СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ч.Айтматов-аалам алпы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ч.Айтматов-аалам алпы»



























Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов

12.12.2014 / Автор Orozaly

 36,786 просмотров всего, 42 просмотров сегодня

Айлана жымжырт,аппак түскө боёлгон сыяктуу,асмандан куш да учпай,мемиреген ак булуттар күн нурун тосуп ызгардуу кыш мезгили өзүнүн өкүмүн сүрүп жатты.Мына ушул кычыраган кыш мезгилинин 1928-жылдын кыргыз асманында жылдызы жарык жанган өзгөчө күнү 12-декабрь айтылуу ааламга даңкы чыккан кыргыздын сыймыгы, улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов Талас облусунун Шекер айылында жарык дүйнөгө келген. 
Болочок жазуучунун атасы Төрөкул Айтматов өз кезегинин эң билимдүү адамдарынан болуп,ошол билимдүүлүгү,акыл парасаты менен Ош жакта чоң районду (Араван-Буура) башкарып жүрүп эле көзгө көрүнүп,республиканын жетекчилеринин бирине чейин өсүп барат,дагы келечеги жаркын көрүнүп,Москвага окууга жиберилет.
Апасы Нагима Хамзаевна татар кызы,таяталары Татарстандан Каракол шаарына келип туруп калган,колунда да,башында да бар кишилерден болгон.Демек,Чыңгызга эки кан,эки күчтүү ген келип кошулган,ошолордон кадимки бала гана эмес күчтүү каны бар бала жарык дүйнөгө келген окшойт деген ойдо калдым.

Чынгыз Айтматовду Жалал-Абадда туулган деген пикир бар, бирок атасы,апасы баланын туулган жерин атайын ырымы кылып Шекерге каттаткан окшойт,кыргыздын байыркы салты менен май томоруп,киндигин кесип,бешикке салып,балага ырыскылуу Шекердин ырысын жуктурган сыяктанат.

Андан соң жаш баланы Ошто,Фрунзеде,Москвада алып жүрүү менен ата-эне көкөтөйүнөн көзүн ачат,дүйнөнүн кеңдигин,башка улуттардын илим-билимдүүлүгүн көрсөтөт, Анан эле ушундай билимдүү,келечектүү ошол кездеги «жаңы кыргыздардын» очогунда отун алоолонтуп жагып жаткан үй-бүлөнү сталиндик репрессиясынын кара туманы каптап,бир күндө эле жаш балага асман астын-үстүн болуп калып атпайбы.

