СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 15.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чоюнду ондурууну пландоо

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Чоюнду ондуруу боюнча пландоо жана презентация жасоо.

Просмотр содержимого документа
«Чоюнду ондурууну пландоо»

Сабактын темасы : Чоюнду өндүрүү .




Байыртадан эле адамдар металлдар менен иштешип, металлдардан ар кандай жасалгаларды жасашкан. Адамдар кайсы доордо кайсы металл менен иштешсе доор ошол металлдын аты менен аталып калган. Ошондуктан эмгек куралдарынын жасалышына карата металлдардын аты менен аталган 4 доорго бөлүнөт. Таш доору, жез доору, бронза доору, темир доору. Мындан адамзаттын өнүгүүсун көрүүгө болот. Темир доорунда темир адам баласынын өнугүү доорунда маанилүү ролду ойнойт. Бардык металлдар жана анын куймалары азыркы мезгилдеги өнөр жайларда кеңири колдонулат.


Темирди жана анын куймаларын колдоно элек кезде , космостон түшкөн метеоритти , кудайдан берилген металл деп билишкен. Темиридин байыркы аталышы сакталып калган . Байыркы Шумер тилинде “ асмандан түшкөн тело – асман мейкиндиги” дегенди түшүндүрөт. Ал ошол кезде белгилүү болгон бардык заттарга караганда катуулугу, бекмдиги боюнча жогору болгон. Темирди алуу б.з.ч 2 кылымдын жүзунчү жылдын ортосунда Египетте биринчи жолу бул процесс ишке ашкан.Ал эми Чоюнду биринчи жолу Кытайда б.з.ч 6-кылымда өндүрүп алган. Европада чоюнду өндүрүү 14-кылымда башталган. Россияда домна меши 16- кылымда ачылган. Азыркы учурда бир жылда 3,5 млн т чоюн өндүрүлуп алынат.Чоюн өндүрүучү өнөр жайга кеткен металл Франциядагы Эйфель мунарасынан 10ду курууга жете турган металл жумшалган.



Темир доору болжолу б.з.ч. 8-кылымдан башталат. Ал темирден жасалган эмгек жана согуш куралдарынын пайда болушу, кеңири жайылышы менен мүнөздөлөт. Темир доорунун техникалык жагынан эң негизги жетишкендиги кенден темирди нымдуу үйлөө ыкмасы менен алуу болуп саналган. Жаңыдан пайда болгон бышык металлга таш, сөөк, жыгач, ж.б. теңтайлаша алган эмес. Темир буюмдарды коло буюмдардай куюу жолу менен эмес, согуу жолу менен жасалган. Темирди металлдан жасалган дөшүнүн үстүнөн коюп, согуп керектүү формага келтиришкен. Темирди кеңири колдонуунун негизинде калктын чарбалык турмушу жаңы өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Соконун темир тиштери, ороктор, керки сымал куралдар жана башкалар түшүмдүүлүктү бир кыйла жогорулатып, азык-түлүк оокаттарын көбүрөөк даярдоого мүмкүнчүлүк түзгөн. Темир куралдарына жана жабдыктарына болгон муктаждык дыйканчылыктан бөлүнүп чыккан кол өнөрчүлүктүн (темир устачылыктын) пайда болушуна түрткү болгон. Темир доорунун башында көпчүлүк уруулар сооданы дааналай (натуралай) жүргүзүшкөн. Алгачкы жөнөкөй соода патриархалдык-уруулук бирикменин коллективдүү жашоосун бузуп, жеке менчиктин пайда болушуна, өнүгүшүнө жана жамаат мүчөлөрүнүн ортосундагы мүлктүк теңсиздиктин тереңдешине алып келген.

Темир жаратылышта эң кеңири таралган элемент. Жер кыртышынын 5,1% кездешет. Темир күмүштөй жалтырак,ийилчээк металл.кайноо температурасы 1539 градус. Жаратылыштагы бирикмелери магнетит, гематит, сидерит, пирит.жаратылышта кеңири таркалган элемент. Темир кандын курамындагы гемоглабинди түзүүчү элемент.









Темирдин сульфаты –темир купоросу деген ат менен айыл чарбасында айыл чарба зыянкечтерге каршы күрөшүү үчун , жана сыя боёкторду алууда колдонулат. Темирдин (3) валенттүү сульфаты сууну тазалоодо чөктургүч (каогулятор) катары колдонулат. Комплекстүү туздары темир иондорун таанып билүүчү реагент катары колдонулат. Темирдин хлориди катализатор катары колдонулат. Темирден чоюн жана болот өндүрүлүп алынат. Өнөр жайларда темирдин өзүнө караганда алардын куймалары кеңири колдонулат. Темирдин куймалары конструкциялык жана инструменталдык иштерде кенири колдонулат.






