Тарбиялык саат тузгон : Мурзакаланова Кайрыниса
Сабактын темасы :Бул дуйнодо эмнелер бар жетиден
Сабактын журушу:
Мугалим :Кыргыз эли илгертеден бери 7 нерсени ыйык тутуп келген.
Бул дуйнодо эмнелер бар жетиден?,
Кана балдар санайлычы четинен
Окуучулар: 1.Жети ата,2.Жети кун,3.Жетиген жылдыз,4.Жети нан ,5.Жети осуят,6.Жети тус ,7.Жети ун
Ар биринин аталышына мани-мазмунуна касиеттуу сырларына токтолочу.
1.Жети ата.Жети ата деген ал сенин ата тегин
Жети атанды жерибей,Ата тегин билип жур
Жети атан калтырган,Ак калпагын кийип жур
Жети атандын салты бар,Кулагына туйуп жур
Жети атанды билбесен.Туулган жерди суйбосон
Алты канат боз уйго ,Аяр басып кирбесен
Ала-Тоону аралап,Азоо кармап минбесен
Жети атандын суру бар,Жакшысын иргеп билип ал
Тегин жакшы чыкса эгер,Жаман болбойт тубу ал
Элин менен бирге бол,Элден чыккан болот кор
1.Оз ата .2.Чон ата ,3.Баба.4.Жото.5.Жете.6.Кубара.7.Тек
2.Жети кун.
Тан агарып кун батчу,Кундор дагы жетиден
Дук-дук дукулдоп,Паровоздой туру бар
Жети кунду сурогон,Дуйшомбуну билип ал
Поезд журуп корсотот кызыктардын неченин
Паровоздон кийинки ,Кундун аты шейшемби
Бул паровоздон коросун.Дуйшо,Шейше,Шаршенди
Орусча аты среда,Кыргызча аты шаршемби
Бейшемби дейт булл кунду ,Тортунчусу болот го
Поезд барат катуулап,Билетинди жоготпо
Шакылдаган паровоз.Дууп деп коюп тим болот
Бейшембинин сонунан,Жума деген кун болот
Бейшен сурайт Жумадан,Ушу жерден тушомбу
Жок дейт Бейшен токтотуп,Бугун али ишемби
Поезд келип токтоду ,Жолду басып эн алыс
Жерге тушуп ойнойлу,Жекшемби-бугун де малыш
1.Дуйшомбу.2.Шейшемби.3.Шаршемби.4.Бейшемби.5.Жума.6.Ишемби.7.Жекшемби
3.Жетиген жылдыз
Асмандагы жетиген,Ал эмне учун жетиден
Жетигенде жети сыр,Мунун жайын билип жур
1.Астында жерим .2.Устундо асманым.3.Баштыгымда наным.4.Коломтодо отум.5.Орушумдо малым.6.Жеримде суум.7.Артымда тукумум бар.
4.Жети нан
Кыргыз эли жети токоч баабединди ыйык тутуп келген.Алыс сапарга чыккан мезгилде эр баабедин колдо деп тилеген.
Дандан улуу тамак жок,Табылышы эл менен
Тамырлашы жер менен,Элибиз дандай тамырлуу болсун
Тукуму коп болсун,Чени жок болсун
5.Жакшылыкка жетелээр 7 осуят
Окуучулар ар бири осуятты чечмелеп беришет.
1.Эл –журттун ажырагыс биримдиги жана бир жакадан баш ,бир женден кол чыгарган ички биримдик
2.Улуттар аралык ынтымак,достук жана кызматташтык
3.Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет
4.Арыбас мээнет,алдынкы онор билим аркылуу бакубат доолотко умтулуу
5.Гумандуулук,айколдук ,кечиримдуулук
6.Табигат менен татуу мамиледе болуу
7.Кыргыз мамлекетин чындоо жана коздун карегиндей сактоо
6.Тустор
Табиятка корк берген,Тустор дагы жетиден
1.ак.2.кара.3.кызыл.4.жашыл.5.кок.6.сары.7.курон
7.Ундор
Туркун жандык ун катчу,Ундор дагы жетиден
(окуучулар ар бири жандыктардын унун туурап беришет )
Бышыктоо: Жети саны ыйык сан,Жети саны кулук сан
Жети санын пир туткан,Биздин ата-бабалар
(макал айтуу)
Жети олчоп бир кес.Жетинин бири кыдыр.Жети элдин тилин бил,Жети турдуу билим бил
1.Ак соз.2.Ак ниет.3.АК монгулуу Ала-Тоо.4.Ак калпакчан ак сакалдуу ата.5.Ак элечек ак чачтуу эне.5.Ак ниет.6.Ак сутту ак эмгеги менен актаган бала .7.Ак бата
Ак эмгегинер менен улук,Ак ниет ,асыл оюнар менен бийик
Ыйманынар менен бийик болуп Жылдыздын жетиси
Кыргыздын жетиги болгула
Тамактын улугу ак
1.сут.2.айран.3.кымыз.4.каймак.5.курут.6.сары май.7.быштак,жуурат,эжигей
Ыймандык сапат
1.абийирдуулук.2.сабырдуулук.3.жонокойлук.4.ак ниеттик.5.боорукердик.6.мээнеткечтик.
7.мекенге берилгендик