Просмотр содержимого документа
«Ч. Айтматов жана доор»
“ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ЖАНА ДООР”: “ДОЛОН” ЫРЫ КАНТИП ЖАРАЛГАН?
1961-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу лирикалык повести “Дружба народов” журналына жарыяланат. Ошол эле жылы повестин негизинде орус кинорежиссеру А.Сахаров “Ашуу” деген ат менен көркөм фильмди тартат. Белгилүү кыргыз режиссеру Бообек Ибраев “Кызыл жоолук жалжалымды” сахналаштырып, Нарын облустук азыркы Муратбек Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрына коет. Белгилүү обончу, эл артисти Калыйбек Тагаев повестин баш каарманы күндүр-түндүр жол жүргөн шофер Ильяс жана жолчулар ырдай турган “Долон” аттуу ырды жазат. Ырдын кантип жаралгандыгы боюнча Калыйбек Тагаев айтып берди.
- Калыйбек мырза, айтылуу «Долон» ашуусун бала чагыңдан көрүп-билип, жол жүрүп жүрүп эле күтүүсүздөн жазуучу Ч.Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» аттуу лирикалык повестинин баш каарамандары шофер Ильяс менен Аселге арнап “Долон” аттуу ырды жазышыңа ким себепкер болду эле?
-Бул ырдын чыгышына 1966-жылы Нарын музыкалуу драма театры Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повесттин негизинде сахналаштырылган пьесасы себепкер болду. Ошол спектаклде “Долон” деген ыр бар экен. Режиссер Бообек Ибраев “Жумакем (Жумамүдүн) экөөң “Долон” деген ыр жазгыла”, деп тапшырма берди. Анан биз издене баштадык. Жумакем текстин (сөзүн) жазды. Эки жумага жетпеген убакта ыр жаралды.
Бир кызыгы - театрдын 70-80 жаштагы күзөтчү чалдары түн ичинде качып барып от жаккан (кочегарга) барып түнөшчү. Эмне үчүн десем театрда арбактар бар дешчү. Чындыгында эле театрдын ичи тарсылдап, балдардын ыйы, ызы-чуусу кадимкидей угулуп туруучу. Жарыкты күйгүзө койсоң токтоп калат. Адегенде коркуп жүрдүм. Спектакль болсо даяр болуп калды. Бир жуманын ичинде эле күндүр-түндүр отуруп “Долон” деген ырымды жазып бүттүм. Ырды Сагыйпа Чечейбаева ырдап чыкты.
- Ырахмат Калыйбек мырза кызыктуу маегиңизге.
“Долон”
Сөзү Ж.Шералиевдики. Обону К.Тагаевдики
Көк тиреп аскаң мелтиреп,
Көркөмүң айга серпилет.
Кылымдар ошол көркүңдү,
Кыргызга бердиң энчилеп.
Абасы таза дабаным
Аскаңда кетип барамын.
Кыялап тасма жол салган.
Кабыл ал шофер саламын.
Көркөмүң сүйкүм манаттан.
Кең пейил элге жарашкан
Кыргызың сүйүп алпештейт.
Кылымды сенсиң жараткан.
Кыяңдан мелүүн жел искеп,
Күн чыкса чыгыш тараптан,
Керүүңдөн өтсөм кыз менен
Көк жибек көйнөк, халатчан.
Кыргыз музыкасынын могиканы
Ар бир нота дирижердун жүрөгүнөн өтөт
Элдик ырлардын касиети
Сыябан: Маданий мурас жана миграция
Танго - жан дүйнөнүн бийи (2-бөлүк)
Танго - жан дүйнөнүн бийи (1-бөлүк)
Кыргызстандык корё-сарамдардын тарыхы
Көп окулгандар
Атамбаев соттук отурумдан чыгып кетти
Курманжандын АКШга жеткирген өжөрлүгү
Үй-бүлөлүк уруш жубайлардын өлүмү менен аяктады
Текебаевдин сотуна күбөлөр келүүдөн баш тартты
Спикерди кетирүү боюнча демилге токтотулду
Бабановдун экинчи жолу чегиниши (40)
Текебаевдин сотуна күбөлөр келүүдөн баш тартты (33)
Спикерди кетирүү боюнча демилге токтотулду (32)
Экс-мэрлердин соту: Ибраимов 15 жылга кесилди, Кулматовго айыппул салынды (видео) (29)
Атамбаев соттук отурумдан чыгып кетти (26)
Текебаев-Чотонов соту: күбөлөр көрсөтмө берүүдөн качууда
Легендага айланган талант
Орусияда айыл чарба кооперативин түзгөн Жамбул
Даниярдын Орусиядагы ийгилиги
Кайраты калкка өрнөк болгондор
Маалымат жок.
Сунуш кылынган арга.
Австралияда Рождествону 40 градустук ысыкта белгилешти
Окуганга кызыктуу
Коом
Убактылуу күбөлүктүн убарасы
Борбор Азия
Ашхабад биринчи президентти эскерүүнү чектеди
Саясат
Спикерди кетирүү боюнча демилге токтотулду
Коом
Күбөлүк күткөндөрдүн кезеги узун
Коом
Закымга кеткен залкар