СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бухгалтердик эсептин маңызы жана ыкмалары

Нажмите, чтобы узнать подробности

презентация По бухгалтерскому учету

Просмотр содержимого документа
«Бухгалтердик эсептин маңызы жана ыкмалары»

  Ош технологиялык университети Академик Б.Мурзубраимов атындагы  Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту  Тема: Бухгалтердик эсептин негиздери   лектор- лектор-экономика кафедрасынын доценти  Ташбаева Гульмира Сулаймановна

Ош технологиялык университети Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту Тема: Бухгалтердик эсептин негиздери лектор- лектор-экономика кафедрасынын доценти Ташбаева Гульмира Сулаймановна

  Тема: Бухгалтердик эсептин маңызы жана ыкмалары План: Кириш сөз 1. Бухгалтердик эсептин маңызы 2. Бухгалтердик эсептин мазмуну 3. Эсеп-кысаптын ыкмалары

Тема: Бухгалтердик эсептин маңызы жана ыкмалары

План:

Кириш сөз

1. Бухгалтердик эсептин маңызы

2. Бухгалтердик эсептин мазмуну

3. Эсеп-кысаптын ыкмалары

Киришүү сөз   Кыргыз республикасында илгертен эле «эсепчи» же «санакчы» деген термин тээ атам замандан, Манас-Ата менен бирге жаралган болсо да, «бухгалтер» термини көбүнесе советтик доорго, өнөр жай тармагынын калыптануу мезгилине таандык.  Кыргызстанда биринчи бухгалтерлерди даярдоо айыл чарба жана финансы техникумдарында уюштурулган.  Ишкананы башкарууда бухгалтердик эсепке өзгөчө орун берилет, анткени анын каржылык абалы, ишкердүүлүгү жөнүндө керектүү толук маалымат анда көргөзүлөт.  Ишканаларда, мекемелерде бухгалтердик эсепти бухгалтер деген белгилүү укуктары жана милдеттери бар кызматчы жүргүзөт, ал эсеп-кысап иштеринин конкреттүү участогун аткарат жана белгилүү чарбалык операцияларды текшерүү жүргүзөт.  Аткарган милдетине жана ээлеген кызматына жараша бухгалтер же башкы бухгалтер болушу мүмкүн.  Ар бир ишкана өзү юридикалык тарап болуп саналат.

Киришүү сөз

Кыргыз республикасында илгертен эле «эсепчи» же «санакчы» деген термин тээ атам замандан, Манас-Ата менен бирге жаралган болсо да, «бухгалтер» термини көбүнесе советтик доорго, өнөр жай тармагынын калыптануу мезгилине таандык.

Кыргызстанда биринчи бухгалтерлерди даярдоо айыл чарба жана финансы техникумдарында уюштурулган.

Ишкананы башкарууда бухгалтердик эсепке өзгөчө орун берилет, анткени анын каржылык абалы, ишкердүүлүгү жөнүндө керектүү толук маалымат анда көргөзүлөт.

Ишканаларда, мекемелерде бухгалтердик эсепти бухгалтер деген белгилүү укуктары жана милдеттери бар кызматчы жүргүзөт, ал эсеп-кысап иштеринин конкреттүү участогун аткарат жана белгилүү чарбалык операцияларды текшерүү жүргүзөт.

Аткарган милдетине жана ээлеген кызматына жараша бухгалтер же башкы бухгалтер болушу мүмкүн.

Ар бир ишкана өзү юридикалык тарап болуп саналат.

1. Бухгалтердик эсептин маңызы

Бухгалтердик эсеп  – субъектинин (юридикалык жактын) активдери, милдеттенмелери, менчик капиталы, киреше менен чыгашалары тууралуу маалыматтарды каттоо, иштеп чыгуу, кабарлоо жолу аркылуу жыйноо жана өлчөө тутуму бухгалтердик эсепке кирет.

Бухгалтердик эсептин жардамы аркасында чарбалык каражаттардын туура пайдаланылышына, ишканалардын чыгымдары менен кирешелерине көзөмөлдүктү ишке ашырууга байкоо жүргүзүлөт, алардын чарбалык ишинин финансылык натыйжалары аныкталат, чарба ресурстарын туура эмес чыгымдоонун себептери белгиленет жана аларды эң рационалдуу пайдалануунун чаралары көрүлөт.

