СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чакчыл түрмөктөрдүн маанисине карай бөлүнүшү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Чакчыл түрмөктөрдүн маанисине карай бөлүнүшү боюнча сабактын слайды

Просмотр содержимого документа
«Чакчыл түрмөктөрдүн маанисине карай бөлүнүшү»

Кыргыз тили 9-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Кыргыз тили

9-класс

Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Айдан-айга сугарып,  Өстүргүлө билимди.  Өсүп чыкса чоңоюп,  Түшүмдү берер кеңири.

Айдан-айга сугарып, Өстүргүлө билимди. Өсүп чыкса чоңоюп, Түшүмдү берер кеңири.

Бүгүн сабакта: Чакчыл түрмөктөрдүн маанисине карай бөлүнүшү.

Бүгүн сабакта:

Чакчыл түрмөктөрдүн маанисине карай бөлүнүшү.

Сабактын максаты: Чакчыл түрмөктөр маанисине карай канча топко бөлүнөт?

Сабактын максаты:

  • Чакчыл түрмөктөр маанисине карай канча топко бөлүнөт?
Өткөн сабакта: Чакчыл түрмөк. Анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү. Чакчыл түрмөктүн синтаксистик кызматы. Чакчыл түрмөктүн сүйлөмдөгү орду

Өткөн сабакта:

Чакчыл түрмөк. Анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү. Чакчыл түрмөктүн синтаксистик кызматы. Чакчыл түрмөктүн сүйлөмдөгү орду

Жаңы тема: Чакчыл түрмөктөр мааниси жагынан көбүнчө сүйлөмдүн этиштик баяндоочу менен, кээде этиш сөздөн турган башка мүчөсү менен байланыштуу айтылып, аны ар түрдүү жагынан мүнөздөп турат: сүйлөм ичинде берген маанисине карай сыпат чакчыл түрмөк, мезгил чакчыл түрмөк, себеп чакчыл  түрмөк, максат чакчыл түрмөк, салыштырма чакчыл түрмөк,  карама-каршы чакчыл түрмөк болуп 6 түргө бөлүнөт

Жаңы тема:

Чакчыл түрмөктөр мааниси жагынан көбүнчө сүйлөмдүн этиштик баяндоочу менен, кээде этиш сөздөн турган башка мүчөсү менен байланыштуу айтылып, аны ар түрдүү жагынан мүнөздөп турат: сүйлөм ичинде берген маанисине карай сыпат чакчыл түрмөк, мезгил чакчыл түрмөк, себеп чакчыл түрмөк, максат чакчыл түрмөк, салыштырма чакчыл түрмөк, карама-каршы чакчыл түрмөк болуп 6 түргө бөлүнөт

Сыпат чакчыл түрмөк.

Мында чакчыл түрмөктү уюштурган сөз тизмеги бирдиктүү түрдө туруп, сүйлөмдүн этиштик баяндоочу билдирген кыймыл-аракеттин белгисин, мүнөзүн, кандайча аткарылгандыгын көрсөтөт: кантип? деген суроого жооп берип, сүйлөм ичинде тутумдаш сыпат бышыктоочтун милдетин аткарат. 1) Сыпат чакчыл түрмөктү көбүнчө -ып формасындагы чакчылдар уюштурат: Кабагын карыш түйүп, ал да заар тилин агытты (К.К.). 2) Сыпат чакчыл түрмөк -ган+сы+ып формасында уюшулат: Эки көзүнөн ажалдын отун жандыргансып, кара буура жакын келип калды (К.Ж.). 3) ... деген +сы+ып түрүндө да кездешет: Мырзабек, мунун байкагычын көрчү деген-сип, кызды таңдана тиктеди (Т.Аб.) 4) Кээде формасындагы чакчылдар уюштурат: - Эчтеке эмес, - деди Батый да, Сурмакандын жанын күйгүзө (Т.С.). 5) Айрым учурларда -бай (ба+й) формасындагы чакчылдар уюштурат: Баягыдай сумсайбай, кишилер үй-үйлөрүнө көңүлдүү тарашты (Т.С.). Кээде сүйлөмдүн этиштик баяндоочу менен бир эмес, бир нече чакчыл түрмөк байланышып келиши мүмкүн: Анархандын тизесине башын коюп, маңдайынан канын агызып, Каныбек жатат (К.Ж.). Айна, башын жаздыктан көтөрүп, демин ичине алып, тынып калды (Т.С.).

