СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Брейн ринг 5тин 1-турунун суроолору

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Брейн ринг 5тин 1-турунун суроолору»


Брейн рингдин  жарым финалынын суроолору


5-айлампанын 1-турунун суроолору:


1.Адам эркин төрөлгөн, ошону менен бирге эле ал ар тараптан чынжырланган”-деген ой

кимге таандык?

Жооп: б) Ж.Ж.Руссо


2.Класстык сабак системасын ким биринчи иштеп чыккан?

Жооп: в)Коменский


3.Илимий негизде адам бул эмне?

Жооп: б)биосоциалдык жан


4..”Улуу дидактика” чыгармасынын автору ким?

Жооп: в)Коменский


5. Юнеско кандай уюм?

Жооп: в)билим берүү, маданиятты өнүктүрүү


6. Биринчи диний мусулман мектептери кайсы мамлекетте пайда болгон?

Жооп: в)Аравияда


7. Окутуудагы тарбиялоо идеясы кимге таандык?

Жооп: а)Ушинский


8.Ж.Баласагындын “Кут билим” китеби канчанчы кылымга таандык?

Жооп: в)11-кылымга


9.Тарбиянын пайда болушунда негизги шарт болуп эмне себеп болду?

Жооп: б)Адамдардын эмгек иш аракети


10.Сократтын ою боюнча тарбиянын максаты эмнеде?

Жооп: в)Өзүн-өзү таанып билүү


11. Греко-латын китеби кайсыл шаарда пайда болгон?

Жооп: б)Москвада

12.Мусулмандарда кайсыл тил илимий тил болгон?

Жооп: б)түрк


13.Песталоцинин педагогикалык системасынын негизги теориясын эмне түзөт?

Жооп: Элементардык билим берүү


14.”Адамды жаратылыш жаратат, бирок аны коом өстүрүп,өнүктүрөт”-деген сөз кимге таандык?

Жооп: Беменский


15.Юнесконун штаб квартирасы кайсы жерде?

Жооп: Парижде


16.Биринчи педагогикалык журналдын аталышы?

Жооп: ”Жаңы маданият жолунда”




17.Полестра мектеби эмнени түшүндүрөт?

Жооп: күрөш мектеби


18.”Бала таза тактайдай төрөлөт”-деген сөздү ким айткан?

Жооп: Джон Лок


19.Сабактын 45 минуталык формасын ким сунуш кылган?

Жооп: Коменский


20.Класстык журналды ким сунуш кылган?

Жооп: Песталоци


21.Окутуунун негизги функциялары кайсылар? 

Жооп: билим берүү, өнүктүрүү, тарбиялоо


22.Билим берүүнүн мазмунун аныктоочу документтер кайсылар?

Жооп: окуу планы, окуу программасы, окуу китептери


23.Дидактика илими кандай илим?

Жооп: окутуу, билим берүү теориясы


24.Дидактиканын негизги категориялары кайсылар?

Жооп: үйрөтүү, ынандыруу, ишендирүү


25.Педагогиканын негизги категориялары кайсылар?

Жооп: тарбиялоо, окутуу, билим берүү


26 .Үй тапшырмасын суроо, жаңы теманы баяндоо, бекемдөө, үйгө тапшырма берүү-кайсы сабактын структурасына мүнөздүү?

Жооп: билимдерди кайталоо, жалпылоо, системалаштыруу


27.Педагогика өзгөчө кайсы илимдер менен байланышта?

Жооп: философия, психология, анатомия, физиология, тарых


28.Жаңычыл педагогдордун аттарын атагыла.

Жооп: Е.Н.Ильин, В.Ф.Шаталов


29.Билимди диагноздоо деген эмнени түшүндүрөт?

Жооп: билим, ык, машыгууну текшерүү, баалоо, статистикалык тыянак


30.Мектепте жана башка жерлерде пландуу, негизинен мугалимдер тарабынан ишке ашырылган иш чаралар эмне деп аталат?

Жооп: окутуу, билим берүү


31.Мугалимдин негизги функциясы эмне?

Жооп: уюштуруучу, башкаруучу


32.Адамдын дене жагынан өнүгүшүнө таасир берүүчү негизги факторлор кайсылар?

Жооп: физкультуралык көнүгүүлөр, жаратылыш факторлору, гигиена


33.Личносттун өнүгүшүнө кандай факторлор таасир этет?

