик борбору, «Жалал-абаддын лидер аялдары», «Лидер» (Каракол) жана башкалар көрсөттү.
Кыргызстандын аялдар кыймылы аялдардын укуктарын коргоо жөнүндө формалдуу билдирүүлөрдөн конкреттүү иш-аракеттерге өтүү менен аялдар маселесин кароодон гендердик маселелерге өтүү менен , тактап айтканда өнүгүү программаларын иштеп чыгууда, аларды жүзөгө ашырууда жана аларга мониторинг жасоодо аялдар активдүү катышуу аркылуу сапаттык жаңы өзгөрүүлөрдү баштан кечирди,
3 жыл өкүм сүргөн жалаң эркектерден турган парламент аялдарды улуттук деңгээлде бардык чечим кабыл алуучу маанилүү чөйрөлөрдөн толук сүрүп гана чыгарбастан, ал мыйзамдык багытта да артка кетүүнү шарттады. Ушул парламент иштеп турган учурда көп аял алууну жана абортко тыюу салууну мыйзамдаштыруу демилгелери көтөрүлүп, аялдар топторунун катуу каршылык көрсөтүүсүнөн гана токтоп калган. Аткаруу бийлигинде да чечим кабыл алуучу деңгээлдерден аялдар биротоло сүрүлүп калганы да кырдаалды курчутуп жиберген.
Парламенттик шайлоодон кийин активист жана феминист аялдардын тобу CEDAWнун негизги жоболорун жүзөгө ашыруу багытында лобби-кампанияны башташат. Алар Жогорку Кеңештеги Президенттин гендердик маселелер боюнча өкүлүнүн болушу тууралуу идеяны коюшту. Бир топ сунуштарды алга жылдыруу максатында активисттер президент менен жолугушуу өткөрүп, анда атайын өкүлгө кимди сунуштап жаткандыктарын да билдиришти. Бул кызматка бардык активист аялдардын топтору менен макулдашылган талапкер , юридика илимдеринин кандидаты,, белгилүү юрист, үйбүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзамды иштеп чыккандардын бири А.Ниязова болду. Президент булл сунушту колдоп. А.Ниязова Жогорку Кеңеште гендердик теңдикти илгерилетүүгө киришти.
Аялдар БӨУларынын активисттери аялдардын укуктарын коргоонун жаңы институционалдык механизмдерин табууну ойлонуп жатышты. Биригип, чогуу күрөшүүдөн башка аларга жол жок эле. Алар биригип алып жалаң эркектерден турган парламент депутаттарына карата сүрөмөлөөнүн бир топ ыкмаларын колдонушту. Алсак, факс аркылуу чабуул коюшту, 8-март алдында аларга гүл көтөрүп барышты. Мындан тышкары алар депутаттардын ар бири менен баарлашууга үлгүрүштү. Анткени гендердик квотаны кийирүү жана көп аял алуу тууралуу маселени көтөргөн «Саясий партиялар жөнүндө» жана «КР жарандык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү кигизүү жөнүндөгү» мыйзамдар депутаттар тарабынан талкууга алынганы жаткан. Ошентип, АЖЗИ мүчөлөрүнүн талыкпаган аракеттеринен кийин Жогорку Кеңеш жогоруда айтылган мыйзамдардын тиешелүү статьялары боюнча аялдардын пайдасына добушун берди. Жыйынтыгында аялдарды саясатта колдооонун атайын иш чарасы бекитилди, тактап айтканда аялдардын 30 пайыздуу өкүлчүлүгү кийинки 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо камсыз болду.
2008-жылы түзүлгөн аялдардын мыйзамдык демилгелеринин альянсынын (АЖЗИ) максаты – гендердик багыттагы мыйзам чыгаруу демилгелерин сүрөмөлөө жана гендердик саясаттын жүзөгө ашуусуна мониторинг жүргүзүү аркылуу аялдардын саясий үнүн жана таасирин күчөтүү. Курамына эң активдүү аялдардын бейөкмөт уюмдары (АСТ, ЦПЖ,Алга, АЦПГО,WECA,Сезим, ЦГИ, Лидеры женңин Жалал-Абада, Лидер(Каракол) жана башкалар кирген АЖЗИ түзүлөөрү менен аялдардын демилгелүү тобу аялдардын укуктары боюнча лобби-кампаниясын активдүүлүк менен баштады.