Себеп чакчыл түрмөк. Чакчыл түрмөктүн бул түрү баяндооч билдирген кыймыл- аракеттин аткарылыш же аткарылбай калыш себебин билдирет; эмне үчүн? эмне себептүү? эмнеликтен? деген суроолорго жооп берип, тутумдаш себеп бышыктоочтун милдетин аткарат. 1) Себеп чакчыл түрмөктү да көбүнчө -ып формасындагы чакчылдар уюштурат: Анын кызыксынбагандыгын байкап, Акбар өзү ачылып эчтеме айткан жок (А.У.). Анын иреңинин бузулушунан чочуп, ордуман учуп турдум (К.К.). 2) Чакчыл формадагы «деп» жардамчы этишинин катышуусу менен уюшулат: Сени келбей калабы деп, биз абдан тынчсыздандык эле. 3) Терс маанидеги -бай формасындагы чакчылдар түзөт: Туу жондун сууктугуна чыдап тура албай, ал кайта бастырып жылкы четине келди (А.У.).

Себеп чакчыл түрмөк.

Чакчыл түрмөктүн бул түрү баяндооч билдирген кыймыл-

аракеттин аткарылыш же аткарылбай калыш себебин билдирет; эмне үчүн? эмне себептүү? эмнеликтен? деген суроолорго жооп берип, тутумдаш себеп бышыктоочтун милдетин аткарат.

1) Себеп чакчыл түрмөктү да көбүнчө -ып формасындагы

чакчылдар уюштурат: Анын кызыксынбагандыгын байкап, Акбар өзү ачылып эчтеме айткан жок (А.У.). Анын иреңинин бузулушунан чочуп, ордуман учуп турдум (К.К.).

2) Чакчыл формадагы «деп» жардамчы этишинин катышуусу

менен уюшулат: Сени келбей калабы деп, биз абдан тынчсыздандык эле.

3) Терс маанидеги -бай формасындагы чакчылдар түзөт: Туу жондун сууктугуна чыдап тура албай, ал кайта бастырып жылкы четине келди (А.У.).

Мезгил чакчыл түрмөк. Мындай маанидеги чакчыл түрмөктөр бирдиктүү түрдө туруп, баяндооч билдирген кыймыл-аракеттин аткарылыш мезгилин көрсөтөт; сүйлөм ичинде качан? качантан бери? качанга чейин? деген суроолорго жооп берип, тутумдаш мезгил бышыктоочтук милдетти аткарат. Мезгил чакчыл түрмөктөр да, негизинен: 1) -ып формасындагы чакчылдардын негизинде уюшулат. Мындай учурда чакчыл түрмөк туюндурган кыймыл сүйлөмдүн баяндоочу билдирген кыймыл-аракеттен алдын, мурунураак болгондугун билдирет: Ошентип кыштакты кызуу кыймылга келтирип коюп, Амантур менен Акбар жайытта жаткан малдарга барышты (А.У.). Эгерде чакчыл учур чактык мааниде болсо, анда чакчыл түрмөк билдирген кыймыл-аракет менен сүйлөмдүн баяндоочу билдирген кыймыл-аракет бир мезгилде болгондугун көрсөтөт: Курулуштан келе жатып, Жапар кызыл үйгө кирди (К.Б.).

Мезгил чакчыл түрмөк.

