Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы” романы боюнча тест
1) Ч.Айтматовдун “Кассандра тамгасы” романы алгач кайсы тилде, кайсы журналдын канчанчы санында окурмандар менен таанышты?
А) Орус тилинде “Знамия” журналында 1994-жылы, №2 санында Б) Кыргыз тилинде “Ала-Тоо” журналында 1995-жылы, №1 санында В) Немец тилинде “Кассандра” журналында 1996-жылы, №3 санында Г) Орус тилинде “Новый мир” журналында 1997-жылы, №4 санында
2) Ч.Айтматовдун “Касссандра тамгасы” романы канчанчы жылы ким тарабынан кыргызчага которулган?
А) 1994-ж. Ашым Жакыпбеков Б) 1995-ж. Кеңешбек Асаналиев В) 1996-ж. Мырзаян Төлөмүшов Г) 1997-ж. Төлөмүш Океев
3) Жесси Робертти эмне үчүн “таштанды тарткыч” деп шылдыңдачу?
А) Роберттин керексиз фотолорду тартып жыйнагандыгынан улам Б) Керексиз нерселерди топтой бергенден улам В) Эски кийимдерди эч кимге бербей жыйнагандан улам Г) Китептердин сүрөтүн көп чогулткандан улам
4) Киттерди ар дайым түшүндө көргөн каарман?
А) Жесси Б) Роберт Борк В) Футуролог Г) Оливер Ордок
5) Космостун монахынын ачылышы жөнүндө Роберт Борк кимден угат?
А) Юнгерден Б) Григорийден В) Жессиден Г) “Трибюн” гезитинен
6) Роберт Борк менен Жессинин кызы ким?
А) Руна Б) Эрика В) Анна Г) Кэтти
7) Космос монахы Рим папасына түйүлдүктөгү баланын келечеги жакшы же жаман болоорун кантип билсе болот дейт?
А) Кош бойлуу аялдын маңдайында кичинекей сепкил так пайда болорунан Б) Кош бойлуу аялдын мурдундагы тактан улам В) Кош бойлуу аялдын бетине түшкөн тактан улам Г) Баардык жооп туура
8) “Кассандра тамгасы” романы кайсы окуядан башталат?
А) Роберт менен Жессинин сүйлөшүүсүнөн Б) “Трибюн” гезитинин редактору редколлегияга чогулуш жасоосу менен В) Филофейдин Рим папасына кат жазуусу менен Г) Кассандра Аполлондун махабатын четке кагуусунан
9) Филофей менен видео аркылуу кайсы каарман сүйлөшөт?
А) Оливер Ордок Б) Энтони Юнгер В) Роберт Борк Г) Жесси
“Кассандра тамгасы” романы канча бөлүмдөн турат?
А)12 Б)10 В)9 Г)11
11) “Кассандра тамгасы” романында космостон келген материалды кайсы гезит элдерге жарыялап жиберди?
А) “Гамлет” гезити Б) “Трибюн” гезити В) “Знамия” гезити Г) “Мир” гезити
12) Космостун монахы Рим папасына кандай мазмунда кат жазат?
А) Кишилер эми жарык дүйнөгө келүүнү же келбей коюуну өздөрү билишет Б) Рим папасы элге шашылыш кайрылуу жасаңыз В) Самолеттор эми абада учпайт, мындан ары аба жолу жоголот Г) Бардык жаш наристелерди космоско шашылыш алып чыгышыбыз керек
13) Кимдин аты венгр тилинен алынган, америкалыктарча “шайтан” дегенди түшүндүрөт?
А) Борктун Б) Оливер Ордоктун В) Футурологдун Г) Филофейдин
14) Роберттин аялы Жесси кайсы аспапта ойногон?
А) Виолончель Б) Скрипка В) Фортепиано Г) Ал аспапта ойногон эмес
15) Эмне үчүн Андрейдин(Филофей) фамилиясы Крыльцов?
А) Чоң атасынын аты болгону үчүн Б) Андрейдин ымыркай кезинде балдар үйүнүн крыльцосуна жуурканга ороп таштап кеткени үчүн В) Апасы крыльцодо отурганда кош бойлуу экенин билгени үчүн Г) Бул жөнүндө айтылбайт
16) Филофейдин балдар үйүндөгү тарбиячы мугалими?
А) Жесси Борк Б) Виктория Валентиновна В) Никитина Алексеевна Г) Валерия Валентиновна
17) Космос монахы түйүлдүктүн негативдүү белгини берген тагын эмне деп атаган?
А) Футуролог Б) Сепкил В) Кассандра тагы Г) Кассандра-эмбриону
18) “Кассандра тамгасы” романындагы 20-кылымда жашаган адамдардын эмнеге төбө чачы тик турат?
А) Филофейдин асмандан түшкөн каттарын ойлогондо Б) Энеге түйүлдүктүн берген белгисин ойлогондо В) Сталингитлерди, Гитлерсталиндердин азаптуу күндөрүн ойлогондо Г) Энелердин жасалма боюна бүтүрүүнү ойлогондо
19) “Жарык дүйнөдө менин жакын эч кимим жок, өзүм болсо таштандымын, балдар үйүндө тарбияланганмын” деген каарман?
А) Филофей Б) Роберт В) Гитлер Г) Рим папасы
20) Филофей кимди жактырып калат?
А) Жессини Б) Рунаны В) Эч кимди жактырган эмес
Жооптору:1)А.2)В.3)А.4)Б.5)В.6)Б.7)А.8)Б.9)Б.10)Г.11)Б.12)А.13)Б.14)А.15)Б.16)Г.17)В.
18)В.19)А.20)Б.