СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ч,айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ч,айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы»

Тема: Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы

Сабактын максаты:

Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчү максаты: Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны жана чыгармачылыгы жөнүндөгү билимдерди алышат.

-инсандын адептүүлүк, маданияттуулук сапаттарынын маңызын түшүндүрүп бере алышат.

-аталган сапаттардын өзгөчөлүктөрүн өмүр таржымалын айтып бере алышат.

Өнүктүрүүчүлүк максаты: Жазуучу жөнүндөгү кызыктуу маалыматтарды ошондой эле чыгармачылыгы боюнча материалдар менен таанышат.

-талкуунун жыйынтыгы боюнча аргументтүү жыйынтыктарды жасап, сынчыл ой-жүгүртө алышат,

-жазуучунун башка жазуучулар менен окшоштуктарын жана өзгөчөлүктөрүн түшүндүрө алышат.

Таалим-тарбия берүүчү максаты: Калемгердин басып өткөн жолунан өрнөк алышат, чыгармалары аркылуу тарбияланышат.

-билимдүү, адептүү жана маданияттуу инсандын үлгүсүн көрсөтүп, түшүндүрүшөт.

-калемгердин тагдырындагы оң - терс жактарын иргеп айтууга көнүгүшөт.



Сабактын жабдылышы: окуу китеби 6-класс, ватман, маркер, флипчарт, сүрөттөр, интерактивдүү доска, слайд, дидактикалык каражаттар.

Сабактын жүрүшү

Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердиги

Окуучунун ишмердиги

1)Уюштуруу

(5 мүнөт)

Бар болгула балдар!

  • Балдар биз бүгүнкү сабагыбызды

  • 5 мүнөттүк поэзия менен баштайбыз. Мурунку сабакта “Беш акын” долбоорунун жеңүүчүсү, “Апакемдин алмасы” китебинин автору Мелис Маматжан уулунун ырларынан жаттап келүү болгон.

  • Мелис Маматжан уулу

Апакемдин алмасы”

Амансыңбы айланайын кичинем,

Алаксытып койдум бекен ишиңден.

Эмне берип жиберейин дегенде,

Мээримиңиз керек деймин ичимден.


-“Бөлүнбөйлү”

Бүктөлүп жүрөбүзбү бырыш сымал,

Бириксек курч болобуз кылыч сыңар.

Ала-Тоо жалгыз бизде бөлүнбөйлү,

Анткени кыргызсыңар, кыргызсыңар.

Демек келерки 5 мүнөттүк поэзияда кыргыздын дагы бир жаш, талантуу акыны Бердибек Жамгырчиевдин ырларын жаттап келебиз.










-Арыбаңыз, эжеке!

1-окуучу;

Токточу өмүр”

Токточу өмүр, токто кайда шашасың,

Топук кылчы бул жолду да басасың.

Жүгөнүңдү тарта турчу азыраак,

Жок дегенде апам узаак жашасын!

Жүгөнүңдү тарта турчу азыраак,

Жок дегенде атам узаак жашасын!


2-окуучу;

Апа”

Төрөлсөм да кызыл эт бала бойдон,

Эс тартып, сүтүңүздөн адам болгом.

Мезгилдин тизмегинде чоңойсом да,

Мен сизге кала берем бала бойдон.


3-окуучу;

Эгемендик”

Түпкүрдөгү угутту желеледик,

Түк калтырбай дүйнөнү тегерендик.

Ата Журттан алыста жүргөндөрдү,

Ала-Тоого кайтарчы эгемендик.


4-окуучу;

Азыркы учур”

Желкемен ыргытсам да кара тонум,

Жибибей таштай катып барат оюм.

Бабалар асыраган урпактарга,

Жүрөгүн оорутпайлы Ала-Тоонун.


2)Үй тапшыр-масын суроо

(5-мүнөт)


-Үйгө тапшырмага эмне берилген эле.

- 1-топ; “Актрисалар” тобу – чыгармадан үзүндү айтабыз.

2-топ; “Макалчылар” тобу – чыгармадагы макалдар жөнүндө сөз кылабыз.

3-топ; “Сөзмөөрлөр” тобу – чыгармадагы буюмдар, тамак-аштар жөнүндө сүйлөп, чечмелеп беребиз.

4-топ; “Сүрөтчүлөр” тобу – чыгарманы сүрөткө элестүү түшүрүп келүү болгон.

