СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чогулуш тарбиялыксаат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Балдар чогулуш тууралуу маалымат алышат 

Просмотр содержимого документа
«Чогулуш тарбиялыксаат»

Чогулуштун темасы: Этикалык, эстетикалык тарбия.

Чогулуштун максаты: Ата-энелер эстетикалык, этикалык тарбия тууралуу маалыматка ээ болушат.

  • Энелерге айрыкча жаш энелерге ар тараптуу тарбия берүүдө кайдыгер болбоону, жоопкерчиликти ойготуу.

  • Кылысс жетекчилер менен кызматташтыкты арттыруу.

Өткөрүүнүн формасы: Семинар практикум.

Жабдылышы: Акылдуу доска, компьютер, накыл сөздөр.

Чогулуштун жүрүшү:

  1. Уюштуруу.

Саламаттасыздарбы урматтуу максаты бийик, милдетьи ыйык, мээрими күчтүү, акылман, даанышман ай чырайлуу апалар, акылы артык аталар.

  • Сиздер менен бүгүн мен энелер мектебинде жүз көрүшүп отурганыма кубаныштамын.

  • Баарыбыздын оюбуз бир жерден чыгып, келечегиңди кандай болушун билгиң келсе, “ өсүп

  • келе жаткан жаш муундарды кара”, деген максат менен келечегиби болгон балдарды туура жолго тарбиялоо үчүн маңдай тескей отурганыбызга кол чабуулар.

  • Азыр сиздер көк жашыл кызыл галустуктарды тандап отурдуңуздар. Ал түстөрдү тандаган адамдардын мүнөздөрүнө токтолуп кетели. (Мүнөздөр көрсөтүлөт)

  • Демек сиздер эң сонун адамдык сапаттардын ээси экенсиздер. Анда көңүлүңүздөрдү жакшы сөз жан эргитет рубиркасына бурайын. “Жакшы сөз акылга азык, жүрөккө даары, денеге кубат болот эмеспи. (Видео ролик)

  • Сабакка активдүү катышып, балдар терип койгон гүлдөрдүн ээси болуңуздар.

  • Эмесе жашыл түс бала, кызыл түс эне, көк түс ата тобу болсун.

  • Жашоодо ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо үчүн биз өзүбүздүн ким экенибизди билишибиз керек. Балдарды бактылуу кылып тарбиялоого болбойт, а бирок бактылуу боло турган жолду көрсөтүүгө болот.

  • Аталар тобу—сиздер үчүн ата ким? Анын үй бүлөдөгү орду кандай?

  • Аталардын кадырын билели.( видео ) Ата накыл сөздөр.

  • Энелер тобу—сиздерге апа ким? Ал кандай адам? (апа жөнүндө видео) Апам мени таанып кетпейт, С. Касманбетовдун энелердин мээрими 2.26 сек.

  • Бала тобу—балдар сиздер үчүн ким? Г.Кагарова балам.

Апалардын оюун угуу. Г.Мадаминов Шумкар.

Эң сонун баарыңыздардын оюуңуздар баалуу жана кымбат.

--Ар тараптан өнүккөн чыныгы инсанду калыптандыруу үчүн – биз балдарга баардык тарбияны ичине камтыган “ Этикалык, эстктикалык таарбия беришибиз керек”

-- Этика деген эмне? Этика (грек) –сөзүү адат салт када деген маанини берет.

1.Этика—адамдын кулк мүнөзү, жүрүм- туруму.

2.Адеп, сылыктык тартип ченеми деген мааниде этика терминин биринчи болуп Аристотел киргизген. Адеп ахлактык “этика” коомдо пайда болуп жана ага активдүү таасир берген , коомдун өнүгүшүн чагылдырган коомдк аң сезимдин бир калыбы болуп саналат.

Ал эми эстетика – көркөмдүк, кооздук, сулуулук, ажайып соонун, көз жоосун алган нерселер. Балдарды эстетикалык жактан тарбиялоо—эстетикалык көркөм сезимдерин жана ар тараптуу чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.

