СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чиркей, чабалекей жана жылан

Нажмите, чтобы узнать подробности

Чиркей, чабалекей жана  жылан

Просмотр содержимого документа
«Чиркей, чабалекей жана жылан»

Мугалими: Иманалиева Турсунай Жээнбековна

Предмет: Адабий окуу

Класс: 2-в класс

Сабактын темасы: Чиркей, чабалекей жана жылан

Сабактын тиби: Жаңы материалды ѳздѳштүрүү

Сабактын формасы: Аралаш сабак

Колдонулуучу методдор:

  • Көрсөтмөлүү

  • Оозеки

  • Практикалык

  • Көйгөйлүү

  • Интерактивдүү

Колдонулуучу ыкмалар:

  • Түшүндүрүү

  • Аңгемелешүү

  • Салыштыруу

  • Кѳрсѳтмѳлүү куралдар менен иштөө

Колдонулуучу каражаттар: Окуу китеби, проектор, ноутбук, карточкалар, конверттер, презентациялар, тесттер, топтук тапшырмалар, жуптук тапшырмалар, дидактикалык материалдар.

Предмет аралык байланыш: Кыргыз тили, мекен таануу

Предметтик компетенттүүлүктөр.

  1. Тыбыш жана тамга менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК1)

  2. Окуй алуу компетенттүүлүгү (ПК2)

  3. Сөз байлыгы менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК3)

  4. Сүйлөм, текст менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК4)

  5. Аң сезимдүү окуу, угуу жана адабий түшүнүктөр менен иштей алуу компетенттүүлүгү (ПК5)



Компетенттүүлүк


Аспекттер


Деңгээлдер


1.


НК1 - маалыматтык компетенттүүлүк;

А1. Тапшырмага шайкеш булактарды издөө;

А2. Маалыматты иштетүү жана анын негизинде чечим кабыл алуу;

А3. Маалыматты берүү.



Д1, Д2, Д3.





2.


НК2 - социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк;


А1. Коммуникациялык кырдаалды талдоо;

А2. Коммуникациялык ишти пландаштыруу жана даярдоо;

А3. Коммуникациялык милдеттерди турмушка ашыруу;

А4. Коммуникациянын ийгиликтүүлүгүнө баа берүү (рефлексия).




Д1, Д2, Д3.




3.




НК3 - Өзүн өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү.


А1. Көйгөйлөрдү аныктоо;

А2. Алдыга максаттарды коюу жана пландаштыруу;

А3. Технологияларды колдонуу;

А4. Ресурстарды пландаштыруу жана уюштуруу (ички жана тышкы);

А5. Иштин жана продуктунун натыйжасына баа берүү;

А6. Рефлексия (өз алынча баа берүү).




Д1, Д2, Д3.






Сабактын максаттары:



Күтүлүүчү натыйжалар

1.

Билим берүүчүлүк:

Окуучулар «Чиркей, чабалекей жана жылан» деген аңгеменин мазмуну менен таанышат жана маанисин түшүнүшөт.

- Аңгеменин мазмуну менен таанышат;

- Аңгеменин маансин түшүнөт;

- Берилген суроолорго жооп беришет;


2

Ѳркүндѳтүүчүлүк:

Окуучулар аңгемедеги окуяны жашоо турмуш менен байланыштырып, туура жыйынтык чыгара алышат.

- Тапшырмаларды чыгармачылык менен иштей алышат;

- Туура жана интонация менен окуу көндүмдөрүн

бышыктайт;

- Бирге иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүшөт;

- Компетенттүүлүккө багытталган тапшырманы аткарышат;

- Өз оюн, өз сөзү менен айтып беришет;

3.

Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулар жаратылышка аяр мамиле жасоону жана кордобоо керектигин түшүнүшөт

- Жаратылышка аяр мамиле жасоону үйрөнүшөт;

- Өсүмдүктөрдү кордобоо керектигин түшүнүшөт;

- Бири-биринин оюн уга билүүгө көнүгүшөт;


Сабактын жүрүшү:





Сабактын этаптары (Убактысы)



Мугалимдин ишмердиги



Окуучунун ишмердиги

Компетент

түүлүктөр

Аспект








Баалоо (калып.

баалоо,

техн.)

Эскертүү


Негизги

(НК)

Предметтик (ПК)

1.

Уюштуруу: 1.1.Саламдашуу 1.2.Шыктандыруу

2 мин


Мугалим окуучулар менен учурашат. Балдардын сабакка даярдыгын текшерет.

Сабакка позитивдүү эмоционалдык кырдаал түзөт:

-Дайым ачык кабагым,

Дайым даяр сабагым.

Саламаттык каалаймын,

Саламатпы балдарым?!

