СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ботулизм оорусу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ботулизм оорусу»

Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектеп-мекемеси


ТАРБИЯЛЫК СААТ

Тема: Ботулизм оорусу

Мугалим:_________________

Сабактын темасы: Ботулизм оорусу

Сабактын максаты:

  • Окуучуларга ботулизм оорусу жөнүндө түшүндүрүү

  • Китепти сүйүп,ардактоо, кандай колдонуу жөнүндө үйрөнүшөт.

  • Таза, тыкан жүрүүгө,мекенди коргоого тарбияланышат. Сабактын методу: интерактивдүү, эссе. Сабактын жабдылышы: доска,бор,карточкалар,макал-лакаптар,ролик,сүрөттөр Сабактын тиби: жаңы билим берүү. Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу 1мин

Ботулизмди алдын алуу. Кандай чара колдонуу керек?

Ботулизм деген эмне? Ботулизм – бул оор жана коркунучтуу оору, ал ботулизмдин уулуубактерияларын камтыган тамак-ашты колдонууда пайда болот. Ал нерв системаларынын жабыркашына, оору өтүшүп кетсе шал болууга алып келет. Ботулизмди козгоочулар жаратылышта көп кездешет. Алар жер кыртышында, сууда, жаныбарлардын жана балыктын организиминде жолугат. Жер кыртышынан бактериялар козу карынга, жер-жемиштерге жана мөмө жемиштерине тарайт. Бирок ботулизмдин козгогучу эмес, андагы  көмүр кычкыл газы болбогон жерде пайда болуучу токсиндер коркунучтуу. Так ушундай шарт, жемиштерди концервациялоодо түзүлөт. Ботулизмдеги токсин уулуу зат. Токсин 100°С температурада жок болот, ошондуктан заводдо даярдалган азыктарды колдонуу керек

Кандай жол менен жугат?

Ботулизм менен өзгөчө үй шартында санитардык номаларды сактабай, технологиялык талапка ылайыксыз коцервацияланган азыктарды колдонгон учурда жабыркашат. Көбүнчө концервацияланган козу карын, жер жемиш (баклажан, бадыраң, помидор ж.б.), эт жана балык кооптуу келет. Ошондой эле ботулизм чочконун сүрсүгөн этинен, ышталган жана кургатылган балыктан, колбасада пайда болот. Ботулин бактериясы  бар концервацияланган азыктарды өңү, жыты, даамы аркылуу айырмалоого мүмкүн эмес.

Ботулизмдин  белгилери Адатта, ботулизм 12-36 сааттан кийин, токсин камтылган азыкты колдонгондо байкалат, бирок 4 саатан, 8 күндөн кийин да жукканы байкалган учурлар  кездешет.Күп учурда оору тез өөрчүйт. Жалпы дененин алсыздыгы, баш оору, кукусу келет, тез-тез ичи өтөт, ич оору. Дене табыты нормалдуу же бир аз гана жогорулаган болот.Оорунун алгачкы убактысында  көздүн көрүүсү жабыркайт: көздү туман каптагандай,  бир нерсени бүдөмүк көрүү.

Андан  соң  суюк жана катуу тамактарды жутканда кыйналат, сөздөрү түшүнүксүз болуп, үнү кырылдайт.Ботулизмдин өтө олуттуу учуру дем жетишпей калуу. Бейтап тумчугуп, дем жетпей калат. Эгер убагында жардам көрсөтүлбөсө, өлүмгө дуушар кылып, жүрөктүн токтошуна алып келет.Алгач оорунун себептерин байкаганда ( көздүн начарлашы, тамак жутканда кыйналуу) дароо жакынкы бейтапканага жеткирүү же «тез жардамды» чакыруу керек.

Сабакты бышыктоо:

Ботулизмдин алдын алуу Санитардык, технологиялык талаптарды сактоо менен  заводдо концервацияланган азыктарды колдонгула.Үй шартында концервацияланган азыктарды базардан,көчөдөн сатып албаңыздар!



Сабакты баалоо:Окуучунун деңгээлине карап баалоо

Үй тапшырма:Ботулизм темасын окуп келүү












Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!