5-топ; “Олимпиадачылар” тобу – тесттер менен иштейсиңер.

  • Хронологиялык тартип; мында авторго тиешелүү жылдарды айтам, даяр топ коңгуроону басып жооп берет.

1906-жылы-

1916-жылы-

1917-жылы-

1921-жылы-

1924-жылы-

1930-жылы-

1931-жылы-

1934-жылы-

1936-жылы-

1943-жылы-

1944-жылы-


-Азаматсыңар!

Алыкулду кыргыз поэзиясынын классиги катары таанысак, Түгөлбай Сыдыкбековду романист катары, ал эми кыргыз адабиятында биринчилерден болуп автобиографиялык чыгарма жазган жазуу катары Мукай Элебаевди тааныйбыз. “Мукай Элебаев кыска жазып, чакан чыгармалардан кийин чоң идея жарата алгандыгы, ал замандын духуна үндөш чыгармаларды жарата алган” – деп таасын белгилеген, адабият айдыңында прозаик катары таанылган Чыңгыз Айтматов жөнүндө эмнелерди билесиңер?




- 1-окуучу; Мукай Элебаев жана “Бороондуу күнү” аңгемеси



Хронологиялык тартип;

1906-жылы - Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган.

1916-жылы - көтөрүлүштө эл менен кошо Кытайга барган.

1917-жылы - Кытайдан Ысык-Көлгө кайтып келет.

1921-жылы - Караколдогу жетим балдар тарбиялоочу интернатына алынат.

1924-жылы - “Зарыгам” аттуу ыры “Эркин Тоо” гезитинде жарык көрөт.

1930-жылы - Фрунзедеги педтехникумду бүтүп чыгат.

1931-жылы - биринчи ырлар жыйнагы жарык көрөт.

1934-жылы - СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болот.

1936-жылы - “Узак жол” автобиографиялык романы жарык көрөт.

1943-жылы-фашизмге каршы согушка аттанат.

1944-жылы - май айында Псков облусунда курман болгон.


3)Акыл чабуулу.

(1-мүнөт)

1. Чыңгыз Айтматов ким?

2. Жазуучу кайсыл жерде туулган?

3. Чыңгыздын атасынын, апасынын аттары ким?

4. Чыңгыз Айтматовдун кайсы чыгармаларын билесиңер?

5. Калемгер канчанчы жылы туулган?


  1. Жазуучу.

  2. Талас облусунун Кара – Буура районундагы Шекер айылында

  3. Атасы-Төрөкул, апасы-Нагима.

  4. Атадан калган туяк”, “Эрте келген турналар”, “Биринчи мугалим”.

  5. 1928-жылы туулган.

4)Жаңы тема.

(10 мүнөт)


  1. Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара – Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.


Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден “пантүркист” катары атылып кеткен.

Апасы Нагима Хамзаевна Айтматова – теги боюнча татар. Чыңгыздын таятасы Хамза – Карколдогу бай жана айдың татар соодагери болгон. Нагима жергиликтүү театрда актриса болгон.

1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Чыңгыз 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып коёт. Ошол кезде жаштар арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле. Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.

1946-жылы сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт.

1948-жылы техникумду мыкты аяктап, Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирип, 1953-жылы аяктайт.

1959-1965-жылдары орусча “Литературный Кыргызстан” журналынын башкы редактору болгон. “Правда” гезитинин кабарчысы да болуп иштеген.

1988-1990-жылдары Москвада чыгуучу “Иностранная литература” журналынын башкы редактору болгон.

1946-1986-жылдары Кыргызстан Киноматографисттер Биримдигинин Биринчи катчысы болгон.

1966-1989-жылдары СССР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

1990-жылдан баштап СССРдин Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.

2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калгандыгына байланыштуу Германиянын Нюренберг шаарынын биринде 2008-жылдын 10-июнунда көз жумган.

2011-жылы 30-августа Кыргызстандын борбор шаарында Ала-Тоо аянтында эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды.



Чыңгыз Айтматовдун алгачкы жубайы Керез Шамшыбаева жана

уулдары Аскар менен Санжар.




Кийинки жубайы Мария жана кызы Ширин, уулу Аскар менен.


Жазуучу улуу уулу Аскарга арнап “Эрте келген турналар” повестин жазган болсо атасы менен апасына арнап “Саманчынын жолу” повестин жазган.