Бүткүл бухгалтердик маалыматтар юридикалык ченемге ылайыкталышы ыктымал. Бул жөнүндө материалдык жана акчалык каражаттардын сакталышына жоопкер тарапка — ишкана жетекчисине жана анын бухгалтерине жүктөлөт. Ишканаларда, мекемелерде бухгалтердик эсепти бухгалтер деген белгилүү укуктары жана милдеттери бар кызматчы жүргүзөт, ал эсеп-кысап иштеринин конкреттүү участогун аткарат жана белгилүү чарбалык операцияларды текшерүү жүргүзөт. Аткарган милдетине жана ээлеген кызматына жараша бухгалтер же башкы бухгалтер болушу мүмкүн.

. Материалдык байлыктарды жана акча каражаттарын кабыл алуучу, жөнөтүүчү жана сактоочу кызматкерлерге толук материалдык жоопкерчилик жүктөлөт. Ар бир материалдык-жоопкер тараптарга материалдык байлыктар жана акча каражаттарынын эсеп-кысабы бөлөк-бөлөк жүргүзүлөт, анын бухгалтердик эсеби материалдык-жоопкердик тараптарды текшерүү үчүн маалыматын камсыз кылат

 Мурунку аракеттеги бухгалтердик эсептин нормативдик-методикалык материалдарынын баары керектен чыгып жатат.  Жаңы талап менен даярдалган эрежелер, нускоолор жана башка көрсөтмөлөр көпчүлүгү жалаң орус тилинде болуп, ал да азыркы мезгилге чейии журтчулук катмарына колдонууга эле эмес, таанышууга да жеткириле элек.  Учурдагы мезгилдин талабына ылайык даярдалган бухгалтердик эсеп боюнча окуу куралдары орус тилинде да жетишсиз, ал эми кыргыз тилинде таптакыр болгон эмес. Мына ушул мүчүлүштөрдүн ордун толтурууга, республиканын жогорку окуу жайларында жана уюштурулган курстарда бухгалтерлерди даярдоого окуу куралдар иштелип чыгууда.

Мурунку аракеттеги бухгалтердик эсептин нормативдик-методикалык материалдарынын баары керектен чыгып жатат.

Жаңы талап менен даярдалган эрежелер, нускоолор жана башка көрсөтмөлөр көпчүлүгү жалаң орус тилинде болуп, ал да азыркы мезгилге чейии журтчулук катмарына колдонууга эле эмес, таанышууга да жеткириле элек.

Учурдагы мезгилдин талабына ылайык даярдалган бухгалтердик эсеп боюнча окуу куралдары орус тилинде да жетишсиз, ал эми кыргыз тилинде таптакыр болгон эмес. Мына ушул мүчүлүштөрдүн ордун толтурууга, республиканын жогорку окуу жайларында жана уюштурулган курстарда бухгалтерлерди даярдоого окуу куралдар иштелип чыгууда.

 Бухгалтер болгусу келген окуучулар, бухгалтердик регистрлердеги жазуулар жана отчёттук формалардагы маалыматтар, бардык чагылдырган эсеп-кысап процедуралары, тараптардын ич-ара катышын, укугун жана жоопкердигин айкындай тургандыгын эстен чыгарбоолору керек.  Бухгалтердик эсеп: тигил же бул кызматкерлердин материалдык жоопкердигинде турган байлыктардын сакталуусу үчүн, ишкананын кимден аласасын, же ким аларга бересесин так эсептөө үчүн, акырында чарбалык иш-аракеттин башкы финансылык жыйынтыгын чыгаруу жана аны бөлүштүрүү үчүн керек экендиги унутулбашы зарыл.  Бирок бухгалтердик эсеп боюнча тийиштүү билимди алууга жолтоо болгон бир кыйла деңгээлдеги кыйынчылыктар бар. Алардын негизгилерине бухгалтер кадрларын даярдоо боюнча бухгалтердик эсеп билиминин методологиясынын толук иштелип чыкпаганы, бул боюнча окуу куралынын толук жоктугу болуп саналат.

