СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

БКФны түзүү жөнүндө жобо

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«БКФны түзүү жөнүндө жобо»

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык

Өзгөн технология жана билим берүү институту

Сапатты камсыздоо саясаты

Баалоо каражаттарынын фондун түзүү боюнча

ЖОБО

Өзгөн, 2025



Ченемдик документтин паспорту

Документтин аталышы

Баалоо каражаттарынын фондун түзүү боюнча жобо

Документтин теги

Сапатты камсыздоо саясаты

Документтин түрү

Жобо

Бекитилгендиги жөнүндө маалымат

2024-жылдын 21-июнундагы институттун Административдик кеңешинин №27 протоколунун чечими менен бекитилген

Документтин шифри

Q-2024-0020

Документтин кыскача аннотациясы

Бул жобо институтта НББПлардын баалоо каражаттарынын фондунун түзүмүнө, мазмунуна жана таризделишине карата талаптарды, иштеп чыгуу жана бекитүү тартибин аныктайт.



Мазмуну

1.

Титулдук барак

1

2.

Ченемдик документтер

2

3.

Шарттуу кыскартуулар

3

4.

Жалпы жоболор

3

5.

Максаттар жана милдеттер, фондду түзүүнүн принциптери

4

6.

Баалоо каражаттарынын фондунун түзүмүнө, мазмунуна жана таризделишине талаптар

4

7.

БКФны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби

7

8.

Дисциплинанын баалоо каражаттарынын фондун (БКФ) иштеп чыгуу боюнча методикалык көрсөтмөлөр

8

9.

Студенттердин жетишүүсүнө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, дисциплина боюнча студенттерди аралык аттестациядан өткөрүү үчүн БКФны долбоорлоого жалпы талаптар

11

10.

1-тиркеме. Титулдук барактын макети

12

11.

2-тиркеме. Компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалардын үлгүсү

13

12.

Макулдашуу барагы

14

Шарттуу кыскартуулар

СБС - Сапатты башкаруу саясаты

МББС - мамлекеттик билим берүү стандарты

НББП - негизги билим берүү программасы

ББП - билим берүү программасы

ОМК - окуу-методикалык комплекс

ДОМК - дисциплинанын окуу-методикалык комплекси

БКФ - баалоо каражаттарынын фонду

ЖМА - жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

ОКББ - орто кесиптик билим берүү

1. Жалпы жоболор

1.1. Максаты жана колдонуу чөйрөсү

1.1.1. Бул жобо институтта ишке ашырылып жаткан НББПлардын баалоо каражаттарынын фондунун (БКФ) түзүмүнө, мазмунуна жана таризделишине карата талаптарды, ошондой эле иштеп чыгуу жана бекитүү тартибин аныктайт.

1.1.2. БКФ НББПны иштеп чыгууда окутуунун натыйжаларынын сапатын жана студенттердин компетенцияларынын калыптануу деңгээлин комплекстүү баалоого багытталган.

1.1.3. Бул жобо институттун ББПларын ишке ашырууну камсыз кылган бардык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан аткарылышы милдеттүү болуп саналат.

1.2. Ченемдик документтер

Бул Жобо төмөнкү документтердин негизинде иштелип чыккан:

  • КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 1.02 №537/1 буйругу.

  • 202__-жылдын ____ -_____________ №_________ буйругу менен бекитилген институттун Уставы.

  • “Профессордук-окутуучулук курамдын окуу жүктөмдөрүнүн көлөмүн пландаштыруу жана эсепке алуу убакыт ченемдери жөнүндө” жобо

1.3. Терминдер жана аныктамалар

Негизги билим берүү программасы - бул окуу планы, календардык окуу графиги, окуу-методикалык комплекстер, программалар, ошондой эле баалоо жана окуу материалдары, практика түрүндө берилген билим берүүнүн негизги мүнөздөмөлөрүнүн (көлөмү, мазмуну, күтүлүүчү натыйжалары), уюштуруучулук-педагогикалык шарттарынын жана аттестациялоо формаларынын жыйындысы.

Окуу планы - институттун бүтүрүүчү кафедралары тарабынан иштелип чыккан жана директор тарабынан бекитилүүчү, студенттин өздөштүрүүсүнө керектүү кредиттерди көрсөтүү менен милдеттүү компоненттер боюнча да, факультативдик компоненттер боюнча да блокторго жана циклдерге топтоштурулган окуу дисциплиналарынын толук тизмесин камтыган документ.