Ал үй тиричилигинде эмгекте о.э. окууда иш жүзүнө ашырылат. Исскустводогу эмгеги; ырдаса, бийлесе, сүрөт тартса жаратылыштагы, күндөлүк турмуштагы сулулукту түшүнүүгө жардам берет.

Эстетикалык тарбиянын милдеттери.

--Айлана чөйрөдөгү жат көрүнүштөргө жаман кылык жооруктарга чыдамсыз мамиле жасоого үйроөтүү. Мисала чымчыктын уясын бузса бузба деп айтканга үйрөтүү керек.

--Жасалмалуулуктан чыныгы чыгарманы ажырата билүүнү,

--Адамдардын мамилелдеринин сулуулугун,

-- Жүрүм турумунун эстетикасын сезгенге үйрөтүү,

--Жаратылыштын сулулугуна суктануу балдардын эстетикалык сезимин ойготууга чоң түрткү берет,

--Жан жаныбарлардын үндөрүн, чымчыктардын сайрагандарына суктанууга үйрөтүү,

--Исскуствонун түрлөрүн пайдаланса болот, (атайын балдарга арналган музыкалык чыгармалар)

--Жаратылыштын көрүнүшү, сүрөт тартуу, балдардын байкоосун өстүрөт.

--Көрөм адабияттарды окуу, театрга баару (образга кирүү) эмосияны жакшы ойготот.

--Өз алдынча иш аракет жасоого көнүктүрүү.

--Кол өнөрчүлүккө катыштыруу баланын активдүүлүгүн күчөтөт.

Эгер бала менен кандайдыр бир нерсе жасап даярдаса эстетикалык жактан тарбия алат.

--Балдарды эстетикалык жактан тарбиялоодо комчулуктагы майрамдоочу майрамдардын мааниси эор. Балдардын сезимине адептүлүк жактан таасир калтырат.

Искусство

Театр

Музыка

Эстетикалык тирбиянын каражаттары. Бий

Сүрөт

Көркөм өнөр

Балдардын эстетикалык тарбияланышына ата-эненин жүрүш-турушу, кийген кийим кечеси кызыгуулары чоң таасир берет.

Эгер ата-эне сулуулукка умтулбаса, исскуство театрды жакшы көрбөсө, эчтекеге кызыкпаса бала аларга окшош чоңоёт.

Ошондуктан ата-энелер мектепте- музыка, сүрөт, көркөм-өнөр сабактарына жеңил-желпи карап “ Ырды мал баксаң тоо-түздө ырдасаң болот, а сүрөтчү болуп жыргап кеткендерди көрө элекпиз, эсиң болсо математика, химия, физикадан баш көтөрбө, азыр ошол илимдердин заманы”- деп балдардын кулагына куюп, алардын өткүр сезимине жөргөмүштүн желесин тартуудан алыс бололу.

Негизинен биздин жүрүш-турушубузда сүйлөшүүдө туура эмес аракеттер көп кездешет. Балдарды этикалык жактан тарбиялоодо элдик педагогикага таянсак эч адашпас элек. Себеп дегенде: кыргыздардын ар бир кадамы, сүйлөгөн сөзү, кылган иши, жүрүм-туруму, үрп адаты, салт-санасы, нарк насили, жорук-жоосулу ылайык болуп келген. Энелер мээримдүүлүгү менен айырмаланган калк. Анда Сүйүнбек Касманбетовдун сөзүнө кезек берели.

Чын эле кыргыз эли мейман достугу менен өзгөчөлөнгөн эл. Мисалы: келген кишинин атын алып, боз үйдүн эшигин ачып, төргө өткөзүп, колуна суу куюп, батасын алып, кешигин жеп, улуулата сүйлөп, алдынан кыя өтпөй, сөз баалап, сөз тыңдаган, сөз касиетин билген эл болгон. Конок келсе конуп кет, жатып кет деп суранышат, жада калса жылан сойлоп кирип келсе, айран чачып чыгарышат.

Нарк- насилибизди билесиздер.

Аталар-бата берсин жана түрлөрү жөнүндө айтып берсин.

Апалар-каада салт көрсөтүп берсин.

