СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чолпонбайдын эрдиги

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чолпонбайдын эрдиги»

Адабий окуу 4-класс



Мектеби ________________________________________классы_________________

Ф И О__________________________________________________________________

Чолпонбайдын эрдиги

Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы азыркы Киров районундагы Чымкент кыштагында туулган. Уулу Ата Мекендик согушка чейин өзү туулган айылында чарбада иштеген . 1941-жылы армияга чакырылып, 107- аткычтар дивизиясына катталган. 1942-жылы 160-аткычтар дивизиясынын 636- аткычтар полкунун 3- батальонунун 9-аткычтар ротасы менен согушка кирген. Ошол элн жылы 5- августта Чолпонбай кызмат өтөгөн батальонго Дон дариясынан өтүп , стратегиялык мааниси бар Селявное кыштагын ээлөө тапшырылган. Аны аткаруу үчүн 6- августта Чолпонбай он жоокер менен Дондун батыш жээгине сүзүп чыгып, жээктеги 100-120м бийиктеги Таскыл дөңсөөсүндөгү душмандын тынбай атылып жаткан ДЗОТуна өтө кыйынчылык менен жетишет. Ошондо ал дарыядан өйүзгө өткөрбөй жолду бууган душмандардын ДЗОТун көкүрөгү менен тоскон. Душмандын огу жоокердин көкүрөгүнөн өтө албады.

Аңгыча аскерлер суудан өтүп, душман ээлеген дөңгө жетүүгө үлгүрүштү. Ушул жерден сегиз жүз фашист, он алты чоң замбирек машиналары жана да толгон -токой курал жарактары колго түшүрүлгөн.

Жокерлер Чолпонбайдын оң колуна түйүнчөктү бек кармап каза тапканын көрүштү. Аны чечип караса, бир ууч топурак болуп чыкты.

Көрдүңүздөрбү Чолпонбай баатыр акыркы мүнөттө туулган жеринин бир ууч топурагын өзү менен ала жатканын!

Мына эми бүгүн дагы Селявное жана Урыв селосунун орус адамдары алыстагы кыргыз уулунун атын, эрдигин даңазалапайтышат. Дөңдөгү беш жылдыздуу эстеликтен Чолпонбайдын эрдиги жөнүндө жазууну окуйбуз. Айылдагылар эстелик алдында балдарына, неберелерине « Кыргыз уулдарындай эр жүрөк болгула. Ата Журттун бир ууч топурагын ыйык көргүлө»,- дешет.



Суроо

  1. «Ооба» же «жок» деп жооп берип, өз оюду ыраста.

ырастоолор

ооба

жок

Чолпонбай Түлөбердиев Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.



Чолпонбай жолду бууган душмандардын ДЗОТун көкүрөгү менен тоскон.



Чолпонбайдын колунда эч кандай түйүнчөк болгон эмес.



Кыргыздын эр жүрөк уулу өмүрүнүн акыркы мүнөтүндө туулган жеринин бир ууч топурагын өзү менен ала жаткан.



Селявное жана Урыв селосунун орус адамдары Чолпонбай тууралуу эч нерсе билишпейт.



Бүгүн күндө да беш жылдыздуу эстеликтен

Чолпонбайдын эрдиги жөнүндө жазууну окуйбуз.





2. Чыгармадан алынган үзүндүнү окуп, ага карата өз оюңду билдир.

Үзүндү (цитата)

Комментарий

Жоокерлер Чолпонбайдын оң колуна түйүнчөктү бек кармап каза тапканын көрүштү. Аны чечип караса , бир ууч топурак болуп чыкты.


Чолпонбай

3. Чолпонбайдын иш аракеттине кандай баа бересиң? Ага карата кластер түз.













4. Калтырылып кеткен сөздөрдү толуктап жаз?

Аңгыча аскерлер суудан өтүп, душман ээлеген дөңгө жетүүгө __________. Ушул жерден ___________ фашист, он алты чоң замбирек машиналары жана да толгон -токой ___________жарактары колго түшүрүлгөн.