Дисциплинанын окуу-усулдук комплекси - бул адистик даярдоодогу жогорку/орто кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасынын (ЖББ, ОКББ НББП) бир бөлүгү болуп саналган жана окутуунун көлөмүн, мазмунун, тартибин аныктоочу ченемдик документ.

Силлабус бул дисциплинанын окуу-методикалык программасы, анда окулуучу предметтин сыпаттамасы, максаттары жана милдеттери, ар бир сабактын темалары жана узактыгы, өз алдынча иштөө тапшырмалары, консультация берүү убактысы, окутуучунун талаптары, баалоо критерийлери жана негизги жана кошумча адабияттардын тизмесин камтыган дисциплинанын окутуу программасы.

Баалоо каражаттарынын фонду (БКФ) - бул адистиктер жана окутуу профилдери боюнча ББны өнүктүрүүдө окутуунун натыйжаларынын сапатын жана студенттердин компетенцияларынын калыптануу деңгээлин аныктоого багытталган баалоо каражаттарынын, текшерилип, өлчөп-ченелүүчү методикалык материалдардын жыйындысы. Студенттер - бакалавр, специалитет, магистратура жана PhD даражаларынын билим берүү программаларында окуп жаткан адамдар.

Баалоо каражаттары - бул мазмундук элементтери жана татаалдыгы боюнча ар түрдүү болгон текшерүүчү материалдын бирдиги, анын жүрүшүндө студент конкреттүү иш-аракеттерди жасап, компетенттүүлүктүн калыптануу деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берет. Ар кандай деңгээлдеги маселелер жана тапшырмалар баалоо каражаты катары кызмат кыла алат. Компетенттүүлүк - бул студенттин белгилүү бир тармакта натыйжалуу, жемиштүү иш жүргүзүүсү үчүн зарыл болгон билим берүү даярдыгы үчүн алдын ала белгиленген коомдук талап (норма).

Окутуунун натыйжалары - студент окуу процессин аяктагандан кийин кандай билимге, билгичтикке жана көндүмгө ээ боло тургандыгы жөнүндө так билдирүүлөр.

2. Фондду түзүүнүн максаттары, милдеттери жана принциптери

2.1. БКФны түзүүнүн максаты – окутуунун белгилүү бир этабында студенттин даярдыгынын жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын (ЖКББ мамстандарты) талаптарына жана билим берүү программасын ишке ашырууга шайкеш келүүсүн аныктоо.

2.2. БКФ тартиби төмөнкү милдеттерди чечүүгө мүмкүндүк берет:

- студенттердин керектүү билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү жана билим берүү программасында адистикти даярдоонун тиешелүү чөйрөсүндө аныкталган компетенцияларды калыптандыруу деңгээлин өздөштүрүү процессин башкаруу;

- бүтүрүүчүлөрдүн жалпы, кесиптик жана кошумча кесиптик компетенцияларынын жыйындысы катары аныкталган билим берүү программасын ишке ашыруунун максаттарына жетүүнү көзөмөлдөө;

- окуу процессинде студенттин жетишкендиктерин баалоо;

- окутуунун натыйжаларынын кесиптик ишмердиктин милдеттерине шайкеш келишин камсыздоо үчүн институттун окуу процессине салттуу ыкмаларды өркүндөтүү жана окутуунун инновациялык ыкмаларын киргизүү.

БКФ баалоонун негизги принциптерине таянып түзүлөт, алар:

- валиддүүлүк (баалоо каражаттары күтүлүүчү натыйжаларга дал келиши керек);

- ишенимдүүлүк (студенттердин жетишкендиктерин баалоодо бирдиктүү стандарттар жана критерийлер колдонулушу керек);

- адилеттүүлүк (бардык студенттерге бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү);

- өркүндөтүүчүлүк мүнөзү (студенттердин жеке жетишкендиктерин эсепке алуу натыйжаларды жакшыртуу боюнча сунушталган чаралар);

- өз убагында окуу материалдарын өздөштүрүүдө студенттер менен кайтарым байланыш жүргүзүү;

эффективдүүлүк (студенттердин ишмердүүлүктөрүнүн натыйжаларынын коюлган максаттарга жана милдеттерге дал келиши).

