Кыргыз элинин мандайына буткон тубаса талант Бубусара Бейшеналиева 1926-жылы Аламудун районуна караштуу Ташдобо айылында туулган.Орто мектепти аяктаган сон 1936-жылдан 1941-жылга чейин Ленинград шаарындагы хореографиялык окуу жайында окуган.Окуусун аяктагандан кийин Фрунзе шаарына келип,Опера жана балет театрында башкы солистка болуп эмгектенет.Бейшеналиева ушул жылдар аралыгында В.Фере менен В.Власовдун "Селкинчек" аттуу балетинде Зайнуранын ролун аткарып, бийге болгон жондомун корсоткон.Анын сахнадагы чыгармачылык ийгилиги 1944-жылы 30-декабрда коюлган М.Райхвергердин "Чолпон" балетинде Чолпондун образын тузуудо байкалган.Ушул ролдон кийин чеберчилигин корсотуп,андан башка спектаклдердеги кейипкерлердин ролун аткарууга укук алган . 1948- жылы Ленинграддагы озу окуп буткон окуу жайдын онор арттыруу классында балет педагогу Вагановадан таалим алат.Бул окуусунан кийин кайрадан мекенине кайтып келип,Опера жана балет театрында жана хореографиялык окуу жайында 32жыл эмгектенет. Бубусара улуттук жана классикалык балет спектаклдеринде ар кыл муноздогу образдарды жараткан.Ал классикалык бийлердин техникасын мыкты оздоштуруп,образдарды терен ачып бере алган .Бийчинин катышуусу менен тартылган"Чолпон" фильм-балети дуйнонун торт бурчуна корсотулуп,коруучулордун зор кызыгуусун туудурган. Жашоо шамы. Аккуу сымал сахнанын коркун ачкан Бубусара искусство чойросунун адамы болгон композитор Акмат Аманбаевге турмушка чыккан.Аны менен 1946-жылы Эрмек аттуу уулду болгон сон ,ортодогу тушунбостуктордон улам ажырашып кетет.Андан кийин тагдырдын тай кулук ташы чыгармачылыктан алыс адамдын жубайы болууга алып келет.Бирок,бул адам менен да балеринанын жашоосу узакка созулган эмес . Ошентип,бут омурун кыргыз искуствосуна арнап, кыргыздын таланттуу жаштарына жол корсоткон балерина улуу небересин коруп,асылган оорунун азабынан 1973-жылы 47 жашында дуйнодон кайткан. Бубусара менен Чынгыздын суйуусун. Эки залкардын суйуусу тууралуу Айтматов казак жазуучусу Мухтар Шаханов менен биргеликте жазган "Аскада калган анчынын ыйы" китебинде бардыгын ачык-айкын белгилеп откон. Улуу таланттын озу арабызда жок болсо да анын жаркын элеси эл журогундо сакталат.Анын ысымыИскусство институтуна ,улуттук валютага жана Бишкек шаарындагы кочолордун бирине ыйгарылган.Андан сырткары ,балеринанын айкели Кыргыз Опера жана балет театрынын алдына орнотулган. Бубусара чет элдик балет спектаклдеринде Раймонда ,Жульетта,Лауренсия,Одетта, Эсмеральда,Китри,Авроралардын ролдорун аткарган .Ал эми кыргыздын "Анар" балетинде Анардын,"Алатоодогу жазда" Сайранын ,"Куйручукта " Зейнептин,"Аселде" Аселдин,"Чолпондо" Чолпон менен Айдайдын образдарын жараткан. Атактуу балерина 1954-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти,1970-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон.Андан сырткары ,Эмгек Кызыл туу ордени ,"Ардак белгиси" медалы менен сыйланган.