Брейн рингдин финалдык турунун суроолору
6-айлампанын 2-турунун суроолору:
1. Плансыз жана программасыз, инсандын жашаган чөйрөсүндө ашырылган билим берүүнүн түрү төмөнкүлөрдүн кайсынысына туура келет?
Жооп: коомдук билим берүү
2. Педагогиканын негизги категориялары кайсылар?
Жооп: тарбиялоо, окутуу, билим берүү
3. Азыркы учурда мектепте канча окуучу окуйт?
Жооп: 891
4. Окуучунун билим алышын , ага жетишүү ыкмаларын жана предметтин алкагында өзгөрүүлөрдүн натыйжаларын жөнгө салган документ...
Жооп: предметтик стандарт
5. Сөздөрдү ирети менен жайгаштыргыла.
Жооп:
1.караңгыны
2.күнөөлөгүчөң
3.бир
4.бурчуна
5. шам
6.жак
6. Окуу, оюн, эмгек........ түрлөрү.
Жооп: ишмердүүлүктүн
7. "Жүрөгүмдү балдарга арнаймын" чыгармасынын автору ким?
Жооп: Сухомлинский
8. Бул сөздү латын тилинен которгондо “разряд” деген маанини туюндурат. Бирдиктүү окуу программалары менен окушкан окуучулардын тобу.
Жооп: класс
9. Сөздөрдү ирети менен жайгаштыргыла:
1. мугалимдин
2. теориялык
3. билими
4. туман
5. болсо
6. ,
7. анда
8. окуучулардын
9. билимдери
10. караңгы
11. болот
10. Психология илиминде керектөө түрлөрдө бөлүнөт.
Жооп:
табигый
маданий
материалдык
рухий
6-айлампанын 3-турунун суроолору:
3.1. Кыргыз Республикасынын ББИМинин сыйлыктары төштүн кайсы тарабына тагылат?
Жооп: “Билим берүүнүн мыктысы”, “Илимдин мыктысы” төш белгилери төштүн оң жагына
тагылат. Ал эми “Кызматташтык салымы үчүн” медаль сол жагына тагылат.
3.2. Креативдүүлүк деген эмне?
Жооп: Креативдүүлүк - бул өзүнө жаңы, оригиналдуу идеяларды,түшүнүктөрдү, жумуштарды
же технологияларды кызыгуу менен сунуш кылуу көндүмү.
3.3. Кыргыз Республикасынын ББИМинин Ардак Грамотасы менен кимдер сыйланышат.
Жооп: Кыргыз Республикасынын ББИМинин Ардак Грамотасы менен билим берүү жана илим
чөйрөсүндө жалпысынан 10 жылдан кем эмес илим, илимий-педагогикалык, педагогикалык
стажына ээ болгон, кесипкөйлүгүн көрсөткөн жана жогорку көрсөткүчтөргө жеткен, билим
берүү тармагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга активдүү катышкан, иши боюнча
жаза салынбаган, окуучулардын терең билим алышын камсыз кылган билим берүү
уюмдарынын мыкты мугалимдери жана билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер
сыйланышат.
3.4. "Жашоо велосипед сыяктуу,тең салмактуулукту сактоо үчүн алдыга кыймылдоо керек"-деген улуу сөздү ким айткан?
Жооп: А.Эйнштейн.
3.5 "Санариптик Кыргызстан" концепциясы канчанчы жылдарга кабыл алынган?
Жооп: 2019-2023-жылдарды камтыйт.
3.6. Жобого ылайык ББИМинин сыйлыктары кайсылар?
Жооп: төмөндөгүлөр:
* “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси;
* “Илимдин мыктысы” төш белгиси;
* “Кызматташтык салымы үчүн” медалы;
* Ардак Грамота
6-айлампанын 4-турунун суроолору:
1. “Окуучуларга терең билим берүү жана аларды мекенчилдикке тарбиялоо” деген жазууну кайсы жерде учуратууга болот ?
Жооп: Усулканада
2. Ctrl+A(Ф) клавишасын басканда кандай команда аткарылат?
Жооп: Баарын белгилөө (форматка алуу) командасы аткарылат.
3. Азыркы учурда мектепте факт жүзүндө канча мугалим иштеп жатат, анын ичинде канчасы аялдар?
Жооп: 71 мугалим, аялдар 51
4. Shift + 5 клавишасын басканда кандай команда аткарылат?
Жооп: кыргыз тилинде % (пайыз) командасы аткарылат.
5. Класс жетекчилер чейрек аягында тапшыруучу отчёт кандай аталат?
Жооп: Форма 6
6. Маймылчаны ( @) чыгаруу үчүн кайсы клавишалардан пайдалануу керек?
Жооп: англис тилинде Shift +2 ни кошо басканда
7. Брейн ринг таймашынын биринчи жана экинчи айлампасы качан өткөрүлгөн?
Жооп: 1-айлампа 15-ноябрь, 2-айлампа 23-декабрда өткөрүлгөн.
8. Кайсы клавишалардын жардамы менен компьютердин тилин өзгөртүүгө болот?
Жооп: Сол жактагы Shift + alt ты кошо басканда
9. Кыргыз алфавитиндеги ү,ө,ң тамгаларын кайсы клавиатуралардын жардамы менен
жазууга болот?
Жооп: Оң жактагы alt + у кошо басканда ү , alt + о кошо басканда ө, alt + н кошо басканда ң тамгалары жазылат.
10. Excel программасында таблицага кошумча мамыча жана сапты кантип кошсо болот?
Жооп: Чычкандын оң жагын басып мамыча же сапка + бегисин коюу керек (вставить)
Брейн рингдин шарттары:
1.Ноутбуктан onlienatestpad сайтына катталуу
2. onlienatestpad дан ссылка аркылуу аркылуу тесттик тапшырмаларды аткаруу ( 20 мүнөт)
3. Топ менен иштөө ( ар бир топко 3төн суроо)
4.Усулдук бирикме жетекчилерине 5тен суроо