Жооп: биологиялык, социалдык, тарбия


34.Мугалимдин окуучуларга сүйлөбөй таасир этүүсүнүн туура каражаттары кайсылар?

Жооп: кол кыймылы, мимика, тыным





35.Психикалык процесстерге ... кирет.

Жооп: сезүү, кабыл алуу, көңүл буруу, эс, ойлоо, кыялдануу


36.Мугалимдин статусу жөнүндө мыйзам качан кабыл алынган?


Жооп: 2000-жылы 26-декабрда ЖКтин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынып, 2001-

жылдын 14-январында №9 жарлык менен бекитилген.


37.Билим берүү программасы деген эмне?


Жооп: Билим берүү программасы – конкреттүү бир деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим

берүү мазмуну.


38.Дал келтиргиле

Жооп: Апория-Таяныч идея, Стимул-Иш-аракетке түртк, Класс-Разряд


39.Айтылуучу маалыматка  окуучулар канча мүнөт көңүл бөлө алат?

Жооп: 45 мүнөт-10-11-класстар, 28 мүнөт-9-класстар, 18 мүнөт-5-класстар


40. Дал келтиргиле


Жооп: 27-АЧД, 8- Раззаков каанасы, 3-Башталгыч кл. усулканасы, 20-Физика, 11-Жыйындар

залы, 26-Электрондук китепкана, 12-Усулкана































5-айлампанын 2-турунун суроолору:


2.1. Билим берүү уюмунун (мектептин) Уставында эмнелер көрсөтүлүүгө тийиш?


Жооп: Төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

-аталышы, жайгашкан жери жана уюмдаштыруучу;

-ишинин предмети жана максаты;

-билим берүү ж.б. кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси, тартиби;

-билим берүү уюмуна кабыл алуунун тартиби жана чыгарып жиберүү тартиби ;

-окутуп – тарбиялоонун тили, сабак берүү режимдери;

-штаттарды түзүүнүн тартиби, эмгек акы төлөөнүн шарттары, тартиби, алардын укуктары жана

милдеттери;

-финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун булактары;

-билим берүү уюмунун органдары, алардын компетенциясы жана башкаруу тартиби;

-уставын өзгөрт тартиби;

-кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби;



2.2. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) эмнелерге милдеттүү?


Жооп: Төмөндөгүлөргө милдеттүү:

-балдардын саламаттыгынын сактыгын, алардын руханий жана дене боюнун жетилишин камсыз

кылууга(кам көрүүгө);

-үй-бүлөдө адеп-ахлактык жактан калыптанышын камсыз кылуучу тиричилик жана окуу

шарттарын түзүүгө;

-балдарды билим берүү уюмдарына жайгаштырууга жана алардын негизги (9) билим алуусуна

кепил болууга;

-билим берүү мекемелери менен кызматташтыкты колдоого;



2.3. Педагогдор эмнелерге милдеттүү?


Жооп: Төмөндөгүлөргө милдеттүү:

-педагогдук этиканын ченемдерин сактоого;

-окуучуларга мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан төмөн болбогон

деңгээлде билим алуусун камсыз кылууга;

-окуучулардын өз алдынчалуулугун жана окууга чыгармачыл мамиле жасоосун өнүктүрүүгө;

-окуучулардын жүрүм турумунда жогорку адеп-ахлактык ченемдерин калыптандырууга;

-өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма өркүндөтүүгө жана квалификациясын кеминде 5 жылда бир

жолу жогорулатууга;

-окуучуларга (окуп жаткандарга) күч жана моралдык зомбулук көрсөтүү усулдарын

колдонбоого;



2.4. Мамлекет окуп жаткандарга (окуучуларга) социалдык жактан кандай коргоого алган?


Жооп: Мамлекет КР дин өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте төмөндөгүдөй социалдык

колдоолор көрсөтүлөт:

-окуу үчүн шарт түзөт

-жатакана менен

-жөлөкпул менен

-материалдык жардам көрсөтөт

- тамак –ашка жана транспортко жүрүүгө жеңилдиктер көрсөтүлөт

-медициналык жактан тейлөө жана ден-соолукту чыңдоого колдоо көрсөтүлөт

-окуу китептери менен камсыз кылат






2.5. Жумушка алып жатканда иш берүүчүгө кызматкер кандай маалыматтарды берүүгө

милдеттүү?