Кыргызстандын аялдарынын бейөкмөт уюмдары Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардагы гендердик эскпертиза жүргүзүү процедурасын жана Конституциядагы гендердик теңдик принцибин сактоо менен Конституциялык жыйында Кыргыз мамлекетинин динден тышкары экендиги жөнүндө маселе талкууланганда чоң салымын кошо алды.
Ааламдын көркү – аялзат
Ааламдагы бар сулуулуктун башаты аялзаты деп эсептешет. Ал эми сулуулук менен улуулук гана дүйнөнү сактап калары учкул сөз катары айтылып келет. Сүйкүмдүү, назик, алтын саамай кыздарыбыз, маралдай керилген, келбети келишкен керемет, кең пейил келиндерибиз, өмүр шериги, жароокер, камкор, сулуу жарларыбыз, боорукер, мээрман, акылгөй, касиеттүү, нускалуу энелерибиз бул жашоонун түркүгү экендигин сыймыктануу менен саймедиреп, айтып келебиз…
Аял – үйдүн куту, турмуштун туткасы, балдардын мээнеткеч тарбиячысы, эне катары табият тартуулаган асыл касиети, сүйүүсү, сулуулугу менен бүт дүйнөнү сактап, бул жашоого көрк берип, адам баласынын пейилин, эркектердин жакасын агартып келатпайбы?
Ааламдын көркү – аялзатынын керемет сулуулугуна суктанып, далай акындарыбыздын ички дүйнөсүнүн жаңы сырлары ачылып, кандай гана жалындуу лирикалык ырлары жазылбады дейсиң… Деги эле адамзат жашоосунда эң жакшы нерселер аялзатынын дарегине багышталган бейм. Дүйнөдөгү эң атактуу композиторлордун ажайып тартууланган музыкалык чыгармалары, эң таланттуу сүрөтчүлөрдүн эң мыкты сүрөттөрү аялзатынын ыйыктыгын, улуулугун даңазалап, көөнөрбөс аруулугуна, өчпөс сулуулугуна таазим кылып, үй-бүлөлүк ырыс-кешиги экендигин даңктап келишкен.
Эне сүтүн актоо – унутулгус карыз.
Дүйнө жүзүндөгү бүт адамзат энелердин эмчек сүтү менен азыктанган Умай эне деген улуу атты бийик алып жүргөн энелердин касиети эмчек сүтүндө! Ак элекчек энелердин пейили дайыма сүтүндөй ак!
Эненин сүтү – бал, эненин сүтүндө бардык асыл нерселер жаралган. Адам баласынын жашоосу эненин ууз сүтүн оозанып, андан азык алуу менен башталып, анан эненин алпечтеген колу менен чоңоюп, эрезеге жетет. Ошондуктан “Эне сүтүн актоо – унутулгус карыз” – деп айтып келишет, акылман элибиз. Бала үчүн эненин сүйүүсүндөй эч жерде мындай кудуреттүү күч жок. Эненин бийик руху, керемет күчү бизге бардык жакшылыкты тартуулап, андай күч биз үчүн кубаттуу таянар тоо, сүйөнөр жөлөк болуп келген. Мындай татаал мезгилде, кан күйгөн Улуу Ата Мекендик согушта дагы энелердин, эжелердин күчү менен баардык кыйынчылыктарды жеңип келгенбиз.
Тогуз ай омурткасы сыздап көтөрүп, бизди жарык дүйнөгө алып келип, анан канчалаган азап-тозок менен күн тынымынан, түн уйкусунан безип, бизди аздектеп чоңойткон энебиздин эмгегин көркөм сөз менен айтып жеткирүүгө мүмкүн эмес. Анткени, эненин боорукерлиги, сүйүүсү, мээрмандыгы, аруулугу, назиктиги, кайрымдуулугу, чыдамкайлыгы эч нерсеге теңдешсиз.