Калемгердин дээрлик бардык чыгармаларынын түпкү идеясында “Канткенде адам уулу адам болот” деген идея жатат. Жазуучунун-




Аңгемелери, очерктери

Повестери

Драмасы

Романдары

“Ак жаан”, “Асма көпүрө”, “Түнкү сугат”, “Гезитчи Дзюйо”, “Кызыл алма”, “Кайрылып куштар келгенче”, “Атадан калган туяк”, “Манас – Атанын ак кар-көк музу” очерки, “Балалыгым” аттуу эскермеси бар.

“Бетме-бет”, “Жамийла”, “Делбирим”, “Ботогөз булак”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бахиана”, “Чыңгызхандын ак булуту”, “Ак кеме”, “Эрте келген турналар”, “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт”,

“Фудзиямадагы кадыр түн”

“Кылым карытар бир күн”, “Кассандра тамгасы”, “Кыямат”, “Тоолор кулаганда”




1)Топтор менен иштөө

(12 мүнөт)











































































































-Балдар, силерге жаңы тема түшүнүктүү болсо мен силерди Шекер айылына саякатка алып барам. Алжакка бара жатканда бир канча аялдамалардан өтүүбүз керек. Шекер айылына 3 топко бөлүнүп алып жөнөйбүз.

1 -“Ден соолук” аялдамасы. Мында ар бир окуучунун күбөлүгү болуусу керек. Ал силердин китеп, дептериңер. Баарыбыз чогу көтөрүп коёлучу.

2 -“Лексика” аялдамасы.

Баарыбыз жазабыз.

таанымал-белгилүү,

наабыт болгон-курман болгон,

бейкүнөө-күнөөсүз,

тоонун кулунумун- айылдын баласымын,

шерине- адамдардын бир максатта топтолуусу,

репрессия-куугундуктоо,

басмачылар-адамдардын куралданган тобу.


3 - “Көркөм айт” аялдамасы. Мында жазуучу жана анын чыгармаларына арналган ырлардан көркөм айтабыз.

1-топ;

Чыңгыз ата таш жарат го таланты,

Чыңгыз ата адабият канатты.

Эң биринчи кыргызымдын жана да,

Чыңгыз ата бүт ааламдын баласы.


Эрте келген турналар”

Күндө журнал жоктогонго тизмеден,

Султанмурат Мырзагүлдөр биз менен.

Балдар кетти окубастан мектептен,

“Ак сайдагы” соко чийген из менен.



2-топ;

Дүңгүрөттүң Батыш менен Чыгышты,

Кыргызыңды каптап калың ырыскы.

Элейишип Европа, Азия,

Карааныңды аң –таң карап турушту.


Өзүңдү өзүң саяпкердей сүрөдүң,

Ээлеп алып бүт дүйнөнүн жүрөгүн.

Жер шаарына Баба дыйкан өңдөнүп,

Сээп турдуң жакшылыктын үрөөнүн.


Көз алдымда Ала-Тоодой турасың,

Элестетип Хан-Теңирдин урашын,

Балким дагы турат белең дейм,

Жазбай турсаң “Тоолоруңдун кулашын”.


3-топ;

Кара сөздүн кереметин жараткан,

Сенин залкар талантыңа таң калам.

Окурмандын жан дүйнөсү ойгонот,

“Ак кемеде” эркин сүзүп баратсаң.


Дүбүрт чыгат...Ал дүбүрткө карасам,

Көрүнгөнсүйт Манас минген Ак кула

Чамдап – чамдап чыгып келсе Гүлсары,

Кыргызымдан Чыңгыз чыкты даңтана.


Чыгармачыл ишиңизге ар качан,

Дем, шык берди “Эрте жазгы турналар”

Түркүн элдин мактоосуна ээ болду,

“Кызыл алма”, “Тоолор жана талаалар”.



4 – “Эс алуу” аялдамасы. Бул аялдамада жазуучунун чыгармаларына арналган обондуу ырларды ырдайбыз.



5 – Чечендер” аялдамасы. Бул аялдамада жазуучунун айткан учкул ойлорун кайсы топ жакшы чечмелейт экенине күбө болобуз.

  1. Тил жоголсо улут кошо жоголот.

  2. “Манас” – өзүбүздү-өзүбүзгө тааныткан улуу зат.

  3. Дос кыйынчылыкта билинет дешет. Менимче бактылуулукта да билинет



6 – “Котормочу” аялдамасы. Кайсы топ даяр болсо коңгуроо кагып коёсуңар.

