СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ч.Айтматов залкар жазуучу

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ч.Айтматов залкар жазуучу»

Сабактын темасы:  Ч.Айтматов-кылымдын залкар жазуучусу.



Сабактын максаты:


1. Ч.Айтматовдун дүйнө мамлекеттеринин жана элдеринин арасында таанылышынын фактыларын үйрөтүү.


2. Окуучулардын д
үйнө таануусун, сүйлөө көндүмдөрүн калыптандыруу, Ч.Айматовдун чыгармачылыгы боюнча маалыматтарын кеңейтүү.


3.
Өз элинин улуу инсандарынын өмүрүнө, чыгармачылык ишмердүүлүгүнө шыктануу сезимин ойготуу. Алардан үлгү алууга үндөө.


Сабактын жабдылышы: Ч.Айтматовдун сүрөттөрү. Белгилүү адамдардын ал жөнүндө айткан сөздөрү жазылган плакат.



 Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу:

Сабакта колдонулуучу «Алтын эреже» (дидактикалык талап):
1.Убакытты баалай билүү;
2.Сабака активдуу катышуу;
3.Башкалардын пикирин угуу, сөзүн бөлбө; 4.Жаңы идея, тажрыйбаларды каалоо;
5.Чыгармачыл тажрыйбаларды аткаруудан баш тартпоо ж.б.

2. Мугалимдин сөзү:

12-декабрда Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдык мааракесин кыргыз эли эле эмес бүткүл дүйнө жүзү белгилегени турат. Анын өмүрү чыгармачылыгы боюнча сөз кылып кетели
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) – кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, кыргыз ССРнин эл жазуучусу  (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Эл Баатыры.
Балалыгы
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон. Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.
1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен). Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды..
Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август
ь айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт. 1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.

Чынгыз Айтматовго дүйнөлүк кадырбарк алып келген, анын новаторлук калеминен жаралган 60—70 – жылдарда жазылган «Бетме-Бет», «Жамийла», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Жаныбарым, Гүлсары», «Ак кеме», «Эрте келген турналар» аттуу повесттери болду. Кийинки мезгилде жазуучу роман жанрынын үстүндө ийгиликтүү эмгектенип, «Кылым карыткан бир күн» (1980), «Кыямат» (1986) жана «Кассандра тамгасы» (1995) аттуу чыгармаларды жарыялады. Анын чыгармачылыгына коомдун орчундуу саясий, социалдык жана нравалык проблемаларынын курч коюлушу, интеллектуалдуулук, жалпы адамзаттык маселелердин философиялык өнүттө чечилиши, адам баласынын жан дүйнөсүн ичкериден психологиялык талдоолордон өткөрүшү жана жалпылоосу мүнөздүү.
1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.
2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду.
Маркумдун сөөгү Кыргызстандагы Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылындагы Ата Бейит көрүстөнүнө коюлду.

3. Топтордо иштөө:

Класска сары, кызыл, жашыл карточкалар таркатылып берилет. Карточкалардын түсүнө жараша класс окуучулары үч топко бөлүшөт. Ар бир топко тапшырмалар берилет. Алар чогуу талкуулап , жообун бир окуучу чыгып айтып берет.

1-тапшырма:

Ч.Айтматов же анын чыгармалары жөнүндө белгилүү адамдардын ой-пикирлерин же жазган ырларынан көркөм айтып бергиле.
М. «Жамийла- дүйнөдөгү махабат жөнүндөгү эң сонун баян» (Луи Арагон) ушул эле чыгарма жөнүндө «Сүйүнүн гимни» (А.Стиль)
Кыргыз элинин залкар акындарынын бири Асан Жакшылыков Айтматовду эскерип, "Чыңгыз Айтматовго аза баллада" деген балладасын жараткан.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими, билим берүүнүн отличниги Айым Талгатбек кызы "Жылдыз өчпөйт" эскерүү ырын жазган. 2009-жыл. ж.б.

2-тапшырма:

1-топко: Жазуучу түзгөн жаныбарлардын образдарын атагыла.
Жооп:Гулсарат, Акбара, Ташчайнар, Каранар, Бугу Эне, Жаабарс…
2-топко: Жазуучу түзгөн балдардын образдарын атагыла.
Жооп: Самат, Авалбек, Даул, Анатай, Султанмурат, Мырзагул,…
3-топко: Жазуучу түзгөн терс каармандарды атагыла.
Жооп:Кочкорбаев, Орозкул, Ысмайыл, Сегизбаев, Базарбай,…

3-тапшырма:

1-топко:Ч.Айтматовдун төрт гана каарманы бар чыгармасы кайсы?
Жооп: «Дениз бойлой жорткон ала дөбөт» Орган, Мылгун, Эмрайн, Кириск.

2-топко: «Кыямат»романында Базарбайды соттосонор канча статьяда айыптайт элеңер?
Жооп: Экологияга зыян келтиргендиги үчүн, далилсиз адамды күнөөлөгөндүгү үчүн н, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулугу үчүн.


3-топко:Сыр сандык. Бул сандыкттын ичиндеги зат эки адамды бактылуу кылат. Ал эмне?
Жооп: «Кызыл алма» Бактагы эң акыркы кызыл алманы бөлүшүп жегендер бактылуу болот деп айтылат чыгармада.

4. Жыйынтыктоо:

Кылымдын залкар жазуучусу Ч.Айматов өзү өтсө да , экинчи өмүрүн жашап жатат деп айта алабыз. Ага биз окуучулар, алтындан эстелик тургуза албасак да, чыгармаларын окуп өмүр бою аздектеп, алардан өзүбүзгө эн жакшы таалим -тарбия  алып, келечегибизге жол тапсак болот.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!