Бухгалтер болгусу келген окуучулар, бухгалтердик регистрлердеги жазуулар жана отчёттук формалардагы маалыматтар, бардык чагылдырган эсеп-кысап процедуралары, тараптардын ич-ара катышын, укугун жана жоопкердигин айкындай тургандыгын эстен чыгарбоолору керек.

Бухгалтердик эсеп: тигил же бул кызматкерлердин материалдык жоопкердигинде турган байлыктардын сакталуусу үчүн, ишкананын кимден аласасын, же ким аларга бересесин так эсептөө үчүн, акырында чарбалык иш-аракеттин башкы финансылык жыйынтыгын чыгаруу жана аны бөлүштүрүү үчүн керек экендиги унутулбашы зарыл.

Бирок бухгалтердик эсеп боюнча тийиштүү билимди алууга жолтоо болгон бир кыйла деңгээлдеги кыйынчылыктар бар. Алардын негизгилерине бухгалтер кадрларын даярдоо боюнча бухгалтердик эсеп билиминин методологиясынын толук иштелип чыкпаганы, бул боюнча окуу куралынын толук жоктугу болуп саналат.

Бухгалтер  – адис, турган кирешелер жана чыгашалар эсебин жүргүзөт, ал бухгалтердик документтерди каттоо менен алектенет, салык органына жана башка органдарга отчетторду даярдайт жана берет. Бухгалтер иши кызматтар үчүн наркын даярдайт, мамлекеттик бюджетке төлөмдөрдү жана которууларды эсептейт, бул коомдук каражаттарынын салымдарын түзөт, кызматкерлердин айлык акысын эсептейт. Эсепке алуу ишинин негизги максаты – эсепке алуу жана салыктык эсепке алууну жана документ түрүндө кайрылуу отчеттуулук жүргүзөт.

Бухгалтер  – адис, турган кирешелер жана чыгашалар эсебин жүргүзөт, ал бухгалтердик документтерди каттоо менен алектенет, салык органына жана башка органдарга отчетторду даярдайт жана берет.

Бухгалтер иши кызматтар үчүн наркын даярдайт, мамлекеттик бюджетке төлөмдөрдү жана которууларды эсептейт, бул коомдук каражаттарынын салымдарын түзөт, кызматкерлердин айлык акысын эсептейт.

Эсепке алуу ишинин негизги максаты – эсепке алуу жана салыктык эсепке алууну жана документ түрүндө кайрылуу отчеттуулук жүргүзөт.

2. Бухгалтердик эсептин мазмуну  Бухгалтердик эсеп билими ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердии (мындан ары «ишканалар») финансылык-чарбалык ишкердигин окутат. Чарбалык эсепти чыңдоо жана өнүктүрүү ишинде бухгалтердик эсеп өзгөчө орунду ээлейт.   Бухгалтердик эсептин жардамы аркасында чарбалык каражаттардын туура пайдаланылышына, ишканалардын чыгымдары менен кирешелерине көзөмөлдүктү ишке ашырууга байкоо жүргүзүлөт, алардын чарбалык ишинин финансылык натыйжалары аныкталат, чарба ресурстарын туура эмес чыгымдоонун себептери белгиленет жана аларды эң рационалдуу пайдалануунун чаралары көрүлөт.

2. Бухгалтердик эсептин мазмуну

Бухгалтердик эсеп билими ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердии (мындан ары «ишканалар») финансылык-чарбалык ишкердигин окутат. Чарбалык эсепти чыңдоо жана өнүктүрүү ишинде бухгалтердик эсеп өзгөчө орунду ээлейт.

Бухгалтердик эсептин жардамы аркасында чарбалык каражаттардын туура пайдаланылышына, ишканалардын чыгымдары менен кирешелерине көзөмөлдүктү ишке ашырууга байкоо жүргүзүлөт, алардын чарбалык ишинин финансылык натыйжалары аныкталат, чарба ресурстарын туура эмес чыгымдоонун себептери белгиленет жана аларды эң рационалдуу пайдалануунун чаралары көрүлөт.