Жагымдуу маанай түзүү (көөкөргө жагымдуу, шыктандыруучу бир сөз жазып коёт)

-Бүгүнкү сабакта ар түрдүү тапшырмаларды аткаруу аркылуу сабактын темасы ачылат жана жаңы тема боюнча билим алабыз. Ал боюнча талкууга катышып; Активдүү тайпаны жана активдүү окуучуну аныктайбыз.

Демек балдар, сабактын аягына чейин “Баалоо баракчасына” туура жооп берсеңер “+” туура эмес жооп берсеңер “-” белгисин коюп тургула.

-Силерге бүгүн чыгармачылык ийгилик каалайм балдар!

Ал үчүн: сабакка активдүү катышкыла, суроолорго так жооп бергиле. Аны аныкташ үчүн эки адамдан турган эксперттик топту аныктап коёлу.

Байкоочу топтун максаты: окуучулардын иш аракеттерин баалашат, өз ой-пикирлерин айтышат.

Окуучулар мугалим менен жана келген коноктор менен учурашышат.






Окуучулар көөкөрдөгү сөздөрдү окушат




НК-2

ПК-5

НК2: А1,2: Д1,2;



2.

Кайталоо:

( Үй тапшырма)

4 мин.


- Үйгө берилген тапшырма “Балдарга насыят” Барпы Алыкуловдун ырын жаттап келүү .


Рефлекция (артка кайрылуу)

1.Барпы атабыз кандай насыяттарды айтып жатат?

2.Эмне үчүн бирөөгө жаман сөз айтып көңүлүн оорутпаш керек экен?

3.Бирөөнүн буюмун уруксатсыз алуу туурабы?

Силер кандай ойлойсуңар?

4. Силерге ата-энеңер кандай насаат сөздөрдү айтышат? Эстеп көргүлөчү?

Туура айтасыңар балдар, бирөөлөргө жаман сөз айтып көңүлүн ооруткан, бирөөнүн буюмун уруксатсыз алган-булар терс (жаман) сапаттарга кирет.

Эгерде буга чейин байкабай бирөөнүн көңүлүн ооруткан, туура эмес сүйлөп алган учурларыңар болсо, мындан аары аларды кайталабаганга аракет кылгыла. Аларды жоёруңар тууралуу убада бергиле.


Окуучулар “Балдарга насыят” деген ырды көркөмдөп жатка айтып беришет.

1-2-куплетин 1-катар хор айтышат,

3-4-куплетин 2-катар хор айтышат,

5-6-куплетин 3-катар хор айтышат


Окуучулар өз ойлорун айтышат

НК-2, НК-3

ПК-2, ПК-3, ПК-4, ПК-5

НК2: А2, 3, 4: Д1,2;

НК3: А2,3, 6: Д1,2;

Оозеки баалоо



Күтүлгѳн окуу натыйжаларын жарыялоо:

1 мин.



- Аңгеменин мазмуну менен таанышасыңар;


- Аңгеменин маансин түшүнөсүңөр;


- Берилген суроолорго жооп бересиңер;


- Туура жана интонация менен көркөм окуйсуңар;


- Компетенттүүлүккө багытталган тапшырманы

аткарасыңар;


- Жаратылышка аяр мамиле жасоо

керектигин түшүнөсүңөр;







Окуучулар күтүлүүчү натыйжа менен таанышышат






Критерийлер менен тааныштыруу:

1 мин.



  • Эгерде: үй тапшырмага берилген ырды жатка көркөм айтып берсеңер.

  • Суроолорго жооп берсеңер

  • Табышмактардын жандырмагын тапсаңар

  • Топтук, жуптук иштерге активдүү катышсаңар

  • Сабакта тартиптүү отурсаңар

силер анда Активдүү окуучу болосуңар.


  • Эгерде ушулардын бирин аткара албай калсаңар анда силер Азамат болосуңар.


  • Эгерде бул тапшырмалардын эки же

үчөөнү аткара албай калсаңар анда силер мыкты окуучу болосуңар.

  • Эгерде тапшырмалардын төртөөнү же бешөөнү аткара албай калсаңар

жакшы окуучу болосуңар




Окуучулар критерийлер менен таанышат


Активдүү (карона)

Азамат (жылдызча )

Мыкты ( 4бурчтук )

Жакшы (3 бурчтук)





3.

Жаңы теманы түшүндүрүү:

7 мин.


-Балдар мен силерге табышмак айткым келип турат:

Көкөлөп уча алат,

Ызылдап обон салат

Тастайган такырдан,

Кыпкызыл суу алат. (Чиркей)


Кыш куйбай,ылай чылабай

Ичи тышын шыбабай.

Үй куруп алат кайсы уста,

Балта керки кармабай? (Чабалекей)


Талаа бети көк соймок

Таяк келет соймоңдоп (Жылан)

Демек балдар, бүгүнкү биздин өтө турган сабагыбыздын темасы эмне экен?