Европанын цивилизациясына баш бага баштаган баланын кийинки жашоосу,балалыгы бүтүндөй Шекер жана шекерликтер менен байланып калат.Атасыз,атасынын кайда өлгөнүн,кайда көмүлгөнүн билбеген бала кимдир бирөөлөргө кекетенип өстү,көк,өжөр тырышчаактык,чындык издөөчүлүк мүнөздөрүнө ээ болду.Тилинип турган бала жүрөгү азык болор нерсени,көңүлү жубатар нерсени Шекерден тапты,ал кездеги Карагыз,Айымкан,Досаалы сыяктуу байыркы кыргыз салтын сактап келген кишилер,жайлоо,андагы жаратылышы,элдик таалим-тарбия,элдик фольклор бала дилине ушунчалык жакын келди.Орус,кырыгз тилин бирдей билген зээндүү,зирек бала а түгүл шекерликтердин эң билимдүүсү катары 30-40-жылдарды эле айылга аты тааныла баштады.Он төртүндө согуш эпкини тийген кыштакта элдин азап-тозогун башына үйүп салып,жеке тагдырындагы кайгы менен жалпы элдин кайгысын жуурулуштуруп жүрүп,өзүнүн болочок каармандарына туш болду.Бир карасаң Чыңгыз бала,бир карасаң Чыңгыз чоң ата айыл турмушунун кардиограммсы болуп жүрүү менен турмуштан жазбай коюга мүмкүн болбогон окуяларга кездешти.Күйөөсү согушта жүрсө башка бирөөнү сүйүп кеткен келиндин,үч уулу менен күйөөсүн согушка жиберип жалгыз келини менен калган энени,күйөөсү бозгун болуп келгенде аны жакшылып тосуп алып,бирок анын кандай адамдык пастыкка барганын көргөндө душманындай кармап берген келиндин окуяларын,Ак-Сайда дың бузуп жүргөндө аттарын уурдап кеткен уурулардын кылгылыктарын ал өз көзү менен көрдү,өзүнүн жүрөгүнүн тереңинен алып өттү,эми отуруш керек да,жазууга гана камынуу зарыл эле.
Чыңгыз айылдан жазуучу үчүн эң керектүү нерсени-түгөнбөс теманы тапты,ал жерден чынында билим алган жок,табигый-математикалык,гуманитардык илимдерди орто мектептин программасында өздөштүрбөдү,болгону турмуштун сабагын алууга жетишти,а бул болсо жазуучу үчүн эң керектүү оокат эле.Мына ушундай татаал турмуштан сабак алып бой жетет.
Кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумда,Фрунзедеги айыл чарба институтунда окуп билим алат.Адабиятка жакын,көркөм сөзгө ык койгон жигит 1951-жылдан котормолор,сөздүктөр тууралуу сын макалаларын жаза баштайт.1952-жылы «Гезитчи Дзюйо» деген аңгемесин жарыкка чыгарат.Ошол жылдан тарта акындын удаа-удаа чыгармалары гезит,журнал беттеринен орун алып,эл кулпуна толо баштайт.1953-1956-жылдар аралыгында акын оз ордун таап,»Асма көпүрө»,»Ак жаан»,»Түнкү суугат»,»Сапайчы» аңгемелерин биринен өтүп бири чыгарып,адабияттагы өз «киндигин өзү кесип аткан» болот.Ошентип 1956-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынып,Москвадагы М.Горький атындагы бүткүлдүйнөлүк адабият институтунун эки жылдык адабий курсуна угуучу болуп отуруп калды.
Дагы бир бактылуу учур «Жамийланы» даңазасы союзга таш жарган М.Ауэзов,аты ааламга белгилүү Л.Арагон аябагандай жогору баалап салган 1958-жыл болчу.Ошол отуз жашында Москвадагы кыргыз адабияты менен маданиятынын декадасында анын чыгармалары көккө көтөрүлө макталса,Кыргызстан Жазуучулар союзунун талкуусунда жерге киргизиле жамандалып аткан.Орус басылмаларынын А.Твардовский баш болгон редакторлору ага акыл-насаатарын айтты.эми ал орусча гана жазып,Москва журналдары менен гана иштешүүнү чечти.Бул аны жаңы репрессия туткунунан бошотту,болбосо Даниярды ээрчип кеткен Жамийла менен кошо адабият ааламынан түбөлүк кетмек.Кийинки муундун бактысы бар экен, «Жамийла» Айтматовду аңга түртпөй ааламдын бийик чокусуна алып чыкты.


Эки жыл аралыгында «Бото көз»,»Кызыл жоолук жалжалым»,»Биринчи мугалим»,»Саманчынын жолу» деген чыгармаларын жазып,алар Москвадан «Повести гор и степей» деген ат менен өзунчө чаканыраак китеп болуп чыкты,китебине 1963-жылы 21-апрелде Лениндик сыйлык ыйгарылды.Бул сыйлыкка жетүү үч уктаса түшкө кирбес нерсе эле,оңойлук менен орустардан башкага берилбеген жана берилгенде да жашы өтүп калган кишилер гана мурдагы көп жылдык кызматы эске алынуу менен берилген саясий мааниге ээ сыйлык болчу.СССРдин №1 сыйлыгы али тааныла элек,отуздан эми оогон «сары ооз балапанган», «контрдун баласына», бир «кара кыргызга» ыйгарылып жатса,бакыт эмей эмне,оомат эмей эмне!
дал ошентип «Гүлсарат» (1966) жана «Ак кеме» повесттерин жазды.Булардын ар бири менен жазуучу «өлүп,кайра тирилди».


Канткен менен Айтматов акылман катары бул чыгармаларында системаны өзгөртүү керектигин,бул бойдон жашоого мүмкүн эместигин каңкуулады.Ал багытын тереңдетип 80-жылдарда «Кылым карытар бир күн» жана «Кыямат» романдарын жазды.Ага чейин өзү жогору баалап келген «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» менен «Эрте келген турналар» деген адамдын адептик жүзүн ачып берген,романтикалык да,трагедиялык да чыгармаларын элге берген эле.Булардан кийин «Тоолор кулаганда» да кандайдыр бир деңгээлде толтуруп кетти.Бул чыгармалар аркылуу жазуучу адамзат алдында айтарын айтты,бир чети адам баласынын кыйроосунун алдын алуунун зарылдыгын,экинчи чети рухий кыйроодон чыгуунун жолдору кайсыл экендигин көрсөтүп берди.Анын бул чыгармалары жазуучуну орус адабиятындагы Л.Толстойдун,Ф.Достоевскийдин,М.Шолоховдун бийиктигине көтөрүп жетти,дүйнөлүк гуманист сүрөткер Ала-Тоодон үнүн мейкиндткке-жалпы ааламга жана мезгилге кийинки-кийинки жылдарга угуза айта алгандыгын тастыктады.

