| -тык тык ким келиптир Актан Акылай табышмак Билимстанга Кыргыздарда муркн азыркыдай үйлөрү болгон эмес. Эмнелерде жашап келген деп ойлойсуңар. Канчалаган материктерде эсептебей эле коёлу. Материктерде боз үй жок анан кыргыздардан башка улуттар колдонобу? Боз үй жөнүндө кандай табышмак, макалдарды билесиңер? Табышмак: 1. Кыркырек акем өлөм дейт, кырк уулу кырк жагынан жөлөйм дейт. 2. Мыгы жок …. “Уугум сага айтам уулум сен ук, керегем сага айтам келиним сен ук” деген макалдын маанисин чечмелегиле. Анда бүгүн боз үйгө саякатаа барууну каалайсыңарбы? Азыр саякатка баруу үчүн боз үйдүн эмеректерин “ жан баштыкка салып баралы”. Мен “жан баштыгыма” керегени салдым деп башталат. Кийинки окуучу “Мен жан баштыкка керегени, уукту салдым”-дейт. Кийинки окуучулар мурнку окуучулардын айткандарын баарын айтып, өзү эмне салганын кошуп акырында айтат. Кыргыздар эмне минишкен? Анда баарыбыз кыргыздардын канаты болгон ат менен жайлоого кеттик. Физ минутка: Чу бара жаттык бара жаттые Жайлоого жетип калдык. Суудан аттадык. Оңго бурулдук, солго бурулдук Карагылачы кандай сулуулук Жашыл чөптөр, кызыл гүлдөр Таза абада дем алалык Бети кодду жууп, суудан жуталык. Асманда каркыра турналар бара жатат аларга кол булгалайлык Оңго бурулдук, солго бурулдук Мына жеттик Боз үйдүн сырткы көрүнүшу: бул туурдугу, бул үзүгү, кырчоосу-булар койдун жүнүнөн жасалат. Боз үйдү тигүү үчүн эмнеден баштайбыз; биринчи керегени жаябыз, андан кийин түндүк көтөрүп ууктарын саябыз. Уук тангычтарын байлап, чий, керге таңууларын жазабыз. 4 туурдугун, эшигин жаап, үзүгүн түндүк жабуусун жабабыз. Абада сырткы көрүнушүн тартабыз. Эми көргөндөрүбүздү ордубузга келип, сүйлөшүп ортого салалы. Кыргыз жери кандай экен? Кандай жаныбарлар жашайт экен? Боз үйдү жасоо үчүн эмнелерди билишибиз керек? Борборлордо талкуулайлы. Жакшы иштегендер кыргыздын туусун упайга алышат. Мелдешебиз. 1.Эсепчилер борбору: Боз үйдө кандай геометриялык фигуралар бар? Канча баштуу боз үйлөрдү билесиңер? Керегеси канча канат? Туурдук, үзүк, кырчоосу канча болот? 2.Окуу борбору Боз үй деген сөзгө тыбыштык талдоо жүргүзүшөт. Үндүү тамгаларга Кызыл, үнсүз тамгаларга көк фишка коюшат. 3.Сүрөт жана көркөмдүүлүккө үйрөтүү борбору Боз үйдүн сүрөтүн тартышат. Пластилинден боз үй жаспшат. Кийиз куроо иштерин аткарат. 4.Жазуу борбору Боз үйдү дептердин клеткасына сулуу жазыш керек. |