Мындай маанидеги чакчыл түрмөктөр бирдиктүү түрдө туруп,

баяндооч билдирген кыймыл-аракеттин аткарылыш мезгилин

көрсөтөт; сүйлөм ичинде качан? качантан бери? качанга чейин? деген суроолорго жооп берип, тутумдаш мезгил бышыктоочтук милдетти аткарат. Мезгил чакчыл түрмөктөр да, негизинен:

1) -ып формасындагы чакчылдардын негизинде уюшулат.

Мындай учурда чакчыл түрмөк туюндурган кыймыл сүйлөмдүн

баяндоочу билдирген кыймыл-аракеттен алдын, мурунураак

болгондугун билдирет: Ошентип кыштакты кызуу кыймылга

келтирип коюп, Амантур менен Акбар жайытта жаткан малдарга

барышты (А.У.). Эгерде чакчыл учур чактык мааниде болсо, анда

чакчыл түрмөк билдирген кыймыл-аракет менен сүйлөмдүн баяндоочу

билдирген кыймыл-аракет бир мезгилде болгондугун көрсөтөт:

Курулуштан келе жатып, Жапар кызыл үйгө кирди (К.Б.).

2) Кээде -а формасындагы чакчылдар уюштурат. Мында чакчыл түрмөктөгү кыймыл-аракет аяктары менен эле, сүйлөмдүн баяндоочу билдирген кыймыл-аракет удаалаш башталгандыгын билдирет: Үйгө жете, мен Султанга кат жаза баштадым. 3) -ганча//гыча формасындагы чакчылдар уюштурат. Мындай чакчыл түрмөктөр: а) Эгерде сүйлөмдүн баяндоочу созулуңку эмес, кыска мөөнөттүү кыймыл-аракетти бидирсе, чакчыл түрмөктөгү кыймыл аякталганча, сүйлөмдүн баяндоочу билдирген кыймыл-аракет аткарылып калгандыгын көрсөтөт: Бул сөздөрүн айтып болгончо,Чаргын өзү да узай берди (Т.С.). Ата-энелерине жеткенче, алар тойпоңдошуп күрөшүп да жиберишет (А.Т.). б) Эгерде сүйлөмдүн баяндоочу созулуңку кыймыл-аракетти билдирсе, анда баяндооч бидирген кыймыл-аракет чакчыл түрмөк билдирген иш-аракет башталууга чейин созуларын туюндурат: Капчыгайдын түзөңчөсүнө жеткиче, Акбардын эки көзү чакчайды (А.У.).

2) Кээде формасындагы чакчылдар уюштурат. Мында чакчыл түрмөктөгү кыймыл-аракет аяктары менен эле, сүйлөмдүн баяндоочу билдирген кыймыл-аракет удаалаш башталгандыгын билдирет: Үйгө жете, мен Султанга кат жаза баштадым.

3) -ганча//гыча формасындагы чакчылдар уюштурат. Мындай чакчыл түрмөктөр:

а) Эгерде сүйлөмдүн баяндоочу созулуңку эмес, кыска мөөнөттүү кыймыл-аракетти бидирсе, чакчыл түрмөктөгү кыймыл аякталганча, сүйлөмдүн баяндоочу билдирген кыймыл-аракет аткарылып калгандыгын көрсөтөт: Бул сөздөрүн айтып болгончо,Чаргын өзү да узай берди (Т.С.). Ата-энелерине жеткенче, алар тойпоңдошуп күрөшүп да жиберишет (А.Т.).

б) Эгерде сүйлөмдүн баяндоочу созулуңку кыймыл-аракетти билдирсе, анда баяндооч бидирген кыймыл-аракет чакчыл түрмөк билдирген иш-аракет башталууга чейин созуларын туюндурат: Капчыгайдын түзөңчөсүнө жеткиче, Акбардын эки көзү чакчайды (А.У.).