3. Баалоо каражаттарынын фондунун түзүмүнө, мазмунуна жана таризделишине талаптар

3.1. Баалоо каражаттарынын фонду төмөндөгүлөргө ылайык келиши керек:

даярдоо адистиги боюнча орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына;

- даярдоо адистиги боюнча негизги билим берүү программасына;

- даярдоо адистиги боюнча окуу планына;

- дисциплинанын окутуу жана практика программасы, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация программасына;

- белгилүү бир дисциплинаны окутууда жана практиканын бардык түрлөрүн уюштурууда колдонулуучу билим берүү технологияларына.

3.2. БКФ студенттердин күтүлүүчү натыйжаларын (билимдерин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн жана практикалык ишмердүүлүгүн) баалоого арналган жана студенттердин билим деңгээлинин билим берүү программасын окутуунун натыйжаларына коюлган талаптарга шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берет. ЖКББ МББСда көрсөтүлгөн бүтүрүүчүлөрдүн компетенциялары жана университет тарабынан докторанттарды (PhD) программалык даярдоо үчүн белгиленген бүтүрүүчүлөрдүн компетенциялары, алар үч деңгээлде айырмаланат:

- негизги (базалык) (ББПны өздөштүрүү аяктагандан кийин бардык студенттер үчүн милдеттүү түрдө);

- өркүндөтүлгөн (бүтүрүүчү үчүн компетенциялардын минималдуу мүнөздөмөлөрүнөн жогорку);

- жогорку (эң жакшы) деңгээл (компетенттүүлүктөрдүн мүмкүн болгон эң жогорку көрүнүшү).

3.3. Татаалдык деңгээлине жараша баалоо каражаттары төмөнкүлөр болушу мүмкүн

- фактылык материалдар (негизги түшүнүктөр, алгоритмдер, фактылар) боюнча билимди баалоого жана диагностикалоого мүмкүндүк берүүчү репродуктивдүү деңгээл жана атайын терминдерди жана түшүнүктөрдү туура колдоно билүү, дисциплинанын белгилүү бир бөлүгүндө изилдөө объекттерин таануу

- конкреттүү тыянактарды түзүү, себеп-натыйжа байланыштарын орнотуу мемен фактылык жана теориялык материалдарды синтездөө, талдоо, жалпылоо жөндөмдүүлүгүн баалоого жана диагностикалоого мүмкүндүк берүүчү реконструкциялык деңгээл;

- көндүмдөрдү баалоого жана диагностикалоого, ар кандай тармактар боюнча билимдерди интеграциялоого жана өз көз карашын талашууга мүмкүндүк берүүчү практикикага багытталган жана/же изилдөө деңгээли

3.4. Баалоо каражаттарынын фондун түзүүдө студенттердин окуудагы жететишкендиктерин жана алардын чыгармачылык потенциалын чагылдырган упайларды топтоо боюнонча баллдыкрейтингдик система эске алынат. Баллдык-рейтингдик система бүткүл семестр бою жүргүзүлөт жана студенттин дисциплинанын (бөлүмдүн) программалык материалынын логикалыык жактктан толтурулган документтештирилген бөлүктөрүн упайларды коюу менен өздөштүрүүүүсүн этап-этабы менен контролдоону билдирет.

3.5. БКФ студенттердин негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүү сапатын баалоо системасынын окуу-методикалык жактан камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү катары студенттердин билим берүү жетишкендиктерин баалоонун ар кандай этаптары үчүн иштелип чыккан. Ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

- окуу дисциплинанын, практиканын, илимий-изилдөө иштеринин жүрүшүнө учурдагы, аралык жана жыйынтыктоочу текшерүү үчүн БКФ;

- жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо үчүн БКФ;

- БКФнын учурдагы текшерүүсү студенттердин окуу ишмердүүлүгүн (анын ичинде өз алдынча) ыкчам жана үзгүлтүксүз башкаруу үчүн колдонулат. Баллдык-рейтингдик көзөмөл системасынын шарттарында студенттин учурдагы баалоонун натыйжалары анын ошол учурдагы рейтингинин көрсөткүчү катары колдонулат.

- БКФнын аралык текшерүүсү белгиленген мөөнөттө модулду окуу аяктагандан кийин, студенттердин күтүлүүчү окутуу натыйжаларына жетишүү даражасын баалоого арнаналган.

- студенттердин дисциплина боюнча жыйынтыктоочу (семестрдик) текшерүүсү окуу планында белгиленген формада дисциплинаны окуп бүткөндөн кийин, күтүлүүчү окутуу натыйжаларына жетишүү даражасын баалоого арналган: экзамен, тест, дифференцияланган тест, курстук иш (долбоор), бүтүрүү квалификациялык иши (дипломдук долбоор). Экзамендик документтердин топтомуна экзамендин/тесттин жыйынтыгы боюнча кафедранын жыйынында иштелип чыккан жана бекитилген баалоо критерийлери тиркелет.