Жооп: Эмгек келишимин түзүп жатканда жумушка кирип жаткан адам иш берүүчүгө

төмөндөгүлөрдү көрсөтөт:

-паспортун же инсандыгын тастыктаган башка документи;

-социалдык коргоо күбөлүгү;

-эмгек келишими биринчи жолу түзүлүп же кызматкер айкалыштыруу шарттарында чыгып

жаткандан башка учурларда эмгек китепчесин;

-аскердик милдеттүү жана аскер кызматына чакырыла тургандар үчүн аскердик документтерин;

-атайын билимдерин тастыктаган документтерин;

-биринчи жолу ишке орношуп жатканадамдарга иш берүүчү тарабынан эмгек китепчеси жана

социалдык коргоо күбөлүгү толтурулат;



2.6. Окуу планы канча билим берүү чөйрөсүнөн турат жана алар кайсылар?


Жооп: -филологиялык(кыргыз тили, орус тили, өзбек тили, чет тилдер)

-социалдык(тарых, адам жана коом, диндерди өнүктүрүү тарыхы)

-математикалык(математика, алгебра , геометрия)

-табигый илимдер(химия, биология, физика, география, астрономия, табият таануу, мен жана

дүйнө)

-искусство жана технология(технология, чийме жана дизайн, информатика,өнөр, музыка)

-ден-соолук маданияты(дене тарбия, АЧД)


2.7. КР дин жарандарынын билим алуу укуктарына мамлекеттик кепилдиктер кайсылар?

Жооп: -Инсандын , коомдун жана мамлекеттин таламдарына ылайык келген билим берүү тутумун

түзүү

-акысыз билим берүү

-мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылоо

-социалдык жана укуктук жактан коргоо

-окуу китептерин жана усулдук колдонмолорду чыгаруу жана алар менен камсыз кылуу



2.8.Предметтик концепцияда эмнелер камтылат?


Жооп: Төмөнкүлөр камтылат:

-окутуунун максаттары жана милдеттери;

-предметтик түзүүнүн методологиясы;

-предметтик компоненттүүлүк;

-окуу материалдардын мазмундуу тилкелер боюнча бөлүштүрүлүшү(класстар, бөлүмдөр ж.б.);

-предметтер аралык байланыштар












4-айлампанын 3-турунун суроолору:


1. 1.КР нын билим берүү мыйзамы качан кабыл алынган?

Жооп: 2003-жыл 30-апрель


2. КР нын билим берүү мыйзамы канча глава жана статьядан турат?

Жооп: 8 глава 54-берене


3. Окуу планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү ким жүргүзөт?

Жооп: КРнын БИЛИМ БЕРҮҮ жана ИЛИМ МИНИСТИРЛИГИ


4. Окуу планынын базалык бөлүгүн эмне түзөт?

Жооп: Мамлекеттик компонент

5. Мектеп компонентин окутууда окуучуларга баа коюлабы?

Жооп: Ооба, бирок чейрек чыкпайт


6. Табигый илимий билим берүү чөйрөсүнө кайсы предметтер кирет?

Жооп: Мен жана дүйнө

Табият таануу

Химия

Физика/астрономия

Биология

География


7. Математикалык билим берүү чөйрөсүнө кайсы предметтер кирет?

Жооп: Математика

Алгебра

Геометрия


8. Башталгыч класстарда кыргыз (өзбек) тили жана окуу предмети канчага бөлүнөт?


Жооп: Кыргыз класстарда 3кө : кыргыз тили, адабий окуу, КТО

Өзбек класстарда 2ге: өзбек тили, өзбек адабияты


9. 3-чейректин жыйынтыгы боюнча билим сапаты эң төмөн класс?

Жооп: 5 Г-класс


10. Бүтүүрүүчү класстар тапшыруучу экзамендин аталышы

Жооп: ЖМА- жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

11.Мектепте “эң жакшы” баага окуган окуучулар канча?

Жооп: 35 окуучу


12. Биринчи жана төртүнчү класстардын окуучулары 2-жарым жылдыкта канча сөз окуусу

керек?

Жооп: 1-класс 25 сөздөн жогору

4-класс 90 сөздөн жогору