4) Мезгил чакчыл түрмөктү -ганы формасындагы чакчылдар уюштурат. Мындай түзүлүштөгү түрмөктөр сүйлөмдүн баяндоочу билдирген кыймыл-аракеттин кайсы убактан бери болуп жатканын же болгонун билдирет: Армиядан келгени, ал «Кеңеш» чарбасында агроном болуп иштейт. 5) -майынча мүчөсү уланган чакчылдар уюштурат. Мындай учурда чакчыл түрмөктөгү кыймыл-аракет аткарылмайынча, баяндооч билдирген кыймыл-аракет да аткарылбай тургандыгын көрсөтөт, сүйлөмдүн баяндоочу дайыма терс формада, келер чакта айтылат: Менин сөзүмдү угуп болмоюнча, силер эч жакка жылбайсыңар («Чайка»). Бул жумушту бүтүрмөйүнчө, мен ал тапшырмаңды аткара албайм. Мындай формадагы чакчыл түрмөктөрдө мезгилдик маани менен бир аз шарттуулук мааниси да бар экендиги сезилип турат.

4) Мезгил чакчыл түрмөктү -ганы формасындагы чакчылдар уюштурат. Мындай түзүлүштөгү түрмөктөр сүйлөмдүн баяндоочу билдирген кыймыл-аракеттин кайсы убактан бери болуп жатканын же болгонун билдирет: Армиядан келгени, ал «Кеңеш» чарбасында агроном болуп иштейт.

5) -майынча мүчөсү уланган чакчылдар уюштурат. Мындай учурда чакчыл түрмөктөгү кыймыл-аракет аткарылмайынча, баяндооч билдирген кыймыл-аракет да аткарылбай тургандыгын көрсөтөт, сүйлөмдүн баяндоочу дайыма терс формада, келер чакта айтылат: Менин сөзүмдү угуп болмоюнча, силер эч жакка жылбайсыңар («Чайка»). Бул жумушту бүтүрмөйүнчө, мен ал тапшырмаңды аткара албайм. Мындай формадагы чакчыл түрмөктөрдө мезгилдик маани менен бир аз шарттуулук мааниси да бар экендиги сезилип турат.

6) Айрым учурларда мезгил чакчыл түрмөктү терс (-бай) формадагы чакчыл да уюштурат. Булар да, -майынча формасындагы түрмөк сыяктанып, чакчыл түрмөктөгү кыймыл аткарылмайынча, баяндооч билдирген кыймыл да аткарылбай тургандыгын баяндайт, бир аз шарттык маани да бар экендиги байкалып турат: Бул ишти бүтүрбөй, мен үйгө кете албайм. Эмгек тартибин чыңдабай, биз анын өндүрүмдүүлүгүн жогорулата албайбыз.

6) Айрым учурларда мезгил чакчыл түрмөктү терс (-бай)

формадагы чакчыл да уюштурат. Булар да, -майынча формасындагы

түрмөк сыяктанып, чакчыл түрмөктөгү кыймыл аткарылмайынча,

баяндооч билдирген кыймыл да аткарылбай тургандыгын баяндайт,

бир аз шарттык маани да бар экендиги байкалып турат: Бул ишти

бүтүрбөй, мен үйгө кете албайм. Эмгек тартибин чыңдабай, биз анын

өндүрүмдүүлүгүн жогорулата албайбыз.

Максат чакчыл түрмөк. Максат чакчыл түрмөктү түзгөн сөз тизмеги бирдиктүү түрдө туруп, сүйлөмдүн баяндоочу туюндурган кыймыл-аракеттин максатын билдирет; эмнеге? эмне үчүн? деген сыяктуу жооп берип, тутумдаш максат бышыктоочтук милдетти аткарат. 1) Максат чакчыл түрмөктөр -мак, -мак-чы мүчөсү уланган этиштерден кийин «болуп» деген чакчылдын кошулуп айтылышы менен түзүлөт: Шаарга жөнөмөкчү болуп, Айдар күндөгүсүнөн эрте турду. 2) Каалоо ыңгайдын I жагынын -айын, -алы мүчөлөрү уланган этиштен кийин -ып формасындагы «де» (деп) жардамчы этишинин кошулуп айтылышы менен да түзүлөт: Зайыбым менен акылдашайын деп, Керимахун короосуна кирип кетти (К.Ж.). Малчылардын ал- абалын билели деп, башкарма менен зоотехник таң заардан жайлоого жөнөштү.