3.6. Компетенттүүлүктөрдү калыптандыруунун ар бир конкреттүү деңгээли үчүн окутуунун күтүлүүчү натыйжаларын бөлүп көрсөтүү зарыл: "билим", "билгичтик", "көндүм”. Алар төмөнкүдөй мааниге ээ:

- "билим" - окуу материалын талап кылынган илимий тактык жана толуктук даражасы менен айтып берүү жана түшүндүрүү;

- "билгичтик” – стандарттуу чечимдердин алгоритмдерин иштеп чыгуунун негизинде типтүү маселелерди чечүү;

- "көндүм" - окуу ишмердүүлүгү боюнча тажрыйба топтоо процессинде түрдүү кырдаалдарда алган билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн негизинде татаал маселелерди чечүү жана бул тажрыйбаны башкаларга бере билүү.

Практика үчүн БКФ окуу планында белгиленген форма боюнча практикадан өткөндө (кесиптик билгичтиктерди жана көндүмдөрдү кесиптик тажрыйбаны алуу) окутуунун күтүлүүчү натыйжаларына жетишүү даражасын баалоого арналган. Баалоо практика күндөлүгүндө жана практикалык отчетто чагылдырылган практиканын жыйынтыктарынын негизинде жүргүзүлөт. Баалоонун формасы бул студенттердин жалпы көрсөткүчтөрүн чыгарууда эске алынуучу баалоо менен практика боюнча отчетту коргоо.

Илимий изилдөө иштеринин БКФсы окуу планында белгиленген формада изилдөө иштерин аяктагандан кийин күтүлүүчү натыйжаларына жетишүү даражасын жана студенттердин пландалган компетенцияларды өздөштүрүү деңгээлин баалоого арналган. Илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча баалоо докладды коргоонун негизинде жүргүзүлөт, анын баасы студенттердин жалпы жетишкендиктерин чыгарууда эске алынат.

Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациянын БКФсы орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына орто окуу жайы (коллеж) тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген негизги билим берүү программасын студенттердин өздөштүрүүсүнүн натыйжаларын баалоого арналган.

3.7. Студенттердин дисциплинадагы/практикадагы жетишкендиктерине учурдагы, аралык жана жыйынтыктоочу мониторинг жүргүзүү үчүн БКФ төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) окуу дисциплинасын баалоо каражаттарынын фондунун паспорту төмөнкүлөрдөн турат:

- дисциплинаны өздөштүрүүнүн натыйжасында түзүлгөн компетенциялардын тизмеси,

- окуу дисциплинасын өздөштүрүүнүн күтүлүүчү натыйжалары;

- дисциплина боюнча жетишкендиктерди баалоо каражаттары;

- дисциплинанын текшериле турган темалары (бөлүмдөрү) жана баалоо каражаттарынын аталыштары;

- баалоо критерийлери;

2) дисциплина боюнча тапшырмалардын тизмеси, анын ичинде типтүү тесттик тапшырмалар жана/же дисциплинаны окутуунун күтүлүүчү натыйжаларын баалоо үчүн зарыл болгон башка материалдар.

3) дисциплинаны/практиканы өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо жол-жоболорун аныктоочу методикалык материалдар/сунуштар.

3.8. Изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн БКФ төмөнкүлөрдү камтыйт:

- билим берүү программасын өздөштүрүү процессинде алардын калыптануу этаптарын көрсөтүүчү компетенциялардын тизмеси;

- компетенцияларды калыптандыруунун ар кандай этаптарында баалоо критерийлеринин сыпатталышы;

- компетенцияларды калыптандыруунун этаптарын мүнөздөгөн билимди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү жана тажрыйбаны баалоо жол-жобосунун критерийлери;

- компетенцияларды калыптандыруунун этаптарын мүнөздөгөн билимди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү жана тажрыйбаны баалоо жол-жоболорун аныктаган методикалык материалдар/сунуштар.

3.9. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо үчүн БКФ төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ББПны окутуунун натыйжасында студенттер өздөштүрүүгө тийиш болгон компетенциялардын тизмеси;

- компетенцияларды баалоонун көрсөткүчтөрүнүн жана критерийлеринин сыпатталышы;

- жыйынтыктоочу мамлекеттик экзаменге даярдануу үчүн суроолордун тизмеси, билим берүү программасын өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо үчүн зарыл болгон тесттик тапшырмаларды же башка материалдарды;

- жыйынтыктоочу квалификациялык иштердин темалары;

- билим берүү программасын өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо тартиби.