Металладарды иштетүүчү өнөр жайлар металлургия өнөр жайлары деп аталат. Металлургия ө.ж экиге бөлүнөт. Түстүү жана кара металлургия болуп. Түстүү металлургия 4кө бөлүнөт. Кара металлургияга хром , марганец, темир.






Технологиялык принциптер:

  • Үзгүлтүксүз иштөө принциби,

  • Сырьёну комплекстүү пайдалануу, калдыктарды башка өнөр жайда иштетүү;

  • Калдыксыз иштөө;

  • Карама-каршы агым принциби;

  • Автоматташтырылган .












Домна деген сөз – славян тилинде “дмение”-дутьё . Англ тилинде -бийик меш дегенди тушүндүрөт. Домна мешинин бийиктиги 60м диаметри 10м. Домна мешин керегеси отко чыдамдуу кыштан кыналып жасалаган. Домна мешинин жогорку бөлүгу – колошник , колошниктин үстүнкү жагында бир кичинекей , бир чоң конус жайгаштырылган, конус аркылуу кен жана кокс жүктөлөт. Конустар автоматтык түрдө иштеп мештин ичндеги газды сыртка чыгуудан сактап турат. Кен жана кокс адегенде үстүнку чанака түшөт, ал эми аны төмөн түшүргөндө ылдыйкы чанака келип түшөт. Ылдыйкы чанака түшкөндө кен менен кокс мешке түшөт. жогорку жана ылдыйкы конустардын иретүү иштешинин натыйжасында жүктөө убагында меш жабык болуп турат. Мына ушунун натыйжасында газдар атмосферага кетпестен регенератор деп аталган атайын мештерге берилет. Ортоңку бөлугу шахта, шахтада темир калыбына келет.ал эми бир кыйла кең бөлугү – “распар” деп аталат. Домна мешинин астынкы бөлугундө цилиндр формалуу көөрук (горн) очогу болот. Көрук очогунун жогорку жагында аба үйлөтүү үчун тешикче бар. Көөрук очогунун астыңкы жагында суюк чоюн жана шлак катмарланып жыйналат. Алар тешиктер аркылуу чыгарылып турат. Жогорку тешиктен шлак , төмөнкү тешиктен чоюн чыгарылат. Домна газынын жана абанын агымынын багытынын өзгөрүшү автоматтык түрдө жөнгө салынып турат.







Домна мешиндеги химиялык реакциялардын ылдамдатуучу шарттар:

Домна мешинин өндурүмдүулүгү анын көлөмүнө гана эмес , ошону менен бирге анда жүрүүчү химиялык процесстердин жүрүү ылдамдыгына да байланыштуу болот. Ошондуктан химиялык реакциянын ылдамдыгын көбөйтүучү негизги факторлор төмөнкүлөр:

1.Химиялык реакциянын ылдамдыгы реакцияга кирген заттардын концентрациясын жогорулатканда көбөйөт. Бул үчүн темир кенин байытылат., ал эми домна мешине үйлөтүүчү аба кычкылтек менен байытылат.реакцияга кирүүчү заттардын концентрациясын метандан турган табигый газды киргизүү менен да көбөйтүшөт. Метан күйгөндө көмуртектин 4 оксиди жана су пайда болот. Комуртектин 4 оксиди жана суунун буулары кызарып күйгөн комүр менен реакцияга кирип комүртектин 2 оксидин пайда кылат. Көмүртектин 2 оксидинин концентрациясынын жогорулашынын натыйжасында дагы башка кошумча калыбына келтиргич суутек пайда болот.

2. химиялык реацияга кирген заттардын тийишүу беттерин көбйтүү менен химиялык реакциянын ылдамдыгын жогорулатуу

Домна мешине келүүчү кен менен кокс белгилүү чоңдукта болууга тийиш. Ири кесекчелерди майдалашт, майдаларын ирилендиришет. Антпесе майда кесекчелер газдын жолун жаап калышат

3.химиялык реакциянын ылдамдыгы температурага көз каранды. Температураны жогорулатуу үчун алдын ала домна мешине үйлөтүлүүчү абаны регенераторлордо алдын ала ысытышат. Ушул максатта экзотермикалык реакциялардын жылуулугу пайдаланылат. Домна мешинин төмөнкү жагынан келе жаткан от өтө ысыган газдар жогорку көтөрүлүү менен өйдө жагынан келүүчү балкытыла турган материалдарды керектүү температурага чейин ысытышат.





Чоюнду өндурүүчү заводдордо – балкыткыч-мастер . технологиялык процесстердин жүрүшүн көзөмөлдөйт. Домна мешинин көөрүкчүсү- мөөнөт-мөөнөтү менен шлактын чыгарылышын көзөмөлдөйт, фурмалардын муздаткычтын түзүлүштөрүн көзөмөлдөйт. Өнөр жай калдыктары жаратылышка жана адам баласына терс таасирин тийгизбөө үчүн өнөр жайга жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу каралган жана жаратылышты коргоо боюнча закон кабыл алынган.















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!