СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бөлчөктөрдү көбөйтүү

Категория: Алгебра

Нажмите, чтобы узнать подробности

7-класс Алгебра Бөлчөктөрдү көбөйтүү

Просмотр содержимого документа
«Бөлчөктөрдү көбөйтүү»

Тема: Рационалдык сандарды көбөйтүү жана бөлүү


Сабактын максаты: а) Билим берүүчүлүк максаты: окуучулар бул тема жөнүндө түшүнүк алышат жана берилген көнүгүүлөрдү өз алдынча иштей алышат;

б) Өнүктүүрүчүлүк максаты: алардын тапкычтыгы өз алдынча иштөөсү, сөзгө чечендиги, зээндүүлүгү артат;

в) Тарбия берүүчүлүк максаты: окуучулар адептүүлүккө, өзүн-өзү башкарууга, кичи пейилдикке, маданий жүрүм-турумга жана ынтымактуулукка тарбияланышат;


Сабактын жабдылышы: окуу китеби, карточка, плакат, интерактивдүү

доска, слайд, ватман, маркер.


Сабактын формасы: топтор менен иштөө


Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу:

а) окуучулар менен саламдашуу;

б) окуучулардын сабакка катышуусун текшерүү;

в) аларды топторго бөлүштүрүү;

г) үй тапшырмаларын текшерүү;

д) айланма дептерлерди алмаштыруу;


2. Өтүлгөн материалдарды кайталоо:

1-топ

Натуралдык сандар

2-топ

Бүтүн сандар

3-топ

Рационалдык сандар

Суроо-жооп

  1. Рационалдык сандарды сан огунда кандай белгилейбиз?

  2. Рационалдык сандарды кошуу үчүн кандай иш аткарабыз?

  3. Рационалдык сандарды кемитүүдө кандай эрежелерден пайдаланабыз?

  4. Ар бир суроо боюнча мисал берилет:


1-топ

  1. 75-109=-(109-75)=-34



  1. −58+58=0


  1. 64,37+33,21-21,56=97,58-21,56=76,02

2-топ

  1. -47+61=61-47=14


  1. -53+(-21)=-(53+21)=-74


  1. 2,7-(-1,5)=2,7+1,5=4,2



3-топ

  1. -29+(-61)=-(29+61)=-90


  1. -2,5+(-5,4)+21,52=-(2,5+5,4)+21,52=-7,9+21,52=21,52-7,9=13,62


  1. -4,3-7,6=-(4,3+7,6)=-11,9



Окуучулар карточкалар аркылуу бааланышат.


3. Жаңы теманы түшүндүрүү:

Балдар силер натуралдык сандарды жана бөлчөк сандарды көбөйтүүнү жана бөлүүнү билесиңер. Рационалдык сандарды көбөйтүү жана бөлүү амалы оң рационалдык сандарды көбөйтүүгө жана бөлүүгө окшош. Бул учурда да көбөйтүү жана бөлүүнү касиеттери сакталат. Бирок мында, көбөйтүүчүлөрдүн белгилерин эске алууга туура келет. Ага байланыштуу төмөндөгү маселени карап көрөлү.

Маселе: Абанын температурасы 10 ка жогорулаганда термометрдин сымап мамычасы 3 мм ге жогору көтөрүлөт. Эгерде абанын температурасы: а)+100 ка; б) -50 ка өзгөрсө, анда сымап мамычасынын бийиктиги кандай өзгөрөт?

Чыгаруу:

а) 3 ммּ10=30 мм б) 3 ммּ(-5)=-15мм

Ошентип : Ар түрдүү белгидеги эки санды көбөйтүү үчүн алардын модулдарын көбөйтүп, натыйжасын минус белгиси менен жазуу керек. Мисалы:

Эми эки терс сандын көбөйтүндүсүн карап көрөлү.

(-6)ּ(-5)=-(6ּ(-5))=-(-30)=30

Ошентип: Бирдей белгидеги эки санды көбөйтүү үчүн алардын модулдарын көбөйтүп, натыйжасын плюс белгиси менен жазуу керек.

2) -7ּ(-13)=7ּ13=91

Көбөйтүүнүн эрежелерин пайдаланып, ар кандай а саны үчүн төмөндөгү формулалар туура болорун белгилеп кетебиз:


аּ0=0; 0ּа=0

аּ(-1)=-а; -1ּа=-а

Эми рационалдык сандарды бөлүүнү карайлык. Бөлүү көбөйтүү амалы менен байланышта. Ар түрдүү белгидеги эки сандын тийиндисин табуу үчүн бөлүнүүчүнүн модулун бөлүүчүнүн модулуна бөлүп, натыйжасын минус белгиси менен жазуу керек.

1)

2) 27:(-4)=-(27:4)=-6,75

4) 12,9:(-0,3)=-(12,9:0,3)=-4,3


Бирдей белгидеги эки сандын тийиндисин табуу үчүн бөлүнүүчүнүн модулун бөлүүчүнүн модулуна бөлүп, натыйжасын плюс белгиси менен жазуу керек.

2) -12,8:(-4)=12,8:4=3,2

Эгерде бөлүнүүчү 0 гө барабар, ал эми бөлүүчү 0 гө барабар эмес болсо, анда тийинди 0 гө барабар болот.

0:а=0, а≠0 а:(-1)=-а

Санды 0 гө бөлүүгө болбойт.

4. Бышыктоо:

Топторго дэңгэлине жараша мисалдар берилет.

1-топ:

  1. (-3,5)ּ6=-(3,5ּ6)=-21


  1. (-48)ּ(-15)=48ּ15=720

  2. 0ּ(-4,6)=0


  1. -700:(-25)=700:25=28



  1. 0:(-5,26)=0


2-топ:

  1. -3,2ּ0,5=-(3,2ּ0,5)=-1,6


  1. -1,01ּ(-0,02)=1,01ּ0,02=0,0202



  1. 46,8:(-1,2)=-(46,8:1,2)=-39


  1. 9:(-0,1)=-(9:0,1)=-90



3-топ:



  1. (-30)=-(4,2:30)=-0,14


  1. 3,2):(-8)=3,2:8=0,4



  1. 25ּ0,67=-(25ּ0,67)=-16,75

5.Үйгө тапшырма:

491

  1. (-6)ּ5=-30

  2. 9ּ(-8)=-72

  3. (-7)ּ(-8)=56

  4. 12ּ(-0,5)=-6

  5. (-4,5):9=-0,5

  6. 45:(-9)=-5

  7. (-48):(-6)=8

  8. 6,5:(-1)=-6,5

  9. 5,06ּ(-6,05)=-30,613

10) -0,85:(-0,5)=1,7


6. Окуучуларды баалоо: Ар бир топ өзүнчө бааланат.