Максат чакчыл түрмөк.

Максат чакчыл түрмөктү түзгөн сөз тизмеги бирдиктүү түрдө

туруп, сүйлөмдүн баяндоочу туюндурган кыймыл-аракеттин максатын билдирет; эмнеге? эмне үчүн? деген сыяктуу жооп берип, тутумдаш максат бышыктоочтук милдетти аткарат.

1) Максат чакчыл түрмөктөр -мак, -мак-чы мүчөсү уланган этиштерден кийин «болуп» деген чакчылдын кошулуп айтылышы менен түзүлөт: Шаарга жөнөмөкчү болуп, Айдар күндөгүсүнөн эрте турду.

2) Каалоо ыңгайдын I жагынын -айын, -алы мүчөлөрү уланган этиштен кийин -ып формасындагы «де» (деп) жардамчы этишинин кошулуп айтылышы менен да түзүлөт: Зайыбым менен акылдашайын деп, Керимахун короосуна кирип кетти (К.Ж.). Малчылардын ал- абалын билели деп, башкарма менен зоотехник таң заардан жайлоого жөнөштү.

3) Келер чактагы этиштен кийин «деп» айкашып айтылып да, максат чакчыл түрмөктүн уюшулушуна негиз болот: Баланы өзүнө көндүрөм деп, Нуржан аны далай ирет койнуна да алып жатты (Т.С.). 4) Аягына I жактын мүчөсү уланган -са формасындагы шарттуу ыңгайдан кийин «деп» айкашып айтылып да, максат чакчыл түрмөк түзүлөт: Планды ашыра орундатсак деп, биз жумушчулардын арасында мелдешти кеңири жайылттык. 6) Максат чакчыл түрүмөктү кээде -ып формасындагы чакчылдар да уюштуруп калат: Султанды издеп, мен көчөгө чыккан элем.  Жогоруда көрсөтүлгөн максат чакчыл түрмөктөрдө бир аз себептик маани да бар экендиги байкалып турат, бирок, канткен менен да, максаттык маани басымдуураак кылат.

3) Келер чактагы этиштен кийин «деп» айкашып айтылып да,

максат чакчыл түрмөктүн уюшулушуна негиз болот: Баланы өзүнө көндүрөм деп, Нуржан аны далай ирет койнуна да алып жатты (Т.С.).

4) Аягына I жактын мүчөсү уланган -са формасындагы

шарттуу ыңгайдан кийин «деп» айкашып айтылып да, максат чакчыл

түрмөк түзүлөт: Планды ашыра орундатсак деп, биз жумушчулардын

арасында мелдешти кеңири жайылттык.

6) Максат чакчыл түрүмөктү

кээде -ып формасындагы чакчылдар да уюштуруп калат: Султанды

издеп, мен көчөгө чыккан элем.

Жогоруда көрсөтүлгөн максат чакчыл түрмөктөрдө бир аз

себептик маани да бар экендиги байкалып турат, бирок, канткен менен

да, максаттык маани басымдуураак кылат.

Кайчылаш чакчыл түрмөк. Кайчылаш чакчыл түрмөк маани жагынан сүйлөмдүн баяндоочу билдирген кыймыл-аракетке карама-каршы келет жана баяндооч туюндурган иш-аракет чакчыл түрмөктөгү аракетке кайчы, карама-каршы аяктайт. Кайчылаш маанидеги түрмөктөр тилибизде өтө аз кездешет; негизинен төмөнкүдөй жолдор менен уюшулат: 1)  -ып+ -ып формасындагы татаал чакчылдар уюштурат: Билеттеги суроолорго түшүнүп туруп, мен жакшы жооп бере албадым. 2) -а+ -ып формасындагы татаал чакчылдар түзөт: Уулунун бүгүн келбесин биле туруп, энеси түн ортосуна чейин күтүп олтура берди. 3) -ып мүчөсү уланган жөнөкөй чакчылдар да уюштура берет, кээде андан кийин «да» бөлүкчөсү кошулуп айтылат: Отту ушунчалык көп жагып да, Зуура үйүн ысыта албады.