Бухгалтердик э сеп-кысаптын ыкмалары Бухгалтердик санактын ыкмаларынын негизги элементтерине төмөнкүлөр кирет 1.Документтештирүү   2.Инвентаризация (тегиндөө)   3. Баалоо  4. Калькуляциялоо   5. Баланс (теңдүүлүк  6. Счёттор (санаттар  7. Кош жазуу 8. Отчеттуулук

Бухгалтердик э сеп-кысаптын ыкмалары

Бухгалтердик санактын ыкмаларынын негизги элементтерине төмөнкүлөр кирет

1.Документтештирүү  2.Инвентаризация (тегиндөө)  3. Баалоо 4. Калькуляциялоо  5. Баланс (теңдүүлүк 6. Счёттор (санаттар 7. Кош жазуу

8. Отчеттуулук

ДОКУМЕНТТЕШТИРҮҮ.  

Документ» латын сөзү, бул күбөлүк, далилдик дегенди билдирет. Бир нерсени далилдөөгө же күбөлөндүрүүгө укугу бар кат же башка формада жазылган иш кагазы, күбөлүк, акт.

Бухгалтердик эсептин счётторундагы жазуулар документтерге негизделет. Бухгалтердик документ чарбалык операцияны жүргүзүү укугун, анын закондуулугун жана чарбалык иштин максатка ылайыктуулугун кат жүзүндө ырастоочу күбөлүк болуп саналат.

Бухгалтердик санакта бардык чарбалык операциялар, чарбалык каражаттардын жана анын түзүлүү булактарынын ар бир өзгөрүлөрү документтер менен далилденет. Демек, документтер — бухгалтердик эсептин объектилерин алгачкы чагылдыруунун жолу.

Документтердин жардамы аркасында чарбалык операцияларды өткөрүү учурда жана жүргүзүлгөн жерде туташ чагылдыруу менен ишке ашырылат. Белгилүү талаптарды сактоо менен түзүлүүчү документтерди колдонуу бухгалтердик маалыматтарды далилдөөчү күбөлүк. Ишкана бухгалтери документтердин сакталуусуна жана тактыгына өзгөчө көңүл бурушу керек. Документтер атайын өзүнчө папкаларга тиркелиши жана белгиленген мезгил аралыгында сакталышы керек.

ИНВЕНТАРИЗАЦИЯ (ТЕГИНДӨӨ)  — байлыктардын чыныгы санын бухгалтердик эсептин маалыматтары менен тууралыгын текшерүү менен салыштырып байлыктарды өткөрүү (сатуу, жалдоого берүү), жылдык бухгалтердик отчеттулукту түзүү, материалдык жоопкер тараптар алмашылуу, чыныгы уурдалуу (бузулуу, кыянаттык кылуу) aныктaлгaн, өрттөнүү же табийгый кырсык — учурларын тегиндөө (инвентаризация) жүргүзүлөт. Инвентаризацияны (тегиндөөнү) жүргүзүүнүн керектиги бир кыйла себептерге байланышып, алардын негизгилерине:

1. Шалаакылыктын негизинде кетирилген эсеп-кысаптагы катарлардын табылышы. Мындай каталар олуттуу каржылык (финансылык) жоготууларга, маселен кирешени жашыргандагы айыптарга алып келиши мүмкүн. Инвентаризация буга окшогон каталарды өз убагында таап алууга жардам берет;

2. Товардык-материалдык байлыктардын физикалык касиеттеринин өзгөрүлүшү. Бир топ материалдык байлыктар (мисалы, тамак-аш продуктулары) убакыттын таасири астында өзүнүн физикалык касиети — салмагы, көлөмү ж. б. (же жөн эле бузулуудан) — өзгөрүшү мүмкүн. Инвентаризацияны жүргүзүү документацияны товардык-материалдык байлыктардын бир саны менен туураланышына мүмкүнчүлүк берет. Инвентаризацияны 1 жана 2 пункттардагы көргөзүлгөн себептер боюнча жүргүзүү пландык-мерчемдик чара болуп саналат жана жылына бир жолудан кем эмес эсепте жүргүзүлөт;

3. Табыйгый кырсык болгон учурда. Өрт, сел, жер титирөө ж. б. ааламаттарда;

4. Уурдалуу учурунда;

5. Материалдык жоопкер тараптар которулганда;

6. Материалдык жоопкер тарапка ишеним кеткенде — инвентаризация талап кылынат.