3.10. БКФ баалоо каражаттарынын төмөнкү түрлөрүн камтышы мүмкүн (3-тиркеме):

- тесттик тапшырмалар;

- рефераттардын, баяндамалардын, дилбаяндардын темаларынын тизмеси;

- экзамен/тест үчүн суроолордун тизмеси (дифференцирленген тест);

- окутуунун интерактивдүү ыкмаларынын тизмеси (бизнес/ролдук оюндар, кырдаалдарды талдоо боюнча тапшырмалар ж.б.);

- курстук иштердин темаларынын тизмеси;

- тесттерге тапшырмалар;

- эсептөө жана графикалык тапшырмалар;

- студенттердин илимий иштери үчүн темалардын тизмеси;

-жеке практикалык тапшырмаларды аткаруу үчүн тапшырмалардын/суроолордун тизмеси;

- жыйынтыктоочу квалификациялык иштердин темаларынын тизмеси;

- башка баалоо каражаттары.

4. БКФны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби

4.1. БКФ кафедрага бекитилген ар бир дисциплинага жана практикага иштелип чыгат. Эгерде ар кандай профилдеги окуу адистигинин алкагында бир эле предмет анын мазмунуна жана өздөштүрүү натыйжасына бирдей талаптар менен окутулса, анда ал үчүн бирдиктүү БКФ түзүлөт. Окутуунун ар кандай даярдоо адистиктери үчүн бирдей аталыштагы дисциплинада бирдиктүү БКФны иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу бул дисциплинаны окутууну камсыз кылган кафедранын чечими менен аныкталат.

4.2. БКФны иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн ББПнын жетекчиси (кафедра башчысы) жооптуу.

4.3. БКФны өнүктүрүүнүн түздөн-түз аткаруучулары дисциплиналардын окутуучулары жана практика жетекчилери болуп саналат.

4.4. БКФ кагаз жана электрондук вариантта даярдалат жана даярдоо адистик боюнча билим берүү программасына тиркемелерди түзгөн документтердин бир бөлүгү болуп саналат.

4.5. БКФ даярдоо адистиктеги НББПнын өзгөртүлүшү боюнча дисциплина, практика жана ЖМА үчүн БКФ жаңыртылышы керек.

4.6. БКФны жаңылоо же өзгөртүү жөнүндө чечим кафедранын же түзүмдүн отурумунда кабыл алынат.

4.7. Окутуунун дистанттик формасын колдонуу процессинде институт студентке жекече БКФ мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

4.8. БКФны майыптар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн иштеп чыгууда, БКФга (зарыл учурда) психофизикалык өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрүн, студенттердин жеке мүмкүнчүлүктөрүн жана ден соолугунун абалын эске алган адаптациялоочу баалоо каражаттары жана окуу-методикалык материалдары кирет.

4.9. БКФны иштеп чыгууда жана бекитүүдө анын мазмунунун окутуунун натыйжаларына жана келечектеги кесиптик ишинин маселелерине шайкеш келиши камсыз кылынууга тийиш.

4.10. БКФ дисциплинаны окутууну камсыз кылган кафедранын, бөлүмдүн же ПЦКнын жыйналышында каралат жана бекитилет.

4.11. БКФ НББПны жаңыртуу учурунда өзгөртүлөт. Баалоо каражаттарын жаңылоо, өзгөртүү, жокко чыгаруу же БКФга жаңылык киргизүү жөнүндө чечим кафедранын, бөлүмдүн же ПЦКнын жыйналышында кабыл алынат.

4.12. Баалоо каражаттарынын фонддору тышкы эксперттердин: адистештирилген уюмдардын учурдагы жетекчилеринин жана кызматчыларынын ичинен иш берүүчүлөрдүн, ошондой эле тиешелүү билим берүү тармактарынын окутуучуларынын, баалоо каражаттарын иштеп чыгуу жана сертификациялоо боюнча адистердин экспертизасынан өтүүгө тийиш. Экспертизанын натыйжалары документтештирилет (эксперттин корутундусу же рецензия).

