СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ч ч тыбышы тарбиялык саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ч ч тыбышы тарбиялык саат»

Алиппе

Сабактын темасы: Ч ч тыбышы

Сабактын максаты

Билим берүүчүлүк

Өнүктүрүүчүлүк

Тарбиялык

Ч ч тыбышы менен таанышышат, маалымат алышат.

Ч ч тыбышы катышкан сөздөрдү табууга, сөздөрдү муунга бөлүүгө, сүйлөм түзүүгө, класстер түзүүгө, муундап шар окууга, топ менен иштөөгө көнүгүшөт.

Тынч, түз олтурууга, бири-бирин угууга, кол көтөрүп сүйлөөгө үйрөнүшөт.

Көрсөткүчтөр

Билим берүүчүлүк

Өнүктүрүүчүлүк

Тарбиялык

Ч ч тыбышын билсе, айта алса.

Ч ч тыбышы катышкан сөздөрдү таба алса, сөздөрдү муунга бөлсө. Сүйлөм түзө алса, кластер түзүүнү үйрөнсө, муундап шар окуй алса.

Тынч, түз олтурса, бири-бирин укса, кол көтөрүп сүйлөшсө.



Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү.

Сабактын формасы: Өз алдынча жалпы топ менен иштөө.

Сабакта колдонулуучу ыкма: Кластер түзүү.

Окутуучунун усулдары: Жаңырып окуу, чынжырча түрүндө, . ролдоштуруп окуу, ролдоштуруп окуу.

Сабактын ресурстары: сүрөттөр, ватман, маркер, түстүү кагаздар.

Сабактын жүрүшү уюштуруу

а) Саламдашуу.

б) Окуучулардын окуу куралдарын толуктоо.

в) Класстын санитардык гигиеналык абалына көз салуу.

г) Жаңы теманы атоо.

д)Баалоо каражаттар менен тааныштыруу.

е) Топторго бөлүү.



Жагымдуу маанай түзүү.

Жакшы маанай деген кандай?

Жакшы маанай деген момундай

Жагымдуу маанай тартуулоо

Кандай? Ал мындай

Бири-бирине күлө карап

Жакшы тилек кааламай

Сен мыктысың татына

А сен зорсун баарынан

Бул сага менден

А бул сага менден

Бүгүнкү сабакта озуп кетем барибир сенден

Маанай ачтык чын дилден

Ха-ха, хо-хо.

Сабактын темасы, максаты угуза айтылып түшүндүрүлөт.

Балдар силер суроолорго туура жооп берсеңер жылдызча аласыңар.

  • Эми үйгө тапшырманы кайталап алалы.

  • Ш ш тыбышы кандай тыбыш?

  • Ш ш тыбышынан кеткен сөздөрдү ким айтып коёт?(жооп беришет)

  • Азаматсыңар! Силер бардык суроолорго туура жооп бердиңер.

  • Балдар жакында бизге кайсыл майрам?

  • Силер менен балатынын бирге кооздойбуз.

  • Ч ч тыбышынан кеткен сөздөр менен балатыны кооздоп, кластер түзөбүз.

  • Азаматсыңар! Эми китептеги сүрөттөрдү карагылачы! Сүрөттөн эмнени байкадыңар?

«Ч ч» тыбышын тааныштыруу. Ч ч тыбышы катышкан сөздөрдү таптырып, аларды муунга бөлдүрүп, сүйлөм түздүрөм.

Мисалы:

Мен чүкө ойнойм.

Асан сенде канча чүкө бар?

Алишер чүкөнү алууну унутпа.

Мугалим: Азаматсыңар балдар! Чүкө деген сөзгө тыбыштык талдоо жүргүзөбүз. Чүкө деген сөздө, канча тыбыш, канча тамга бар? Ким айтып коёт?

Окуучу: Чүкө деген сөздө төрт тамга, төрт тыбыш бар.

Мугалим: Азаматсың! Эми балдар китептеги текст менен таанышабыз. Мен окуп беремин, силер окуу китеби боюнча көз жүгүртөсүңөр.

Чал – кан

Чу – бак чөп а – ра – лап кө – пө – лөк кууп ой – ноп

жүр – дү. Бир у – бак – та:

  • Ой – ой, бу – тум, - деп ча –ңы – рып ый – лап:

А – па – сы а – нын ый – ла – га – нын у – гуп:

  • Эм – не бол – ду? –деп чур – кап кел – ди

  • Бу – тум – ду бир нер – се ча – гып ал – ды! –деп чы –рыл – дап ый – ла – ды Чу – бак

  • Ка – на, көр – сөт – чү. Бу – туң – ду чал – кан чак – кан тур – бай –бы. Чы – да, ты – зыл –дап ба – сы – лат.–деди а – па – сы.

Мугалим: Балдар текст эмне жөнүндө экен?

Окуучулар: Чалкан жөнүндө.

Мугалим: Тексттеги баланын аты ким экен?

Окуучулар: Чубак.

Мугалим: Азаматсыңар! Эми балдар чалкан деген текстти өз алдыңарча жаңырып окуп бересиңер. (балдар текстти окуп түшүнгөндөрүн айтып беришет)

  • Чубакты эмне чагып алды?

  • Чубаккап апасы эмне деди?

Балдар суроолорго топ менен биргеликте ойлонуп жооп беришет.

Эс алдыруу мөөнөтү:

  • Күн бүркөлдү! Шамал боло баштады.

  • Ш ш, ш ш, ш ш.

  • Жамгыр жаады!

  • Тык, тык, тык.

  • Коён качты! Жамгыр тамчылай баштады.

  • Тык, тык, тык.

  • Күн ачылды.

Топторго тапшырма берилет:

  1. топ Чынжырча түрүндө окуу

  2. топ Текстти ролдоштуруп окуу

  3. топ Ролдоштуруп аткарып берибиз

Азаматсыңар балдар! Силер текстти эң жакшы окуп, ролдоштуруп аткарып бердиңер.

Топторго экинчи тапшырма берилет:

  1. топ Сүрөттө эмнени көрүп турасыңар? Бул сөздө канча үндүү, канча үнсүз бар?

  2. топ Сүрөттөгү эмне? Бизди жашообузда канча үнсүз, канча үндүү тамга бар?

  3. топ Сөздүн баш тамгасы кайсыл тыбыш менен башталат? Канча муундан турат?

Баалоо: Эмоцияналдуу (мактоо аркылуу)

Үйгө тапшырма: «Кар алдындагы чымчыктар» текстти окуп келүү.