Ар бир бала үчүн эң асыл, баарынан кымбат нерсе бул – эне. Эне сыйлаган элине жагат. Ошондуктан энебизге баш ийип, тизе бүгүп, таазим кылып, ак сүтүн актоого баарыбыз милдеттүүбүз.
Эзелтеден эле кеменгер элибиз аялзатына тиешелүү акылман, көөнөрбөс сөздөрдү айтып, “Аалам батат айкөл эне пейилине” деп, эненин пейилин чалкып жаткан деңизге же океанга теңеп келген.
Аалам батат айкөл эне пейилине.
Байыркы кыргыз урпагынын кылым карыткан эзелки тарыхына кылчая карап, саресеп салсак, кадырман калкыбыз мурдатан эле “Кыздын кырк чачы улуу” – деп, аялзатына өзгөчө аяр
астейдил мамиле жасап, ал жашоо-турмуштун башаты экендигине баа берип, сылап келгендиги ырас. Кылымдардан бери кыргыз элиндеги аялзаты, эне ар дайым дүйнөлүк көз караштын жаңылануусунун, бардык тарыхый окуялардын жана өзгөрүүлөрдүн борборунда болуп келгендиги кыргыз элинин энциклопедиясы болгон “Манас” эпосундагы акылгөй энелерибиздин образы аркылуу таасын сүрөттөлгөн.
Кыргыз элиндеги аялзаты үй-бүлөдө, элдин турмушунда татыктуу орунду ээлеп, эркектерди урматтап жана сыйлап, үй-бүлөнү, урууну коргоого активдүү катышып, чыныгы нагыз кеңешчилерден болуп келишкен. Акылман энелерибиз Каныкей жана Айчүрөк, эр жүрөк эжелерибиз Кыз Сайкал жана Жаңыл Мырза, биринчи мамлекеттик ишмер аял, 1862-жылы демократиялык жол менен Алай канышасы болуп шайланган Курманжан датка энебиз өздөрүнүн эр жүрөктүүлүгү, туя билүүсү, асылдыгы, акылмандыгы жана калыстыгы менен үлгү боло алышкан. Дегеле, кыргыз эли аздектеген мындай асыл энелерибиздин, эжелерибиздин үйдө, коомдо жасаган иштери эбегейсиз жана аны даңктоого да сөз табылбайт.
Кыргызстандын өнүгүшүнө аялзатынын кошкон үлүшү зор.
Совет доорунда кыргыздын чыгаан кыз-келиндери, ак элечек кийген энелерибиз илимде, маданиятта, өндүрүштө, коомдук иштерде, дегеле кайсыл тармакта болбосун өздөрүнүн жигердүү аракеттери менен каармандыкты жаратышкан. Алардын арасында эмгектин Баатыры болушкан Өлмөскан Атабекова менен Зууракан Кайназарова, искусствого көп эмгек сиңирген, сулуулугу менен суктанткан Бүбүсара Бейшеналиева менен Таттыбүбү Турсунбаева жана биздин маданиятыбыздын өнүгүшү үчүн чоң салым кошкон Күлүйпа Кондучалова эжелерибизди кошууга болот.
Кыргызстан эгемендүү республика болгондон кийин, демократиялуу укуктук мамлекетти курууга багытталган эркин коомдо аялдардын ролу жаңы мааниге ээ болду. Энени жана баланы коргоо — биринчи кезекте биздин жаш эгемендүү өлкөбүздүн социалдык саясатынын негизги маселеси болуп калды.
Азыр Кыргызстандын калкынын теңинен көбүн аялдар түзгөндүктөн, биздин экономикалык жана социалдык өнүгүшүбүздүн, коомдогу туруктуулуктун, саясий стабилдүүлүктүн, улуттар аралык ынтымактын ийгиликтери дал ошол аялзатынын назик колдору менен кармалып турат. Ошондуктан Кыргызстандын келечеги көбүнесе аялзатына байланыштуу деп айтууга негиз бар. Себеби, ар бирибиздин жашоо-турмушубуздун жакшырышына аялзатынын кошкон үлүшү зор.