Кайчылаш чакчыл түрмөк.

Кайчылаш чакчыл түрмөк маани жагынан сүйлөмдүн

баяндоочу билдирген кыймыл-аракетке карама-каршы келет жана баяндооч туюндурган иш-аракет чакчыл түрмөктөгү аракетке кайчы, карама-каршы аяктайт.

Кайчылаш маанидеги түрмөктөр тилибизде өтө аз кездешет; негизинен төмөнкүдөй жолдор менен уюшулат:

1) -ып+ -ып формасындагы татаал чакчылдар уюштурат: Билеттеги суроолорго түшүнүп туруп, мен жакшы жооп бере албадым.

2) -а+ -ып формасындагы татаал чакчылдар түзөт: Уулунун бүгүн келбесин биле туруп, энеси түн ортосуна чейин күтүп олтура берди.

3) -ып мүчөсү уланган жөнөкөй чакчылдар да уюштура берет, кээде андан кийин «да» бөлүкчөсү кошулуп айтылат: Отту ушунчалык көп жагып да, Зуура үйүн ысыта албады.

Салыштырма чакчыл түрмөк.  Мында чакчыл түрмөк туюндурган иш-аракет сүйлөмдүн баяндоочу билдирген кыймыл-аракет менен салыштырылып берилип, алардын бири-биринен айырмасы, артыкчылыгы көрсөтүлөт. Чакчыл түрмөктүн бул түрү да тилибизде өтө сейрек учурайт.  Салыштырма чакчыл түрмөктү, негизинен, -ганча, -гыча формасындагы чакчылдар уюштурат: Сенин жамандыгыңды көргүчө, мен жердин жети катарына кирип кетейин (А.Т.). Салыштырма чакчыл түрмөк катышкан жөнөкөй сүйлөмдөрдү салыштырма багыныңкылуу татаал сүйлөмдөрдөн ажырата билүү керек.

Салыштырма чакчыл түрмөк.

Мында чакчыл түрмөк туюндурган иш-аракет сүйлөмдүн баяндоочу билдирген кыймыл-аракет менен салыштырылып берилип, алардын бири-биринен айырмасы, артыкчылыгы көрсөтүлөт. Чакчыл түрмөктүн бул түрү да тилибизде өтө сейрек учурайт.

Салыштырма чакчыл түрмөктү, негизинен, -ганча, -гыча

формасындагы чакчылдар уюштурат:

Сенин жамандыгыңды көргүчө, мен жердин жети катарына кирип кетейин (А.Т.). Салыштырма чакчыл түрмөк катышкан жөнөкөй сүйлөмдөрдү салыштырма багыныңкылуу татаал сүйлөмдөрдөн ажырата билүү керек.

Бышыктоо үчүн тапшырма:  120-көнүгүү.   Адамдын же айлана-чөйрөнүн ал-абалын сүрөттөө формасында чакан аңгеме-текст түзгүлө. Анда чакчыл түрмөктөрдү катыштырууга аракет кылып, тыныш белгилерин туура койгула. шш

Бышыктоо үчүн тапшырма:

120-көнүгүү. Адамдын же айлана-чөйрөнүн ал-абалын сүрөттөө формасында чакан аңгеме-текст түзгүлө. Анда чакчыл түрмөктөрдү катыштырууга аракет кылып, тыныш белгилерин туура койгула.

шш

Кийинки сабакта көрүшкөнчө!

Кийинки

сабакта

көрүшкөнчө!