  1. “Тополёк мой в красной косынке”

  2. “Ранние журавли”,

  3. “Белый пароход”,

  4. “Красное яблоко”,

  5. “Плаха”,

  6. “Прощай, Гүлсары”,

  7. “Тавро Кассандры”,

  8. “Белое облако Чингизхана”,

  9. “Пегий пёс, бегущий краем моря”.



7 - “Баш катырма” аялдамасы. Жазуучунун баарыбызга таанымал каармандарын аттарын табуу.

Н

У

Р

Г

А

З

Ы

Г

Д

Ж

А

А

Б

В

М

О

М

У

Н

Э

Т

Л

С

Л

П

Р

Б

Ю

Я

Н

О

И

Т

О

Л

Г

О

Н

А

Й

Т

М

И

Т

Ы

П

Ц

Е

Ч

Ь

О

А

А

Н

А

Т

А

Й

Ю

З

Й

Н

В

О

Г

К

Ы

У

К

Ю


5)Бышыктоо

(5 мүнөт)






































8 - “Күркүрө” аялдамасы. Ар бир окуучуга күтүлбөгөн суроо берилет.

  1. Чынгыз Айтматовдун карындашы? (Роза)

  2. Жазуучу өмүрүнүн акырында кайсы жакта болгон. (Татарстанда)

  3. Авалбек кайсы аңгемесиндеги каарман? (Атадан калган туяк)

  4. Жазуучунун кайсы сөзүн эстеп калдың? (Канткенде адам уулу адам болот)

  5. Жазуучунун апасы Нагиманын улуту? (татар)

  6. Чынгыз Айтматов СССРдин кайсы президентине катчы болгон?(М.С.Гарбачёв)

  7. Чынгыздын уулдарынан кимдин атын билесиң? (Аскар, Санжар, Ширин, Элдар)

  8. Жазуучунун эң акыркы чыгармасы? (“Тоолор кулаганда” романы)

  9. Турналар деген сөз катышкан чыгармасы? (“Эрте келген тураналар”)

  10. Канчанчы жыл Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланды? (2008-ж)

  11. Жазуучу быйыл тирүү болгондо канча жашка чыкмак? (90 жашта)

  12. Жакында белгилүү болгон эң акыркы чыгармасы? (Жер жана чоор)

  13. Айтматовдун дээрлик чыгармасын кыргызчага которгон инсан?

(Ашым Жакыпбеков)

  1. Айтматов кайсыл жерде көз жумду? (Германиянын Нюренберг шарында)

  2. Ч. Айтматовдун китептери канчадан ашык тилге которулган?

(165тен ашык)

  1. Ч. Айтматовдун китептери канча нуска менен жарык көргөн?

(60 миллиондон ашык)

  1. Ч. Айтматовдун Айымкан чоң апасы кай жерлик? (Аксылык)

  2. Ч.Айтматовдун жазган, ага обон жаратылган бирден-бир ыры?

(Ысык-Көлдү сагынуу)

  1. Ч.Айтматовдун ишмердүүлүгүнүн түрү? (прозаик)

  2. Жазуучу кайсы оорунун айынан каза болду? (бөйрөк ооруусунун)

  3. Чынгыздын кандай наамын билесиң? (Кыргыз Эл Жазуучусу)

  4. Чынгыз Айтматов Ош шаарындагы № канчанчы балдар бакчасында болгон? (№1)

  5. Чынгыздын чоң атасы? (Айтмат)

  6. Чынгыз Айтматовдун биринчи аялы? (Керез Шамшыбаева )



6) Рефлексия

(3 мүнөт)







Билдим…

Кызык болду…

Мен түшүндүм…

Эми аткара алам…

Мен үйрөндүм…

Мен аракет жасайм….

Мени таң калтырды…

Мен дагы аткаргым келди…




7)Үйгө тапшырма

(1мүнөт)



Жазуучу Чынгыз Айтматов үчүн белгилүү даталарды хронологиялык тартипте толтуруу. Андан соң жазуучуга арнап өзүңөр автордук 1 куплет ыр жазып келүү.





8)Бааолоо

(3мүнөт)


Окуучлардын сабакка катышуу жөндөмдүүлүгүнө жараша... “5”, “4”, “3”, “2”



Мугалим: Келерки сабакка чейин: Арыбагыла балдар!

Окуучулар: Сиздагы, бар болуңуз!