Балдар- Улууну урматто, кичүүнү ызатто- бу элдик улуу нарктарыбыздын бири.

Улууга озуну салам айтуу.

Акыбалын суроо.

Атайын барып учурашып туруу.

Улууга акарат кеп айтпоо.

Маданияттуу

Элпек

Сылык

Мээримдүү

Коомдук жайда өзүн жакшы алып жүрөт.

Кайрымдуу.

Боорукер ж.б.

Жакшы салттарыбыз, нарктарыбыз, каадалары жана үрп адаттарыбыз туруктуу аткарылганда гана

элибиз адеп-ахлактуу, балдарыбыз маданияттуу болот деп үмүт кылам.

Оюн ойнойлу: ички жана тышкы айланалар.

Иски айлана-жооп берүүчү

Тышкы айлана-байкоочу болсун.

Жашоодо адам үчүн эмне жакшы?

Акылын урук байлап өнгөн жакшы.

Акылга жарды болсо эмне жакшы?

Адепетүү өмүр сүрүп калган жакшы.

Адепке үйрөнбөсө эмне жакшы?

Бай болуп ырахатын көргөн жакшы.

Байлык да буйрубаса эмне жакшы?

Быкшытбай бул дүйнөдөн өлгөң жакшы. деген экен Калыгул олуя.

Баланы адам кылуу түпсүз түйшүк. Өсүүдө бирөө түз да бирөө кыйшык ошондуктан баланы бири-

бирине салыштырбагыла.

Адам болууга умтулган адамдар үчүн илимдин кандайы болсо да оордук кылбайт.

Чарчаган жоксуңарбы, анда кол чабуулар.

Билгенибиздин чеги бар, билбегенибиздин чеги жок.

Анда дүйнөлүк таанымал инсандардын асыл ойлорун угуп койсок ашыктык кылбас.

Слайд Асыл ойлор

Токтоолук мыкты сапат, бирок көнүл кош болуу жарабайт

Ф.вольтер

Адамды табият жаратып, коом тарбиялап өстүрөт. М. Горкий

Улуу адам учурдан озуп жүрөт,

Акылдуу адам учурдан калбайт.

Митаам адам андан пайдалангысы келет.

Бирок ага дайыма акмак адам жолтоо болот.

Э. Бауэрнфельд

Ылай суу бара-бара тазаланаар,

Кара түн, күн чыкканда кайра жанаар.

Эрдикти жаш кезиңде көрсөтүп кал,

Жаш өтсө, өткөн жашка болбогун зар.

Калыгул Бай уулу

Максатсыз жашаган адам-агып бараткан дөңгөчкө тете, экөө бирдей агымдын кулу.

Сенека

Аракеттен адат жаралат, адаттан-мүнөз, мүнөздөн тагдыр жаралат.

В. Теккерей

Жүрүш-туруш адамдын ким экендигин билгизе турган күзгү.

В. Гёте

Турмушка жаралуу оңой эле, ал эми жашай билүү-абдан кыйын нерсе.

Д.Писаров

Тарбия берүү улуу иш ошол аркылуу адамдын тагдыры чечилет.

В. Белинский

Калыгул Бай уулунун насаат сөздөр жүрөктөн өтүп жүлүнгө жетет.

Орой айтсаң, адамга жукпайт,

Орой сөздү киши укпайт.

Сылык сыпа сөз жетет,

Мээге эмес жүлүнгө кетет.

Түшүндүрүп жай айтсаң

Уялып ыраазы болуп кетет.

Акыл-насаат экөө бирдей келер,

Ал экөөнүн айтканы күндөй тиер.

Билбеген наадандардын ичи күйөр

Билген адам ошону, байым кылар

Көкүрөккө ойлонуп дайым кылар.

дегендей айрым асыл сөздөр биздин көкүрөгүбүздө калсын.

Эмесе этикалык, эстетикалык тарбияга ээ болгон баланы сүрөттөп көрөлү:

Ар ким өз балдарына мүнөздөмө берет.



