СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ч.Айтматов-публицист." Ысык-Көлдүн куту жана куну"

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ч.Айтматов-публицист." Ысык-Көлдүн куту жана куну"»






Сабактын темасы: Ч. Айтматов – публицист. «Ысык- Көлдун куту жана куну» интервьюсундагы көл көйгөйү тууралуу ойлорунун аргументтүүлүгү,проблемалуулугу, келечектүүлүгү.

Сабактын максаты: Публицисттин «Ысык-Көлдүн куту жана куну» публицистикалык ой толгоосунун тегерегинде ой жүгүртө алышат.Публицисттин ой толгоосуна улай азыркы учурдагы көлдөгу экологиялык проблемаларды байланыштырып, кыргыздын атуулу катары сактоого, коргоого үйрөнүшөт. Мекенди, табиятты сүйүүгө, сактоого тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, буклет, энциклопедия, таратмалар, техникалык каражаттар.ж.б.

Сабактын тиби: Жаны материалды өздөштүрүү.

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү.(Блумдун таксономиясы жеке, жупта жана топтор менен иштөө)

Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу учуру, жагымдуу жагдай түзүү.

б ) Үй тапшырмасын суроо.

Кыргыз публицистикасы (1920-2005-жылдар) суроолор боюнча жооп берүү.

Жаны темага өбөлгө: Ысык - Көл тууралуу ыр айтуу,

Блумдун таксономиясы боюнча таанып билүү шатысы менен иштейбиз.

Жаны теманы түшүндүрүү: Жазуучунун Ысык-Көлдү коргоо тууралуу актуалдуу маселени көтөрүп чыгышына ошол кездеги Борбор Азиядагы Арал денизи, ага куйган Сыр-Дарыя менен Аму дарыясынын нугу азайып, пахта, куруч, жашылча, жер-жемиштерин сугарууга кеткендиктен, натыйжада дениз тартылып, суудан бошогон топуракты шор басып, ал абага көтөрүлүп, көп аймак эгин өстүрүүго жараксыз калды.







Арал трагедиясы адамдарга жугуштуу ооруларды алып келди. Аралдын туз-тозону Суусамыр жайытынан, Памир-Алай тоолорунан да табылды. Адамдардын кыяматтыгынан Арал кыяматы келип калганда, дүйнөнүн бир бөлүгү ооруса, экинчисине да доо кетерин жазуучу Ысык-Көлдү, Азиядагы экинчи көлдү, ойлой билип кабатырланды.


Билим. Бул шатыда жекече жооп берүүго аракет кылгыла.

1. Бул публицистика качан, кайсы басылмадан чыккан?

2. Жазуучунун бул проблеманы көтөрүүсүно эмне түрткү болгон?

3. Ысык –Көлдү сактоо тууралуу дагы кайсы 19- кылымдагы акын эскертип келген?


Түшүнүү. (жупта иштоо)


Журналист катары бири суроо берсе экинчиси публицист катары жооп берет.

  1. Сиз жазуучу- байкоочу,пуплицист- жазуучу катары Ысык-Көлдө Аралдын трагедиясы эртең кайталанбаш учун бүгүнкү ойлонуучу маселелер кайсылар деп эсептейсиз?

  2. Ысык- Көлдүн сакталышын адам ыйманынын сакталышы менен эмне үчүн байланыштырасыз?

  3. Ысык –Көлдү кантип сактайбыз?

  4. Көлдү ким сактайт?


Колдонуу. (Ысык –Көл тууралуу фильмди көрүшөт)

Талдоо. (Топтор менен иштешет) Ысык –Көлдүн картасы боюнча публицисттин ой толгоосуна улай өз ой пикирлерин азыркы көл проблемаларына тогоштуруп айтышат.










Баалоо. (жеке иштешет)

  1. Бул публицистикалык ой толгоонун азыркы учурда актуалдуу десек болобу?

  2. Бул ой толгоодо цифра-фактылар кандай берилет?

  3. Силер жазуучу айткан пикир- сунуштарын, аргументтүүлүгүн эске алуу менен жалпы окурман ойлонууга, конкреттүү ишке өтүүгө аракет кылат деп ойлойсунарбы?

  4. Сен Ысык-Көлдү коргоого далалат кыласыңбы?

  5. Бүгүнкү күндөгү көлдүн экологиясы сени ойлондурабы?


Жаратуучу.(долбоор жактоо. топто иштөө)

Канткенде Ысык-Көлдү көздүн карегиндей сактай алабыз?









Жыйынтыктоо:

Демек,Ч.Айтматовдун ой толгоосу өз учурунда ыйман менен табият, экология проблемасы жана өндүрүш маселеси, Ысык-Көлдүн тагдырына күйүп бышкан атуулдук позициясынын бекемдиги, ойлорунун аргументтуүүлүгү менен окурмандардын жүрөгүнөн орун тапкан полемикалуу интервью болуп калды.

Үй тапшырма: «Ысык-Көл- кыргыз бермети» деген темада дилбаян- публицистика жазуу.

Билимин баалоо: топтор, жуптар боюнча билимдерин баалоо.


























Сабактын темасы:

Ч.Айтматов-публицист.

Ысык-Көлдүн куту жана куну




Кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими

Касымбекова Асмира

Байсариевна






Кара-Көл шаары

Ч.Түлөбердиев атындагы жалпы билим берүү инновациялык мектеби

2016-жыл











Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!