Мамлекетибиз аялдардын коомдогу ролу канчалык деңгээлде экендигин жакшы түшүнүп, мамлекеттик түзүлүштөгү аялдардын беделин жогорулатуу, аларды жаңы экономикалык шарттарга ыңгайлаштыруу, саясий жана коомдук турмушка толук укуктуу жана жигердүү катышуусуна жетишүү, аялдардын демилгесин толук даражада ар тараптан колдоо, ошондой эле таасирдүү социалдык-укуктук коргоо максатында өз кезегинде “Аялзат” улуттук программасы кабыл алынган. Ошондон бери бул программа өкмөттүк жана өкмөттүк эмес аялдар уюмдарынын жигердүү катышуусу менен жүзөгө ашырылууда.
Аялзатынын эмгеги эч нерсеге теңдешсиз.
Азыр республикабыздагы аялдар экономикалык реформалар жаатында жакшы ийгиликтерди жаратып, коомдук турмушта саясий активдүүлүктөрүн көрсөтүп жатышат. Мамлекетибиз дагы аялдардын эмгегин жогору баалоо менен аларды ар тараптан колдоп жатат. Шериктеш жана башка чет өлкөлөргө салыштырмалуу биздин өлкөдө аялдарды колдоо жакшы жолго коюлган. Эгерде, бийликтин бир бутагы болгон, мыйзам чыгарып, элибиз күткөн чечимдерди кабыл алып, мамлекеттин тагдырын чечкен Жогорку Кеңешке аялзатын тартуу маселесин алсак, биздин республикада парламенттин жарымына жакынын аялзаты түзөт.
Чет өлкөлүк эксперттердин пикири боюнча Кыргызстанда аялдардын чечим чыгарууга катышуу деңгээли жетишээрлик жогору. Орто Азияда, ал түгүл КАШ өлкөлөрүндө аялзатынан чыккан, биринчи президент болгон бирден-бир аял — кыргыз кызы Роза Исаковна Отунбаева элибиздин, дүйнө жүзүнүн сый-урматына татыгандыгын сыймыктануу менен айтсак жетиштүү болот.
Өткөөл мезгилдин бардык кыйынчылыктарына карабастан азыр өлкөбүздө кыргыз аялдарынын жаңы: билимдүү, өтө назик болгон, жан дүйнөсүнүн таза, сымбаттуу, активдүү, ошол эле мезгилде чыдамдуу, үй-бүлөгө берилген жана балдарга карамдуу жакшы сапаттары менен кыргыз аялынын жаңы түспөлү – Кыргызстандагы көптөгөн аялдар уюмдарынын жаралуусу – келечектен көптү үмүттөндүрөт.
Бүгүнкү күндө энеликти жана балалыкты коргоо, аялдардын ден соолугу үчүн камкордук көрүү, үй-бүлөлүк таламдарын коргоо боюнча үй-бүлө жана аялдар иштери боюнча Мамлекеттик комиссия натыйжалуу иштерди жүргүзүп жаткандыгын баса белгилеп кетмекчибиз.
Адатта ар бир коомдун жетишкендигин жана бакубаттыгын аялдардын маанайына, коомдогу ордуна жана ишине жараша баалашат. Бирок пенде катары аялзатынын кадырын, андан кымбат адам болбостугун өтө кечирээк аңдайт экенбиз.
“Аялда бар сулуулук ааламдагы, аялдын кабагындай заман дагы…” – деп, акындардын ыр саптарында айтылгандай, ансыз бул жашоонун тузу кем. Ошондуктан, ар бирибиздин көңүлүбүздүн борборунда энелер, эже-карындаштар, алган жар жана сүйүктүү перизаттар турат.
Данияр ШАБДАНОВ