СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чачтын агарышы себеби

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Чачтын агарышын себеби маалыматтар

Просмотр содержимого документа
«Чачтын агарышы себеби»

ЧАЧТЫН АГАРЫШЫ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ЖАШАРУУДА?

Чачтын агаруусу карыган кишилер үчүн нормалдуу көрүнүш. Бирок акыркы учурда 20-30, ал турсун, 18 жаштагы улан кыздардын да чачы агарып кеткенин кезиктирип калдык. Чачтын агарышынын минтип жашарып бара жатканынын себеби эмнеде? Чачтын агарышынын себептери Оору. Жаштардын чачынын агарышына кан оорулары, боор, бөйрөк, жүрөк, атеросклероз, учук, олуттуу вирустук оорулар, аз кандуулук, сөөк-булчуң ткандары жана тери оорулары себепчи болот. Карылардыкына караганда жаштардын организми ооруларга туруштук берип, бат калыбына келгени менен ак чачтар ошол бойдон калат. Стресс. Азыркы учурда жаштар дайыма стрессте. Аларды сабактан улам кайгыруу, ар кандай терс көрүнүштөр, өзүнүн сырткы келбетиндеги кемчилик, жакын досторунун сатып кетиши, карьера үчүн күрөш, акчанын жетишсиздиги катуу стресс кылат. Стресстен улам организм бат бузулуп, нерв системасы жабыркап, иштөө процесси басаңдап чачтын агарышына алып келет. Ошондой эле биринчи бактысыз сүйүүдөн улам жаштардын эмоционалдык жактан күчтүү стресс алышы да чачтын агарышына себеп болот. Авитаминоз. Организмге кайсы бир витамин бир аз эле жетишсиз болсо, ал чачтын түп тамырына, өң бере турган пигментациясына таасир берет. Меламиндин азайышы. Чачтардын агарышынын дагы бир жагымсыз фактору - организмде чачка түс берүүчү меламин затынын аздыгы. Ал азайганда чач агара баштайт. Оор диета. Жаш кыздар теле, журналдардан көргөн арыктоо үчүн түрдүү диеталарды кармап ачка жүрүшөт. Алар ар бир адамдын организми табиятынан ар кандай болорун билишпейт. Ошол эле диета бир адамдын организмине туура келсе, бирине зыянын гана тийгизет. Ген жактан. Гендик деңгээлде да организмдин картаюусу аныкталат. Айрым клеткалар организмдин картаюусуна каршы активдүүлүгүн тез эле жайлатат. Ошондуктан адамдын 20 жашынан баштап чачы агара баштайт. Гормоналдык бузулуу. Ар бир адамда гормоналдык бузулуу болгондо гормондор адамдын ар бир жерине таасир берет. Дал ошондой учурда айрым гормондор чачка таасирин тийгизип анын агарышына алып келет. Чач боёк. Чач боёочу боёк өзүнүн курамындагы химиялык заттардын таасири аркасында чачтын табигый түсүн жоготууга алып келет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, боёлгон чач үч жылдан кийин агара баштайт. Канчалык көп боёсоңуз, убакыт өткөн сайын чачтын агарышы ошончолук көбөйө берет. Терс адаттар. Адамдын чачынын агарышынын бирден-бир себеби болуп тамеки тартуу, ичимдик жана кофени дайыма ичүү да эсептелет. Толук эс албагандык, таза эмес экология да булардын бир бутагы. Тамак-аш. Туура эмес тамактануу, азыктандыруучу азыктардын жетишсиздиги да чачтын агарышынын себеби. Чач организмден өзүнө керектүү витаминдерди ала албай калат да, бозоруп баштайт. Тамакта туздун көп болушу, ар кандай дары-дармектер да терс таасир этет. Чачты эрте ак баспаш үчүн эмне кылуу керек? · Көрө албастык, кыянат иш жасоодон алыс болуңуз · Бирөөлөргө жакшы сүйлөп, жакшылык кылып, жакшы ойлорду ойлоңуз · Эгер оорусаңыз, сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз · В витаминине бай азыктар менен тамактаныңыз · Жаман адамдардан алысыраак болуңуз · Терс эмоцияларга алдырбаңыз · Күнүмдүк рационуңузга цинкке (ашкабактын данегин, кара моюл) жезге (бадыраң, фундук, лимон, ак капуста, бадам), тирозинге (өсүмдүк жана жаныбарлардын белогу), темирге (уй эти, гречка, буурчак), В10 витаминине (боор, бөйрөк, сүт азыктары, жумуртканын сарысы, картошка, сабиз, козу карын, балык, семичка, жаңгак) бай азыктарды киргизиңиз. Чачтын агаруусун медициналык жол менен дарыласа болобу? Чачтын агаруусун лазердик нур менен дарылоо чачтын зат алмашуусун активдештирип, чачтын пигменттерин күчөтүүгө натыйжалуу. Бул процедуранын натыйжалуулугу зор, чачты күңүрт, бир кыйла кайраттуу кылып коёт. Эскертүү: эч качан ак чачыңызды жулуп албаңыз. Жулсаңыз анын агаруусу башка чачтарга да өтүп, чач акырындык менен толук агара баштайт. Ак чач көрүнбөсүн десеңиз, түбүнөн эле кесип коюңуз. Чачтын агаруусуна каршы элдик каражаттар Шалфей. Майланган шалфейдин 150 гр жалбырагына 200 гр алма уксусун кошуп отко коёбуз, ал кайнагандан кийин жай отто 5 мүнөт кармап чыгарыбыз. Ага 1 даана жумуртканын сарысын, бир аз ак ылай кошуп чачка маска кылып жаап бир саат кармайбыз. Шалфейдин чачка дарылык касиети зор, ал чачка түс берет. Чалкан. Чалкандын 3 аш кашык сабагы менен жалбырагын 1 стакан кайнак сууга кошуп демдеп, ширесин алабыз. Ага бир чай кашык уксус кошуп чачтын түптөрүнө сүйкөйбүз. Ошондой эле өсүп турган чалканды ботко кылып эзип алып, ага май, жумуртканын сарысын кошуп маска жасасаңыз, чачка кубат берип, азыктандырып, чачтын агаруусун тез токтотот. Жаңы чалкан чачтын агаруусунун алдын алууга тез жардам берет, андыктан жайдын күнү чалканды кеңири колдонуңуз. Кастор майы. Кастор майы - чач агарууга каршы эң мыкты каражат. Аны чачты жуурга бир саат калганда чачтын тамырларынан баштап учуна чейин толук сүйкөп чыгабыз. Үстүнө пергамент кагазын коюп, жылуу баш кийим кийип алабыз. Бир сааттан кийин кадимкидей жууй бересиз. Пияз. 1 орточо пиязды абдан майдалап, ширесин сыгып алып, ага 1 чай кашык бал, 1 чай кашык зайтун майын жана ушундай эле өлчөмдөгү шампунь кошобуз. Аны чачка толук сүйкөп 20 мүнөт кармайбыз да, жылуу суу менен жууп салабыз. Сабиз жана лимон. 1 чай кашык лимондун ширесине 1 аш кашык сабиздин ширесин кошуп, пайда болгон суюктукту чачтын тамырына сүйкөйбүз. Жарым сааттан кийин жууп салабыз.