 БААЛОО.    Бардык чарбалык каражаттар бирдей өлчөгүчтө чагылдыруулары керек. Чарбалык каражаттарды баалоо, аны акчалай өлчөм менен туюнтуу жолу. Ал бухгалтердик эсептөө ыкмасынын ажырагыс элементи болуп саналат, анткени, акча ченисиз жалпы көрсөткүчтөрдү алуу мүмкүн эмес.  Баалоонун тууралыгы ишкананын ресурстарынын мүнөздөмөсүнүн объективдүүлүгүнө, ошондой эле финансылык натыйжаларды аныктоонун тактыгына байланыштуу, анткени чыгымдардын өлчөмүн бурмалоо кирешенин өлчөмүн натура эсептөөгө алып келет.

БААЛОО.  

Бардык чарбалык каражаттар бирдей өлчөгүчтө чагылдыруулары керек. Чарбалык каражаттарды баалоо, аны акчалай өлчөм менен туюнтуу жолу. Ал бухгалтердик эсептөө ыкмасынын ажырагыс элементи болуп саналат, анткени, акча ченисиз жалпы көрсөткүчтөрдү алуу мүмкүн эмес.

Баалоонун тууралыгы ишкананын ресурстарынын мүнөздөмөсүнүн объективдүүлүгүнө, ошондой эле финансылык натыйжаларды аныктоонун тактыгына байланыштуу, анткени чыгымдардын өлчөмүн бурмалоо кирешенин өлчөмүн натура эсептөөгө алып келет.

КАЛЬКУЛЯЦИЯЛОО — бул өндүрүш жумшоолорундагы жана продукцияларды жалпы жана айрым статьялары боюнча сатуудагы эсеп-кысабынын ыкмасы.  Калькуляция — продукциянын бирдигине (тейлөө көрсөтүүгө) же аткарылган жумуштар көлөмүнө таандык акча туюнтмасында сарптоолордун өлчөмүн калькуляциянын айрым статьялары: материалдар, жумушчулардын эмгек акысы, амортизация, бөлөк, түз, цехтик, жалпы эксплуатациялык жана тышкы эксплуатациялык чыгымдар боюнча аныктоо.   Калькуляциянын жардамы менен көргөзүлгөн тейлөөнүн жана аткарылган жумуштун өздүк наркы эсептелинет  Өздүк наркты калькуляциялоодо продукциялардын жана тейлөөлөрдүн өндүрүшүнө кеткен чыгымдарды түшүнүүгө (билүүгө) жана талдоого мүмкүнчүлүк берилет да, негизделген баалар аныкталат  Калькуляциянын статьяларынан өзгөчөлөнүп өндүрүштүк сарптоолордун элементтерине материалдар, эмгек акы, амортизация жана бөлөк акча чыгымдарын эсептешет.

КАЛЬКУЛЯЦИЯЛОО — бул өндүрүш жумшоолорундагы жана продукцияларды жалпы жана айрым статьялары боюнча сатуудагы эсеп-кысабынын ыкмасы.

Калькуляция — продукциянын бирдигине (тейлөө көрсөтүүгө) же аткарылган жумуштар көлөмүнө таандык акча туюнтмасында сарптоолордун өлчөмүн калькуляциянын айрым статьялары: материалдар, жумушчулардын эмгек акысы, амортизация, бөлөк, түз, цехтик, жалпы эксплуатациялык жана тышкы эксплуатациялык чыгымдар боюнча аныктоо.

Калькуляциянын жардамы менен көргөзүлгөн тейлөөнүн жана аткарылган жумуштун өздүк наркы эсептелинет

Өздүк наркты калькуляциялоодо продукциялардын жана тейлөөлөрдүн өндүрүшүнө кеткен чыгымдарды түшүнүүгө (билүүгө) жана талдоого мүмкүнчүлүк берилет да, негизделген баалар аныкталат Калькуляциянын статьяларынан өзгөчөлөнүп өндүрүштүк сарптоолордун элементтерине материалдар, эмгек акы, амортизация жана бөлөк акча чыгымдарын эсептешет.

БАЛАНС  — бул ишкананын каражаттарынын, алардын булактарынын жана чарбалык ишкердигинин жыйынтыгынын белгиленген календардык датадагы жагдайын чагылдырган бухгалтердик документ.