Туура айтасыңар. Чиркей, чабалекей жана жылан.

Азаматсыңар!

Чакыруу этабы:

Эмесе балдар барыбыз “Чиркей, чабалекей жана жылан” – деген аңгемени угуп көрөлү (проектор аркылуу угузулат)

  • Жомок силерге жактыбы?

  • Анда жомоктогу өзүңөргө жаккан бир учурду айтып бергилечи




Түшүнүү этабы: Эми китебибиздин 126-бетиндеги барыбыз “Чиркей, чабалекей жана жылан” – деген аңгемени тыным-тыным менен окуп көрөлү (5 тыным)

(текст толук берилет)




Окуучулар табышмактардын жандырмактарын табышат




















Окуучулар өз ойлорун айтышат


Окуучулар жомоктогу өздөрүнө жаккан бир учурду айтып беришет



Окуучулар тыным боюнча окушат





Окуучулар алдындагы конверттен ак баракчаны алып жуп менен чогу иштейбиз.









Окуучулардын жообун уккандан кийин, абзац боюнча жомок менен таанышат





Берилген суроолорго ойлорун айтып, жооп беришет



- Окуучулар өздөрүнүн жоромолдорун айтышат

НК-1, НК-2

ПК-3, ПК-4, ПК-5

НК1: А2, 3,4: Д1,2;

НК2: А1,3, 4: Д1,2;

Оозеки баалоо


4.

Практикалык иш

  1. мин.


1-тапшырма Кана балдар, эми силер суроолорду жакшылап угуп, жообун тексттен таап окуйсуңар.

Ким биринчи тапса кол көтөрүп окуйт, калганыбыз угуп отурабыз. Кайсы топ көп жооп берет экен көрөбүз.

Ойлонуу этабы:

1.Нух пайгамбар эмне үчүн бардык жаныбарлардан бир түгөйдөн кемеге салып алган экен?




2.Жыланды кайсы эмгеги үчүн пайгамбар сыйламакчы болот?









3.Нух пайгамбар чиркейди эмнеге жумшайт?






4.Чиркей кимдин каны таттуу экен деп бара жаткан эле?


5.Чабалекей чиркейдин тилин кантип сууруп алды?








Нух пайгамбар чоң кеме жасап,

“жан-жаныбарлардын тукуму үзүлбөсүн” деп ар бир жаныбарлардан бир эркек, бир ургаачы кылып, кемеге салганга буюрган экен.


-Нух пайгамбардын айласы кетип.

-Ким бул тешиктен суу өткөрбөй жаап тура алат! – деп жар чакырат.

- Мен суу киргизбей кармап турам! – деп жылан чыгат. Ошол убадасына бек болуп, топон суу бүткөнчө бир тамчы сууну кемеге киргизбей тосуп турат.


-Эмесе, ар бир жаныбардын, жемиштин даамын татып, эмне таттуу экендигин билип кел, - деп Нух пайгамбар чиркейди жумшайт.


-Баарынан адамдын каны таттуу экен дейт чиркей.


-Тилиң кандай болуп калыптыр, таттуу даамга кандай болгонун көрөйүнчү? Тилиңди бери сунсаң дейт чабалекей.

Чиркей тилин суна бергенде, чабалекей анын тилин сууруп алат


НК-2, НК-3

ПК-2, ПК-3, ПК-4, ПК-5

НК2: А1,2, 3,4: Д1,2;

НК3: А1,2 ,3, 4, 5, 6: Д1,2;

Өзүн өзү баалоо



































Физминутка:

1 мин.


6.Эмне үчүн чабалекейге жыландын ачуусу келет?














7.Эмне себептен жылан бака соруп калат?





8.Чабалекей болбогондо жылан кимдин канын соруп калмак экен?







Биз чабалекейге кандай мамиле кылышыбыз керек экен?



Проектордон видео коюлат
















Көздөрүнө көнүгүү жасоо





-Кана, чиркейим, эмненин даамы таттуу экен? – деп Нух пайгамбар сураганда, ал “кың-кың” этип эч нерсе айта албай коёт.

-Баканын каны таттуу экен деп жатат, -деп чабалекей жооп берет анын ордуна.

Чабалекейге ачуусу келген жылан куйругу менен бир чапканда, чабалекейдин куйругу экиге бөлүнүп калат экен. Ошондон улам анын куйругу эки ача болуп калыптыр.



Нух пайгамбар чабалекейдин сөзүнө ишенип, баканы жыланга буйруп коюптур. Ошондон улам жылан бака соруп калат.


Эгерде чабалекей болбогондо, жылан адамдын канын соруп калмак экен. Жылан менен чабалекейдин өч болуп, адам менен чабалекейдин дос болуп калышы ошондон улам болуптур дешет.


Өз ойлорун айтышат




Окуучулар туурап бийлешет














Окуучулар экрандагы чоң чекитти ээрчип карашат






5.