5. Дисциплинанын БКФсын иштеп чыгуу боюнча методикалык көрсөтмөлөр

Баалоо каражаттарынын болжолдуу тизмеси: коллоквиум (К), тесттер (Т), текшерүү иши (ТИ), долбоор (Д), чыгармачыл тапшырмалар (ЧТ), ролдук оюндар (РО), тегерек стол (ТС), дискуссия, диспут, дебаттар, кейс тапшырма (кейс-стади) (КС), интервью (И), доклад, кабар, реферат (Р), эссе (Э), портфолио (П), түрдүү деңгээлдеги тапшырмалар (ТДТ), презентация (През), конспект, аннотация (А) ж.б.

Ар бир дисциплинанын өзгөчөлүктөрүнө ылайык баалоо каражаттары өзүнчө түзүлөрү эске алынышы керек. Баалоо каражаттары дисциплинанын бардык темалары (бөлүмдөрү) үчүн түзүлүшү керек. Жогоруда белгиленгендей, баалоо каражаттары берилген компетенциялардын жана билим, билгичтик жана көндүмдөр түрүндө туюндурулган дисциплинанын окутуу натыйжаларынын негизинде иштелип чыгышы зарыл (табл. 5.1.).

5.1. Дисциплинанын темалары боюнча баалоо каражаттары

Дисциплинанын темаларынын номери жана аталышы.

Компетенциянын коду

Дисциплинанын пландаштырылган окутуу натыйжалары

Баалоо каражаттары

1-тема _____________

___________________

ОК 1

____________ билет

________ жасай алат

Тест, Булактардын конспектилери

2-тема _____________

___________________

ПК 14

________ жасай алат

__________ээ болот

доклад, долбоор

ж.б.

ПК11

____________ билет

кейс-стади

Баалоо каражаттарынын фондунун паспортун түзүү сунушталат (табл. 6.2).

5.2. Дисциплина боюнча баалоо каражаттарынын фондунун паспорту

Дисциплиналардын темаларынын (бөлүмдөрүнүн) номери жана аталышы

Берилген компетенциянын (же анын бөлүгүнүн) коду

Баалоо каражатынын аталышы


Тесттер

Башка түрлөрү

Саны

1-тема _____________

___________________

ОК 1

6 вар.

конспект үчүн иштердин аталышы

5

2-тема _____________

___________________

ПК 14

-

аңгемелешүүнүн суроолору, докладдар үчүн тематикалардын комплекти

15

20

ж.б.

ПК11

5 вар.

кейс-стади үчүн тапшырмалар

10

БКФда баалоо каражаттарынын ар бир түрүнүн критерийлери көрсөтүлүүгө тийиш. Баалоо каражаттарынын түрдүү формалары үчүн жалпы критерийлерди бөлүп көрсөтүүгө болот.

5.3. Баалоо каражаттарынын ар түрдүү формалары үчүн жалпы критерийлер

  • Текшерилүүчү теориялык материалды толук билүүсү (50%, 51% ... чейин);

  • Текшерилүүчү практикалык материалды толук билүүсү, типтүү маселелерди чече билүү билгичтиктерин жана көндүмдөрүн көрсөтүүсү, типтүү тапшырмаларды/ көнүгүүлөрдү казустарды аткарышы (50%, 51% ... чейин);

  • Берилген теориялык, илимий, энциклопедиялык булактардан негизги (маанилүү маалыматты ала билүү жана пайдалана билүү билгичтиги;

  • Өз алдынча тапкан теориялык булактардан маалыматтарды сабаттуу пайдалана билүү, топтоо, системалоо, талдоо билгичтиктери;

  • Теориялык жоболорду иллюстрациялоо үчүн практикалык материалды сабаттуу пайдалана билүү жана топтоо, системалаштыруу, талдоо билгичтиктери;

  • Үйрөнгөн методдордун, ыкмалардын, технологиялардын негизинде көйгөйдү/маселени өзалдынча чече билүүсү;

  • Өз оюн сабаттуу, так, туура, логикалуу баяндай алуусу, корутундуларды жана тыянактарды чыгара билүүсү;

  • Баяндоонун берилген формасын (доклад, эссе, ж.б.) сактай алуусу;

  • Глобалдык түйүндөрдүн (интернет) ресурстарынан пайдалана билүүсү;

  • Нормативдик документтерди пайдалана билүүсү;

  • Кесиптик ишмердиги менен байланышкан документтерди түзө жана колдоно билүүсү;

  • Көйгөйдү аныктоо, түзө билүүсү жана аны чечүүнүн жолдорун таба билүүсү;

  • Илимдин, техниканын жана түрдүү тармактардын учурдагы абалын анализдей алуусу;

  • Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде өз алдынча чечим кабыл ала билүүсү;

  • Негизги (үйрөнүлгөн) колдонмо программалык каражаттарды пайдаланууга даярдыгы жана колдоно билүү билгичтиги;

  • Аткарылган иштин мазмуну боюнча презентацияларды түзө билүүсү ж.б.

