СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Бүтүрүү кечеси"

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Билим өлкөсүнө саякат" 

Просмотр содержимого документа
«"Бүтүрүү кечеси"»

  1. Музыканын коштоосунда балдар экиден кол кармашып залга киришет. ( “Прощай детский сад” с.м. Ю. Михайленко )

  2. Алып баруучу:

Кечээки эле алдейлеген бөбөктөр,

Бүгүн мына алдыңарда жаш чырпык.

Күлүп турат, күйүп турат көздөрү,

Балдарымдан таппайсыңар бир кынтык.



Кыялы бар өз-өзүнчө мүнөздүү,

Өз баламдай көрүп калгам буларды.

Менин ордума коюп көрсө башкалар,

Ошондо да сезимимди туярбы?



Көргүм келбейт балдарымдын,

Өксүп-өксүп ыйлаганын,

Кайсыл бир күн кезиккенде,

Көр турмуштан кыйналганың.



Көргүм келет балдарымдын амандыгын,

Көргүм келет балдарымдын адамдыгын.

Балдарым деп айтуудан тартынбаймын,

Тиилишкен бойлорунан алтындайым.



Саламатсыңарбы урматтуу ата-энелер, бала-бакчанын жалпы жамааты! Бүгүнкү бүтүрүү кечебизди ачык деп жарыялайбыз. Анда эмесе сиздерге арналган чакан концертибизди баштоого уруксат бериңиздер. Келгиле балдар, колубуздагы шарларды учуралы.

  1. Хор “Бакчамда майрам” ( с. о. Г. Эсенгулова )

Тарбиячы:

Биздин балдар ал турсун

Көп ырларды жаттады

Азыр айтып беришсиин

Кана балдар баштайлы

  1. Ырлар

  1. Айкалый, Нурислам, Элдар, Медина.

Кучагыңда жаркылдап

Өттү жакшы күндөрүм.

Ыр жаттаган, ырдаган,

Жомок укчу күндөрүм.

Балалыгым бал ширин,

Так секирип жүгүрдүм.

Сен үйрөттүң сүйлөөнү,

Сен үйрөттүң бийлөөнү.

  1. Сумая.

Этот праздник ден прощанья

Грустный и веселый

Детский сад наш до свиданья

Здравствуй, здравствуй школа!

  1. Бактыгүл, Усман, Нурия

Унуткарып таштагыс,

Укмуш сонун бакчабыз.

Бакчадагы баарына,

Чоң рахмат айтабыз.

  1. Айдай, Альбина, Ширин.

Мектепке эми барабыз,

Окуйбуз анан жазабыз.

Алыс эмес арабыз,

Бакчага келип турабыз.

  1. Примбек, Айтурган, Айжан, Байнур.

Оюнчукту чогултуп

Бөбөктөргө калтырдык.

Канча кыйбай турсак да,

Бөбөктөргө тапшырдык.

Жетилип ой санаабыз,

Бакча менен коштошуп,

Мектепке эми барабыз.

  1. ( Музыка угулат да Буратино кирет, балдар менен саламдашат. )

Буратино: Мен алтын ачкыч таап алдым. Бул ачкыч менен ажайып бир сыйкырдуу өлкөнү ача алам. Ал өлкөдө жашагандардын баары боорукер, кайрымдуу, жардамын аябагандар, ошондой эле алар сыйкырдуу билимге ээ. Бирок мен ал өлкөнүн каерде экенин билбеймин.

Тарбиячы: Кейибе Буратино, биз ал сыйкырдуу өлкөнүн кайсыл жерде экенин билебиз. Биздин балдар ал жерде дайыма болушат. Ал сыйкырдуу өлкө – Билим өлкөсү деп аталат. Биздин балдар мектепке чейин көп нерселерди бакчадан үйрөнүштү.

Буратино: Кандай азаматсыңар балдар, мен да көп нерсени билгим келет.

Тарбиячы: Буратино биз сени жана биздин конокторду эң шаңдуу саякатка өзүбүз менен ала кетебиз.

( Музыканын коштоосунда мышык менен түлкү келет. )

Түлкү, мышык: Ай –ай – ай, кичинекейлер, а силер кайда жөнөдүңөр?

Балдар: Сыйкырдуу өлкөгө жөнөдүк.

Түлкү: Аааа, ал жолду биз да билебиз.

Тарбиячы: Кайсыл жолду?

Мышык: Бейбаштардын өлкөсүнө баруучу жолду.

Балдар: Жок, жок биз андай өлкөгө барбайбыз.

Тарбиячы: Бейбаштардын өлкөсүнө жомок окубаган, улууларды укпагандар барат.

Түлкү: А эмне бул отурган балдар бир нерсе билишеби?

Тарбиячы: Эгер силер да биз менен барсаңар балдарымдын, кандай акылдуу экенин көрөсүңөр.

Тарбиячы: Түлкү менен мышыкты ала кетелиби?