Компетенттүүлүккө багытталган тапшырма

6 мин.



Компетенттүүлүк Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк

Аспект- Коммуникациялык кырдаалды талдоо

Деңгээл- 2

Сөздүк менен иштөө

Шыктандыруу- Балдар, ушул аңгемедеги силерге түшүнүксүз сөздөрдү туура тапсаңар, ар бир цифрага жашынган тамгалар чыгып, жыйынтыгында, бир соонун сөз пайда болот экен


- Балдар конверттен күлгүн түстөгү тапшырманы алып чыгып, жупта иштейсиңер.

1. Топон суу

2. Жар чакырат

3. Убадасына бек

4. Акы

5. Ааламды

6. Өч болуу

Тапшырманын жазылышы: Берилген сөздүктөрдүн маанисин чечмелеп аныктоо. Экинчи саптагы таблицага кайсы жооп туура келсе ошол тамганы жаз





Окуучулар конверттен күлгүн тустөгү тапшырманы алып чыгышат


Окуучуларга шыктандыруу, компетенттүүлүккө багытталган тапшырма ыкмасын колдонуунун максаты, окуучу тапшырманы аткарууга кызыгуусу артат жана жашоо турмушта колдонулуп жүргөн билгичтиктери калыптанат




Окуучулар төмөнкү таблицага туура жоопторду жайгаштырышат


1

2

3

4

5

6








Тапшырманы жупта аткарышып бүткөндөн кийин, арткы жуптар менен алмашып текшеришет. Туура жооп экранга чыгып калат.



НК-2, НК-3

ПК-2, ПК-3, ПК-4, ПК-5

НК2: А1,2, 3,4: Д1,2;

НК3: А1,2 ,3, 4, 5, 6: Д1,2;

Өзүн өзү баалоо


6.

Бышыктоо:

5 мин.





Окуучулардын алдында үч түстѳ карточкалар болот.

(а-кызыл, б- жашыл, в- сары)

Слайд аркылуу мини тесттер кѳрсѳтүлѳт.


1.Чиркей кимдин каны таттуу экен деп бара жаткан эле?

А) бака Б) чабалекей В) адам

2. Сүйлөмдү толукта ...

Илгери-илгери ............ жүзүн топон суу каптаптыр.

А) дүйнөнү Б) жер В) топурак

3. –Мен суу киргизбей кармап турам деп!-деп кайсы жаныбар айтты?

А) чиркей Б) чабалекей В) жылан

4. Кемени кайсы жаныбар тешиптир?

А) жылан Б) чычкан В) чабалекей

5. Кайсы жаныбарга Нух пайгамбар ыраазычылык айтат?

А) чабалекей Б) адам В) жылан

6.Кемени ким жазаган?

А) Нух пайгамбар

Б) Жаныбарлар биргелешип

В) өзү эле бар болчу

7.Кайсы канаттуунун куйругу эки ача?

А) Чиркей Б) бака В) чабалекей




Окуучулар мугалимдин суроосун угаары менен кайсы вариантты туура десе, ошол варианттагы карточкаларды кѳтѳрүшѳт.



НК-2, НК-3

ПК-2, ПК-3, ПК-4, ПК-5

НК2: А1,2, 3: Д1,2;

НК3: А1,2 ,3, 4, 6: Д1,2;

Светафор аркылуу баалоо


7.

Жыйынтыктоо:

5 мин.




1-катар жыланга “кластер” түзүшөт

2-катар чиркейге “синквейн” түзүшөт

3-катар чиркей менен чабалекейге “венндин диограммасын түзүшөт


Окуучулар өз алдынча иштешет

НК-2

ПК-5

НК2: А4: Д1,2;


Оозеки баалоо

8.

Баалоо:

2 мин.




Окуучулар сабактын башында берилген критерийлер боюнча өздөрүнүн билимдерин жуптун мүчөлөрү баалашат.

«Активдүү» окуучуларга карона кийгизилет

«Азаматтарга» жылдызча берилет

«Мыктылар» төрт бурчтуу смайлик

«Жакшы» үч бурчтуу смайлик

окуучулар өздөрүнүн баалоолору менен жыйынтыкташат




Окуучулар сабактын жүрүшүндѳ кандай жетишендиктерге жетишендиктерин ѳздѳрү баалашат.






9.

Тапшырма берүү:

1 мин.



«Чиркей, чабалекей жана жылан» окуп келүү, түшүнүгүңөрдү айтып берүү .

Аңгемени 3-катар ролдоштуруп аткарып берүү

Дептерге “Чыгарманын картасын” толтуруп келүү










Окуучулар конверттен ак барактагы тапшырманы алып чыгышат. 8 топ чектелген

убакыттын ичинде сүйлөмгө туура келген сөздөрдү белгилеп, катары менен окуп беришет