Айтматовсуз күндөр...

Акыретке аттанаар алдынан…

Айтматов Ала-Тоосунан өз туралуу документалдык киного тартылам деп тирүү кетип,тага журтунан ажал таап,Ала-Тоосуна табытка салынып келди.Он төртүндө Ала-Тоосунан кеткен экен,он төртүндө Ала-Тоосунун койнуна берилди…
Жыгылып баратып уулу Элдарга «Кыргызстанга алып кеткиле» дептир.Жүрөк сезген бейм.Жанталашып элчилик кызматын өткөрүп берип,шашып аткан белем.Кийинки күндөрдө майдын башында эле шагдам жүрөгүндөй көрүнгөн.Көз тийдиби?..
Коштошуу зыйнаты.Аза ыйы…
Филармониянын алдына эл батпайт.
«Ата,мен Сенин сөөгүң кайда коюлганын билбейм!»
«Саманчынын жолу» повести ушундай сүйлөмдөр менен башталат.Кийин жазуучунун атасынын сөөгү кайда коюлганын билдик.Эми Айтматовдор ал дөңсөдө бирге жатат.

Тагдыр тамашасы

Айтматов согуш жөнүндө көп жазды.Немецтердин элибизге салган азабы анан бүтүндөй чыгармачылыгын кыраркыдай кармап турат.Тагдыр тамашасын караңыз,анын эң көп окурмандары да биз менен согушкан немецтердин кийинки мууну болуп чыкты.Жазуучунун акыркы күндөрү да,акыркы дем алган абасы да ошол немец жери болду.
Адамдын ысымы — ырыскы
«Чыңгыз» деп биз айтсак,казактар «Шыңгыс» дейт,түрктөр «Деңгиз» дешчү.Атасы Төрөкулдун бмр тууганы Рыскулбек авасы балага «Чыңгыз» деген атты ыраа көрүптүр.Чыңгыз хандай атактуу болсун,аалам кессин,аты өчпөсүн деген окшойт…

Эми Айтматов келеби?

Жазуучунун денеси жерге бериле электе телевизор,радио тынбай айтып жатты,негедир баары эле «эми Айтматов жүз жылда да,миң жылда да келбейт» деп атышты.Айтматов кайдан келди?Татар менен кыргыз улутунун канынын кошундусунанбы,же шекрликтердин байыркынын жугу-журту калган элдик тарбиясынанбы?..
Ким билет да,ким аңдайт?!
Дагы айтматовдорду келтирүүнү ойлонуш керек,эки кыргыздын бири алкаш болуп кетсе,эки кыргыздын бири жети ата өтпөй үлөнүп жатса,кайдагы айтматовдор…
Бирок баары бир айтматовдор келиш керек.Балким ал эми адабияттан келбестир…

Биздин бактыбыз

Атасы Төрөкулдун атылып кетиши-Чыңгыздын жеке турмушу үчүн кайгы,азап болгондур,бирок биз,окурмандар үчүн чоң байлык болду.Бала атасынан айрылбаганда ал көркөм сөз баккан жазарман болмок эмес…


Адина ОСОРОВА «Аймак»

«Кыргыздан Чынгыз кетти»


Ким кетти?
Өңгө гө катардагы кыргыз кетти, 
Кыргыздын чыгаан уулу Чынгыз кетти.
Ааламга кыргыз деп нурун чачкан,
Асмандан орду толгус жылдыз кетти.

Кыргыздын мандайынан жарык кетти,
Жазылбай дагы далай тарых кетти.
Жазганга улгурө албай жанган жылдыз,
Kөn нерсе жарык көрбөй карып кетти.

Көөнө рбөс көнүлү нөн алып жазды,
Дүйнөгө нурун чачып жанып жазды.
Kөn чыгарма көгөрткө н калем сабын,
Кыргыздын тарыхына малып жазды.

Көп чыгарма жетишпей жазылганга, 
Kөn кендери жетишпей казылганга. 
Адабият кампасы жабык калды,
Кампачы жок чыгарып сапырганга. 

Kөn чыгарма жазылбай ыйлап калды,
Жазуучунун жүрөгү туйлап калды.
Учурап орду толгус жоготууга,
Кыргыздын боору ачышып сыздап калды.