Балдар: Ооба, кошо ала кетели. ( Балдар Буратинону ээрчип музыка менен бир айланып, ордуна отурушат. )

Тарбиячы: Балдар биздин биринчи аялдамабыз “Окуу жана окуу!”.

Алиппе ( кирет ): Арыбагыла жаш достор!

Амансыздарбы ата – энелер!

Келечекке жол ачаар.

Алиппең келди ортого.

Келечеги кыргыздын.

Башталат мына силерден.

Тамгаларды билсеңер,

Мени урматтап жүрсөңөр

Ар бир тамга сырларын

Айткылачы угайын.

Урматтап жакшы окугула

Чиймелебей беттерин

Мектептен эми жолугабыз

Ага чейин саламатта калгыла.

Эми балдар кетейин.

  1. Бий “Ат чабыш” (“Маш ботой” Ордо сахна )

  2. Ырлар

  1. Адеми, Актилек, Райым.

Ыр ырдайлы баш кошуп,

Бакчам менен коштошуп,

Күнүбүз турсун күлмүңдөп.

Бар бололу достошуп.

  1. Мирхан, Алмир.

Есть на свете чудо сад,

Я в него ходить был рад,

Здесь и летом и зимой,

Были все друзья со мной.

  1. Арууке, Фатима, Шабдан.

Кубанабыз тартуулап,

Кубанычтын миң гүлүн,

Бакчабызды кыя албай,

Коштошо турчу күн бүгүн.

  1. Шерхан, Ырыскелди, Назик, Аяна.

Ата – энедей алпештеп,

Өстүрдүңөр биздерди,

Чексиз айтып алкышты,

Ардактайбыз сиздерди.

Аэлита:

Эне тилин ардактап

Ата – салтын биз көрдүк

Сүрөт тартып, ыр ырдап,

Көп нерсени үйрөндүк.

  1. Хор “Алиппе” ( с. о. Г. Эсенгулова )

  2. Оюн ( балдар менен )

  3. Бий “Гүлдөр” ( Ф. Шопен “Весенний вальс” )

  4. Мышык: балдар силерге мен тапшырма бергим келип жатат. Эсеп чыгарганды билесиңерби?

Кайсынсы аз?

  1. Айпери сандыкты ачты,

Жети көйнөк, жети шым тапты,

Ойлоно берип таппады

Көйнөк азбы, жем шым азбы?

  1. Кайсынысын буту көп?

Каздын буту эки, козунуку төрт

Карап туруп айтчы, кайсыныкы көп.

  1. Ата – энелерге тапшырма

Каздар тобу баратты

Бири алдыда, экөө артта,

Бир каз артта, экөө алдыда,

Бир каз эки каздын ортосунда,

Айткылачы билсеңер, канча каз учуп баратты?

  1. Оюн ( энелер менен )

  2. Хор “Барбайм эми бакчага” ( с. о. Г. Эсенгулова )

  3. Ырлар

  1. Амир, Аэлита, Дариха.

Биз сабакты баштайбыз,

Кайталоодон качпайбыз.

Эсептен да качпайбыз,

Жазууну эми баштайбыз.

  1. Эдил, Зулфия, Саадат

Берет бизге таалимин

Тарбиячы эжебиз

Айткан сөзүн кайрыбай

Апабыздай көрөбүз.

  1. Бектур

Мен чоңойсом бул бакчанын

Жетекчиси боломун.

Түштө уктоо маселесин,

Эң биринчи жоемун.

  1. Билал, Баэл, Билал.

Эринбеймин эч качан

Абдан элпек баламын

Элибизди коргогон

Эр азамат боломун.

  1. Айкен

Здесь дружили, мы играли

Буквы первые узнали

Незаметно подрастали

И совсем большими стали.

Аниса

  1. Оюн ( аталар менен )

  2. Хор “Кош бол, бакчам” ( с. Ж. Сыдыков, о. К. Эралиева )

  3. Бий “Флеш-моб

Тарбиячы: Балдар, мына ошентип биздин көңүлдүү, шандуу саякатыбыз да аягына чыкты.

Түлкү менен мышык: Ооба балдар, аябай сонун эс алдык. Биз дагы жолугарбыз. Жакшы калгыла!

Буратино: Балдар, анда бул колумдагы Билим өлкөсүнүн Алтын ачкычын жогорку топко тапшыралы.

Тарбиячы: Наристелер жазылбаган ак барак,

Эмнени айтсаң дал ошондой аткарат.

Мүнүшкөрү, саяпкери келишсе

Убагында шумкар болуп тапталат.

Анда эмесе балдардын коштошуу вальсына көңүлүңүздөрдү буруңуздар.

  1. Вальс

  2. Балдар хор менен айтышат:

Кош бол бакчам, кош болгун.

Бизге ачык жол болсун

Жети жашка келгенче

Сени менен дос болдук.

Тарбиячы: Бала бакчанын жетекчисине сөз берели.