Баланс — тең салмактуулук, туруктуу өзгөрүүдө турган өз ара байланыштуу чоңдуктардын абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдүн системасы. Баланс жадыбал (таблица) түрүндө белгилүү күнгө (датага) түзүлөт. Баланс айрым ишкананын масштабында бухгалтердик баланс, кирешелер менен чыгашалардын балансы же эл чарбасынын масштабында (калктын акчалай кирешелери менен чыгымдарынын балансы, төлөө балансы, эсептешүү балансы, соода балансы ж. б.) түзүлөт. Ал эки бөлүктөн турат. Сол бети — актив, оң бети — пассив. Активинде ишкана каражаттары тайпаланган түрлөрү боюнча, ал эми пассивинде — бул каражаттардын булактары чагылдырылат. Ишкананын бар каражаттарынын баланстын активи боюнча жалпы суммасы баланстын пассивиндеги каражаттардын булактарынын жалпы суммасына барабар. Ошондуктан бул документ баланс деп аталат. (Француз тилинен алынып, бизге тең салмактуу деп которулат).

Актив менен пассивдин барабардыгы ишкананын чарбалык каражаттарынын баарынын өзүнчө кайдан жаралган булактары сөзсүз болгону менен шартталат.

СЧЕТТОР (САНАТТАР)  — бул чарбалык операциялар тайпаланган жана чагылдырылган бухгалтердик документтер. Анын сол бөлүгү «дебет» деп, ал эми оң жагы — «кредит» деп аталат. Алардын схемалык (чиймелик) чагылдырылышы счёттун (санаттын) аталышы төмөнкүчө кабыл алынган: Д (Дебет) К (Кредит) Счёттор — бул бухгалтердик эсеп-кысапта колдонулуучу эсептешүү туюнтмасы. Ишканалардын каражаттарын жана аларды түзүүчү булактарын алардын кыймылын так жана туруктуу эсептөөгө колдонулуучу термин. Ар тараптар менен эсептешүүлөр да счет менен жүргүзүлөт. Бухгалтердик өз алдынча счёттордо: жабдуулар, инвентарлар, шаймандар, материалдар, даяр буюмдар, акча каражаттары, эсептешүүлөр, өндүрүшкө жана продукцияларды чыгарууга кеткен чыгымдар, сатуу жүгүртүүлөрү, бул ишкананын кирешелер жана чыгашалары ж. б. нарктын жана сандык туюнтмада көрсөтүлөт

СЧЕТТОР (САНАТТАР)  — бул чарбалык операциялар тайпаланган жана чагылдырылган бухгалтердик документтер. Анын сол бөлүгү «дебет» деп, ал эми оң жагы — «кредит» деп аталат. Алардын схемалык (чиймелик) чагылдырылышы счёттун (санаттын) аталышы төмөнкүчө кабыл алынган:

Д (Дебет) К (Кредит)

Счёттор — бул бухгалтердик эсеп-кысапта колдонулуучу эсептешүү туюнтмасы. Ишканалардын каражаттарын жана аларды түзүүчү булактарын алардын кыймылын так жана туруктуу эсептөөгө колдонулуучу термин. Ар тараптар менен эсептешүүлөр да счет менен жүргүзүлөт.

Бухгалтердик өз алдынча счёттордо: жабдуулар, инвентарлар, шаймандар, материалдар, даяр буюмдар, акча каражаттары, эсептешүүлөр, өндүрүшкө жана продукцияларды чыгарууга кеткен чыгымдар, сатуу жүгүртүүлөрү, бул ишкананын кирешелер жана чыгашалары ж. б. нарктын жана сандык туюнтмада көрсөтүлөт

КОШ ЖАЗУУ  — бухгалтердик эсептин счётторунда чарбалык операцияларды чагылдыруунун жолу. Бул жолду колдонгондо ар бир чарбалык операциянын суммасы эки счётко — бири счёттун дебети жана экинчиси кредити боюнча жазылат.

Кош жазуу бухгалтердик эсептин объектилеринде өзгөртүүлөрдү туудурган чарбалык операциялардын экономикалык мазмунуна жараша жүргүзүлөт. Ар бир чарбалык операция эсептин бир объектисинде эмес, эки объектисинде бирдей чоңдуктагы өзгөрүүлөрдү туудурат.