Суктанып талантынын таңгагына, 
Капамын шум ажалдын алганына.
Көзүнү н тирүүсү ндө кол кармашып,
Өкүнө м бир көрүшпө й калганыма.














































Тема: Ч. Айтматовдун балдары

1. Саламдашуу.

2. Дүйнө белгилүү кыргыз жазуучусу Айтматов Чынгыз Төрөкуловичтин 90 жылдык мааракесине арналган кечени ачуу үчүн Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабият сабагынын мугалими Дүйшеева Айтбүбү Качкыналиевнага берилет.

3. Доклад.

Урматтуу мугалимдер,окуучулар жана меймандар.Бүгүн биз үчүн кыргыз элинин чыгаан уулу, орошон ойчул, сөз сүрөткери Чынгыздын 90 жылдык юбилейине карата окуучулардын эскерүү кечесине чогулуп отурабыз.

Айтматов канча чыгарма жазды тез эле дүйнө элдеринин тилдерине которулуп, тез эле экрандаштырылып турду, дүйно эли сүйүп окуду. Ал түзгөн көркөм дүйнө чынында эле түгөнгүс казына, эң бир маанилүү ойлор камтылган. Анда мугалимдердин кадыр- баркы,энелердин эмгеги, жаштардын сүйүүсү,экалогиялык, кош тилдүүлүк, улуттук мектеп, балдар темасы, “Манас” элибиздин эзелки мурасы жана да көптөгөн проблемаларды котөрдү.

Адам баласындагы, коомдогу бардык мыкты нерселерди билип, турмуштун бардык татаалдыгын тушүнүп адабият аркылуу элине кызмат кылды.

Аты-чынгыз, заты-кыргыз бул адам өзүнүн орошон таланты менен алакандай кыргыз элин бүт ааламга таанытты. Анын аты менен бүгүн ар бирибиз, ар бир кыргыз сыймыктана алат. Биз бүгүн Чынгыздын балдар темасына тоетолууну туура көрдүк.

Өзү да бала чагында каардуу согуштун ачуу сабагын алды, согуш балдардын балалыгын уурдады,аны өмүр бою эсинде сактап калды.Кийин аны ар бир чыгармасында чагылдырды,эл ичинде балдардын оор турмушун жазды.Бешиктеги баладан кер мурут жигит, керилген кыз балдар баары согуштун каарын тартышты.

Анда биз босогобузга чак келбес кийим кийип,оюбузга чак келбес ой ойлоп жүрчу эмес белек...Оо бала чак туш болгон согуштун каарын мындан кийинки адамдар, балдар көрбөсүн дейт жазуучу.Алгачкы чыгармасындагы”Газетчи Дзюйо”, Бугу Энедеги кыз менен бала, Бетме-беттеги Сейденин колундагы бала,Тотойдун балдары,Жамийладагы Сейит, Биринчи мугалимдеги Алтынай классташтары менен Эрте келген турналардагы Султанмурат,Мырзыгүл классташтары менен, Деңиз бойлой жорткон ала добөттөгу Кирис, Делбиримде Самат, Кыяматтагы Кенжеш,Ак кемедеги Нургазы, Кылым карытар бир күндөгу маңкурт Жоламан азыркынын Манкурту болуп калган Сабитжандар деги койчу алп сүрөткердин кайсы гана чыгармасын окуба адам деген улуу атты алып жүрүш үчүн болгон көшөргөн күрөштү көрөбүз.

Келечек муунга калтырган таасири чон. “ Адам баласына эң кыйыны күн сайын адам болуу” дейт жазуучу, демек ар бирибиз ошол адам баласына тиешелүү эң жакшы сапаттарга ээ болдуп адам деген атка татыктуу адептүү,ыймандуу бололу

4. Декломация. 7- “А” класстын окуучулары

5. Хор. “Махабат дастаны” аткаруучулар: 7- “А” класстын окуучулары

6. Көркөм окуу. 9- “Д” окуучусу Уланбек кызы Гүлназ

7. Ч. Айтматовдун “Эрте келген турналар” чыгармасынан үзүндү. Аткаруучулар: 7- “А” класстын окуучулары

8. “Ак кеме” чыгармасынан үзүндү аткаруучулар: Шаршенбек уулу Эржан

9. Ч. Айтматовдун “Бугу Эне” чыгармасынан үзүндү. Аткаруучулар: 9 – “Г” класстын окуучулары Рысбекова Бегай,Жолдошбекова Малика жана 2-“Б” класстын окуучулары Курманалиев Ариет, Нурланбекова Сезим.

10. Бий “Ак баранын көз жашы” аткаруучулар 7-“Б”класстын окуучулары

11.Жыйынтыктоо