Просмотр содержимого документа
«Боорукердик ошону менен бирге эле мээримдуулук»
Начало формы
Конец формы
Боорукердик сөз менен да, иш менен да көрсөтүлө
КИМДИР БИРӨӨНҮН бизге боорукердик көрсөтүп, жакшылык кылганы жүрөгүбүздү кандай гана жылытат! Анын камкордугуна абдан ыраазы болобуз. Башкалардын боорукердик менен мамиле кылганы баарыбызга эле жагат. Анда ал баа жеткис сапатты кантип өрчүтө алабыз?
Боорукердик өз ичине башкалардын камын чын жүрөктөн ойлоону камтыйт. Ал дем-шык берерлик сөздөрүбүздөн, иштерибизден көрүнөт. Чындап боорукер киши тек гана сылык-сыпаа болуп койбойт. Ал башкаларды чын дилден сүйгөндүктөн, алардын сезимдерин терең түшүнгөндүктөн иш-аракет кылат. Андан сырткары, боорукердик — Кудайдын кызматчылары өрчүтүшү керек болгон жана ыйык рухтун жемишине кирген сапаттардын бири. Бул сапатты өрчүтүү ар бирибизден талап кылынат.
БООРУКЕРДИК ЖАКШЫ ИШТЕРДЕН КӨРҮНӨТ
Чындап боорукер экенибиз иштерибизден айкын болот. Боорукердик көбүнчө иштер менен коштолсо да, ал жакшы ойлонуштурулган, дем-күч берерлик сөздөрдөн да көрүнөт. «Санаа жүрөктү өйүйт, ал эми жакшы сөз көңүл көтөрөт».Боорукер болуп, жакшылык кылууга умтулсак, башкалардын көңүлүн көтөрө турган сөздөрдү айтабыз*. Мындан аларга кам көрүп жатканыбыз байкалат. Бул аларга жашоосунда туш болуп жаткан кыйынчылыктары менен күрөшүүгө күч берет.
Боорукердик көрсөтүү жагынан дагы кантип жакшырсак болот? Ан үчүн: «Башкаларды кунт коюп угуп, сезимдерин түшүнгөнгө аракет кыламбы? Алардын эмнеге муктаж болуп жатканын байкаймбы? Үйдөгүлөрүмдөн же жакын досторумдан башка адамдарга акыркы жолу качан боорукердик көрсөттүм?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Андан соң айланабыздагыларды, өзгөчө, жыйналыштагы ишенимдештерибизди жакшыраак билүүгө максат койсок болот. Мунун аркасында алардын жагдайын, эмнеге муктаж болуп жатканын биле алабыз. Ошондой эле өзүбүздү башкалардын ордуна коюп, эмне кылганда аларга жагымдуу болорун ойлонуп көрүшүбүз жана ошого ылайык иш кылышыбыз зарыл.
Ооба, боорукердик — сөз менен да, иш менен да көрсөтүлүүчү сапат. Боорукер болсок, мээримдүү, берешен болобуз. Мунун аркасында башкалардын чындыкка тартылышына көмөк кыла алабыз.
Боорукердикти биз башкалардын камын ойлогонубуз менен көрсөтөбүз. Аны жакшы иштерибиз жана жылуу-жумшак сөздөрүбүз менен чагылдыра алабыз. Боорукер болуу деген жамандык эмес, жакшылык кылууну билдирет. Боорукер адам жароокер, жумшак, кайрымдуу, мээрман келет. Ал башкаларга марттык көрсөтөт жана сезимталдык менен мамиле кылат.