Сабак: Кыргыз тили жана окуу 4-класс
Сабактын темасы: Боорсок кантип жасалат?
Сабактын тиби: билимдерди жана билгичтерди өздөштүрүү сабагы.
Сабактын усулу: интерактивдүү
Сабак өтүүнүн формасы: суроо жооп, аңгемелешүү, өз ара окутуу, оюн ж.б.
Сабактын жабдылышы: китеп, түстүү сүрөттөр, кластер ж.б.
№ | Сабактын максаты: |
1 | Билим берүүчүлүк: окуучулар кимди? эмнени? суроолоруна жооп берүүгө машыгат, -ыш (-ш, -ба) керек формасын колдоно алат, боорсоктун жасалыш жолун үйрөнүп түшүнүгүн кеңейтет |
2 | Өнүктүрүүчүлүк: окуучуларды өз оюн эркин айтууга, сүйлөө маданиятына, алган билимдерин пайдалана билүүгө өнүктүрүү; боорсоктун жасалуу жолун үйрөтүү |
3 | Тарбия берүүчүлүк: окуучуларды меймандостукка, нан, боорсоктун улуулугун түшүнүп сыйлоого, үй жумушуна жардам берүүгө тарбиялоо |
Негизги компетенттүүлүк
Маалыматтык;
Социалдык – коммуникативдик:
Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү
№ | Предметтик компетенттүүлүк |
ПК1 | Жаңы лексикалык сөз айкашындагы тыбыштарды туура айтат. |
ПК2 | Окуу китебинде берилген текстти тыным жасап окуйт. |
ПК3 | Сүрөттөргө сүйлөм түзүү менен сөз байлыгын өстүрүшөт |
ПК4 | Тексттен кимди? эмнени? деген суроолорду, -ыш керек формасын аныктайт. |
ПК5 | Тексти адабий тилде көркөм окуп, түшүндүрүп, которо алат. |
Күтүлүүчү натыйжалар:
-кимди? эмнени? суроолоруна жооп бере алат; -жаңы лексикалык сөздөрдүн маанисин түшүнүп, сүйлөм түзө алат; -ыш керек формасын колдоно алат. -көркөм окуунун ыкмаларын өздөштүрүшөт; - так жана туура сүйлөөгө аракет кылышат; -сүрөт боюнча суроолорго жооп бере алат; -орус тилинен кыргыз тилине которо алат; -топто, жуп менен иштей алат. |
Сабактын жүрүшү:
Сабактын этаптары
1. Окуучуларды сабакка уюштуруу
Мугалимдин ишмердүүлүгү:
Саламдашуу, окуучуларды журнал боюнча жоктоо. Мотивация берүү
Кайырлуу күн досум,
Кайырлуу күн болсун.
Маанайыбыз көтөрүңкү,
Шаттыкка толуп турсун,
Биздин алган баабыз,
Жалаң гана беш болсун.
Балдар, келгиле, кыргызча саламдашалы. Бири-бириңер менен кол алышып учурашкыла.
Жагымдуу сөз айтып, бүгүнкү сабакка ийгилик каалагыла.
Анда жагымдуу маанай менен сабакты баштайбыз. Даярсыңарбы?
Окуучулар.саламдашуу, сабакка көңүл буруп, бири- бирине жагымдуу маанай каалоо.
2. Актуалдуу маселелер
Мугалим: Балдар биз өткөнкү сабакта меймандостук жөнүндө сүйлөшкөнбүз. Кана балдар меймандос деген эмне экен?
Кыргыздардын айкөлдүгү, меймандостугу жөнүндө уламыштар бар. Конок дасторконго отургузулбаган, жыпар жыттуу чай куюп, кой союп жилик тартпаган бир дагы кыргыз үйү жок. Нан азыктары дайыма дасторкондун өзгөчө жасалгасы болуп келген. Ал эми кыргыздарда эң кеңири таралган камыр тамак - бул боорсок. Боорсоксуз бир дагы дасторкон жайылбайт. Силерге боорсок жагыбы? Анда бүгүнкү сабак боорсок тууралуу болмокчу.
Сабактын темасы: “Боорсок кантип жасалат?”
Демек сабакта эмне жөнүндө сүйлөшөбүз? Сабактын максаты кандай?
Окуучулар суроолорго жооп берип, сабактын максатын айтышат
3.Жаңы теманы түшүндүрүү
КЕЛГИЛЕ, СҮЙЛӨШӨЛҮ:
Мугалим: Үлгүгө таянып суроого жооп бергиле.
Кыргыз улуттук тамак ашынан сага кайсы тамак жагат?