Бала





Эстетикалык тарбия үзүрүн көрсөткөн бала-ыймандуу болот, экологияны сактайт. Маданияттуу да,

билимдүү адам катары дүйнөнүн асылдыгын, кооздугун өнүктүрүүгө салым кошот жана кооздуктун,

сулуулуктун мыйзамдары аркылуу чөйрөгө жана коомго таасирин тийгизет.

Сабакка активдүү катышуулук менен сиздер кандай сырдуу сөздү ачтыңыздар.

Энелердин мээрими ар оорууну дарылайт,

Энеси бар адамдар эч убакта карыбайт.

Балдар үчүн ар дайым бар болуңуздар энелер!

Анда сиз кандай энесиз. Тест идеалдуу эне болсо жакшы, ал эми башка эки эне кеңеш керек болсо

ата-энелер мектебинин кординатору Сапан эжеге кайрылсаңыздар болот.



Тапшырма: Эстетикалык тарбиянын кайсы каражаттарын пайдаланып, балдарга кандай таалим-

тарбия берип жатканыңыздарды тизмектеп жазып келесиздер.





























































1.Этика—адамдын кулк мүнөзү, жүрүм- туруму.

2.Адеп, сылыктык тартип ченеми деген мааниде этика терминин биринчи болуп Аристотел киргизген. Адеп ахлактык “этика” коомдо пайда болуп жана ага активдүү таасир берген , коомдун өнүгүшүн чагылдырган коомдк аң сезимдин бир калыбы болуп саналат.

























Эстетика – көркөмдүк, кооздук, сулуулук, ажайып соонун, көз жоосун алган нерселер. Балдарды эстетикалык жактан тарбиялоо—эстетикалык көркөм сезимдерин жана ар тараптуу чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.

Ал үй тиричилигинде эмгекте о.э. окууда иш жүзүнө ашырылат. Исскустводогу эмгеги; ырдаса, бийлесе, сүрөт тартса жаратылыштагы, күндөлүк турмуштагы сулулукту түшүнүүгө жардам берет.































Эстетикалык тарбиянын милдеттери.

--Айлана чөйрөдөгү жат көрүнүштөргө жаман кылык жооруктарга чыдамсыз мамиле жасоого үйроөтүү. Мисалы чымчыктын уясын бузса, бузба деп айтканга үйрөтүү керек.

--Жасалмалуулуктан чыныгы чыгарманы ажырата билүүнү,

--Адамдардын мамилелдеринин сулуулугун,

-- Жүрүм турумунун эстетикасын сезгенге үйрөтүү,

--Жаратылыштын сулулугуна суктануу, балдардын эстетикалык сезимин ойготууга чоң түрткү берет,

--Жан жаныбарлардын үндөрүн, чымчыктардын сайрагандарына суктанууга үйрөтүү,

--Исскуствонун түрлөрүн пайдаланса болот, (атайын балдарга арналган музыкалык чыгармалар)

--Жаратылыштын көрүнүшү, сүрөт тартуу, балдардын байкоосун өстүрөт жана баланы мээримдүүлүккө үйрөтөт.

--Көрөм адабияттарды окуу, театрга баару (образга кирүү) эмосияны жакшы ойготот.

--Өз алдынча иш аракет жасоого көнүктүрүү.

--Кол өнөрчүлүккө катыштыруу баланын активдүүлүгүн күчөтөт.

Эгер бала менен кандайдыр бир нерсе жасап даярдаса эстетикалык жактан тарбия алат.

--Балдарды эстетикалык жактан тарбиялоодо комчулуктагы майрамдоочу майрамдардын мааниси эор. Балдардын сезимине адептүлүк жактан таасир калтырат.







Театр

Музыка

Эстетикалык тирбиянын каражаттары

Бий

Китеп окуу Сүрөт

Көркөм өнөр

Искусство



































Жашоодо адам үчүн эмне жакшы?





Акылын урук байлап өнгөн жакшы.





Акылга жарды болсо эмне жакшы?

Адепетүү өмүр сүрүп калган жакшы.







Адепке үйрөнбөсө эмне жакшы?





Бай болуп ырахатын көргөн жакшы.







Байлык да буйрубаса эмне жакшы?



Быкшытбай бул дүйнөдөн өлгөн жакшы.