Просмотр содержимого документа
«Ч.Айтматовдун өмүрүчыгармачылыгы»
Сабактын темасы: Ч.Айтматовдун омуру,чыгармачылыгы .
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен таанышышат. Өркүндөтүүчүлүк:Жазуучунун омур ,чыгармачылыгын терендетип уйронушот. Тарбиялуулугу:Улуу жазуучудай патриот болууга умтулушат.
Сабактын жүрүшү:Саламдашуу.Класстын тазалыгына көз жүгүртүү,катышууну белгилөө.
Жаны тема: Ч.Айтматовдун өмүрү,чыгармачылыгы
Балдар,бүгүн көрүнүктүү улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун өмүр жолун,чыгармалары менен таанышабыз.
1928-жылы 12-декабрда ШЕКЕР айылында туулган.Атасы ак жеринен атылып,энеси жаш балдарын бооруна кысып ,Шекер айылына келгенде ЧЫНГЫЗ 9жашта эле.Анан шумдуктуу кундор башталып,кан куйгон согуш алааматы кирип келди.Чынгыз араба айдап ,чөп чаап,суу сугарып,акыры тири карак бала айыл кенешинин катчысы,салык жыйнагыч кызматтарга чейин көтөрүлдү.
Айыл чарба техникумуна кирип,андан кийин айыл чарба институнунда окуусун улантты.Адегенде ал котормо ишине кызыгып,бир нече чыгармаларды которуп, «Орусча-кыргызча создук» деген макала жазды.
Анын биринчи чыгармасы 25 жашында жарык көрүптүр. Алгачкы «Ак жаан» , «Тунку сугат», «Асма көпүрө» сыяктуу аңгемелерин эсепке кошпой, «БЕТМЕ-БЕТти» өзүнүн «биринчи адабий дебюту» катары карайт.
1957-жылы «Бетмме-бет»повести жарык көргөндөн кийин бир жыл өтүп-өтпөй М.АУЭЗОВ менен Л.АРАГОНДУ тамшандырып, «сүйүү жөнүндөгү дүйнөдөгү эң улуу дастан» деген баага арзыган «ЖАМИЙЛА» ПОВЕСТИ ЖАРЫК КОРДУ.
Ал 35 жашында ЛЕНИНДИК СЫЙЛЫКТЫ алган.Чыгармачылыгы гулдоп турганда жаралган «ЖАНЫБАРЫМ,ГУЛСАРЫ» пов-н СССР Мамлекеттик сыйлыгын алган.
1980-жылдары роман жанрына кайрылып, «КЫЛЫМ КАРЫТААР БИР КУНду» жазды.
Жазуучу 80 жылдыгынын алдында Германияда ооруканада каза тапты.
Баалоо:сабакта активдүү катышкан окуучулар жакшы деген бааларды алышат.
Үйгө тапшырма: (208-212-бетке чейин) окуп келүү.