Просмотр содержимого документа
«Чет тилдер жумалагы»
Англис тили жумалыгына карата өткөрүлгөн
“I love English”
аттуу иш чаранын маалыматы
Мөөнөтү:10.02.20-15.02.2020
Бир жумалык англис тили декадасы ар түрдүү иш чаралар менен болуп өттү. Мектептин каридоруна англис тилиндеги фразалар котормосу менен илинип, ар бир окуучунун көнүлүн бура алды. Телевизордон балдар үчүн ырлар жана кыска метраждуу тил үйрөнүүгө түрткү берүүчү кинолор көргөзүлдү. Бир жумалык декада ар күнү окуучулардын диалогдору жана мыкты маанай жарата алган ырлар, оюн зооктор менен коштолду. Англис тили кабинеттери да жакшы маанай жаратуучу фразалар, буклет, дубал газеталар менен толукталды.
10.02.2020. Декаданын ачылышында окуучулар «Little Lord Fauntleroy» кино тасмасын көрүүдө.
11.02.2020. 8-11 класстар арасында “The world of poetry ” деген темада поэзиялык кече өткөрүлдү. Бул кечеде белгилүү акындардын ырларын көркөм жана жатка айтышты.
12.02.2020. 5-7 класстар үчүн “Улуу Британия балдардын элестетүүсүндө” деген темада дубал газеталар конкурсу болуп өттү. Башкалардан айырмаланып, кооз тартылган сүрөтү менен 6-Г класстын окуучусу Талантбеков Элхан жогорку орунга ээ болуп, громата менен сыйланды. Башка класстын окуучулары да эң жакшы сүрөттөрдү көрсөтө алышты.
Ар бир окуучунун кызыгуусу жана аракеттенүүсү менен өткөрүлгөн бул конкурс окуучулардын изденүүсүн жана аракеттенүүсүн жогорулатты.
13.02.2020. «Оюндар аркылуу чет тилин үйрөнөбүз» аттуу темада 3-4 класстар арасында көңүлдүү оюн сабактар өткөрүлдү.
Ар бир сабак кызыктуу окуялар менен коштолуп, көнүлдүү сабактар өткөрүлдү.
14.02.2020. 5-11 класстар үчүн “ Англис тили-эл аралык баарлашуу” темасында ачык сабактар болуп өттү.
Ачык сабактар окуучулардын изденүүсүнө, аракеттенүүсүнө жана англис тилине болгон кызыгуусунун жогорулашына өбөлгө түздү.
15.02.2020. Бир жумалык декада “The Glorious Week of Foreign Languages” аттуу чакан концерт менен жыйынтыкталды. Жыйынтыктоочу концертке 3-11 класстардын таланттуу окуучулары катышып өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Англис тилиндеги ыр, бий, көрүнүш аткаруу менен коштолгон концерт ийгиликтүү аяктап, жумалыкка активдүү катышкан окуучулар белектер менен сыйланышты. Англис тили жумалыгын өткөрүүдө ар түрдүү өзгөчө окуяларга күбө болдук. Бул жумалыгыбыз окуучулардын чыгармачылыгын жана башка өлкөлөрдүн маданиятын таанып билүү кызыгуусун арттырды. Англис тили жумалыгынын максаты ишке ашты.
Чет тилдери методикалык бирикмесинин жетекчиси:
__________________Амантурова А.Н.