Просмотр содержимого документа
«Бөлчөктөрдү салыштыруу,бирдей бөлүмгө келтирүү»
5-класс. Математика
Тема:
Бөлчөктөрдү салыштыруу.
Бөлчөктөрдү бирдей
бөлүмгө келтирүү
Саттарова Г.А
Сабактын максаты:
Бөлчөктөрдү салыштырууну,
бөлчөктөрдү бирдей бөлүмгө
келтирүүнү үйрөнүү
Бөлүмдөрү бирдей болгон
бөлчөктөрдүн кайсынысынын алымы чоң болсо, ошонусу чоң , ал эми кайсынысынын алымы кичине болсо , ошонусу кичине бөлчөк болот.
Алымдары бирдей болгон
бөлчөктөрдүн кайсынысынын бөлүмү кичине болсо, ошонусу чоң , ал эми кайсынысынын бөлүмү чоң болсо , ошонусу кичине бөлчөк болот.
Эгерде координаталык шоола
солдон оңго карай багытталып
турса , анда чоң санга туура
келген чекит кичине санга
туура келген чекиттин оң
жагында жатат.
Эгерде координаталык шоола
солдон оңго карай багытталып
турса , анда кичине санга
туура келген чекит чоң санга
туура келген чекиттин сол
жагында жатат.
Бөлчөктөрдү жаңы бөлүмгө
келтирүүнүн максатында
анын алымы менен бөлүмүнө
көбөйтүлүүчү сан кошумча
көбөйтүүчү деп аталат.
2 -кошумча көбөйтүүчү
3 -кошумча көбөйтүүчү
Бөлчөктөрдү жалпы бөлүмгө келтирүү үчүн:
1)Берилген бөлчөктөрдүн бөлүмдөрүнүн
жалпы бөлүнүүчүсүн (ЭКЖБ) табабыз, ал
(эң кичине) жалпы бөлүм болот.
2)Жалпы бөлүмдү берилген бөлчөктөрдүн
бөлүмдөрүнө бөлүү аркылуу алардын
тиешелүү кошумча көбөйтүүчүлөрүн
табабыз;
3)Ар бир бөлчөктүн алымын да,бөлүмүн да
анын кошумча көбөйтүүчүсүнө көбөйтөбүз.