М: Мага чучук жагат. Анткени мен камырды жакшы көрөм
Келгиле бүгүн биздин сабакка керек болчу жаңы сөздөр менен таанышып алалы. Биринчи хор менен кайталайсыңар анан жекече окуйсуңар.
Жаңы сөздөрдү эсиңерге туткула! ачыткы – дрожжи камыр журуу – месить тесто өсүмдүк майы – ростительное масло чара – большая чашка унду элеш керек – надо просеять муку көтөрүлөт - поднимается |
Мугалим: Балдар эми ушул сөздөргө сүйлөм түзгүлө.
М: Боорсок 1-2 сааттан кийин көтөрүлөт. Боорсок өсүмдүк майына бышырылат.
Боорсок камырдан жасалат. Камырга ачыткы кошулат.
Окуучулар жаңы лексикалык сөздөрдү айтып, сүйлөм түзүшөт.
Мугалим: Балдар окуу китептин 61 бетиндеги сүрөттү карагыла.
Сүрөттө кимдерди көрүп турасыңар?
Алар эмне кылып жатышат?
Силер боорсок жасаганды билесиңерби?
Окуучулар сүрөт боюнча суроолого жооп беришет.
Топто иштөө: “Болжолду сүйлөмдөр” оюну
Мугалим: Балдар азыр мен сөз айтам силер аз убакыт ичинде ал сөзгө көз айкаштарын же сүйлөм түзгүлө. Кайсы топ тез убакытта сөз айкаш жана сүйлөм түзсө жеңичүү аталат.
М: Ун сөзү. Унду элейт. Боорсоко унду ээлеп кошот.
Камыр сөзү. Камырды жууруйт. Унду сууну куюп, камыр жууруйт.
Окуучулар мугалим айткан сөзгө сөз айкаш же сүйлөм түзөт.
Келгиле балдар эми биз түзгөн сүйлөм менен текст дал келеби карайлы. Алтынай деген кыз боорсокту кантип жасаларын жазган текстти окуйбуз. Эмнени? Деген суроого жооп беребиз. Биринчи мен окуп берем. Кийин силер окуйсуңар.
Окуучулар кезектешип окушат, бири-бирине суроо берип, жооп алышат.
“Ыр сандык”
Мугалим: Балдар биз сабактын башында, кыргыз элин мейман дос дедик, келгиле анда эс алуу максатында кыргыз элинин “Кел жигиттер, кел кыздар” ырын хор ырдайлы.
Ырдамак биздин салтыбыз, Ырыстуу кыргыз калкыбыз. Ылгабай кары жашыбыз Ыр менен чыккан даңкыбыз | Кел жигиттер, кел кыздар Келип көңүл ачалы. Бүгүн кечти шаңдантып, Кызыгына баталы.. |
Окуучула обонду ыр ырдашат
Мугалим: Эми балдар эки топ берилген сөздөргө суроо бергиле.
1-топ. 2-топ
Эмнени? Кимди?
Ун+ду атам+ды
Камыр+ды апам+ды
Боорсок+ту досум+ду
Май+ды үй бүлөм+дү
Окуучулар сөздөргө суроо беришет
“Сүйлөм бүтүрүү” оюну .
Мугалим: Эми мен ар бир топко ушул тексттен сүйлөмдүн башын берем. Силер аны бүтүрөсүңөр жана ал боюнча өз ойлоруңарды айткыла.
Окуучулар тапшырманы аткарышат
4. Жаны теманы бышыктоо
Мугалим: Ар бир топ берилген тапшырманы аткаргыла
1-топ. Боорсок жасай үчүн эмне кылуу керек кластер түзгүлө
Боорсок
2-топ. Берилген сүрөт боюнча суроо берип жооп жазгыла
Кимди? Эмнени? көрүп жатасыңар?
Эмнени? Кимди?
Мен боорсокту көрүп турам. Мен ашпозчуну көрүп турам.
Окуучулар үлгү боюнча суроолого жооп берип жазышат.
5. Сабакты жыйынтыктоо
Мугалим: Биз сабакта эмнени үйрөндүк?
-боорсоктун жасалышын
-кимди? эмнени? суроосуна жооп бергенди
Ушуну менен кыргыз тил сабыгы аяктады, сабакты бири-бирибизге жакшы каалоолор менен жыйынтыктайлы.
6. Үйгө тапшырма берүү 6-көнүгүү
7. Баа коюу Окуучулардын билими, катышуу жөндөмдүүлүгүнө карап бааланат.
-баарына жетишесе алса “5” | -5-6 шартты гана аткарса “4” | -жарымы аткарылса “3” |