5.4. Экзамендеги баалоонун критерийлери

Экзаменде баа коюу объективдүүлүк, акыйкаттуулук принциптеринин, студенттердин билим сапаттарын ар тараптан анализдөөнүн негизинде жана үйрөнүүчүлөрдүн билимдерин баалоонун ишенимдүүлүгүнт жогорулатууга өбөлгө болуучу, субъективдүү факторлорду четтетүүчү башка жоболордун негизинде жүргүзүлөт.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин учурдагы нормативдик актыларына жана сунуштарына ылайык гуманитардык, табигый, техникалыкж.б. дисциплиналар боюнча экзамендерде баа коюунун төмөнкү критерийлери көрсөтүлгөн:

- «эң жакшы» деген баа экзаменде программалык окуу материалы боюнча ар тараптуу, системалуу жана терең билимин көрсөтө алган, программада каралган тапшырмаларды эркин аткара билген, сунушталган негизги адабияттарды өздөштүргөн жана кошумча адабияттар менен таанышкан студентке коюлат. Эреже катары «эң жакшы» деген баа дисциплинанын негизги түшүнүктөрүнүн өз ара байланыштарын жана алардын өз кесиби үчүн маанисин өздөштүргөн, программалык окуу материалын түшүнүүдө, баяндоодо жана колдонууда чыгармачыл көндүмдөрүн көрсөтө алган студенттерге коюлат;

- «жакшы» деген баа экзаменде программалык окуу материалы боюнча толук билим алган, программада каралган тапшырмаларды ийгиликтүү аткара алган, сунушталган негизги адабияттарды өздөштүргөн студентке коюлат. Эреже катары «жакшы» деген баа дисциплина боюнча билимдерин системалуу мүнөздө көрсөтө алган жана аларды андан аркы окуу ишинде, кесиптик ишмердүүлүгүндө өз алдынча аткарууга жана жаңылап турууга жөндөмдүү студентке коюлат;

- «канааттандырарлык» деген баа негизги окуу материалын андан аркы окуусу жана кесиби боюнча алдыда турган иштери үчүн зарыл болгон көлөмдө билген, программада каралган тапшырмаларды аткарып кете ала турган, сунушталган негизги адабияттар менен тааныштыгы бар студентке коюлат. Эреже катары «канааттандырарлык» деген баа экзамендик тапшырмаларды аткарууда жообунда катачылыктарга жол берген, бирок окутуучунун жетекчилиги астында аларды жоюу үчүн зарыл болгон билимдерге ээ студентке коюлат;

- «канааттандырарлык эмес» деген баа программалык негизги окуу материалы боюнча билимдерин үзгүлтүккө учураткан, программада каралган тапшырмаларды аткарууда принципиалдуу каталарга жол берген, сунушталган негизги адабияттар менен таанышпаган, дисциплина боюнча каралган жана курстун тиешелүү программасына ылайык аныкталган (студенттер өздөштүрүүгө тийиш болгон негизги билимдердин жана билгичтиктердин тизмеси жумушчу программанын милдеттүү элементи болуп саналат) базалык билимдерди өздөштүрбөгөн студентке коюлат. Баалоо "Окуу процессин уюштуруу” жөнүндө жобонун модулдардын технологиялык картасына, баалоо картасына жана сабак учурунда балл топтоо торчосуна ылайыкташтырылып жүргүзүлөт.

6. Студенттердин жетишүүсүнө үзгүлтүксуз мониторинг жүргүзүү, дисциплина боюнча студенттерди аралык аттестациядан өткөрүү үчүн БКФны долбоорлоого жалпы талаптар

6.1.1. Баалоо каражаттарынын фондунун курамы төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт:

1. БКФнын титул барагы.

2. Жалпы жоболор.

3. Компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар.

4. Усулдук материалдар.

