Просмотр содержимого документа
«Ботулизм боюнча маалымат»
Сабактын темасы: Ботулизм.
Сабактын максаты: Тема боюнча жалпы маалымат алышат. Оорунун пайда
болуусу, келип чыгуу себептери жонундо билет. Оорудан
сактануу жолдору менен таанышып, оз ден соолугуна
кам коро билууну уйронот.
Сабактын журушу: Уюштуруу.
Ботулизм- уулуу зыян заттарды камтыган инфекциялык ооруу. Ботулизмди ботулотоксин бактериясы козгойт. Ботулотоксин денедеги нерв системасына таасирин тийгизип, коздун коруусун, жана тилдин, тандайдын, тамактын б.а. жутуу жана дем алуу рефлексинин бузулушуна алып келет.
Ботулотоксин-жаратылышта кездешуучу уулуу заттардын бири (адамды олумго алып келуучу олчому 5-50 нг(кг)). 800*С температурада 30 мин. Ичинде, 100*С темп-а 10 мин. Ичинде оз кучун жоготот. Шекер менен жакшы нейтралдашат. Ботулотоксиндин жаратылыштагы негизги резервуары- муйуздуу жана суук кандуу (балык, моллюска, рак) жаныбарлар.
Адамга ботулизм инфекциялык ботулотоксин инфекциясын камтыган тамак-аш азыктарын кабыл алганда жугат. Кобунчо уй шартында косерваланган жашылча-жемиштерде (бадыран, помидор, болгар калемпири, капуста, сарымсак, баклажан патисон, козу карын ж.б.) ботулотоксиндин кобойушуно ынгайлуу шарт тузулот. Бактерия тамак-аш аркылуу организмге киргенден кийин ашказандагы иштеп чыгарылуучу протеолитикалык ферменттин таасири астында нейтралдашат. Андан сон ашказан жана ичегилердин буртукчолору аркылуу канга отот да, кан тамырлардын ичкеришине алып келет. Ботулотоксин суйру мээ менен жулундун мононейрондоруна озгочо кутуу таасирин тийгизуучу касиетке ээ.
Ботулизмдин баштапкы белгилери:
Кокурок коодону ооруйт;
Журогу айланат;
Кускусу келет;
Ич отот;
Ашказандын устундо ооруу пайда болот;
Температурасы 36-37*С чейин гана жетет.
Денеси талыкшыйт, алсызданат.
Жогоруда айтылган оорунун белгилери башталгандан 3-4 саат откондон кийин ооз кургап адам суусап чыгат. Коздун коруусу начарлайт. Коз алдында туман пайда болот. Нерселер эки эселенип коруно баштайт. Жутуу жана суйлоо рефлекси начарлагандыктан, суйлогондо тамагы бутуп, уну акырын чыгат. Создору тушунуксуз болуп, мурунга салып суйлойт. Уну кээде такыр чыкпай калышы мумкун. Токсин тамакты, алжапкычты жана тандайды сенектикке алып келгендиктен жутуна албайт. Суу же суюк тамак ичсе, мурун аркылуу кайра чыгарылат. Жотолуу рефлекси такыр жоголот. Эн негизгиси, копчулук убакта олумго дуушар кылуучу белгиси- дем алуу системасынын начарлашы. Себеби токсин дем алуу булчундарын сенектикке алып келет. Аба жетишпей, дем алууга аракет кылат, бирок дем ала албайт. Организиге ушунча кыска мооноттун ичинде, 3-4 сааттын ичиндеги абал тез арада жасалма дем алуу системасына кошууну талап кылат.
Ботулизм менен ооруганда оз убагында корсотулгон медициналык дарылануудан кийин организм толугу менен акырындап бир жылдын ичинде калыбына келет. Эгерде оз убагында тез жардам корсотулбосо, олумго алып келет. Дуйнолук саламаттыкты сактоо уюмунун статикасы боюнча, ботулизм менен ооругандардын 25% олумго дуушар болот.
«Журокко кеткен жол ашказандан башталат» деп, тамак-ашты ылгабай ашказанын толтургандарга айтабыз: денебиздеги органдарыбызды ботулотоксинден ж.б. уулуу, зыяндуу заттардан коргойлу. Анткени сиздин ден-соолугунуз-сизге тапшырылган эн ыйык аманат. Аманатка Кыянаттык кылбаныз.