Кош жазуу чарбалык операцияларды чагылдыруунун тууралыгына көзөмөлдүк кылуунун мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Ар бир сумма счеттордун дебети жана кредити боюнча чагылдырылгандыктан, бардык счёттордун дебети жана кредити боюнча айлануусунун жыйынтыгына барабар болууга тийиш. Мындай барабарчылык болбосо бул счеттор боюнча жазууларда жаңылыштыктарга жол берилгендигин билдиришет.

Кош жазуу өздөрүнүн түзүлүү булактары менен өз ара байланыштагы чарбалык каражаттардын жүгүртүлүшүн чагылдырылган көрсөткүчтөрдү туруктуу түрдө балансылык жалпылоону камсыз кылуу жолдорунун бири болуп саналат. Бухгалтердик эсептин кош системасы — кош жазууга негизделген бухгалтердик эсептин ыкмасы.

Бухгалтердик эсептин кош жазуу системасы бардык ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда колдонулат. Өзгөчө бир учурда айрым майда мекемелерде эсеп-кысаптын жөнөкөй системасы убактылуу колдонулушу мүмкүн.

Бухгалтердик отчеттуулук - бул өндүрүштүк- чарбалык жана субъекттин финансылык ишмердүүлүгүнүн белгиленген убактагы квартал, жыл, ичиндеги көрсөткүчтөрү. Бухгалтердик отчеттун көрсөткүчтөрү чарбалык субъекттин финансылык абалын талдоо, субъекттин төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоодо, финансылык жыйынтыгын тактоодо, негиздүү чечмелерди кабыл алууда ж.б. колдонулат.

Бухгалтердик отчеттуулук - бул өндүрүштүк- чарбалык жана субъекттин финансылык ишмердүүлүгүнүн белгиленген убактагы квартал, жыл, ичиндеги көрсөткүчтөрү. Бухгалтердик отчеттун көрсөткүчтөрү чарбалык субъекттин финансылык абалын талдоо, субъекттин төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоодо, финансылык жыйынтыгын тактоодо, негиздүү чечмелерди кабыл алууда ж.б. колдонулат.

Жыйынтыктоо  Жогорудагы түшүндүрүлгөн  бухгалтердик эсептин ыкмаларынын (методдорунун) элементтери бири-бири менен тыгыз байланышкан, алар бири бирин толуктайт жана коштойт.  Улам алдындагы ыкма (метод) кийинки ыкманы колдонууга шарт тузөт, башкача айтканда, бухгалтердик маалыматгарды, маалыматты жаратуу учун ыкмалардын түйүнү бар системасын жана алардын методунун маңызын түзөт.

Жыйынтыктоо

Жогорудагы түшүндүрүлгөн бухгалтердик эсептин ыкмаларынын (методдорунун) элементтери бири-бири менен тыгыз байланышкан, алар бири бирин толуктайт жана коштойт.

Улам алдындагы ыкма (метод) кийинки ыкманы колдонууга шарт тузөт, башкача айтканда, бухгалтердик маалыматгарды, маалыматты жаратуу учун ыкмалардын түйүнү бар системасын жана алардын методунун маңызын түзөт.

Өздөштүрүү суроолору  1. Документтештирүү деген эмне?  2. Инвентаризация деген эмне?  3. Инвентаризация эмнеге керек?  4. Баалоо кандай түшүнүлөт?  5. Калькуляцияалоо деген эмне?  6. Баланстын канча бөлүгү бар?  7. Эмне үчүн баланстын активинин жана пассивинин суммалары барабар?  8. Счёттордо эмнелер жазылат?  9. Анын бөлүктөрү канча?  10. Кош жазуунун эсеп-кысаптагы мааниси кандай?

Өздөштүрүү суроолору 1. Документтештирүү деген эмне? 2. Инвентаризация деген эмне? 3. Инвентаризация эмнеге керек? 4. Баалоо кандай түшүнүлөт? 5. Калькуляцияалоо деген эмне? 6. Баланстын канча бөлүгү бар? 7. Эмне үчүн баланстын активинин жана пассивинин суммалары барабар? 8. Счёттордо эмнелер жазылат? 9. Анын бөлүктөрү канча? 10. Кош жазуунун эсеп-кысаптагы мааниси кандай?

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат. Кош болуңуздар

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат.

Кош болуңуздар


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!