6.1.2. Титулдук баракча студенттердин жетишүүсүнө үзгүлтүксүз мониторниг жүргүзүү үчүн, дисциплина боюнча студенттерди аралык аттестациялоо үчүн БКФнын биринчи барагы болуп саналат жана негизги реквизиттерди камтыйт (1-тиркеме):

- кафедра, же бөлүм, ПЦК;

- дисциплинанын аталышы;

- окутуу багытынын коду жана аталышы;

- окутуу профили/багыты,

- окутуу формасы;

- окуу жылы.

Титулдук барактын арткы бетинде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

- БКФнын түзүүчүсү/түзүүчүлөрү;

- бекитилген күн жана протоколдун номери;

-башка маалыматтар.

6.1.3. Жалпы жоболор.

"Жалпы жоболор" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт (Окутуу программасынан алынат):

- компетенттүүлүккө жетишүү көрсөткүчтөрү менен дисциплинаны окутуунун күтүлүүчү натыйжаларынын тизмеси;

- окутуунун натыйжалары менен өз ара байланышта болгон компетенцияларды баалоонун жалпы көрсөткүчтөрү жана критерийлери;

- студенттердин окуу материалын өздөштүрүүсүн баалоо тартиби.

6.3. «Компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар» бөлүмү студенттердин билимин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн, практикалык тажрыйбаларын баалоо үчүн зарыл болгон типтүү тапшырмаларды ж.б. материалдарды камтыйт. (2-тиркеме)

6.4. «Усулдук материалдар» бөлүмүндө дисциплинанын окутуу программасынын адабияттар тизмесинде көрсөтүлгөн методикалык материалдарга жана электрондук ресурстарга шилтемелер көрсөтүлөт. (Окутуу программасынан алынат).



1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги

ОшТУнун акаадемик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык

Өзгөн технология жана билим берүү институту

ТТИ ПЦКсы

МАКУЛДАШЫЛДЫ

ОМКнын төрагасы ________________

2025-жылдын _______________

№____ протоколу

БЕКИТИЛДИ

ПЦК төрагасы __________________

2025-жылдын _______________

№____ протоколу





















БААЛОО КАРАЖАТТАРЫНЫН ФОНДУ

__________________________________________________________________________

(адистиги, коду)

___________________________________________________________________________

(дисциплинанын аталышы)

БКФны иштеп чыккандар:

1. _______________________________________ ______________________

(кызматы, окумуштуулук даражасы, наамы) (аты-жөнү)

2. _______________________________________ ______________________

(кызматы, окумуштуулук даражасы, наамы) (аты-жөнү)

3. _______________________________________ ______________________

(кызматы, окумуштуулук даражасы, наамы) (аты-жөнү)



Өзгөн, 2025



2-тиркеме

Компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалардын үлгүсү

Ишмердүү лүктүн түрлөрү

Аныктамасы

Баалоо критерийлери

УТ, АТ

1.

Глоссарий түзүү

дисциплинадагы негизги терминдерди жана түшүнүктөрдү чечмелөө менен чогултуу

1. Сүйлөмдүн тактыгы - 1 б.

2. Жооптун толуктугу - 1 б.

3. Терминдердин саны 1 б.

СӨАИ - 3 6.

2.

Терминол огиялык сурамжыло

конкреттүү тема боюнча белгилүү сандагы терминдерди оозеки суроожооптор


Баалоо критерийлери

Жогору

Орто

Төмөн

1. Терминге автордук аныктама берүү

2

1

0.3

2. Терминдин формулировкасын ын ачыктыгы жана тактыгы

1

0.5

0.2

3. Оюнун негиздүүлүгү

1

0.5

0.2

4. Мисалдардын берилиши

1

1

0.1

Жыйынтыгы

5б.

3б.

1б.


СӨАИ №1

AT -5б.

3.

Тестирлөө

Тест – бул окутуучу студенттин керектүү билимге билгичтикке, көндүмгө канчалык деңгээлде жеткендигин баалоочу каражат

Тандалган туура жооп - 0,5 балл

1 AT - 10 б.

4.

Венндин диаграммасын түзүү

диаграмма - салыштырылуучу фактылардын, түшүнүктөрдүн, идеялардын жана кубулуштардын графикалык организатору

Критерии оценивания

1. Выделение 5-7 параметров сравнения. 0,5 б.

2. Точность указания отличительных признаков. 0,5 6.

3. Точность указания общих признаков. 0,5 б.

4. Эстетическое оформление. 0,5 б.

СРСП – 2б.

МАКУЛДАШЫЛДЫ:

1. Окуу иштери боюнча директордун орун басары

2. Окутуунун күндүзгү бөлүмүнүн башчысы